Мурзаш Аширбеков: Жол түгөнбөйт

  • 06.08.2022
  • 2371

АҢГЕМЕ

Биз мектептен 3-классты бүтүп, жайкы каникулга тараган күнү кечинде апам, чоң энем үчөөбүз чай ичип отурганбыз. Энем башта эле айтып жүрчү оюн апама дагы айтты:

– Эми убакыт жетти. Мен да көр оозунда турам. Неберемди көзүмдүн тирүүсүндө атасы жоктой кылбай үйлөнтүп коёюн. Кана, Сабира, кимдин кызын алып берсек?

– Шаарда окуп жүргөнүнө эки жыл болуп калды. Нуржан өзү бирге окуган кыздарынын бирөө-жарымы менен сүйлөшүп жүргөндүр.

– Эмне-е!!! – Энем чакчая апамды карады. – Мен неберемди кадым-каадасы менен үйлөнтөм.

–Апа, апа дейм! – Мен апамдын жеңинен тарта сурадым. – Акемди кантип үйлөнтөсүңөр?

– Жеңелүү болосуң. Акеңе колукту алып беребиз. – Апам маңдайыман сылап күлүп койду. «Жеңелүү болосуң» дегенде кубанычым койнума батпай, аны тезирээк эле көргүм, Нуржан акем шаардан келгендегидей ага да эркелегим келди. Кантсе да тез эле жеңелүү болсом деп тиледим. Ичимде энемди жактырдым. Себеби апам: «Нуржандын өзүнө кеңешпей туруп мындай кылганыбыз жарабайт ко» деп тарткынчактады эле айтканын аткарган энем кагып салды:

– Кантер экен деп кеңеш салса чойруңдайсың да. Эмне кылышты өзүм билем! Көзүм барда али сага бийлик жок!

Апам башкалар айткандай «жоош-момун». Эми каршы болбой кайра энем менен бирге «Тиги Жүктүдөгү Ысактын кызы жакшы экен», «Арбындагы Сарынын кызы да түзүк дейт» деп, кыз тандаша баштады. Бул түнү энем менен апамын биздин колхоздогу бойго жеткен кыздардан атабаганы калган жок. Эртеси энем «Жүктүгө» кыз көрүп келүү үчүн жөнөдү. «Жеңемди» көрүп келем деп мен да ээрчидим. Энем кайра кубалады. Колдогу узун чыбыгымды ат кылып, адыраңдай алдыга түшүп, салып бердим.

Биз короого жете бергенде кабанак көк ит качырды. Колумдагы чыбыгым болбосо энем экөөбүз курумак экенбиз. Чыбыгымды итке тостум. Ал арсылдап учун тиштегилеп, буту менен чапкылап жатты. Аңгыча үйдөн жоон сары аял чыкты. Энемдин ою ишке ашпады. Үйгө кирип чай ичип отурганыбызда энем сөз айтса, тиги аял кыска гана жооп берди: «Закүн көтөрбөйт. Азыркы кыздар өзү билет турбайбы».

Энем экөөбүз капалуу кайттык.

Энеми ээрчип алдым. Нуржан акеме аял издеп, кийинки эки-үч күндө беш-алты кыздуу үйдө болдук. Бирок баары жаттап алгансып: «Кызыбыз өзү билет» дешет. Бул сөз жеңелүү болсом дегенде эки көзүм төрт болгон мага да, энеме да жакпайт. Энем үйгө жеткичекти кейип келе берет: «Акыр замандын адамдары ай, ай, акыр замандын адамдары!.. Энеси бийлей албаган кандай кыздар болду экен? «Оймок боочту» катураак салса эле көрөт элем ошолорду!».

Ошол кыздуу үйлөргө кирген белги катары басканда бурт-бурт эткен калың топурагына энемдин галошунун, майда-майда баскан менин жыңайлак бутумдун чубалган изи түшүп калат. Ушул изге кандайдыр кызыгып карай берем. Бирок энем экөөбүздүн изибизди бизден кийин ары-бери өткөн эл бат эле тебелеп өчүрүп салат.

– Нуржаным аскерден бир айдан кийин келсе... – деди энем бир күнү апама. – Куу-Майдандагы молдо Дүйшөндүкүнө барайынчы. Анын кызына келген жуучулар калыңына чыдабай кетип жатышкан имиш.

Молдо Дүйшөн кызыл жүздүү балпайган чоң чал.

– Бу азали келбейт элеңиз, келип калыпсыз байбиче? – деди ал энеми төргө отургузуп.

– Жакшы тилек менен келдим, молдо.

– Оозуңузда болсун!

– Туз, насип буюрса, сиздей аттуу-баштуу жерге куда болсом дедим эле. Буга кандай дейсиз?

– Сиз келипсиз, каршы болгонубуз жарабас.

Чай ичип жатып энем айтты:

– Салт-санаасы кандай болот экен, молдо?

Молдо Дүйшөн айтат:

– Сизге бир мисал айтып берейин, байбиче. Илгери эки доочу болуптур. Алар арызданып казыга барышат да, бири кырк сом, бири жүз сом пара берет. Казы кырк сом бергенден «Кана, эмне дейин» десе, тигил «кыркалай-кыркалай сүйлөң» дейт. Анда казы: «кыркалай-кыркалай сүйлөйт элем, кызыталак моногунун жүзүнөн өтө албай турам» деген экен. – Анан карс-карс күлүп кошумчалады: – Салт-санаасы кандай болот эле. Калыңды көп берсеңиз болду да.

Энем молдо Дүйшөн менен келише албады.

Ушул күндөн баштап түңүлүп, эки жакка келин издеп чыкпай калды.

♦ ♦ ♦

Ойноп жүрүп күн отурганда кайттым да, алыстан эле биздин үйдүн алдында эки ат байланып турганын көрдүм. Үйгө кирсем төрдөгү эки кабатталып салынган төшөктүн үстүндө кара сакалчан бир киши отурат. Энем өзүнчө эле күйпөлөктөп куржунга бир демелерди салып жатат. Мени уккудай эмес. Эшикте очоктогу чайга от жагып жаткан апамдан сурадым:

– Апа, энем эмне кылып жатат?

– Айылга даярданып...

– Каякка?

– Сиңдисиникине.

– Кайсы сиңдиси?

– Гүлү эжеңди билесиңби?

– Ананчы?

– Ошол Гүлү эжеңдин апасы энеңдин сиңдиси болот да.

– Ошого барабы?

– Ооба.

– Гүлү эжем да ошол жердеби?

–Ошол жерде болбой кайсы жерде болот эле. Турчу нары безилдебей. – Апам мени акырын түрттү да, куурайдан салып отту ичкертти.

Гүлү эжем... Ал биздикине келген. Кантип келгенин билбейм. Мен анда жаңы гана биринчи класска киргенмин. Майда өрүп, аркасына таштап койгон узун кара чачы аркасын толук жаап, тегерек ак жүзү көзүмө жылуу учурады. Ал мага эсеп чыгаруудан жардам берип, тамгаларды кураштырып окууну да үйрөткөн. Кээде мени мурдуман чымчып, эркелетип, башымы сылап, бетимен өөп койчу. Бир аз тартынып туруп анан мен да мойнунан кучактачумун. Аны абдан жакшы көрүп калган элем.

♦ ♦ ♦

«Кой, меймансың» дегендерине болбой үй жумуштарын жасагандыктан, апам ошондо тыңып эле калган. Ал эшикке чыгып кеткенде апам өзүнчө: «Ушундай бир кызым болсочу, жаш эле туруп абдан эстүү айланайын! Барган жерин көгөртөт» дечү. Эмне үчүн антип айтканына түшүнчү эмесмин. Анын аты Гүлсара эле. Мен тилим келбей Гүлү эже дечүмүн. Он күнчө туруп, анан үйүнө жөнөгөндө, мен да барам деп ыйлап, ээрчигеним алигиче эсимде. Ошондо ал мени сооротуп, адатынча мурдуман чымчып, бетимен өөп эркелетип: «Мен кайра сөзсүз келем, ошондо сени үйгө алып кетем» деп убада берген.

Мен аны көп күтүп, сагынып жүрдүм. Бирок ал кайра келбеди.

Энем ошолордукуна барганы жатыптыр. Мен да кошо барып, Гүлү эжемди көрүп келем.

Эртең менен энем биздин бригаданын бригадири Кочкор акенин атын сурап келди да, тиги киши менен бирге жөнөмөк болуп калды.

– Мен да барам.

– Сага суутуп коюптурбу? – Апам мени кагып койду. Чын эле мени жөнөтө турган түрү жок. Шып этип эшикке качып чыктым да, энемдерди жолдон күттүм. Ана, кара сакал киши бир атын коштоп, энем алдына чоң куржунду салына, Кочкор акенин жээрде кашкасын минип чыгып калышты.

– О Мурат, бери кел. Сен эмне аерде турасың? – Апам мени чакырып калды.

– Бар ээ, Гүлү эжемди көрүп келем. – Ары баса баштадым.

– Кой антпе, эжеңи энең алып келет, жүр үйгө. Сага азыр май берем. – Апамдын алдоосуна көнбөдүм. Калбасыма көзү жеттиби, кара сакал киши апама кайрылды:

– Тим эле койбойсузбу? Менин жетегимдеги атка минип барат, бала да...

– Сен эмне эле Муратты бойго жеткен кыздай көрүп калгансың? Тим кой, барып келет. – Энем да тигиге кошулду.

– Эмесе... Түзүгүрөөк кийинип ал, жүр...

Апама дале ишенбедим:

– Кармап алып жөнөтпөй коёсуң. Кийимдерди алып чык, ушул жерде эле кием.

Апам үйгө кирип, тойго кийчү кийимдеримди алып чыкты. Энемдер мени күтүп турушат. Апам жыңайлак бутумдун чаңын колу менен кагып, шымымды кийиндирип жатып мындай деди:

– Кой десе болбой элөөрүп... Жол жаман дейт. Айланайын балам, барбай эле койчу?

Апамдын сөзүн уккум да келген жок. Кийингенимден соң жетектеги бош атка жүгүрүп кеттим.

♦ ♦ ♦

Алыска-алыска созулуп жаткан Алай тоосундагы бийик асканын боорун тилип өткөн тасмадай тар кыяда баратабыз. Бая аскага жете бергенде тиги жол баштаган кара сакал киши болбосума койбой:

– Атта жүрүү сага ыңгайлуу. Алдыңдагы ат тай кезинен бери ушул кыяда басып чоңойгондуктан, адамдан да кылдат жүрөт. Коркпой эле кой. Же биздей атты жетелеп баса албасаң, кыя тар... – деп бутумду үзөңгү боого байлап, жиптин учун басмайылга кошуп тартып койгон. Тиги энемдин чоң куржунун да аттын капталынан асканын бооруна тийип калат дедиби, ээрдин үстүнө узатасынан таңып таштады. Алар ошондон бери аттарын жетелеп келе жатышат. Эң артта – мен. Оң жагыбыздагы жүз метрдей типтик ылдый түшкөн асканын түбүндө шаркырап чоң дарыя агып жатат. Ал жогору жактан мен чөптүн арасынан көргөн кара чаар жыландай сойлоп, атырылып келет да, алдыдагы чоң таштарга тийип, мээси чачырай бырын-чырыны чыгат. Таштын үстүнөн артыла кайра агып жөнөгөн жери, бака жуткан жыландын ичиндей дөмпөйүп калып, так ошол жерге атайын урган сапкандын ташындай кайдан-жайдан пайда болгон боз чымчык зып-зып атылып кирип жатты. Аркы өйүз да аска, бирок үстү жагы жайыгыраак келип, бетиндеги жашыл арчалар тиги кишинин сакалындай коюу.

Кээде арчанын түбүндө биздин айылдагы Кушчу Кул кишинин машкесиндей сапсары бирдеме чыгып, берки өйүздөгү бизге таңдангандай эки колун бооруна алып, жаш баладай каз тура калат.

Көп жүрүп, ээн-эркин кыймылдай албаганыма жадап кеттим. Чечип алайын десем жиптин байлаган учуна колум жетпейт.

– Чечип койгула мени.

Укпай калды окшойт, алар үндөшкөн жок.

– Чечип койгула дейм!..

– Дарт!.. Кудаа каарыгыр, жөн жүр... – Энем киркирей түштү. Аты тосуп көрүнбөй бараткандыктан оң жакка эңкее берип карасам, энем мага кылчайып да койбойт. Ал сол жактагы капталдын бодур таштарын улам мыкчый кармап, өтө ийилип, төрт аяктап баскансып баратат. Бирдеме таап ала тургансып, бир карыш алдындагы аралыкты гана теше тиктеп алгандыктан, бирөө чыкса сүзүп алганга чейин байкагыдай эмес. Энемдин жээрде кашкасы да биринчи жолу бул жерде баратканга корккондой бутун жерге аярдай коюп, өтө этияттык менен баратат. Алдыдагы кишинин айтканы чын экен: мен минген ат жай, салмактуу, коркпой басып барат. Ал кишинин кантип баратканын көрө албадым. Кээде анын алдынан ылдый карап, зуулдап таш учуп жөнөйт. Жолго түшүп калгандарын кулатып баратат окшойт. Такасы да жардам бербей, шиштейген бодур таштарга кээде-кээде аттар ташыркап, бүгүлө түшөт. Кыянын чекеси урап, өтө тар болуп калган жерине келгенде ат аскага ыктай түшсө, сол бутум асканын бооруна сыдырылып бозоро түшөт. Ушул эле учурда энемдин калтаарыган үнүн угам: «Я, кудай! Я, пирим, өзүң колдо!»

Эх, азыр аттан түшсөм тигилерге окшобой алдыга жүгүрүп кетип калар элем. Ананчы, биздин үйдүн артындагы ак жардын бооруна «шпион» болуп ойногонубузда мындан жаман жерден оңой эле өтүп кетчү эмес белем. Өтө кибир жүрүп баратабыз. Көчүгүм талып, уйкум келе баштады. Эстеп-эстеп наркы өйүздөгү тоону карасам шиш чокулары биз менен кошо келаткансып эле артта калбайт. Аны көрүп быйыл жетпей тургансып зеригем. Мындай кыйналгыча үйдө эле калбай...

Ушинтип апамдын айтканына көнбөй азыр атка таңылуу баратам. Жүрүп отуруп кууш салынган көпүрөгө келдик. Баятан бери оң жагыбызда агып жаткан дарыя эми сол жактан, дарбыздай чарт жарылган эки асканын ортосунан агып келип, шаркырап, ушул көпүрөнүн алдынан өтүп жатат. Бул жерди тиги кишинин айтуусу боюнча «солкулдак көпүрө» деп коёт экен. Чынында эле биз өтө баштаганда солкулдап турду.

– Кана, секин өтө бериң. – Кара сакал өтүп алып энеме кайрылды. Энем аябай коркуп калган окшойт.

– Я, алла! – деп четине барды да, даап сала албады.

– Эне, – дейм оюма келген сөздү айтып, – өзүңүз айткан «о дүйнөдөгү» кыл көпүрөгө окшош экен э, же ал мындан да тарбы?

– Ок! Жаагың сынгыр!.. – Ал тез-тез келме айтып жиберди. Энем өтө албай койгондуктан кара сакалчан бери кайра өтүп келип, белине аркан байлап, атка мингизди да, аркандын бир учун кайра аркы бетке өтүп кармап турду.

Аттын да жаман жерден коркконун ушул жерден билдим. Энемдин жээрде кашкасы калтырап, алдыңкы туягынын учу менен тык-тык чегип көрүп, көтөрөрүн билгенде гана бутун көпүрөгө мыктай кадап өтүп баратты. Энем көзүн чылк жуумп, асманга жүзүн буруп, ээрдин кашын мыкчый көпүрөдөн безилдей өттү:

– Я, алла, сактай көр!.. Эсен-аман өтүп кетсек жети нан кудайы... Я, кудай!..

Тиги киши энем жакындаган сайын арканды жыйып алат. Акырында көпүрөгө мен ат салдым да төмөн жакты карадым. Элүү метрдей төмөндө ак көбүктүү өркөчтөнүп дарыя агып жатат. Кандай экенин билбейм, өтүп бараткан көпүрө сол жакка сызып жөнөдү. Жүрөгүм шуу эте түшүп, башым айланып кетти.

– Эй, сууну караба! Башың айланат. – Кара сакалчандын сөзүнөн улам өөдө карасам баягы эле ордумда экенмин. Энемдин эмне үчүн көзүн жумуп алганына эми түшүндүм. Көпүрөдөн өтүп көп узабай аскадан кутулдук. Tooда артта калды.

Бул жердин түзүлүшү таптакыр биздин Ноокаттын адырына окшобойт. Кээ бир дөңдөр бутун сунуп жатып алган ит кейиптенсе, кээ бири чочоюп отуруп алгансыйт. Баарынан да ыраактан көрүнүп турган сол жактагы дөңсөө кызыктырды.

Анын үстү кыргыз үйдүн түбүндөй тегиз да, боору ылдыйлап кинодон көргөн медузанын бутундай жайылып барып түгөнгөн. Эми зерикпей калдым. Бутум бош. Кээде кой дешкенине болбой атты «зыр» койдуруп калам. Энемчи? Ал баары-жокту эстен чыгарган сыяктуу, кандайдыр бир нерсени ойлогон сыяктанып, ат үстүндө өтө тынч жүрүп отурду.

Биз аздан кийин казандын түбүндөй ойдуңдагы үстү топурак менен жабылган беш-алты үйдүн чекесине келип түштүк.

– Мына эми, келип калдык. Мен тезирээк барайын, үч күндөн бери жок болуп, балдар койду карай албай кыйналышты го... – деди кара сакал. – Биздин үй мына бу эле дөңдүн ары жагында, эртең мейманчылыкка баргыла. – Узап баратып дагы кайрылды: – Саар бирөөнү жөнөтөм силерге, барбай койбогула. Токту союп берем.

Биздин дүбүртүбүздөн улам «кыйк» этип эшик ачылып, ичкериден энем курактуу жеңи балбактаган кемпир чыкты. Энем экөө кучакташып, эмшеңдеп ыйлап алышты.

Гүлү эжем да үйдө экен. Энем анын маңдайынан өптү:

– Бойго жетип, таалайлуу бир жигиттин бактысын ача турган болуп калган турбайсыңбы, айланайын.

Гүлү эжем уялып, башын жерге салды. Ал чындыгында эле мурдагыдан бою өсүп, супсулуу болуп калыптыр. Мен кандайдыр тартынып турдум.

– Мурат, сен чоңоюп калган турбайсыңбы? – Ал кучактап, баштагы адатынча мурдумдан чымчып, бетимен өөп койду. Ичим жылып, Гүлү эжемди мурдагыдан да жакшы көрүп кеттим.

– Кандай кудай жалгап келип калдыңыз, эже? – Энемдин сиңдиси сурады.

– Мурда эле келейин десем жол жаман. Кудай жалгап тиги силердин Жума койчуңар, Ноокаттын базарына барган экен, ага жолдон жолугуп «жалгыз бара албай жүрөм, ала кетпесең болбойт» деп үйгө кондуруп алып, бүгүн эртең менен бирге чыктым.

Кеч кирди. Гүлү эжем төркү үйгө кирип, китеп окуй баштады. Ага калакат кылбайынчы деп оозгу үйдөгү очоктун боюнда отурган энемдин жанынан жылган жокмун. Босогодо бир кулач жип илинип турат.

– Гүлсаранын онунчуну бүткөнүн ошо Жумадан уктум. Эми эмне кылайын дейсиң? – Энем сиңдисине бурулду.

– Ылайыктуу жерге күйөөгө берейин десем, бу окууга барам деп эле оолугат.

– Койчу, кыздар окуп... Мен да быйыл Нуржанымды үйлөп коёюн десем ылайыктуу жер табылбайт. «Өз өлтүрбөйт» деп келгенимдин бир себеби да ошол. Гүлсараны өз колума бер.

Энемдин эмне үчүн келгенин эми билдим. Көрсө ал Гүлү эжемди Нуржан акеме алып берем деген экен да...

Сиңдиси айтат:

– Сенден кыз аямак белем, эже. Бул жерде бир мугалим бар. Төрт жылдык мектепке өзү бек, өзү хан. Тоолуу деп башка жактан келгендерге көп төлөйт экен, айлыгы үч миң сомдон ашат. Үч дөңгөлөктүү мотосиңка алып алган. Өзү да шамалдай дуулдаган жигит... Ошол сөз айттырганын макул деп койдум эле. Болбосо го... Гүлсара болсо делгирип окууга качып кеткидей. Жанынан карыш жылбай аркандап гана отурам.

Эртеси кара сакал кишиникине барарыбызда энемдин сиңдиси айтат:

– Мурат калсын. Гүлсара дагы бирдемени ойлоп жүрбөсүн. Сиңдисинин түндөгү жообуна капа болгонбу, энем болбоду:

– Гүлсара кача турган болсо Мурат кармап калмак беле?

Кара сакал кишинин үйү түзөңдө, тышы акталган башталгыч мектептин маңдайында экен.

Чай ичкенден кийин эшикке чыксам, этеги курсагын жаппаган эки-үч жашар чамасындагы чедирейген бала жаныма келип, сүйрөп жүргөн камчысын мага сунат:

– Ака, ма.

– Өзүң ойной бер.

– Сиз менин күчүгүмдү тепселеп коёсузбу? – дейт ал.

– Жок, тепселебейм, – өзүнүн сөзүндөй жооп бердим.

Ары жактан күрүлдөгөн үн чыгып, бурумдан катуу келаткан люлькалуу мотоцикл көрүндү. Дөңгөлөктүн алдында кала жаздаган кызыл короз бырпырай какылыктап качты. Үстүндөгү кара костюм, көк шляпа кийген жигит отун кыркып жаткан кара сакалдын алдына келип мотоциклди тык токтотту.

– Салоомалейкум, Жумаке? Бу жаңы чыккан жүз сомдуктай эле көрүнбөй кеттиңиз да, – деди ал. Анан качкан корозго карай башын ийкеп карс-карс күлдү. – Бу короз катындарына барып, азыр эле аз жерден өлүп кала жаздадым деп мактанат да эми.

– Кел, кел, жакшы келдиң маалим бала. –Кара сакал отун кыркышын улантты.

– Эй, Сүйүн, бери кел, – Жигит жанагы кичинекей баланы чакырды. Ал жанына барганда бир ууч конфет берди.

– Эми токтой тур, – Кайрылып бараткан Сүйүндү колдон алды.

– Мени акоо деп кой, – жигит Сүйүнгө жабышат.

– Ака дебейм, – Сүйүн оозун чурмуйтту.

– Бул жигит кайдан?

– Гүлсаранын бөлөсү, – деди кара сакал кандайдыр тигини карап жылмайып.

♦ ♦ ♦

Ичкериден бата алып, күрөң козуну жетелеп чыгышты.

– Маалим бала, сен эле эптеп кой. – Кара сакал жалаңдаган бычакты сунду.

– Козуну союп, табарсыгын алып берейинби? – Ал бычакты пияланын кырына кайрап жатып, Сүйүнгө айтты. Сүйүн башын ийкеди.

Эт казанга салынганда мугалим мени акырын четке чакырды. Ал жай гана көкүрөк чөнтөгүнөн кичинекей жаркыраган тапанчаны алып чыгып, машааны басты эле, «чырт» этип, учуна от күйдү. Аны менен оозундагы папиросун тутандырып, анан мага көрсөттү:

– Ушуну аласыңбы?

Көзүм кызарып турса да, таңдайымды «шык» кагып, башымды чайкадым. Менин кызыкканымды байкап калды окшойт, минтип айтты:

– Эгер мобуну эт бышканча Гүлсарага алып барып келсең сөзсүз берем. – Ал үч бүктөлүү кат сунду.

Тарткынчактап алганым жок.

– Окуйсуңбу? – дейт ал.

– Ооба.

– Эмесе, мен – мугалиммин. Окуучу агайынын айтканын аткарбай коёт беле, берип келгениңден кийин тапанча сеники. Ачпагын, макулбу?

Жолдо баратам. Энемдин сиңдиси айткан ушул экен да деп ойлоп, кандайдыр Гүлү эжемди ага кыйбадым. Катты кайра алып барып берсемби? Жаркыраган тапанча көз алдыма тартылат. Ал меники болсо «шпион» ойногонубузда балдарды кандай гана таңдантаар элем. Катты эмне деп жазды экен? Ачып, окуп көрсөмбү?

– Ач! – дейт бир жиним.

– Ачпа! – дейт башкасы.

– Ач! – дейт бир жиним.

– Ачпа! – дейт башкасы.

Ачкан жокмун.

Үйгө кирсем Гүлү эжем сандыкты карап жатыптыр. Жаман эшик чыйк эткенде артына шарт карап, кандайдыр оңтойсуз абалда калгансыды:

– Мурат?.. Энеңдер кана? Баса бердиңби?

Эмне деп айтаарымды билбей кысталып калдым.

– Зеригип эле... Энемдер калышты. – Оозума ушул сөз кирди.

Гүлү эжем мага ажарлуу жылмайып койду да, кайра сандыктан бир нерсени издей баштады. Мен кыйпычыктап эмне кыларымды билбей эшикке чыктым.

Тамдын аркасында жылжып аккан билектей суунун боюнда отурам, көңүлкош гана шымдын чөнтөгүнөн жанагы катты алдым да, бүктөөсүн жазбай ошол бойдон кайрып кайык жасап, үстүнө бир коргол салып, сууга койдум. Каалгып, жай агып жөнөдү.

Күн бешимден ооп баратса да энемдер келбеди. Эт эми араң бышса керек. Ордумдан туруп там айлана жол жакка бастым. Ак жоолукка китеп түйүп, шашылыш чыгып келе жаткан Гүлү эжем мени көрүп, ыраңы бозоруп кетти:

– Мурат, мен окууга кетип баратам, – деп жаныма келди да, жалооруй карап, башыман сылады. – Энемдерге айтпайсыңбы?

Элейип карап эле калыпмын. Эсиме келе, шашылыш айттым:

– Айтпайм эже, айтып эмне кылайын.

Адаттан тышкары бешенемен өөп, жөнөп калды. Эмне экенин өзүм билбейм, ичим ачышат.

– Эже, – дедим ал узай электе. Токтоду. – Пулуңуз барбы анан?

Кечээ үйдөн чыкканда жашырып апам берген үч сомду сундум. Ал акырын гана жаныма келип, чөгөлөй отура калды да, эки карууман коомай кармады.

– Кагылайын... – деди ал жүзүмө тигилип, – сени энемдер жөнөткөн экен деп... Эстүү бала болгон турбайсыңбы, кагылайын...

Анын балбылдаган капкара чоң көздөрүнөн туптунук жаш кулады. Үч сомду алып кайра чөнтөгүмө салып койду.

– Акчам бар, кагылайын. Сен буга окуу китебин сатып ал. – Мени көкүрөгүнө кучактап, эки бетимен бек-бек өптү. Андан айрылгым келбей мойнунан бекем кучактап, бетине бетими басып ыйлап жибердим.

Ал мени сооротот.

– Кой ыйлаба, эстүү бала болгон турбайсыңбы? –Жап-жаңы жүз аарчы менен жашымы сүрттү. – Окууга өткөндөн кийин сага кат жазам. – Ал мени дагы бир ирет кучактап бетимен өптү да, жөнөп кетти.

Же кубанарымды, же өкүнөрүмдү билбей карап отурам. Тигине, эки жакка созулуп жаткан дөңсөөнүн ортосу жаа сыяктуу ийиле түшүп, белбаскак болуп калган. Мен турган жерден өткөн жалгыз аяк жол улам өрлөп отуруп, тик ошол белбаскактын ортосуна жетип учун түгөткөн. Эки жагында кызыл-тазыл гүл жайнаган ошол жолдо кызыл көйнөк кийип, ак жоолукка китеп түйгөн Гүлү эжем баратат. Ана, ал улам жогорулап белбаскакка жетти да, бир демге токтой калып мага кол булгады.

Ал көрүнбөй калганда ойлодум: «Жолдун учу бел-баскакка барып түгөнгөн. Андан ары Гүлү эжем кайда кетти экен...»

Бир демден кийин энемдер келип калышты. Сиңдиси үйгө кирип кирбей айгай салды.

– Өлдү-үм, өлдүм! – Ал үйдөн бир кулач жипти ала чыгып, булгалактап жинди болгондой чаңырып, Гүлү эжем кеткен жакка жүгүрдү.

– Өлөөм, муунуп өлө-өм!..

Эмне болгонуна эми түшүнгөн энем жыгачтай катуу колунун кыры менен мурдума койду. Көзүм караңгылап, отура калдым.

Чаңырган үн жаңырат:

– Өлө-өм!...

Башымды көтөрдүм. Алдында – сиңдиси, артында –энем. Гүлү эжем ашкан жерди карадым. Кызык. Белбаскактагы жолдун түгөнгөн учунда күмүш табак жөлөп койгонсуп, батып бараткан күн балбылдап, улам өрдөп жатышкан тигилер ошол күндү кууп бараткансыйт.

Бир тамчы сымал мөлтүлдөгөн күн Белбаскакка сиңип бараткансып улам кичирее берди.

♦ ♦ ♦'

Өчүп бараткан күлдү көсөп коюп, үңкүйүп энем отурат. Жер менен жер болуп бүкүрөйгөн кемпирдин шыбыраган үнү алыскы-алыскы жактан угулгансыйт:

– Өлмөк элем – өлдүм!.. Көрмөк элем – көрдүм!..

Эшиктен кирген алсыз желге «леп» этип, очок башындагы чырак өчтү. Тактадан кынап жасалган эшиктин кычыктары жылтырайт.

Бечера Гүлү эжем ай дейм зыркырап. Жолдун учу Белбаскактан түгөндү. Энемдер кууп барганда бир далдоого бекинип калдыбы же адырма-адыр качып кетти бекен? Ушундай караңгы түндө кайда жүрөт?.. Жол түгөнгөн белеске чыгып баргым келди. Чыксам эле Гүлү эжем алдыман күлө чыга тургандай сезилет.

Башыма коюп берген жаздыктын ичине чөп капталгандыктан кыбырасам эле кычырап жинимди келтирет. Эмнеге энемди ээрчидим экен?

“Бечара Гүлү эжем ай, – дейм кайра, – азыр кайда жүрөт болду экен?” Өпкө-жүрөк, ичек-боорумдун баары асманга учуп кеткенсип, коңултуктанам. Куса болуп, ыйлагым келет. Ары тар, ары караңгы ушул үй тегирмендей гүүлдөп, үрөйүм уча кандайдыр түпсүз тереңдикке чөгүп бараткансыды. Жарк-журк этип, бир апам, бир Гүлү эжем, бир апам, бир Гүлү эжем көз алдыма тартылат...

Качан уктаганымды билбейм, көзүмдү ачсам таң атып калыптыр. Энемдер очок боюнда кыйшайып көздөрү илинип кеткен окшойт.

Акырын туруп эшикке чыктым да, Гүлү эжемди издеп, белеске жөнөдүм. Жетейин дегенде артымды карадым. Тигилер ойгонуптур. Тээ бозомук тарткан казандын түбүндөй ойдуңда кара кемпир өз башын өзү муштап, чарк айланат. Үйдүн арт жагында энем турат. Ал күндөгүдөй кайраттуу эмес, башынан мурда жону көрүнүп, бели бекчейип, кечээги биз келген жакты карап, былк этпейт... Ал жак көзүмө суук көрүндү. Тезирээк алыстап кетким келип, бар күчүмдү жумшап, өрдөп жүгүрө бердим.

Белеске чыга бергенде серүүн желге кошо гүлдүн жыты бур дей түштү. Ойлогонумдай жол түгөнүп калбайт экен. Ары жагы абдан жайык, көз жетпеген кенен талаа тура. Гүлү эжемди таппадым, бир гана тиги көз жеткис талаада ошондой эле чексиздикке созулуп жаткан тасырайган чоң жолго көзүм түштү. Мүмкүн Гүлү эжем так ушул жол менен кеткендир. Анын качып кеткенине же өкүнөрүмдү, же кубанарымды билбей калдым. Бир эсе тиги адамды тумчуктурган жерден кутулганына сүйүнсөм, бир эсе мындан ары таптакыр көрбөй каламбы деп денем дүр эте өксөп-өксөп ыйлап жибердим.

Жүрөгүм эзилип, кандайдыр бир кымбат нерсем барчылап, мен ошол чексиздикке созулган чоң жолду көпкө-көпкө карап отурдум...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз