АҢГЕМЕ
Анын күлкүсү бир кызык эле. Талаага суу жайганда чычкандын ийнине туш келсе «бурк-бурк-бурк» деген үн чыгарып кирип кетет ко. Так ошондой. Бир күнү ушул күлкүсүнөн түбөлүккө ажырады...
Ал жаздыгы бийик, калың салынган төшөктө чалкадан түшүп, детективдик бир чыгарманы окуп жатты. Жадап кетти окшойт, оң ныптасына оодарылып, улагада супура жайып, камыр жууруп отурган аялын карады. Аялы азгыныраак, бирок бир аз толо түшсө алдына эч кимди чыгарбай турган ыраңдуу эле.
– Эмне кылганы жатасың, Жаңыл?
– Оромо жасайм.
Күйөөсү ыраазылыгын билдирген болду:
– Азаматсың, кемпирим.
Аялынын ийкемдүү кыймылы кокусунан карегине толо түштү. Чыканактай боюна жараша келишимдүү мүчөсүнө, куш канаты сымак саамайга серпилген кашына кунт коё сугу артып кетти. Бирок анын көп түйшүктөн туурулуп, шуудураган катуу колдорун кармап тургандай элестеп, көксөсү сууй, кайрадан шыпка тигилди.
Эшик дүпүлдөп, бир жолдошу жубайы менен кирип келди.
- Келгиле, азиз меймандар. Бу силердин башыңарга чөп сындырса да болот. – Кыяз күлүп, ордунан тура кош колун сунду. Анан жолдошуна кайрылды. – Ушинтип аяшты да бизге байыр алдырсаң, үй күчүк болуп жата бербей.
- Киного аяк тартпады. Силер менен бир аз кобурашалы деп...
– Орун салбайсыңбы элейбей! – деди Кыяз, «келиңиздер» деген бойдон камыр колу менен не кыларын билбей туруп калган Жаңылга.
Жаңыл шашыла колун жууду. Кыяз жаткан төшөктөрдү жыйып, меймандарга төрдөн орун даярдады. Кайра колун чайкап, камыр ийлей баштады.
- Жардам берсең боло Жаңылга, – деди жолдошу.
- Бул үйдө бир гана аял бар. – Кыяз күлүп койду.
Жолдошунун аялы Кыязга нааразы көз караш серпе таңгалып карады.
Койдун куйругу, уй эти, пияз, сарымсак кошо чабылып, камырга оролуп, бир аз кыйгыл мурч даамданып, бууга бышырылган тамак алдыга коюлду. Даамдуу жыт булоолонуп, үй ичин каптап кетти.
Кыяз жолдошуна мактанды:
- Көрдүңбү, менин кемпирим ушундай, тамакты тим эле үлпүлдөтүп коёт. – Бирок аялын улам эле көк чай демде, алып келип пиялаларга куюп кой, колго сүлгү даярда деп, майда-барат нерселерге жумшап, ордунан тургуза берди.
Жолдошу нааразы кеп урду:
- Деги Жаңылга тамак жедирбес болдуң. Өзүң деле кичине кыймылдап койсоң эмне болот?
- Бийлигинен түшөт, – деди Жаңыл сумсайыңкы жылмайып.
- Ой, сен бирөө эле болушуп койсо ушинтип кетесиң да. – Анан беркилерге кайрылды. – Сырткы иш эркекке, үй жумушу аялга таандык ата-бабадан. Мен Жаңылды сыйлабайт дейсиңби. Зордоп ала качып же калың төлөп алды дейсиңби? Өз каалообуз менен баш кошконбуз. Чынбы, Жаңыл өзүң биринчи болуп кат жазгансың?
- Танган жерим жок.
- Мына уктуңарбы?
- Ошондой болгон соң экинчи антпе, кемпир. – Ал өзүнө таандык үн менен ыраазы боло кыт-кыт күлдү.
Мындай күлкүсү Жаңылдын көңүлүнө дайыма бата түшөт.
- Ар качан өзүң кат жазгансың деп басмырлай бересиң... Анын эмнеси бар экен? –деди үнүндө нааразылык сезилип. – Жаш экенмин да. Заңкыйып кийинип жүрсөң... Мынчалык өзүмчүл экениңди кайдан билдим.
- И, эми эсиңе кирип калдыңбы? Эми ошентип калдымбы сага? – Кыяз чукул кыял менен туталана түштү… – Азыр ким кимди зордой алат?
- Жакпаймынбы, жакшы бирөөнү таап ал.
Жаңыл күйөөсүн биринчи көрүп тургансып, ботонукундай чоң көздөрүн ирмеп-ирмеп алды. Калың кирпиктеринин арасынан ички ызасы чачырап кетти. Карегине тунук жаш толуп, жалт-жулт эте түштү. Наристеникиндей бөлпөйгөн илеби дирилдеп, буулуга араң айтты:
- Эрдин баары сендей болсо...
- Биз кетеличи, – деди берки келин күйөөсүн түрткүлөп.
Кыяз өзүнө таң калды. Анткени аялы капа болгон учурда өтө эле жакшы көрүнүп кетет. Азыр да ызасына жарылгандай болуп турган Жаңылын жаш баладай алдына алып, бооруна бекем кысып, саамайынан сылап эркелетип, кызгалдак түспөлдөнүп албырган илебинен өпкүсү келди. Бирок анткен жок. Тек, сөз менен жооткотту:
- Жинденбе кемпир, тамаша...
- Кетеличи, – келин чыйрыккандай курушуп, күйөөсүн дагы түрттү.
Кыяз ага кыртышы сүйбөй карады. Эшикке чыкканда жолдошун чыканактан ала четке жетелеп, кулагына шыбырады:
- Дос, эсиң болсо башка адамдын кемчилигин аялынын көзүнчө айтпа. Анда ээлигип кетет. Сага да айта турган насаатым бар. Аялыңын пальтосунан бери чечип, турганда кийгизе коюп, үбөлөнүп кетет экенсиң. Байка бала. Аяш мойнуңа олчоё минип, мурдуңан эшеккуртуң түшүп калбасын.
Кыяз жолдошунун жонунан таптап, өз сөзүнө маашыр болуп, бөйрөгү бүлк-бүлк эте кыткылыктады. Ийинге туш келген суунун үнү сымак анын кызык күлкүсү кышкы чыкыроон суукка аралаш бир топ жерге тарады.
Мындай турмуш жолуна экөө тең көндүм болуп кетер беле, ким билет? Айтор бардык балээ мештен келип чыкты. Жаңыл эртең менен от жакса, ыкшып күйбөйт. Үй ичи түтүнгө толуп кетти. Жууркан алдында чүмкөнүп жаткан Кыяздын нааразы үнү угулду:
- Ой, сен үйдү крематорияга айландыргың барбы? Эмне кылып атасың?
Ызасына чыдабай Жаңыл кара көсөөлөнгөн тутандырыктарды түтүнүн бурулдатып, эшиктен алыс ыргытты. Кардан далдоо дубал түбүнөн топурак алып кирди да саман аралаштырып ылай даярдады. Муздак ылайга колу көгөрүп кетти. Анан ышын тазалоо үчүн белгиленген жерлердин кирпичин алып жатканда кокусунан жарты кирпич ары кулап, морунун ичине кептелип калды. Аны тар тешиктен кайра сууруп ала албады. Тоңуп калган колдору эп келбей, ыштан пайда болгон морунун чомкорокторуна тыталанып, канталап кетти. Селейген манжалары жан чыдаткыс тызылдата баштады. Жаңыл чыдабай ыйлап жиберди.
- Эркек-атың бар го. Турчу сулкуйбай! – Кыяздын үстүнөн жуурканды сууруп алды.
- Жин тийдиби сага? – Ал ыңгыранып кийине баштады.
Ушул учурда күтпөгөн окуя болду. Таң азандан сапар тарткан кайын энеси үйгө кирип келди. Суукка көк муштум болуп, бети, колу мокочодой ыш, калтырап турган кызына тигиле карап туруп, бир ажайып каткырып күлүп алды. Анын чырагына май тамды.
- Абалың ушу экен го, – деди кызын табалап. – Өзүң тандап тийген эриң жыргаткан экен го сени. Биздин тилге кирбедиң эле. Бечарам, көрүп турам кебете-кешпириңди...
Эне буулукту. Өз сөзүнө өзү теригип, эчкирип ыйлап жиберди.
- Кагылып кетейин, жылдызым! – деди кызын кучактап. – Канаттууга кактырбайм сени. Ушундай күйүмсүз эрдин барынан-жогу деп айтпадым беле өгүнү. Азыркы абалыңды атаң көрсө эмне гана болуп кетпейт эле, а?...
Кыяз селейип катып калды. Жаңылдан эми биротоло айрылам го деген калпыс ой анын көңүлүнө биринчи жолу кылт этти жүрөгүн бирөө тилип ийгенсип. Апасынын кучагында үлбүрөгөн аялын кандайдыр жабыр тарткан назик гүлгө теңеп, аны сөз менен айтып бералгыс абалда аяп, ичтен сызылып турду. Анын бул айыпты өзүнө алып, жашылданган көз карашы Жаңылдын муздак жаш толгон карегине чагыла албады.
Жаңыл бирөө аркылуу башкарылуучу механизм сыяктуу энесинин жетеги менен жуунуп, пальтосун кийинип, чоң жоолугун салынды. Анан эшикти кыйгач таштап чыгып кетишти.
Кыяз бузулган мору менен эшиктен кирген чыкыроон суукту да сезбеди. Баарына өзү гана айыптуу экенин, бирок аны өтө кеч байкап калганын көңүлүндө баамдап турду. Мурда өзүнө-өзү ыраазы боло кыт-кыт күлүп, аялына кылган мамилесин, анча маани бербеген турмушун эми эстеп, жүрөгү толгонуп, кысылып кетти. Бул толгонуу жакшы түш көрүп, бирок түшүнө канбай калган кайгылуу адамдын өкүнүчү сыяктуу эле.
Ушул күндөн баштап ал ийинге туш келген суунун үнү сымак өзүнө таандык бир кызык күлкүсүнөн биротоло айрылды.