Чыныгы жигиттердин манифести

  • 16.07.2022
  • 3349

Кимде-ким зар какшатса энелерди, 
улутка доо кетти деп жемелейли.
Кыз-келин зордуктаган зөөкүрлөрдү
кыргыздын урпагына теңебейли!

Аялдын асылдыгын тоготпогур,
арсызга эч бир сөзүң коротпогун.
Мактанган андай эркек сөрөйлөрдү
Манастын тегине да жолотпогун!

Катынга урган камчы, шапалагын,
кыз-уулун баса калган аталарың –
эзели оңбойт, андай наадандарды
эч качан эркексиң деп атабагын!

Асылса ким аялдын мээнетине,
таянып эрмин деген сөөлөтүнө,
андайды канчыгын эч талабаган
иттин да теңеп болбойт дөбөтүнө.

Татына жаш кыздарды кордогондор,
талаада баса калып зордогондор –
тап берген өз үйрүнө жаман айгыр,
айбандан пас макулук, оңбогондор.

Аярлаар кут үйүңдү, кемегеңди,
аялзат кимге болсо тебеленди:
андайлар атпай-журтта акмак делип,
Абыкеге, Көбөшкө да теңебейли.

Кыздардын көз агытып такымына,
кызарган эт деп аны, каты күн-а:
тантыган таксыр сөрөй сакалчандар
татыксыз Тазбайматтын акылына.

Аялдын этек-жеңи, шайыр, назы,
молдонун тыйып бүтпөс кайырмасы.
Койнунда улам токол алмаштырган,
короздон барбы, жокпу айырмасы?

Сулууну көрсө калбас аркасынан,
ээрчиме эркектердин канчасы бар?
Кор кылчу үй-бүлөнү, андай ата
татыбас наристенин маңкасына.

Катынды малай же мал санагандар,
катында акыл кем деп карагандар,
кемсинтип, кордоп, урса – андайларың
кем акыл Кемчонтойдон тарагандар.

Кыз жандап, улам төшөк жаңырткандар,
балдарын таштап жаңы багыт тандаар…
Таштайбы ошолордой өз тукумун
талаа-түз, тоо-токойго агыткан мал?

Кыз уурдап салтка такап, кекейгени,
чоң эрдик жасагансып кокойгону,
айлансын адам аттан, ал жапайы
айбандан айырмасыз токойдогу.

Ууктуруп ыза-муңга зайыптарын,
сыздатса ким уул-кызын, айыптагын.
Тепсесе кайсыл эркек үй-бүлөнү,
теңебе макулукка жайыттагы.

Сулууну көрсө кетчү эт-бетинен,
сук артып, сойку кылган чет-четинен,
катынпоз аңгилерге кезинсеңер,
катардан эркек дебей четтетиңер.

Бактылуу кыз-келиндер маанайына
балта чаап, кол салбастан таалайына,
чыныгы жигиттердин манифестин
сүйкүмдүү АЯЛЗАТКА каалагыла!

Тайбайлы жигитчилик наркыбыздан,
тайбайлы эркек деген баркыбыздан!
Кыз-келин, Энелерди көкөлөтөр
Манифест – болсун ыйык антыбыздай!

июль, 2022.

Олжобай ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз