Жолдош Турдубаев: Көк желкеге тапанча такачу заман эмес

  • 04.02.2023
  • 3056

Таабалды Эгембердиев атындагы «Эркиндик – эл энчиси» аталышындагы конкурста 2-байгенин жеңүүчүсү (калыстар курамынын чечими менен 2-байге эки кишиге бөлүнүп берилди) деп табылган Жолдош Турдубаевдин макаласын окурмандарга кайрадан сунуштайбыз.

Конкурстун башкы демөөрчүсү тарабынан Жолдош Турдубаевге 35 000 сом байге тапшырылды жана маркумдун жубайы Жаңылсынзат Турганбаева жеңүүчүлөрдүн ар бирине “Чуңкурчак” этно-комплексинде эс алып келүүгө эки кишилик атайы сертификаттарды ыйгарды.

СЫНООДОН СЫНБАЙ ӨТӨЛҮ

Эгемендикке жеткенден кийин биз, кыргыздар, тарыхый чоӊ сыноого кабылдык. Бир жагынан, башкаларга жутулуп кетпей сакталып, өнүгүү үчүн эбегейсиз чоӊ мүмкүнчүлүккө ээ болдук. Экинчи жагынан, эркин жашоонун толук жоопкерчилигин көтөрүү керектигин жетик аӊдай албай убара тартып келебиз...

Ээрчимелик кесепети

Совет доорунун көптөгөн жакшы жактары (сабатсыздыктын жоюлушу, билим-илимдеги жетишкендиктер, отурук маданияттын калыптануусу ж.б.) менен катар биздин элдин мүнөзүнө тийгизген терс таасирлери да болду. Ошонун бири – жалпы агым менен кетүүгө ыктаган ээрчимелик. Көпчүлүк деле, калайык эӊ татыктуу деп ишенген башчы деле жаӊылып калышы же арам пайдага азгырылышы ыктымал экенин түшүнбөгөн, ойлогусу да келбеген маанай өтө опурталдуу. Акыл эмес, сезим (эмоция), сергек талдоо эмес, сокур ишеним үстөмдүк кылса, улут тагдырына кесепети тийбей калбайт...

Саясий же диний чөйрөдө таанымал болуп калган ар кайсы кишилерди кудайындай көрүп, алар оркойгон ката кетирсе да, сөзү менен иши коошпосо да жууп-чайып колдой берген адат оӊой менен калбайт экен.

Албетте, элдин баары мындай эмес. Айрыкча социалдык желелердеги коёндой окшош “пикирлер” атайын таӊууланып жатканын эске алганда, бул абал көпкө чейин өзгөрүүсүз кала бербейт – эгер ар кимибиз өз алдынча ойлонууга аракеттенсек.

Жеке менен жалпыны карама-каршы койбойлу

Байыркы Мисир (Египет) уламышында айтылгандай, “Эмне кылып жатасыӊ?” деген суроого бир киши “таш сүйрөп баратам”, экинчиси “бала-бакырамды багуу үчүн иштеп жатам”, үчүнчүсү “Миӊдеген жылдар тургудай Хеопс пирамидасын курушуп жатам!” деп жооп кайтарат. Бирдей эле жумушту аткарган үч кишинин жашоого болгон үч башка мамилеси. Өмүрдүн үч башка даражадагы куну...

Ырас, азыркы кезде улуттук мүдөө, мамлекеттин келечеги, мекенчилдик ж.б.у.с. баары көптөгөн саясатчылар үчүн эл көӊүлүн бургузуу максатында эле колдонулуучу кооз, дүӊгүрөк сөздөр болуп калды. Андайларга эсил кайран Салижан Жигитов: “Айланайын, сен элге күйбөй эле, өзүӊө күй, үй-бүлөӊдү багып ал!” – дечү, пайдаӊ тийбесе да зыяныӊ тийбесинчи деген мааниде кыйытып.

Чындыгында жеке адамдын же үй-бүлөнүн жашоо-тиричилигин жалпы элдин турмушунан ажыратып кароо мүмкүн эмес. Бир гана материалдык жагын алганда деле, эгер жалпы калайык жакыр болсо, жалгыздап жакшы жашагандар өтө аз болору анык. Азыр кийим бүтүн, курсак ток, кудайга шүгүр дегидей жашоо. Бирок бүгүнкү абал эртеӊ да сакталабы?

Ар ким өзүн гана, өзүнүн жакындарын гана ойлосо, мамлекет эмне болот? Кошуна өлкөлөрдөн ушул катыш боюнча кескин айырмачылыгыбыз бар – калк арасында иномарка мингендер, кабат-кабат там салгандар же сатып алгандар, дүӊгүрөтө той бергендер бизде көп, мисалы, Өзбекстанда аз. Бирок мамлекеттин эл аралык саясаттагы орду, экономикасы, шаарлардын көркү, тазалыгы, жолдордун тегиздиги, көчөдөгү тартип боюнча бизди алар менен салыштырууга болбойт, тилекке каршы.

Балким, Кыргызстандагы калктын жашоо деӊгээлине кошуналардын көзү күйүп жаткандыр, бирок өлкөбүздүн азыркы абалына алар дегеле суктанбайт ко... Ушул оош-кыйышты (дисбалансты) жоюу зарылдыгын эртерээк аӊдап билбесек, эгемендиктен кол жууп калышыбыз толук ыктымал. Жаман айтпай жакшы жок, эгер чаржайыт агым менен кете берсек, бүгүнкү салыштырмалуу токчулук менен кененчилик тез эле жокчулукка, тарчылыкка айланат...

Бул азыркы опуртал жагдайдын бир гана материалдык өӊүтү. А рухий жагы мындан да кооптуу...

“Темирдей тартипти” эӊсегендерге

Сталиндей катуу киши башкарып, кылмышкерлерди өлүм жазасына тартуу керек, ошондо гана желмогуздардан кутулабыз дегендер көбөйдү. Бирок “темирдей тартипти” эӊсегендердин эч кимиси анын куну кандай болорун билбейт, билгиси да келбейт окшойт.

Элдин баарын көк желкеге такалган мылтык менен коркутуп, каяша кылгандарды сотсуз-сураксыз эле атып салган аскердик коммунизмдин тушундагы тартип чындыгында эле өтө катуу болгон. Керели кечке баш көтөрбөй иштегени үчүн бир нан берген, өндүрүштөгү мүлктүн баарын колхоздуку, казынаныкы деп, адамдарды кызыл командирлерге толук көз каранды кылган лагерь тартиби керекпи азыр?

Ошол “тартиптин” ырайын сезиш үчүн алыс барбай Түркмөнстандагы эле жагдайга көӊүл бурсак, Ашхабаддын жаркыраган фасадына жашырылган кулчулукту көрөбүз го?!. Иштин көзүн билген дыйкандар менен малчыларды, чарбачыл, өндүрүшчү адамдарды көрө албастардын жалаасы менен эле куугунтуктап, сүргүнгө айдаган, 30-жылдарда казактардын кыйласын ачарчылыктан кырылууга дуушар кылган зөөкүр бийлик керекпи?

Албетте, жок! Бирок баёо жандар ар кандай жөө жомокторго ишенүүгө даяр болот тура. Кайсы бир доорлордо кой үстүндө торгой жумурткалаган экен деп шыпшына кеп кылгандар ошол мезгилдердин караӊгы жактарын да тактап айткан адамды жек көрөт, тим эле бейиштеги ордун брондогон белетин колунан жулуп алгандан бетер.

Тартип керек, албетте. Бирок ал башкы максат эмес, адилет мүдөөгө жеткирүүчү таяныч гана болушу керек. Чындыкты айткандар куугунтукталып, карөзгөйлөр бийлеген “тартип” XIX кылымдагы Кокон хандыгындай туруксуз болот – улам бири келип төӊкөрүш жасап, анан тез эле башынан айрыла берет.

Демократиялуу коомдогу тартип баарына бирдей колдонулуучу мыйзамдар, укуктук маданият менен камсыздалууга тийиш.

Биримдик үчүн бипбирдей болуу керекпи?

Азыркы кыргыз коому бийликчил жана оппозициячыл, динчил жана салтчыл, орусчул жана батышчыл ж.б. болуп жиктелип калгандай. Айрыкча соӊку кезде саал эле башкача ойду айткан адамдарды жектеп, ызырына каралаган, акаарат кылган, опузалаган маанай басымдуулук кыла баштады. Буга биринчи кезекте демократия түшүнүгүн бурмалап, карапайым калкка жаман көрсөткөн саясатчылар күнөөлүү. Кечээ жакында эле “адам укуктарын коргойлу!”, “эркиндик чексиз болуш керек!” ж.б. деп айкырып келген айрым саясатчылар бүгүн “темирдей тартипти” ураанга айлантып, теӊирден тескери кетти.

Коомдогу ич ара тирешүү, касташуу маанайын кантип жоёбуз? Биримдикти кантип бекемдейбиз?

Ар бир адамдын баскан-турганын, айткан-дегенин “иӊкүү” (НКВД – нарком внутренних дел) аӊдып тескеген, сын пикири үчүн жарандарды аёосуз куугунтуктаган аскердик коммунизм бизге эч керек эмес.

Элдин баарын текши намазга жыксак – эркектер сакал өстүрүп, аялдар оронуп-чулганса эле жомоктогудай бейпилдик орноп калбайт. Тескерисинче, теократиянын шартында адамдардын ой жүгүртүү, пикир айтуу эркиндиги, дегеле жашоо эркиндиги Бальзактын “чыгырым булгаарысындай” улам барган сайын курушуп тарый берет да, рухий вакуум чоӊ жарылууга алып келет.

Инсандык өсүш курагына, изденүү-адашуу жолуна, өз алдынча ой жүгүртүү дареметине жараша ар кимдин көз карашында, түшүнүгүндө айырмачылык сөзсүз болот. Бул жарыкта дүйнө таанымы толугу менен дал келген эки адамды табуу мүмкүн эмес. Ошондуктан коомдо, мисалы, динчилдер дагы, атеисттер да болушу табигый көрүнүш. Эӊ башкысы, аша чапкандарды, согушчан (экстремисттик) маанайга өтүп кеткендерди убагында тизгиндеп туруу керек.

Дегеле “бирден бир туура чындыкты” бүткүл коомго таӊуулаган ар кандай окуулар, агымдар элди эч качан жакшылыкка жеткирген эмес.

“МЕН” жана “БИЗ”

Жиктешүүнүн, бөлүнүп-жарылуунун эӊ башкы себеби – адилетсиздик, ар кимди “алды-алдынан тал кармоого” түрткөн карөзгөйлүк. Мамлекетте сот бийлиги аткаруу бийлигинен да, байлар менен “каралардан” да толугу менен көз каранды болбой, бир гана мыйзамдуулукту сактоо озуйпасын аркалап, укуктук чөйрөдөгү жагдай үчүн башкалардан он эсе катуу жоопкерчиликти көтөрүшү керек. Ошондо мыйзам үстөмдүгү орноп, дүйнө таанымдагы, диний, маданий, эстетикалык ж.б. көз караштардын болбой койбос айырмачылыгы табигый нукта сакталат да, биримдик бекемделе берет. Кыргызстандын ар бир жараны “мен Кыргызмын!” деп сыймыктанат.

“Биримдиктин эӊ зарыл шарты – адилеттүүлүк”, - деген эле Азамат Алтай өмүрүнүн соӊундагы керез-маегинде. Чыныгы демократиялуу (мыйзам үстөмдүгүнө негизделген) коомдо саясий, диний, маданий ж.б. маселелер боюнча көз караштар ар түрдүү боло берет. Мамлекетте калыстык камсыздалат да, “биздин гана жол туура, маселенин баарын биз гана чечебиз!” деген кыйкырыктарга эл анча кулак салбай калат.

Мындай жолго түшүү үчүн кайсы бир аптарыйкаттардын оозун тиктебей, ар кимибиз өз башыбыз менен акыл калчап, билим алып, өздүк “МЕНибизди” өстүрүүбүз кажет. Канчалык урматтасак да, жеткен чоӊ ийгилигине тан берсек да, эч бир пенденин, жааттын, партиянын ж.б. фанаты болбойлу.

Сыйдын чени, чеги бар – кимдин болсо да туура ишин, ак сөзүн колдойлу, бирок жаӊылышкан же билип туруп теӊирден тескери сүйлөгөн/иш кылган учурларында эч кимди актап-жактабайлы.

Эӊ чоӊ пайгамбарлар деле ката кетирип, катуу өкүнгөн, башкалардан акыл сураган кездери болгон. Эч бир пендени Кудай кылып албайлы. Өз тагдырыбыз үчүн жоопкерчиликти өзүбүз моюндайлы.

Калыс ойлонуп, алыска көз чаптырган “МЕНдер” (жетик инсандар) канчалык көп болсо, коомдогу “БИЗ” (ички биримдиги бекем улут) ошончолук ишеничтүү калыптанат, Мекенибиздин келечеги ошончолук кеӊ болот.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз