Мына кызык: Жол эреже

  • 15.08.2022
  • 2355

Дүйнөдөгү эң кызык жол эрежелери

Австрияда сиздин ылдамдыкты радарсыз эле көз менен аныктап, айыппул төлөп калышыңыз мүмкүн. Кытайда эл аралык айдоочулук күбөлүгү бар туристтер теориялык тесттен өтүп, жергиликтүү айдоочулук күбөлүгүн алгандан кийин гана авто-унаа айдай алышат. Ал эми АКШда авто-унаадагы горилланы айдоочунун жанындагы жүргүнчү отургучунда гана ташууга болот... Анда эмесе дүйнөдөгү эң таң калыштуу жол эрежелери менен тааныштыралы.

Рулда сууга түшүүчү костюм кийген аялдар

АКШнын Кентукки штатында сууга түшүүчү костюм кийген аялдар колунда өзүн-өзү коргоо куралы болгондо же эки полициячынын коштоосунда гана айдай алышат.

Жылаңач адамдар рулда

Германия абдан либералдуу өлкө, өзгөчө кийим кийүү жагынан. Машине адамдын жеке менчиги болгондуктан ээси аны жылаңач айдаса да болот. Бул өлкөдө бут кийимсиз айдоого да жол берилет, бирок айдоочуларга буттарына ыңгайлуу нерсе кийүү сунушталат. Жылаңайлак айдоочу кокустан кырсыкка кабылса, камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу укугунан ажырап калышы мүмкүн.

Оң колуңду машинаңе тийгиз

Жакынкы май куюучу станция бир нече километр алыс болсо жана сиз өзүңүздү жеңилдетүү керек болсо, бул Англияда көйгөй болбойт, бирок абдан кызык абалда... Айдоочу заара кылуу үчүн жол жээгинде токтоого укуктуу, бирок ал заара ушатып жаткан маалда машиненин артына барып, оң колун машинага коюу керек.

Исландияда саякаттап жүргөндө, сиз, кыязы, табиятынын күтүүсүз күчүнө туш боло турганыңызга даяр болушуңуз керек, андыктан авто-унааны жанар тоо күлү же катуу шамал сыяктуу адаттан тыш көрүнүштөрдөн камсыздандыруу керек. Исландиянын кээ бир райондорундагы рельефтен улам, сиз бардык дөңгөлөктөрү күч берген авто-унаа менен гана жүрө аласыз.

Иттер үчүн коопсуз курлар

Италияда төрт буттуу досуңуз менен саякатка чыкканда итиңизге коопсуздук курун тагууну унутпаңыз. Ал эми Германияда ит жүк катары эсептелет жана аны кур менен байлап алуунун зарылчылыгы жок болсо да, мисалы, капыстан тормоз бергенде, кулап калуудан корголушу керек...

Жергиликтүү айдоочунун күбөлүгү жок айдоого тыюу

Айдоочунун укугун алуу үчүн сынактан өтүп, кайсы бир өлкөнүн жол эрежелери жөнүндө сайттан окугандан кийин, сиз дүйнө жүзү боюнча авто-унаа менен эркин саякаттай алам деп ойлойсузбу? Кытайда андай кылууга болбойт. Чет элдиктер үчүн Кытайда авто-унаа менен саякаттоо өтө татаал болушу мүмкүн. Эл аралык айдоочулук күбөлүгү бар айдоочулар адегенде жергиликтүү айдоочулук күбөлүк алуу үчүн кайрылышы керек, б.а. Кытайда гана берилген күбөлүк жарактуу. Бул үчүн жергиликтүү жол эрежелери боюнча теориялык экзамен тапшырып, андан кийин атайын уруксат алуу үчүн кайрылуу керек. Бардык процесс абдан узак жана түйшүктүү болгондуктан, таксиге же коомдук транспортко түшкүсү келбеген туристтер авто-унааны айдоочусу менен ижарага алып же велосипед менен жүрсө болот.

Төөгө жол бер...

БАЭде төө бийик статустун символу болуп саналат. Чөлдүн өркөчтүү падышаларына болгон урмат-сый жол эрежесинде да чагылдырылган – жолдордо төөлөр артыкчылыкка ээ.

Бензин куюлган идиштерге тыюу салынган

Коопсуздук максатында Хорватия менен Чехияда бензин куюлган канистрлерди авто-унаада ташууга тыюу салынган. Ошол эле учурда запастык лампалардын комплекти сөзсүз түрдө болушу керек.

Горилла ар дайым алдыңкы орунда

АКШнын Миннесота штатында гориллалар авто-унаада жүрө алышат, бирок айдоочунун жанындагы отургучта гана жүрүшөт. Эгерде жаныбар арткы орундукка отурса, айдоочуга айып салынат.

Ылдамдыкты радарсыз, көз менен аныктоо

Австрияда ылдамдыгыңызды радарсыз, көз менен өлчөп, өтө ылдам айдаганыңыз үчүн айыппул төлөшүңүз мүмкүн. Австриянын МАИ кызматкерлери авто-унаанын ылдамдыгын визуалдык түрдө аныктоо боюнча атайын окуудан өтүшөт. Алар максималдуу уруксат берилген ылдамдыгы 30 км/сааттан ашпаган аймактарда өз жөндөмдөрүн колдоно алышат.

Булак: bigpicture.ru

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз