Ала-Куш таржымалы же элдик топонимге кайтуунун зарылдыгы

  • 04.08.2022
  • 3584

Ала-Куш. Алакуш. Паргана өрөөнүндө, анын ичинде бүгүнкү Кыргызстандын түштүгүндө оторчул орус империясынын бийлиги орноп, жер-суулар каттоого алынып, картага түшүрүлө баштайт. Ошондо алачкы изилдөөчүлөр менен геодезисттерди жергиликтүү тилди түшүнгөн ногой-татарлар, орусча үлдүр-сүлдүр билген шаардык сарттар коштоп жүрүшкөн. Алар жер-суу аталыштары түгүл адам ысымдарынын кыргызча айтылышына үстүртөн мамиле жасашканын тарыхый булактар тастыктайт. Анын натыйжасында, көптөгөн жер-суу аттары, анын ичинде Испайрам дарыясынын оң жээгиндеги Ала-Куш айылы Валакыш деп өзгөрүп кеткен. Бул, өз кезегинде, элдик топонимдин унутулушуна өбөлгө түзүп, маани-мазмуну түшүнүксүз жаңы аталышты жараткан.

Азыркы Кадамжай районундагы Валакыш кыштагынын бир бөлүгү 2000-жылдардын башында эмнегедир ырасмий түрдө Олагыш деп аталган. Бул айыл эмнегедир совет доорунан бери административдик жактан дарыянын сол жээгиндеги (каршы жагындагы) Масалиев айыл өкмөтүнө караса, Валакыш деген экинчи бөлүгү Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн карамагында. Валакыштын баш жагандагы топудай маале Олагыш деп ырасмий аталып, айыл макамын алганда, кыштактын калган бөлүгү Валакыш деп калтырылганы да суроо жаратат. Түшүнүксүз. Болбосо бул тегеректеги айыл-кыштактардын, кокту-колоттордун аттары бүтүндөй кыргызча.

Жергиликтүүлөр Валакыш (ырасмий жазылышы Валакиш) деген топонимдин маанисин не кыргызча, не тажикче түшүндүрүп бере алышпайт.

Ошондуктан, карылар сөзүн “капка салган” куйма кулак ак сакал-көк сакалдар Ала-Куш аталышы жөнүндө эмне дешет?

Биринчи уламыш. “Бүгүн Валакыш деп айтылып жүргөн бак-шактуу дүпүйгөн чоң кыштак мындан 300 жыл мурда боз караан баскан сур талаа болуптур. Борду сайынын оозундагы мурдакы Кызыл-Кыя лагеринин ордунда жалгыз там бар экен. Элдин көбү сайдын Кыл-Көпүрүк тарабында жашайт. Бирок алар кайсы бир оорудан кырылат. Жалгыз бала тирүү калат, ал куш салып жан багып жүрөт. Баланын ала кушу кекиликтиби, улардыбы, же башка жандыктыбы... кубалап, дарыянын бийик жээгиндеги тешикке кирип кетет. Кайра чыкпайт. (Баякы жылы тешикте алтын бар экен дешип, эчен адам жинди болуп жер казды го...) Кушумду алып чыгам деген бала да тешикке кирип кетип, артка кайтпайт. Ошол ошо болду, ары-бери өткөн жолоочулар бала менен куш жоголгонун бир нече жылдар бою кеп кылышат. Ошентип отуруп, дарыя боюн байырлаган кыргыздар жанагы жерди “Бала менен Куш” же “Ала-Куш” деп атап калган экен. А тажик туугандар “Ала-Кушту” өз тилине тууралап, “Валакиш” деп айтышчу болушат.” (Кадамжай районундагы Майдын айыл өкмөтүнүн Кереге-Таш кыштагында жашаган 78 жаштагы Мырзапааша аксакалдан жээни Ибраим Манасов аркылуу жазып алынды).

Экинчи уламыш. Бир заманда Бордунун оозунда алты-жети кожолук эл жашайт. Кара-Тумшукка чейинки түздүктө эч нерсе эгилбептир. Дарыя жак жээкте камыш калың өсүп, жалгыз-жарым киши караңгыны коюңуз, күндүз деле камыш аралап киргенден коркушуптур. Камыштуу кашатта жапайы парандалардын түрлөрү, анын ичинде ала куштар көп экен. Бордудан бир жигит ала кушту кармап алып, илбээсин алганга үйрөтүп, аңчылык кылыптыр. Бир күнү ала кушун илбээсинге салса, ал Кыл-Көпүрүктүн ылдый жагындагы боордогу кемерге кирип кетип, ошол болду, саяпкерге кайра келбейт. Саяпкер “Ала-Куш”, “Ала-Куш” деп канча кыйкырбасын, анысы кайтпайт. Муну уккан эл бул өйүз, наркы өйүздөн ары-бери каттаган жолоочулар “Ала-Куш” деп чакырган үндү угуп, бири-бирине айтышат. Ушинтип жүрүп Бордунун оозундагы авли – коргону бар үйлөр турган жерден тартып, мурдакы Кадамжай пионер лагерине чейинки талаа “Ала-Куш” аталып калыптыр. Муну мен чоң энемден бала кезимде укканмын. (Кадамжай районундагы А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Олагыш айылынын 44 жаштагы тургуну Тойгонбаев Исактан жазып алынды).

Үчүнчү уламыш. “150 жылбы, 200 жылбы мурда таятамдын аталары келин алмак болушат. Алар кудага баратышып, азыркы Валакыш аркылуу Алай тарапты көздөй өтүшөт. Ал кезде дарыя боюнда азыркыдай эл жок. Бордунун оозундагы көмүр чыккан кенге жакын түзөңдө эл жашаган экен. Ошондо таятамдын аталары айтып келишкен экен “ат башындай ала куш көрдүк” деп. Келиндери да ат башындай ала куш көргөнүн кемпир болгончо эле айтып жүрүптүр. Ары-бери өткөн адамдар да, Алай менен Анжиян ортосунда каттап, соода кылган соодагерлер да Алыштын маңдай бетинде ала куш жашаганын айтып жүрүп, Ала-Куш деп аталып кеткенин таятамдан укканмын. (Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндө жашаган 83 жаштагы Жолдошов Маматемин карыядан жазылды).

Ала-Куш топонимине байланыштуу башка уламыштар да бар, алар да ала куш менен байланышкан.

Эл ичинде сакталган уламыштардагы конуш жайга тийешелүү маалыматтар куру жерден жаралбаганына тарыхый булактар далил. Себеби, XIX кылымда Испайрам өрөөнү аркылуу өткөн орус саякатчылары, анын ичинде аскерий адамдардын жол дептерлеринде Алыштын маңдай бети – дарыянын оң жагында дал Борду сайынын Чавай тарабында короо-жайлуу беш-алты түтүн үй бар экени, үйлөрдүн жанында бак-дарак тигилгени белгиленет.

Ал эми “Словарь топонимов Кыргызстана” (Түзүүчүлөр: Карыпбек Алымкулов, Юрий Беляков, Ибраим Абдувалиев. - Бишкек: 2013.) деген көлөмдүү эмгекте Валакиш мындайча чечмеленет. Вали – (арап тилинде) – колдоочу, ыйык; (татар тилинде) аллага жакын, ыйык, мырза; (ар.) мусулман мамлекетиндеги аскерий – административдик өкүл; шаар башчы + киш – киши; (казак тилинде) кiсi адам; (тат.) кеше – адам; (түрк тилинде) kişi – киши = ыйык адам. (Котормосу меники) Береги татаал түшүндүрмөнү ким окуган болсо да, Валакиш топоними арап жана кыргыз сөзүнөн жаралып, “колдоочу же ыйык адам, аллага жакын адам, мырза киши” деген маанини билдирет деген жыйынтыкка келиши айкын. Тилекке каршы, аталган китепте Валакиш топоними кандайча пайда болгону тууралуу эч кандай түшүндүрмө берилбейт.

Ала-Куш деген топоним – аталыш, аксакал карыялардын сөзүнө караганда, Кара-Тумшуктан тартып, Бордунун сайына чейинки аралыкка тиешелүү. Ушундан келип географиялык Ала-Куш топономи камтыган Олагыш участкасын (бүгүн А.Масалиев атындагы айыл өкмөтүнө кирет), Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тегирмеч маалесин жана мурдакы Өрүкзарга жана ага туташ жерлерге түшкөн маалелердин баарын Ала-Куш аталса, жердин географиялык өзгөчөлүгүнө шайкеш аталыштагы узунудугу 2,5–3 км, туурасы 1 км созулган чоң кыштак болмок. А кыштак ичиндеги маалелер (участкалар) эл каалоосуна жараша эзелки атын атап жүрүшү же жаңыдан аталышы табигый көрүнүш. Ала-Куш топонимин калыбына келтирүү – шайлоо өнөктүгү маалында элди Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу, Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу деп жасалма негизде бөлүп-жарылуусуна да бөгөт коймок. Эң негизгиси:

1) Нукура эл оозунда эски замандардан бери айтылып жүргөн географиялык топонимди же аталышты эзелки калыбына келтирмек;

2) Бул аймакка эң алгач кыргыздар отурукташып, жер-сууларга ат бергенин ырасмий түрдө таанымак;

3)Орус империясы кездеги чулдур тилдүү чиновниктердин катасын түзөтүп, нукура кыргыз тилиндеги аталыш-топонимдин урпактарга калуусуна өбөлгө түзмөк.

Болочокку Ала-Куш кыштагынын Тегирмеч маалесинин тургуну.

Амирбек АЗАМ уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз