Зомбулук көргөн да, көрсөткөн да шордон арылбайт

  • 04.02.2023
  • 4407

Таабалды Эгембердиев атындагы «Эркиндик – эл энчиси» аталышындагы конкурста 3-байгенин жеңүүчүсү деп табылган Гүлзада Станалиеванын макаласын окурмандарга кайрадан сунуштайбыз.

Конкурстун башкы демөөрчүсү тарабынан Гүлзада Станалиевага 30 000 сом байге тапшырылды жана маркумдун жубайы Жаңылсынзат Турганбаева жеңүүчүлөрдүн ар бирине “Чуңкурчак” этно-комплексинде эс алып келүүгө эки кишилик атайы сертификаттарды ыйгарды.  

ЖЕ ЫМАЛАДА ЖАШООГО КАНТИП ЖЕТСЕК БОЛОТ?

Статистика боюнча Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка ар бир үчүнчү аял дуушар болот экен. Эгер биз үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдын баарына “андай күйөөнүн барынан жогу, ушундайында кутул, ажыраш” десек, анда ар бир үчүнчү үй-бүлө ажырашып, миңдеген бала атанын же эненин мээриминен өксүйт. Эгер “кокуй, ажырашкандан жыргап кеткен киши жок, балдарың үчүн чыдап жаша” десек, анда айрым аялдардын өмүрү коркунучка кабылат же бир өмүр башы шордон арылбайт. Деги мындайда эмне кылуу керек?

Зомбулук – бүтүн дүйнөдө жүрөк тилген көйгөй

Учурда эл аралык уюмдар гендер боюнча түрдүү түмөн долбоор менен иштеп жатышат. Журналисттер ар эки күндүн биринде күйөөсү аялын өлтүргөн же өлөрчө сабаган үрөй учурган окуяларды жазышууда. Укук коргоочулар зомбулукка кабылгандарды калкалап, жылдар бою сот иштерине кошо катышып, тынбай коңгуроо кагып келишет. Кайдыгер эмес коомдун активдүү катмары улам митингге чыгып, аялдарга каршы зомбулукка жол берилбешин, бийлик тиешелүү иш-аракетке өтүшүн талап кылганы кылган.  

Бирок мындай иш-аракеттерден маселе биротоло чечилип кеткен жери жок. Ырас, эл ичинде үй-бүлөлүк зомбулук, дегеле зомбулук тууралуу түшүнүк кеңири жайылып, кыз ала качуу сыяктуу бир катар осол адаттар кылмыш катары таанылып жоюла баштады.  

Анткен менен, үй-бүлөлүк зомбулук азайып калды деп айтуу кыйын. Анын үстүнө бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зомбулук биздин өлкөдө эле эмес, бүт дүйнөдө жүрөктү тилген көйгөй бойдон турат. Миллиондогон адамдын тагдырына балта чапкан бул ачуу көйгөйдү чечүүнүн түрдүү түмөн жолдору жыл сайын тереңдетилип иштелип чыгып, ар кандай чаралар көрүлүп келет. Бирок адамдын татаал табияты, турмуштун карама-каршылыктуу мыйзамы оңойчулук менен эреже-жобого баш ийе бербейт экен.   

Зомбулукту тааныбай туруп жоюу кыйын

Менимче, биздин коомдо үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, андан кутулуу же токтотуу үчүн ириде, элдин калың катмарына зомбулуктун түрлөрүн өтө кылдаттык менен таанытуу маанилүү. Себеби, коомдо түрдүү түшүнүктөгү адамдар, үй-бүлөлөр бар. Зомбулуктун айрым түрү кээ бирлер үчүн жашоо нормасы да болушу мүмкүн. Айрым эркектер аялынын, балдарынын укук-эркин ыксыз чектегенин алар үчүн көргөн камкордугум деп түшүнөт. Дагы бир даары мамиле түзүү, сүйүү, мээрим тартуулоо дегенди билбей жетилген. Ошондуктан, турмушка болгон чийки даярдыгы менен зомбулук көрсөтүп жатканын аңдай бербейт.

Үй-бүлөлүк зомбулук деп жалпы жонунан айтканыбыз менен, анын негизги төрт түрү бар. Аларга өз-өзүнчө токтололу.    

Жан дүйнөңдү кыйнаган күйөөдөн кутулуу кыйын

Биринчиси – эмоционалдык-психологиялык зомбулук. Адистер зомбулуктун бул түрүн эң оор деп эсептешет. Менимче, зомбулуктун бардык түрү эле адам үчүн абдан оор, зордукту көтөрүп жашоо, кандай пендеге болбосун, өтө кыйын тарткылык. Эмоционалдык-психологиялык зомбулук көрсөткөн эркек көбүнчө аялына туугандары жана курбулары менен байланышуусуна чек коёт. Жабыркатууга эң ыңгайлуу шарт – бул аялды жападан жалгыз калтыруу, аны уга турган, керек кезде колдоо көрсөтө ала турган чөйрөсүнөн, адамдарынан ажыратуу. Эгер жолдошуңуздун ушул сыяктуу талабы болсо, ага такыр жол бербешиңиз керек. Ар бир адамдын жеке өзүнүн сырдаша турган, баарлашып чер жаза турган чөйрөсү болушу керек.

Адам – социалдык жандык. Ал алака-катышы бар чөйрөсүнөн ажырап, изоляцияда калган чакта, жашоого болгон эркин, өзүнө болгон ишенимин жоготот. Аялдын мындай абалы зөөкүр күйөөгө абдан ыңгайлуу. Себеби сырткы дүйнөдөн обочодо калган аялдын үстүнөн эркек каалагандай бийлигин жүргүзүүгө өтөт. Эркек таянар эч кимиси жок аялдын ар бир сөзүн, баскан-турганын түрмөдө кылмышкерлерди көзөмөлдөгөн өңдүү кайтарып, эркиндигинен биротоло ажыратат. Иш-аракет эркиндиги, сөз эркиндиги түгүл, ой эркиндигинен ажыратууга чейин жетишет. Мындай зомбулукка туштуккан аялдын жеке ою болбойт. Жада калса, ал өз алдынча чечим чыгаруу укугунан да толугу менен ажырайт.

Элдин көзүнчө басынтып, шылдыңдап, кемсинтип, сындап, таштап кетем деп коркутуп азапка салган күйөө менен дайыма коркуп-үркүп жашагандыктан, аялдын психологиялык саламаттыгына өтө терең доо кетет.

Эмоционалдык зомбулук көрсөткөн эркек менен ажырашып кетүү аял үчүн өтө кыйын. Себеби, мындай күйөөлөр аялына өтө карамдуу, жароокер болуп, жалбарып кечирим сурап, сүйүү сезимин билдирген учурлары абдан көп болот. Ошондуктан, аялдын башы айланат. Эмне кыларын билбей, чайналып күн кечирүүгө өтөт.  

Экономикалык зомбулук эне болуудан баш тарттырууда

Эми экономикалык зомбулукка сөз учугун буралы. Зомбулуктун бул түрү да бизде көп учурайт. Финансылык зомбулук азыркы керектөөчүлөр коому өкүм сүргөн заманда аялды абдан чүнчүтөт. Аял каалаган кийимин кийип, балдарына каалаган нерсесин алып бере албаса, үй-жайына ыңгайлуу шарт түзө албаса, маанайы түшөт, кыжаалат болот. Кээде эркектер канча тапканын аялына айтпайт. Үй-бүлөлүк бюджетти түзүүгө аялын катыштырбайт. Аялга шарты келип турса да, акча бербей, чүнчүткөн, жүдөткөн эркектер муну түшүнбөшү мүмкүн же түшүнсө да акчаны үнөмдөп, үй-бүлөнүн эртеңин ойлоп жатам деп финансылык зомбулукка барганын деле аңдабайт. Айрыкча, аял бала багып иштебей үйдө отурган учурда күйөөсүнүн көзүн кароого аргасыз болот. Финансылык зомбулук аялдын эркиндигин абдан эле чектеп коёт. Ошондуктан, учурда көп өлкөлөрдө аялдар жада калса, төрөгөндөн баш тартып, айрым мамлекеттердин эли картайып кеткенин угуп-билип эле жүрөбүз.

Күйөөм зордуктады деген аялды уктуңуз беле?

Зомбулуктун дагы бир түрү – бул сексуалдык зомбулук. Сексуалдык зомбулукка аялды эркине каршы боюна бүтүрүү же аборт жасатуу, өзү каалабаган сексуалдык иш-аракеттерди кылууга мажбурлоо, зордуктоо ж.б. аялдын эркине каршы жасалган учурлар кирет. Көпчүлүк күйөөсү аялын зордуктамак беле деп ойлошот. Же мындай ой дегеле башыбызга келбеши мүмкүн. Бирок учурда көпчүлүк өлкөлөрдө күйөөсүнүн аялын эркине каршы сексуалдык иш-аракет жасаганына каршы мыйзамдар кабыл алынган. Мындай мыйзамдар эркектердин аялдарга карата этият мамилесин жаратып, сексуалдык маселеде өнөктөшү менен эсептешүүгө түртөт. 

Сексуалдык зомбулук көрсөткөн эркектер аялдарына башка аял алам деп да коркуткан учурлар кездешет. Коркутуу, манипуляциялоо зомбулуктун бул түрүнө мүнөздүү. Дегеле, кош нике, экинчи аял алуу биздин коомдо аялга жасалган зомбулуктун бардык түрү менен коштолот. Мындай жагдайга дуушар болгон аялдар элдин көзүнчө басынат, чүнчүйт, кемсинет. Тилекке каршы, бул учурда аялдар психологго кайрылып, өз убагында жардам алышпагандыктан, саламаттыгына өтө катуу доо кетет. Мындай оор психологиялык жагдайды көтөрө албай, ооруга чалдыгып, эң кымбат нерсесинен – өмүрүнөн ажырап калуу коркунучуна кептелет.

Ошондо гана алар өзүн сүйүүгө, сыйлоого, кароого, кам көрүүгө үйрөнөйүн деп далбас урууга киришишет. Айрымдар жандалбастап кризистен чыгып кетишет, а кээ бирлери чыга албай ажалынан мурда өмүр менен кош айтышат. Өкүнүчтүүсү, күйөөсүнүн чыккынчылыгын, сатып кеткенин көтөрө албай ажалынан мурда өлгөн аялдар үй-бүлө зомбулугунан өлгөн аялдардын статистикасына илинбейт. Муну жакындары, тааныштары гана билип тим болушат. Алардын арасынан коңгуроо кагып, айгай салгандары дээрлик болбойт. 

“Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат”

Бизде зомбулуктун эң эле жайылган, биз жакшы тааныган түрү – бул физикалык зомбулук. Физикалык зомбулукка кабылган аялдын бети-башы көгала болсо, аны тегерегиндегилер дароо байкайт. Милицияга да көбүнчө физикалык зомбулук көргөн аялдар кайрылышат. Бирок көп учурда ур-токмокко кабылган аялдар жазган арызын кайра эле кайтарып алышат. Себеби күйөөлөрү кечирим сурап, жарашып алышкан болот. Кыргызда “эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” деген кеп бар. Милиция кызматкерлери ушул принципке таянып, ишти карабай койгон учурлар да арбын учурайт. Физикалык зомбулук өлүм менен аяктаган кезде гана коомчулук айгай салат. А демейде “эрди-катындын урушу – даки матанын (марли) кургашы” деп аралашкан киши көп боло бербейт.   

Зомбулукка чара барбы?

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылбаш үчүн же кабылган чакта эмне кылуу керек? Мен мындай учурда канчалык кыйын болсо да жападан жалгыз жол – дароо эле ажырашуу дебес элем. Эгер зомбулук көрсөткөн күйөөдөн ажырашып гана кутуласың деп кесе айта турган болсом, анда жогоруда статистика көрсөткөн ар бир үчүнчү үй-бүлө ажырашышы керек болот. Андан кийин аял башка адамга баш кошушу мүмкүн. Өгөй ата балдарга кошо зомбулук көрсөтүп, аял эки эсе азапка калышы ыктымал. Себеби, зомбулук көрсөтүү кадыресе көнүмүш адатка айланган коомдо кайра эле кызыл камчы бирөөгө туш болбойсуң деген кепилдик жок. Албетте, бул учурда ар бир аял өз жагдайына жараша ар түрдүүчө чечим кабыл алышы керек болот.  

Жалпысынан, кыргыз үй-бүлөлөрүнүн көбүндө жубайлар 40 жашка чейин бири-бирин кордоп жашаган учурлар арбын байкалат. Негизинен 40 жаштан кийин гана турмушка урунуп-согулуп жүрүп, бири-биринин кадырын биле башташат. Үй-бүлө куруу, жубайлардын мамилеси тууралуу такыр билими, түшүнүгү жок жаштардан башка эмнени күтсө болот. Эгер ата-эне ынтымактуу болсо, анда бала алардан өрнөк алып, жакшы жашап кетиши мүмкүн. Жакшы тарбия алган адам менен да жашоо кыйла жеңил болот. Бирок үй-бүлө куруу жана мамиле түзүү маданиятын көрбөгөн, сиңирбеген, ар бир үчүнчү үй-бүлөнүн, ага-туугандын, кошуна-колоңдун чыр-чатагын көрүп калыптанган жаштар ымалада жашоону каяктан үйрөнсүн.  

Ошондуктан, жаштар гана эмес, бардык жубайлар үй-бүлө куруу, мамиле түзүү маданиятын өздөштүрүшү керек деп эсептейм. Азыр тынымсыз үйрөнүү талабы күч алган заманда жашап жатабыз. Интернет айдыңынан бүгүн мамиле түзүүнү, чыр-чатакты чечүүнү, туура тамактанганды, бала тарбиялаганды, тамак жасаганды, жада калса, үй жыйнаганды, дегеле кыбыр эткендин баарын үйрөткөн коуч, тренерлерди тапса болот. Алардын баары эле сапаттуу, сабаттуу дей албайм. Бирок издесең, арасында пайдалуулары көп эле.

Мен жубайларга үй-бүлө күтүү маданиятын, жубайлардын мамиле куруу сырларын, баарынан да өзүн таанууну үйрөткөн курстарды, видеолорду көрүп, китептерди окуп, өзүнүн үстүнөн иштөөнү сунуштаар элем. Бир келген өмүрдү кор кылбай, жакшы жашап, бакыттын даамын татып көргүсү келген адам өзүн сөзсүз өстүрүшү керек. Өзүн өстүрүүнүн, өнүктүрүүнүн жолдорун тынбай издеши абзел. Өзү менен кошо аял күйөөсүн, же тескерисинче, күйөөсү аялын өстүргөн учурлар азыр көп.

Экинчиден, өнөктөш катары тең укуктуу, ынтымактуу, бири-бирин колдогон жубайлар менен катташуу, үй-бүлөлүк достошуу да натыйжасын берет дээр элем. Сыныктан башкасынан баары жугуштуу дегендей, жашоо модели да абдан эле жугуштуу келет. Алсак, өнүккөн өлкөлөргө көчүп барган жубайлар ошол жердеги жаңы чөйрөгө түздөнүп, мамилелери жакшырганын айтышат. Дегеле чөйрө адамды өзгөртүүчү чоң күч.  

Үчүнчүдөн, сүйүү, бакыт, ынтымак – бул тынымсыз, үзгүлтүксүз эмгек экенин моюнга алышыбыз керек. Атактуу философ Эрих Фромм “Сүйүү – бул камкордук” деп аныктама берген. Ал “эне баланы сүйүп эле тим болбойт, күнү-түнү тыным албай, ага камкордук көрөт. Аял менен эркектин ортосундагы сүйүү да куду эненин балага болгон сүйүүсүндөй камкордук менен бекемделбесе болбойт” деген. Чын эле сүйүү бул бири-бирине жасаган камкордук менен гана өмүр сүрө алат.  

Төртүнчүдөн, биз бири-бирибизге айткан сөзүбүздү аңдап, кандай кабыл алынып, кандай реакцияны чакырарын сезип-туюп, чыр-чатактын алдын алып сүйлөгөндү үйрөнүшүбүз керек. “Жакшы сөзгө жылан ийнинен чыгыптыр” деген сөздү унутпайлы.

Бешинчиден, үй-бүлө куруу деген бул жубайлар эркиндигинен биротоло ажырап калуусу дегендик эмес. Адам эркиндиги болмоюн, жүрөгүндө тынчтык орнобойт. Эркиндик – бул өз ой-пикиринин болуусу, жашоосунда каалоо-максаттарына жетүү, тандоо эркиндигине ээ болушу. Эркиндиги жок адам канаты кыркылган куштай уча албайт. Уча албаган адам менен алыска бара албайсың.

Жалпысынан айтканда, зордук көрсөткөн эркек эч качан бакыттын даамын сезе албайт. Аялынын сүйүүсүн, мээримин алуу үчүн эркек киши жарына болушунча жакшы мамиле жасоону үйрөнүшү керек. Деги эле жаш курактын кайсы учуру болбосун, жубайлар сезимдердин жаңы кырларын, мамиленин жаңы деңгээлин издеп, акындар айткандай, адамга берилген аз өлчөмдөгү, анысы аз келгенсип өтө тез өтүп кетер кымбат өмүрдү сапаттуу жашоого умтулушу абзел.   

Баарынан мурда үй-бүлө ынтымагын бузуп, ырыс качырып, адамдын башын шорго батырган зомбулуктун алдын алуу, аны токтотуу башкалардын эмес, жубайлардын өздөрүнүн гана колунда экенин эстен чыгарбасак. Анткени, жашоо алардыкы, бактылуу болуу үчүн биринчи кезекте өздөрү аракеттениши керек. Ал эми бакыттын формуласы бирдей эле. А бактысыздыктын жолу түмөн-түркүн. Муну кезинде акылман Лев Толстой өзү ырастап: “Бардык үйдүн бактысы окшош, ал эми ар үй-бүлө ар башкача бактысыз” деп айтканы эсиңиздедир.       

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз