Адахам-Жусуп Шаджанов: Кыр

  • 06.07.2022
  • 2131

- Жанатан бери ойлуу турган Табышбек ары-бери карап бир нерсе издегенсиди. Бир убакта ары жактагы эски машиненин чулдусуна барды да, колу менен чаңын сүртүп көчүк басты. Ал районго түшкөн, мал сатып кам-көсүн алгалы. Айлыга кетүү үчүн такси сүйлөшүп, ошону күтүп олтурган. Табышбектин оюнда азыр айылга барсам ары жагына кайра кантип кетем, машина чыгып калар деп санааркап жатты.

- Мештин капталына далысын кактап чай ичип олтурган Зуурадан кичинекий кызы Бермет:

- Апа, авам бүгүн келеби? – деп сурады.

- Билбейм балам, аваң үлгүрсө келип калар, – деп чайын жутуп жүгөрүп ордунан козголду.

- Кел кызым, сен деле жардам берчи апаңа, чоң эле кыз болбодуңбу? Дасторкон алып тура бер, мен эшиктеги торпокко чөп ташатап келейин.

Ооба, Бермет 5 жашта экениге карабай тетик кыз, албетте, айылдык кыздар кичинесинен эле тың болушат эмеспи.

- Эй Табыш, жүрү кеттик.

- Уф, чочутасын да, машинен каякта?

- Бул жакта, неге чочумак элең, аа аяшты ойлоппу? Эмне... сагындыңбы, келалбай жатып?

- Келжиребечи, Жакып.

Жакып – Табышбектин жакын досу, ал район менен айылга такси кылат, өзүнүн менчик унаасы менен.

- Жакып, канчада жетип калабыз  айылга? – деп суроо узатты Табышбек.

- Так, азыр саат 5 тен 24 өтүптүр саат 7 жарымга жетип калабыз го. Сен кырга кетем деп жатасыңбы? Бүгүн үлгүрбөй каласың дейм досум, балким машине чыгып калар же таштап койоюнбу?

- Жок досум, көп кетип калат.

- Кайсы жердесиң өзү?

- Кара-Ташта?

- Кара-Ташта, таак 35 чакырымбы?

- 42–43 чыгып калат.

- Кой, Табыш... узак экен, жолу да начар. Мен эртең эрте менен кайра районго түшүшүм керек, болбосо ташатап коймокмун. Бензинин куйсаң мага эмне, бир пастык иш, жүрү кеттик, клиенттер күтүп калды.

Эки дос машинеге жетип калганда жанатан бери чыдамы кетип олтураган кардарлардын бирөөсү:

– Бол ай, кетесиңби бүгүн? Башка эле такси сүйлөшпөбүз, – деп кудураңдады.

Жакып камырабастан:

– Болду эже, кеттик, – деп акырын машинесин айдап жөнөдү.

– Айланасын жалаң бийик тоолор курчаган ээн талаада узун даңгыр жолду арбыта сары түстөгү илгерки орустардын УАЗ машинеси ылдамдыгын ого бетер күчөтүп бара жатты.

Убакыт кечки сегизге чамалап калган учурда Табышбек айылына жетип келди. Көзү илинип кеткен экен, Жакыптын “каерге түшөсүң, досум” деген суроосунан ойгонуп кетти.

А мен мына... “Айыл башы” көчөсүнө токтоп койсоң, жөө чыгып кетем.

– Мына келдик досум, жакшы тур.

– Ыракмат, сен да.

Досу менен коштошуп машиненен түшүп калган Табышбек бир тууган эжеси Калбүнүн үйүн көздөй бет алды. Эжеси менен жездеси Мурат сүйүнүп тосуп алышты. Алар 11 жылдан бери чогуу жашаса да бала жытын искей элек.

– Кел баатырым, каяктан сурайбыз?

– Э жезде, районго түшкөм... майда-чүйдө алгалы.

– Жакшы, бүгүн эми кырга чыгып кеткенге үлгүрбөсөң керек, сүйлөшүп, кобурашып жатып кетесиң.

– Ооба, ошо Зуура жалгыз калган маалдан бир аз кыжаалатмын, бир-эки туар  инек калган эле үйдө.

– Кошунаң барбы?

– Бар, Сатар акелерге дайындагам жардам берип, көз салып туруң деп.

– Бир күнгө эптеп тураттыр, эртең кетесиң, кел байбиче, чай алып кел..

Табышбек эртеси туруп эжесинин үйүнөн наштасын ачып алып, көчөгө чыкты. Айыл аралап конушуна кеткенге машина караштырды. Ары-бери басып машине деле жолуктура албай, кыжаалат боло баштады. “Жөө эле кетсемби? Бирок жүгүмдүн жарымын калтырууга туура келет, антпесем оор, күн дагы кечтеп баратат”. Бул убакта оюн бөлүп бир жаш баланын үнү угулду.

– Табыш аке, Табыш аке, – деген ким болду бул деп үн  чыккан тарапка карады. – Табыш аке, сизди жездеңиз чыкырып жатат, кырга машине кетет экен, сизди күтүп....

Жана эле ошого санаа чегип жаткан чабандес чуркап жездесинин үйүн көздөй жөнөдү.

– Кел Табыш, мыналар ошо сенден жогорку өтөкө жөнөптүр.

– Иий баса... жакшы болбодубу, нерселеримди жүктөйүн.

Табышбек жездеси, эжеси менен коштошуп өзү отурган Кара-Таш кыштоосуна жол тарты.

Жол жээгинде ойноп олтурган Бермет, чаңы чыккан машинени көрөр замат үйүн көздөй чуркады.

– Апа, апа! Авам келатат.

Зуура да шашып үйүн жыйноого киришти. Машине токтор замат авам келди деп Бермет астынан  чуркап чыкты, Табышбек  кызын колуна кучактап өөп, жетелеп үйгө кирди.

– Кел Табыш, жакшы келдиңби? - жай гана ал сурашты келинчеги Зуура.

– Жакшы, өзүңөр кыйналбадыңарбы?

– Жок, баары жакшы бизде,  иштериң бүттүбү?

– Бүттү.

– Кел курткаңды бер, төргө өтүп чарчоонду жаз, – жолдошунун үстүндөгү күрмөсүн алып, чай койгонго киришти.

Кызы менен сүйлөшүп, ага алып келген оюнчуктарын берип, чачын сылап олтуруп калды. Бат эле чайы кайнап, дасторкон жайып калды Зуура. Бир убакта Табышбек келинчегине суроо узатты.

– Тиги инектер эмне болду? Туудубу?

– Ооба, бири тууду, бири  качып кетти. Сатар аке баласы менен чыгып, үчөөлөп да тосо албадык.

– Кайсынысы качып кетти?

– Кара чалкуйрук инек, ал жаңы карын эмес беле.

– Ооба, жаңы карын. Кайсы тарапка  кетти.

– Бел ашып кетти?

– Жайлоого кеткен турбайбы.

– Каяктан билесиң.

– Билем.

– Дам жайлоодо дейсиңби?

– Жок, Эчки-Куумайда.

– Чабыр зоодобу?

– Ооба. Мага азык түйүп бер, чай ичип алып артынан барайын.

– Кеч каласың го? Эртең эле барсаңчы?

– Жок, бүгүн барыш керек, эгер тууган болсо бөрү алып коёт торпогун, ал жак азыр ээн, бөрү да күчтүр.

– Каап, макул этият бол, атты минип ал.

– Ооба, ат ордундабы?

– Ооба, кошунанын баласына айтып сугартып, чөбүн жаңылап койгом.

Табышбек карагер атын токуп алып, эшиктин алдында үнсүз жаткан итин чакырды. Кумайыгын эрчитип Чабыр зоо жакты карай бет алды. Аср убактысынан өтүп калган маалда Эчки-Куумай жылгасынын оозуна келип койнунан дүрбүсүн алып көз жүгүртүп баштады. Кантсе да чабандес неме бат эле зоого камалган чалкуйрук кара инегин торпогу менен турганын көрүп сүйүндү. “Чу” деп атын ошол тарапка буруп жөнөдү, атын бастырып, бастырбай кайра жүгөнүн тартып бир нерсени байкагандай дүрбүсүн шашып алып тиктеди. Жанындагы ити  да бир нерсени сезгендей кулактарын сереңдетип ары-бери болуп бир жайда тура албайт. “Чүш Кумайык, кап жана үйдөн  кийик капканды алып алсам болмок экен, тиги топоздун үстүндө жаткан секидеги аркарлардын чыйырына коюп коймокмун. Кап, макул эми кеч калам, тездетейин” деп атын басытыр жөнөдү.

Жолдо баратып Эчки-Куумай жылгасынын баянын эстейт. Илгери бул конушта бир качкын мерген жашаган экен, Тиги Чабыр зоо деген чоң сары зоого эки, үч күндө сөзсүз кызыл кийиктер келип турчу дешет. Ошол зоонун бир күн ары жагынан, бир күн бери жагынан өңүт басып эле бакчык, теке, улактарды атып жеп күн көрүп, ал эмес бир айылды бакчу экен. Ошодон улам Эчки-Куумай деп аталып калган аңыз кеп бар эл оозунда.

Табышбек инегин айдап, куптандан ооп өтөккө кирип келди. Иттердин ызы-чуусунан келинчеги утурлап чыкты.

– Келип калдыңбы?

– Короонун оозун ач.

–Тууппу?

– Ооба.

– Табыш кайдан билдиң... ал жылгага кетип калганын?

– Топоз жаныбар кайсы жерде туулса, ошол жерге барып тууйт.

– Койчу, чындаппы?

– Эх Зуура, булар мал болсо да туулган жерин унутпайт, булар табиятынан ошондой кудайдын макулуктары, биз адамдар баардык нерсени унутуп, баарына көнө берген.

– Бермет уктадыбы?

– Жок сени күтүп жатат.

– Кирели анда үйгө.

Табышбек келинчеги Зуура экөө  үч жылдан бери Кеңеш атту байдын топозун багып сакманчы. Келинчеги да өзүнө тың, акылдуу жар, ашыкча наалып накшыбайт. Табышбек дагы эжеси экөө эле болуп атан-энесинен эрте ажырагандан  кийин байланып ишенгени Зуура менен кызы Бермет.

Үчөө кобурашып чай ичип олтурушту. Кез-кезде кызы  күлдүрүп бир нерселерди сүйлөп коёт. Аңгырча Бермет суроо узатты.

– Ава, неге биз шаарда жашабайбыз?

– Кызым менин, биз айылда жашайбыз.

– Шаар жакшы го, ал жакта баары бар.

– Ооба, кызым, ал жакта баары бар, – деп Зуура сөзгө аралашты.

– Ава, шаарга эле кетеличи?

– Акылдуу  кызым, шаардын да шаардай балээси бар, түйшүгү көп.

– Мага шаар жагат, чоңойсом шаарда жашайм.

– Эх кызым, баарыбыз шаарга кетип калсак, айылдын кереметтерин ким көрөт?

– Айылдын кереметтерин, айылда кайсы керемет бар, ава, – деп Табышты карады кызы.

– Ай эрке кызым десе,  айылыбыз жалаң бийик тоолорго курчалган, мөңгүдөн аккан таза сууларыбыз бар, булак суусу бар күзгүдөй тунук. Бул жактан да бийик тоого чыгып жайында чүкүрү, ышкын терип жесең болот, даамы тек алманыкыдай. Тоолордо шаңшыган бүркүт, улардын үнүн угасың. Аркар, теке сыяктуу тоо жаныбарын көрөсүң. Козу, улак, торпок мына ушу үй жаныбарларын кармап, кошо ойноп чоңойосун. Ал эми сен жана мен туулуп өскөн биздин бул айыл дүйнөдөгү баардык шаардан кооз, кымбат. Мындай абасы таза, тоосу бийик, суусу тунук, тынч жерди эч жерден таппасак керек. Эх менин жерим керемет да.

– Анда мага чүкүрү терип берчи?

– Ооба, кызым, жай келгенде сени атка учкаштырып Чабыр зоого алып чыгам, экөөбүз чүкүрү, ышкын теребиз, ал жактын ышкындары чоң да, даамдуу да.

– Ураа, биз чүкүрүгө барабыз.

– Болду эми  кызың  экөөңдүн жомогуңар бүтпөйт. Чайыңарды ичкиле жаталы, эртең эрте менен кой саап акчай демдейм, мен жатайын, – деди Зуура.

– А биз кызым экөөбүз уктайбыз.

– Макул, омийин, – Зуура бата сурады.

– Омийин.

Зуура кеч кирер замат шам чырагын өчүрүп, кызын кучактап уйкуга кетти.  Табыш болсо ушундай кең жылганын койнунда үй-бүлөсү менен бактылуу күн кечиргенине кубанып, ыраазы боло келинчегинин чачын сылап уктап кетти.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз