Амирбек Азам уулу: «Турмуштун куурал-жыргалы»

  • 14.05.2022
  • 2883

(Китептин кыргыз тилиндеги таанытымы)

Рубен Давид Гонсалес Гальего. Теги испан. Тили орус. Азыр 54 жашта. Баса албайт, жаза албайт, колдору кашык кармаганга да алсыз. Жарык дүйнөгө келип, эрезеге жетип, колежге киргенге чейинки жашоосу балдар үйүндө өткөн. Бүгүн үй-бүлөлүү. Үч аялдан үч кызы бар. Азыр үчүнчү аялы менен жашайт. Төрт китептин, ондогон макалалардын автору. Азыркы жары жазуучу, котормочу. Эрди-зайып эки китепти жарнактап жазган. Бир нече айдан бери Иерусалимдин Микро театрында Рубен Гальегонун “Белое на черном” автобиографиялык романынын негизинде “Гамлеттен кем калбаган акмак” (Такой же дурак, как Гамлет) деген спектакль жүрүүдө. Театрлар тагдыры татаал жазуучунун чыгармаларына он беш жылдан бери үзбөй кайрылышат.

Аталган китеп мурда дүйнөнүн 24 тилине которулса, былтыр кыргыз тилинде “Китеп.kg” бсмасында жарык көрдү. 2003-жылы «Русский Букер» сыйлыгына татыган романды эне тилибизге «Турмуштун куурал-жыргалы» деп котордум. Китептин мукабасын Белгиянын борбору Брюсселде жашаган художник-дизайнер досум Ибрагимкожо Бакиров көркөмдөдү. Буга дейре бир нече китеп чыгарганым менен мурда “Турмуштун куурал-жыргалын” басмага даярдоо учурундагыдай түйшүк тарткан эмес элем. Ал эмне түйшүк дебейсизби?

Биринчиден, мукабанын сүрөтүнүн концепциясын художник менен эчен жолу талкуулап, аз эмес изденүүдөн кийин азыркы вариант жаралды. Китептин титулдук бетинин көркөмдөлүшү (сүрөтүнө, шрифтердин формасына) мүнөзү чогоол, тили курч, ашкере илим-билимдүү автордун купулуна толду.

Экинчиден, редактор, тагыраак айтканда, басманын башчысы Куштарбек Кимсанов терилген кол жазманы кылдат окуп, текстен каталарды таап, алардын жаңылыш жазылгандарын оңдотуп, автордун кээ бир курч сөздөрүн жумшартууну сураганда, түп нусканы же жазуучунун стилин өзүндөй берүүгө умтулуп, далай убакыт кечирген жаным өзүмдүкүн бербей Куштарбек мырзанын да шайын оодардым окшойт. Ал мукаба боюнча өз концепциясын сунуш кылып, мен безери автордук укук деп, художник жазуучунун өмүрүн иликтеп жана китепти окуган соң тогуз толгонуп тарткан сүрөт менен жазууларды бир нукум өзгөрткөнгө көнбөй, редакторду азар кылдым.

Жогоруда айтылган талаш-тартыш, талкуу, пикир алмашуунун натыйжасында китептин текстинде табылган каталар оңдолду. (Деген менен даяр продукцияны сын көз менен караганда дайыма кемчилик табуу мүмкүн эмеспи!) Ал үчүн жана китепти чыгарууга кеткен чыгымды көтөргөнү үчүн Куштарбекке жана ал жетектеген басмага алкыш! Машакаты көп, чөнтөккө ныпасы аз, элибизге пайдасы көп басма ишинде мээнетиңдин акыбетин көр, Куштарбек мырза!

“Турмуштун куурал-жыргалы” романынын мазмунуна токтолгондун ордуна, көй кашка илимпоз Сулайман Кайыповдун китеп жөнүндө айткан пикирин бөлүшкөндү оң таптым. “Рубен... ал жалпы адамзаттын бет маңдайына атайылап орнотулган аруулануу күзгүсү сыяктуу... Андан каранган ар бир адам өзүнүн чыныгы жүзүн – кемчиликтери жана артыкчылыктары менен даана жана так көрө алат. Бул күзгүдөн мезгил-мезгили менен каранып туруу баарыбыз үчүн пайдалуу.”

Эмесе, Рубен Гальегонун автобиографиялык романынан жаңы үзүндүлөр.

Кыялдар

Мен бөбөк кезимден алты жашка чыкканга чейин апам болсо экен деп тиледим. Кийин түшүндүм, тагыраак айтканда, менин апам – кара көтөн канчык – мени таштап кеткенин мага түшүндүрүштү. Бул саптарды аргасыздан жазуудамын, бирок мага ушундай термин менен түшүндүрүшкөн.

Мага муну түшүндүргөн чоң жана күчтүү адамдардын дегени деген, айтканы айткан, ошон үчүн алардын жогорудагыдай жалчыбаган нерсе жөнүндө айтканы да туура. Албетте, башка да кишилер болгон. Алар мугалимдер болчу. Мугалимдер мага алыскы өлкөлөр жөнүндө, улуу жазуучулар жөнүндө, эгер жакшы окуп, улууларды уксам өмүр керемет экенин жана ар бир жанга жерден орун табыларын айтып беришкен. Алар дайыма калп сүйлөшкөн. Бир да сөздү чын сүйлөшкөн эмес.

Алар жылдыздар жана материктер жөнүндө айтып беришкен, бирок балдар үйүнүн дарбазасынан сыртка чыкканга уруксат беришпеген. Алар бардык адамдардын теңдиги жөнүндө сүйлөгөн, бирок циркке жана киного өз аягы менен баскандарды гана алып барышчу.

Нянялар гана калп сүйлөгөн эмес. “Нянечка” - керемет орус сөзү. Боорукер сөз. Ошол замат Пушкиндин “выпьем, няня...” деген сөзү эске келет. Кадимки айылдык эжекелер. Алар эч качан калп сүйлөгөн эмес. Кээде алар бизге конфет беришчү. Кээде каардуу, кээде мээримдүү болушчу, бирок алар ар дайым түз жана кара мүртөздүгү жок эле. Мугалимдерден ачык-айкын жооп алуу мүмкүн болбогон көп учурларда суроонун маңызын эжекелерден сөзүнөн түшүнүү мүмкүн болчу. Алар бизге конфет берип жатып: “Бечара бала, тезирээк өлүп калсаң, өзүңдү дагы, бизди дагы кыйнамак эмессиң”, - деп айтышчу. Же өлгөн бирөөнүн жасатын чыгарып жатып: “Кудайга тобо, эми кыйналбайт, бечара” дешчү. Мага суук тийип, мектепке бара албай, жатаканада ушундай эжеке менен жалгыз калганда, боорукер эжеке мага кандайдыр бир момпосуйду же компоттун мөмөсүн алып келип берип, согушта курман болгон балдар жөнүндө, аракеч күйөөсү жөнүндө, ар кандай кызыктуу нерселер жөнөндө айтып берчү.

Мен эжекелерди угуп отуруп, алардын ар бир сөзүнө балдар, балдар гана чындыкка ишенген сыяктуу ишенчү элем. Кишилер көп учурда эч нерсеге ишенбей калышат. Ушинтип эжекелер “каракөтөн канчык” жөнүндө жамгыр же кар жөнүндө сүйлөгөндөй эле табигый сөз кылышчу.

Мен алты жашымда апам жөнүндө кыялданганды токтоттум. Мен “өз аягым менен бассам экен” деп кыялданар элем. Балдар үйүндө тарбияланган балдардын дээрлик баары “өз аягы менен баскандар” болчу. Балдак менен эптеп жылып жүргөндөр да баскандардын катары эсептелчү. Баскандарга бизге караганда жакшы мамиле жасашчу. Алар адам эле. Балдар үйүнөн чыккандан кийин алардан коомго керек адамдар: бухгалтер, өтүкчү, жазуучулар чыгышы мүмкүн эле. Алардын көбү “адам катарына кошулчу”. Эрезеге жетип кеткендер балдар үйүнө кымбат машинелер менен келишчү. Алар келгенде бизди чоң залга чогултуп, мектептин мурдакы окуучусу азыр кандай кызматта иштегенин бизге айтып беришчү. Айтылганга караганда, курсактары салаңдаган байкелер менен эжелер дайыма улууларды угуп, жакшы окуп, баарына өз акылы жана өжөрлүгү менен жетишиптир. Алар өз аягы менен басышчу. Мен баса баштаган эле болсом, ансыз деле эмне кылуу керек экенин билгендиктен, мактаанчак калжырактарды эмне үчүн угушум керек? Кантип басып кетсе болорун эч ким мага айтып бербеди.

Сегиз жашымда эң жөнөкөй бир нерсени түшүндүм: мен жалгызмын жана эч кимге керегим жок. Кишилер менен балдар өздөрү жөнүндө гана ойлошот. Албетте, кайсы бир планетада ата-апалар, чоң аталар менен чоң энелер жашаганын билчүмүн. Бирок ал планета аябай алыс жана ишенимсиз болгондуктан, мен келжирек кеп-сөздүн баарын жылдыздар менен материктерге тиешелүү деп койгонмун.

Мен тогуз жашымда эгерим баса албасымды түшүндүм. Бул мени катуу кайгыртты. Алыскы өлкөлөр, жылдыздар жана башка кубанычтарым кыялдамдан өчтү. Узак жана пайдасыз өлүм гана калды.

Он жашымда камикадзе жөнүндө окудум. Алар бир жолу жерге конбой учуп, жеген күрүчү үчүн, булганган жалаягы үчүн, мектептеги дептерлер үчүн, ошондой эле кыздардын жылмаюсун, күн жана жылдыздарды, ар күнү апасын көрүү укугу үчүн ата журту алдындагы бардык акысын кайтарган. Бул мен үчүн ылайыктуу болчу. Мени самолётко эч качан түшүрбөсүн түшүнгөм. Мен торпедалуу болгонду самагам. Болгондо да жардыргыч менен дүрмөттөлгөн башкарылуучу торпеданы. Мен шыбырт чыгарбай душмандын авианоцесине жетип, кызыл кнопканы бассам экен деп тилечүмүн.

Андан бери көп жыл өттү. Азыр токтолгон курактагы “байке” (“дядя”) болдум. Бул балким жакшы, балким жакшы деле эместир. Ар нерсенин баарын түшүнгөн адамдар көбүнчө зериктирме жана абдан эле карапайым болушат. Өлүмдү каалаганга менин акым жок, себеби үй-бүлөмдөгү ар бир нерсе мага көз каранды. Мени аялым жана балдарым сүйүшөт, мен да аларды жанымдай сүйөм. Бирок кээ күндөрү түнкүсүн уктай албай, торпедо менен кызыл кнопкага ээ болсом деп тилейм. Балалык кездин бул жөнөкөй кыялы мени таштаган жок, балким эч качан калтырып кетпейт.

Кат

Бул жаман, абдан жаман балдар үйү эле. Тамак-ашы жаман, чоңдору жаман. Баары жаман. Балдар үйлөрү түрмөлөр сыяктуу ар кандай болот. Ушунусу өзгөчө жаман эле. Суукка чыдоо аябагандай кыйын болду: балдар үйү жылытылбайт. Кышкысын айрыкча оор. Авторучкалардын сыясы тоңуп калат. Класстарда суук, жатаканада суук, мен эмгектеп барган жактын баарында суук. Бөлөк балдардын үйлөрүндө коридорлору гана суук болчу, а бул балдар үйүндө бар жокто суук, бөлөк балдар үйлөрүнүн коридорлорундагы батареяга эмгектеп жетип алсаң болот, а мында батареялар – муздык металлдын кереги жок сыныгы. Жаман, аябай жаман балдар үйүнө жаңы бала алып келишти. Церебралдык шал оорусу. Сөөктөрү москоол, бакубат жигит конвульсия болуп жатты. Мунукундай күчтүү конвульция сейрек болот. Эки колтугунан алып, уктачу бөлмөгө жеткирип, керебетке отургузушту.

Жүзү кыйшайган, тили чулдурайт, түшүнүү кыйын. Мен баарын түшүнүүдөмүн. Ал көп деле акылдуу эмес, тоголок кем акыл да эмес, бирок тарбиячылардан тартып теңтуштарына чейин айткандай да эмес. Ал керебетте отуруп, чымчык чыйпылдагандагыдай “клск”, “клск”, “клск” дегенге окшош үн чыгарып жатты. Орус тилинде жалаң үнсүз тыбыштардан турган сөз болбойт. Мен муну билчүмүн. Ошондуктан үндүү тыбыштарды анын эрдинен, тагыраак айтканда, бетиндеги булчуңдарынын кыймылын карап окуп жаттым. Ал жинди эмес болчу. Күнү “коляска” деген жөнөкөй сөздү кайталайт. Аны нормалдуу деп айтуу да кыйын. Ал али эч нерсе түшүнө элек, эч нерсе түшүнбөйт. Бул балдар үйүндө жегенге тамак жок болсо, кайдагы “коляска” болсун?

Балдар үйүндөгүлөрдө өз ата-энелери менен кат жазышуу укугу бар. Ар жума сайын тарбиячылар балдарды үйүңөргө кат жазгыла деп, чарчабай кулактарына куят. Ар жума сайын балдар безерип, кат жазгандан баш тартышат. Акылы жок балдар. Аларга конверт жана актай барак тегин берилет.

Кенже класстарда катты дээрлик баары жазышат. Балдар тарбаңдаган тамгалар менен жазылган каттарды тарбиячыга беришет, ал грамматикалык каталарды оңдоп, ар бир катты конвертке салып, үйгө жиберет. Бардык балдар катта эмнени жазуу керектигин билишет. Баары сабакта алган баалары, аларга кам көргөн улуулар жана ынтымактуу классташтары тууралуу жазышат. Балдарга ар бир майрамда ата-энелерин куттуктоо үчүн окшош жана кооз открыткалар берилет. Открыткалар улууларга аябай жакчу. Кат жазгандан мурда открытканын бетин сызгычты пайдаланып, калем менен туурасынан сызып чыгуу абзел. Андан кийин куттуктоонун сөзү черновик түрүндө жазылат. Мугалим черновиктин каталарын оңдоп чыгат. Ошондон кийин текст калем менен открытканын бетине көчүрүлөт, эгер катасыз көчүрүлсө, калем жазуунун үстүнөн түстүү сыялар менен жазылып чыгылат.

Эмнени жазбоо керектигин баары билишчү. Жаман нерсе, мисалы, тамак-аш жөнүндө жазууга болбойт эле. Өзгөчө, тамак-аш жөнүндө. Бирок акылысыз ата-энелер эмнегедир өз каттарында тамак-аш тууралуу дайыма сурашчу. Ошондуктан, бардык каттар асыресе окшош башталчу. “Саламатсыңбы, апа! Бизге жакшы тамак-аш берилет.” Жакшы кат үчүн балдарды макташат, жаман кат үчүн урушат. Эң жаман делген кат жалпы класска үн чыгарып окулат.

Жогорку класстардын окуучулары кат жазышпайт. Балдар үйү эмне экенин ата-энелер өмүр бою билишпейт. Аларды артыкча тынчсыздандыруунун эмне зарылдыгы бар?

Кимдир-бирөөгө кат жазуу керек болсо, конвертти дайыма сатып алса болот, ал үчүн акча гана керек. Тарбиячыга катта биротоло кем акыл балдар гана бериши мүмкүн. Көрсөтмөгө ылайык табиячы катты өзү менен алып кетип, окугандан кийин аны жөнөтүү же жөнөтпөө маселесин чечүүгө тийиш. Катты почтанын үкөкүгүнө зор кишилердин баары салып коё алмак. Бул жөнөкөй кызматты аткарууну көбүнесе нянялардан суранчубуз, бир бала каттарын нан ташыган машиненин шопурлары аркылуу жөнөтүп жүрдү. Ар күнү балдар үйүнүн территориясына нан алып келишчү. Жанагы бала шопурга барып: “Катымды почтанын үкөгүнө салып коюңуз, суранам”,- дээр эле шыбырап. Шопур эки жагын каранып алган соң катты үн чыгарбай алып, машинеге отурчу. Бул баланын каты ошол эле күнү жөнөтүлөт, кат кечиктирилбей жөнөтүлгөнүн ата-энеси почтанын конвертке басылган штемпелинен билишет. Бала сыймыктануу менен бардык шопурлар жакшы адамдар деп бизди ишендирчү. Анын атасы да шопур болчу.

Тарбиячы эже жогорку класстардын окуучулары кат жазбайт деп чындап ишенип алганбы же башка нерседен шектенгенби, эмнегедир жумасына бир мертебе бардык окуучуларды кат жазганга үгүттөйт.

Ал сүйлөйт, эч ким үн ыгарбайт. Ушундай болуп калган. Эгер тарбиячы эже кимдир-бирөөнүн чучугуна жетсе, ал окуучу кат жазам деп чечкен сыңары түр көрсөтөт. Ал бир барактын бетине “Мен арпа боткону дайыма жей бермекмин» деп шыпылдата жазып, баракты конвертке салып, оозун авиамоделдерди жыйноочу желим менен чаптайт. Мындай бир да кат өз дарегине жетпейт, жетип да кереги жок. Ошондон кийин ал окуучуга кат жаз деп экинчи ирет кайрылышпайт.

Жаңы бала өз керебетинде отурган бойдон кыйкырып ыйлоодо. Адегенде нянялар ага жакшы эле мамиле кылышты: эртең менен керебеттен полго түшүрүшүп, андан кайсы абалында эмгектөө ылайыктуу экенин сурашчу. Колу-бутун тыбыратып, керебетте чалкасынан жаткан майып түшүнүксүз бир нерселерди кыңкылдоодо. Аны курсагына оодарып жаткырганда, мурдакыдан да катуу озондоп кирди. Нянялар аны керебетине кайра отургузуп, кетип калышты. Алар башка эмне кылмак?

Ал кыйкырып, мыңкылдап, ыйлап жатты. Күндүз да, түндө да. Классташтары анын оозун жап кылуу үчүн оболу сабап салууну чечишип, бирок андай кылышкан жок. Дебилдерди урушчу эмес. Алар жөн гана администрациядан аны башка жакка которууну суранышты. Эч ким анын түнкү кыйкырыктарын укканды каалабайт. Чоңдор бактысы жокту кайда которууну чечип жатканда, жигиттер кем акылдын көңүлүн көтүрүүнүн далалатын кылышты. Ага үйлөнмө топторду, оюнчуктарды алып келип беришти - эч нерсе өзгөрбөдү. Жигиттер кол куушуруп отуруп калышпады. Ага жаккан бир нерсе болуш керек да. Кимдир-бирөө дептер, чакмак жолдуу калың дептер сунуш кылды. Кем акыл сүйүнүп, башын ийкеп жиберди. Дептерди эки колу менен мыжыгып, тынчыды жана күтүүсүздөн «бер» деди. Күтүүсүз ийгилик баарынын көңүлүн көтөрдү. Андан кайра-кайра «бер» деп айтууну өтүнүштү. Ал «бер» деп улам кайталап, күлүүдө. «Бер» деген сөздү дурус айтып жатты. «Апа», «ата», «бер» «ооба» жана «жок» деген сөздөрдү эч кайталабастан түшүнүктүү айта алат экен. «Жок» деген сөздү чоң кыйынчылык менен айтты, алгач угулар-угулбас үн менен «ж» тыбышын айтып, дымып турду дагы созуп «о-ок» деди. Ушу жетиштүү эле. Калемсап сурды. Ага калемсап беришти, анан сурабастан эле стол алып келип, керебетине жанаштырып коюп беришти. Столго калемсап коюшту. Ал бир саамга мелтирей түшүп, оң колу менен калемсапты илип алып, столго бүт денеси менен артылып, дептерди астына тартып, ээги менен ачты дагы таза баракты калемсап менен сайды. Отурду: колдору эки жагында салаңдап, токтобой силкилдейт, столдун астындагы буттары полду кайра-кайра эч кандай ритми жок эле тепкилөөдө. Ал күлүп, ага кошулуп балдар да күлүшүүдө.

Жаңы келген баланын жашоосу өзгөрдү. Түнкүсүн былк этпей уктап, таң эртең менен нянялар колуна калемсабын карматып, алдына дептер беришет. Ал саартан кечке керебетте отурат, бирде бүт тулку менен дептерди өбөктөп, авторучка менен баракты кайра-кайра сайгыласа, бирде каткырып, боюн түзөп, чиймелеген сүрөттөрүнө суктанат. Палатадагы балдар эки апта беймарал укташты. Кем акыл эки апта дептердин барактарына өзүнө гана түшүнүктүү образдар жана белгилер менен тири-укмуштуудай чиймелерди түшүрдү. Дептердин таза барактары түгөнгөнгө ал бакырды. Кайра бакырды. Балдар үйүндө дептер, айрыкча, чакмак жолдуу дептер бааланат. А кем акыл сүрөт тартканды каалайт, балдар болсо түнкүсүн уктагысы келет. Ага жаңы дептер сатып беришти, мейли, сүрөт тарта берсин. Ал дептерге карап койгон да жок, дептерди - бырышкан жана бейпайда оюнчукту жанына коюп, кыйкырды.

Ал азыр эмне деп кыйкырганын баары түшүнүштү. Ал “Апa” деп кыйкырып жатты. Зоңкулдап кыйкырды. Балдардын кулагы анын сөзүнө көнүп калган. Баары аны кыйкыртпастын аракетин кылып, дагы көп дептер алып келип беребиз деген убадасына карабай, анын жаагы басылбагандыктан, ал эмне каалаганын билбей, убайым жеп жатышты. Ага бир сөздүн артынан экинчи сөздү айтышат, ал баарына “жок” деп жооп берүүдө. Айлалары түгөп, тамагаларды атоого өтүштү. Жөн гана алфавитти окушууда, эгер тамга жакса, “ообa” дейт. Тамгалардан “письмо” деген сөз куралды. Баары түшүнүктүү. Ал өзү тарткан сүрөттөрдү апасына жөнөтүүнү каалайт. Тарбиячы эжени чакырып келишти. Ал дептерди көпкө карап турду. Уйпаланган барактарга кандайдыр бир белгилерге жыш чиймеленген. Бир жерде сыянын чиелешкен сызыктары жыш топтолсо, экинчи жерде топ-топ болуп үйүлгөн түшүнүксүз белгилер. Кээ бир барактар айланага жык толгон. Ар кандай чоңдуктагы айлананын кээ бирлеринин эки учу туташпай калгандыктан, аларды зор кыйынчылык менен “о” тамагасы деп боолгосо болот. Катар эки баракка “о” тамагасын ким тартат?

Тарбиячы аял дептерди жаңы баланын ата-энесине жөнөткөндөн баш тартты. Бул кат экен, мен анын мазмунун билишим керек деди ал. Чатак чыкчудай эми. Ийме-чийме сызыктарда кандай мазмун болушу мүмкүн? Темирбей бекем тарбиячы аял нөөмөтүн бүтүп, үйүнө барып жакшылап уктайт, ал эми балдарга түн бою кем акылдын кыйкырыгын эшитип, уктабай жатыш керекпи? Тарбиячы аял жагымсыз жагдайдан чыгуунун ыкчам жолун издеди. Ал жаңы баланын кашына барды.

- Бул катпы?

- Жок.

- Бул сенин сүрөттөрүңбү?

- Ийе.

Сен бул сүрөттөрдү апаңа жөнөткөндү каалайсыңбы?

- Ийе.

- Балким сенин апаңа дептериңди толук бойдон жибербейбиз? Эң кооз сүрөттөрдү тандап алып, ошолорду жиберебиз?

- Жок, жок.

Ал араң айтып жүргөн “жок” деген сөзүн эки жолу айтты. Анан кыйкырып кирди. Ал “апа” деп кыйкырып, буту менен полду тепкилеп, дагы бир мертебе “жок” деп айтканга аракет кылды. Анысынан майнап чыкпады.

- Жакшы, жакшы. Мен баарын түшүндүм. Сенин сүрөт тартып жатканың апаңа жагат. Мен ага сенин бардык сүрөттөрүңдү жиберем. Мен сенин апаңа кат жазамын. Сага бул жер абдан жакты, сенин досторуң көп, сени сүрөт тартканды сүйөт деп жазамын. Сага бизде жагат эмеспи?

- Ийе.

Ушинтип сүйлөшүлдү. Тарбиячы аял дептерди жаңынын ата-энесине жөнөттү. Жаны тынчыды. Ал түнкүсүн уктап, күндүзү керебетинде бир чекитке үңүлүп отурат.

Бир айдан кийин балдар үйүнө майыптар арабаларын алып келишти. Майыптар арабасы көп болгондуктан, бардык балдарга жетти. Жаңыга да кол араба берилди. Нянялар аны колтуктан алды эле, ал тике турду. Майыпты арабага алып барып отургузушту. Буттарын майып арабанын тепкичине койгонго аракет кылышты, ал моюн сунган жок. Тепкичти биротоло алып салышты. Ал буттары менен полдон түртүлүп, жүрүп кетти. Ал полдун бетин күчтүү буттары менен тез-тез тээп, кол арабасында коридордо кыдырып жүрдү.

Класстын кезектеги жыйынында тарбиячы аял жаңыны урушту. Ал мындай учурга таандык кадимки макоо-пес сөздөрдү айтты. Өлкө бүт күч-кубатын жумшап, бизге нандын акыркы бурдамын бөлүп берүүдө, ошол жакшылыкты баалаган кара мүртөз деп. Өзү жаңыга кишидей мамиле жасап, анын дептерин ата-энесине жибергенин, дептерде ал балдар үйүнүн бүтүндөй жамаатынын башына жугунду куюп, жалаң кара боёк менен шыбап, педагогикалык кеңешти жана тейлөөчү персоналды тегиз жамантты кылганын зар какшап далилдеп жатты. Тарбиячы аял сүйлөп жатты, сүйлөп жатты. Жаңы укпады. Тарбиячы аял демейдеги жолойго салып, шалаакылык жана таш боордукту айтып, күнөөлөй баштаганда, жаңы партаны буту менен жылдырып, майып арабасын айдап, коридорго чыгып кетти.

Ошо болду ага башка кат жазганга уруксат беришпеди. Ал сураган да жок. Сабактан кийин коридордо майып арабасын ары-бери айдап, үйлөмө топ менен кечке зерикпей ойнойт. Түшкү тамакта үзбөй кошумча сурайт. Ага тамакты кашык менен берүү керек, нянялар аны кошумча порция менен тамактандырууну каалашпайт. Мунун баарын ага түшүндүргөнгө аракет жасап көрүштү, бирок андан пайда болбоду. Ал майып арабасын айдап, няня макул болмоюн, артынан калбай жүргөнү жүргөн. Нянялар анын жабышканынан качып, өз бөлмөсүндө жашынып да көрүштү. Ал бөлмөнүн жанынан жылбай кыйкырып туру. Анын кыйкырыгынан тажаган нянялар бөлмөдөн чыгып, ага бир тарелка сорпо же ботко беришет. Бара-бара ага баары көнүп бүттү жана желимдей жабышкан майыптан кутулуу үчүн ага эки порция тамак апкелишет.

Биз жалгыз калганыбызда мен аны менен сүйлөшөм. Ал ар бир сөздү кыйналып айтып, фразаны курайт дагы, мага суроолуу жана ишенбей тигилет. Мен анын сөздөрүн кайталаймын. Ал акырындап мага ишене баштады жана мага анын сөздөрүн кайталоонун зарылчылыгы жок болуп калды. Биз жөн эле сүйлөшчү болдук. Мен андан баягы катта эмнени жазганын сурадым.

- Рубен. Мен көп ойлондум.

- Билемин, сен көп ойлонуп, жакшы кат жазгансың. Сен эмне деп жазгансың?

- “МАМА МЕНЯ ПЛОХО КОРМЯТ И НЕ ДАЮТ КОЛЯСКУ”[1]

Өмүрүндөгү биринчи каттын биринчи барагын “м” тамгасы менен толтурган. Чоң жана кичине тамгалар менен. Жок дегенде барактын бетиндеги бир тамга түшүнүнүктүү болот деп үмүт кылган. Кээде бир тамга үчүн бир нече барак кеткен. Токсон алты барактуу калың дептердин бир дагы барагын бош калтырбай жазып чыккан.

- Биринчи төрт тамга ашыкча, - деп талашканга аракет кылдым.

- Мен көпкө ойлондум.

- Бирок биринчи төрт тамга баары бир артыкча. Дептерде орун жетпей калышы мүмкүн болчу.

Ал ойлоно түштү. Анан жалжайып күлдү жана шашпай “Ма-ма” деп дапдаана айтты.

[1] АПА МАГА ТАМАКТЫ ЖАМАН БЕРИШЕТ ЖАНА КОЛЯСКА БЕРИШПЕЙТ.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз