Эрнис Турсунов: Жазыксыз окко учкандар

  • 08.09.2022
  • 2527

Тарыхчылардын тактыгына караганда, сталиндик репрессияда жыйырма миллиондон ашык киши камалып, атылып, асылып, сүргүнгө айдалып жок болгон. Кыргызстанда кырк миң киши камалып, сегиз миңи атылган. 1991-жылы 138 кишинин сөөгү Чоңташтагы НКВД үңкүрүнөн табылган, сөөктөр кайрадан көмүлүп, ал жер Атабейит аталган.

Атабейит 1938-жылы 5–8-ноябрда Эл комиссарлар Советинин председатели Жусуп Абдрахманов, партиянын кыргыз обкомунун секретары Төрөкул Айтматов, Эл агартуу комиссары Касым Тыныстанов, жер чарба комиссары Эркинбек Эсенаманов, саламаттык сактоо комиссары Кожокан Шооруков, каржы комиссары Усман Булатов, "Эркин тоо" газетасынын баш редактору Осмонкул Алиев, Кыргызмамбастын директору Нурдин Серкебаев, республикалык лениндик жаштар союзунун Борбордук комитетинин биринчи секретары Курман Камбаров, Эл комиссарлар Советинин кийинки төрагасы Баялы Исакеев жана Кыргыздын тунгуч жетекчи кадрлары атылган. Өкүм менен кыйноо баардыгына бирдей болгон. Борбордук архивдерден алынган, бардыгы мүнөздүү сурак материалдарынан жарыялайбыз.

Кыйын чексиз өлкөдө сталиндик опурталдуу учурда: майданда, оорукта, лагерде, индустрия, бирикме чарбанын жүрүшүндө болсун, адам чыдагыс абал түзүлүп, эң жаман, кайгылуу окуялар өтүп жаткан. 1932-жылы РСФСРда, Украинада, Казакстанда катаал кургакчылык болгон, бирикме чарбанын лениндик принцибинин орой бузулушунан дыйкандардын көбү колхоздорго кирбей койгон. Алардын жерлери күч менен тартылып алынып, коомдоштурулуп, ортолукка салынган соң талаалар айдалбай ташталган. Алдынала пландаштырылган чаралар жана акы төлөбөй дыйкандарды мажбурлап иштетүү ачарчылыкка дуушар кылган. А ачкадан өлгөндөрдү жашырып, тирүүлөрдүн тизмесине каттоо - массалык трагедиянын башталышы болгон. Муну Н.В. Гоголдун "Өлүү жандарына" салыштырса болор эле. 1933-жылы Казакстандагы ачарчылыктан тентип-тербип келген эл жол-жолдун боюнда өлүп жаткан. Оруссияда миңдеген айыл-кыштактар аңгырап бош калган. Сталин дыйкандарды эзүүнүн аскердик-командалык зордуктоо методуна түшкөн.

Ушундай абалды билген чыныгы чыгармачыл инсандарда башка да мүмкүндүктөр турган, бирок андай көрүштөрдү жазууга уруксат болгон эмес, тескерисинче, советтик адамдардын драмалуу, кайгылуу азалуу жактарын жазгандар же жазууну ойлогондор идеялык жактан айыпталып же өмүрү өлүм менен бүткөн. Сталин чыгармачыл инсандардын тагдырын ОГПУ, НКВД, МГБ желдеттеринин колуна берген. Улуу режиссер В. Э.Мейерхольдун өмүрүн Бериянын желдети чечет деген эмне? Чындык айкын болсун үчүн өлүм алдындагы Мейерхольддун эки катынан үзүндү келтирели:

СССР Эл комиссарлар Советинин төрагасы Вячеслав Михайлович Молотовго камактагы Мейерхольд-Райх Всеволод Эмильевичтен (туулган жылым 1874, 1918-жылдан ВКП (б)нын мүчөсүмүн, улутум немис).

АРЫЗ

...Мени суракка алган тергөөчүлөр тепкилеп-сабап, ага кошумча "мээге психологиялык чабуул" аталган жоруктарын баштаганда анысы да, мунусу да шумдуктай коркунуч туудуруп, кырк тамырымды сууруп, сай-сөөгүмдү сыздатты (мени, 66 жаштагы оорулуу абышканы).

Нерв ткандарым денемдин сыртына чыккансып, терилерим ымыркай баланыкындай ылбырап, өтө сезгич, өтө назик туюлду. Жан чыдагыс тепкиден жана моралдык соккудан көзүмдөн салаа-салаа жаш кетти. Итти кожоюну камчыга алып сабагандай түпкүчтөй түйүлүп, жыландай жыйрылып, кыңкыстап, көмкөрөмөн жаттым. Сурактан айдап бараткан конвоир: "безгегиң барбы?" деп сурады. Денем диртилдеп, нервим титиреп турган. Койкага жыгылганыма 18 саатка созулган ошондой суракка бир сааттан кийин кайрадан алып барарын эстеп, безгектен жан берип жаткан ноокастай сестенип, онтоп ойгондум.

Сестенүү коркунуч туудурат, а коркунуч коргонууга аргасыз кылат. "Өлүм (О, албетте!) өлүм артык мындан" дейт сурактагы туткун. Муну ичимен мен да күбүрөп, суракта өйдө-төмөн дөөдүрөпмүн, ошол жол баш кесүүчү баталгага батыраак жеткирер деген ойдо болгон окшойм. Ошондой болду, аяктаган тергөөнүн №537-делосунун соңку барагына кылмыш кодексинин коркунучтуу цифралары: 58 1-а жана 2 пункуттары жазылды.

Вячеслав Михайлович! Сиз менин кемчилигимди билесиз, мага бир жолу "Дале өзгөчөлөнүп жүрөсүзбү?" дегениңиз эсиңиздеби? Бирөөнүн жакшы касиетин жактырган адамга караганда, кедергисин көргөн адам аны дурусураак билет. Айтыңызчы, мен Ата мекен чыккынчысымынбы, эл душманымынбы, тыңчысымынбы? Оңчул троцкисттик уюмдун мүчөсү, контрреволюционер болгонума, көркөм өнөрдө троцкизмди жайылтканыма, советтик көркөм өнөрдүн тамырына балта чабыш үчүн театрда атайылап кастык иштерди жасаганыма Сиз ишенесизби? Эмесе мунун баары № 537-делодо мен, И.Эренбург, Ю.Олеша, Шостакович, Шебалин, Охлопков ж.б. троцкисттер болуп калышты.

Июнда камалган мен 1939-жылдын декабрында гана саал эсиме келе баштадым. Суракта болуп жаткандарды Берияга Союздун прокуроруна жаздым, мен ал кат-датымды жана арызымды мурдагы көрсөтмөлөрүмдөн баш тартканымды билдирдим. Мисалы, СССРди Литвадан артык сүйгөн акын Ю.К.Бальтрушайтис менен 1898-жылдан бери достук мамиледе болгом, ал № 537-делого Англия шпиону деп жазылды, а мен ага жалданып тыңчы катары материалдарды жеткирип турган киши болуп калдым.

Ажал алдында өлүмгө бир секунда калгандагы керээзим: мен эчкачан шпион болгон эмесмин, эч убакта контрреволюциячыл аракеттерге катышпагам. Көркөм өнөрдө троцкизм жөнүндө айтуу – күлкү..."

№ 2- АРЫЗДАН

...Башымда баш кесер кылыч салаңдап турат: тергөөчү жүрөктөн сары суу алып, жалган жалаалар жаздырууда, "жазбасаң (демек ойдон чыгарып жазам) кайрадан кыйнайбыз, башың менен оң колуңду гана калтырабыз, калган мүчөңдү карша-терши канталатып, кешпиринен кеткен сулп этке айлантабыз". Ошентип, мен 1939-жылдын 16-ноябрына чейин тергөөчү өзү жазган жалааларга кол коё бердим. Азыр жанымды сууруп чыгарган ошол жалган көрсөтмөлөрүмөн баш тартам жана өкмөт башчысы Сизден жалынып-жалбарып суранам: Мени куткарыңыз, боштондугумду кайтарып бердириңиз. Мен Ата мекенимди жанымдай сүйөм жана ага калган өмүрүмдүн баардык күч-кубатын арнайм.

Всеволод Мейерхольд-Райх.

Бутырь түрмөсү, 1940-жылдын 2-жана 13-январы. 

Арызга жооп болгон эмес. Мейерхольдду да, аялын да кыйнап болгон соң, ит аткандай атып салышкан. Сурактагылар адилеттик үчүн, өз эркиндиги үчүн, адамдык укук үчүн ар түрдүү амалдар менен күрөшкөн. Бирок НКВД желдеттерин маңкурт кылып, мээсин тумандатып, адамды кыйноого кумарын курчутуп, кан күсөтүп койгон. Жер-жерлерде "өзгөчө бөлүмдөрдү", "үчиликтерди" уюштуруп, аларды советтик өкүмдүн тууралыгына шыктандырып турушкан. Кандуу жазалоону жүзөгү ашырган дөлөңгүттөр "эл душмандары менен күрөштө", "өзгөчө эрдиги үчүн", "өкмөттүк тапшырманы жан аябай аткаргандыгы үчүн" – Ленин, Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланып, жогорку чиндерди тагынышкан. Вс.Мейерхольдду кыйнаган тергөөчү генералдыкка көтөрүлгөн.

Диктаторду сүрөттөгөн эпиграммасы үчүн таланттуу акын жана котормочу Осип Мандельштам 1934-жылы 13-майдын 14үнө караган түнү камакка алынган. Аялынын өтүнүчүн кыйбай анын тагдырына Н.И.Бухарин кийлигишмек болот, бирок "Сталинге чыгарган ырын" укканда безге сайгандай секирип кетет. Эпиграмманы ага Ички иштер наркому Ягода окуп берген.

Жашайбыз өлкөбүздү жакшы сезбей,
Сөзүбүз он кадамга таасын жетпей.
Эшитсе эки адамдын кобурашын,
Эскертет Кремлде толук атын...

Мыёолоп мыңкылдашат, чыйылдашат,
Мыскылдап өзү кармап кыйкылдатат.
Указды такалардай куюп жатат,
Желкеге, бетке, көзгө уруп жатат.

Жазасы – сыгып жеген кожогаттай,
Жайык төш "осетиндин" жайы ушундай.

Ырдын мазмунунан сестенип Н.И.Бухарин бул ыр үчүн жаш акындын башы кетерин, алып калууга эч арга жок экенин алдын ала сезет. Ошондой болсо да Б.Пастернак аркылуу анын тагдырына кийлигишип, өтүнүч катты Сталинге жеткирет. Жаш акын өлүмгө өкүм болбой алгач сүргүнгө айдалат, мөөнөтүн өтөп келген соң 1938-жылы экинчи жолу репрессияланып, биротоло көзү тазаланат.

Бардык доордун, бардык элдердин кан чеңгээл өкүмдарлары колдонгон кыйноо, кордоо, атуу, зордоо – ОГПУ, НКВД, МГБнын куралы болгон. Мунун баары түздөн-түз Сталиндин буйругу боюнча аткарылган. Каменев сурактан баш тартып, тагылган айыпты мойнуна албай койгондо тергөөчү Миронов Сталинге билдирген. Анда Сталин:

– А сиз билесизби, кубаттуу машиналары, завод-фабрикалары, куралдуу күчтөрү, флоттору, аскери бар мамлекеттин салмагы канча?

Миронов суроого жооп табалбай тайсалдап, ийинин куушурат:

– Аны эч ким билбейт, Иосиф Виссарионович, ал астрономиялык цифра.

– Мына, ошол астрономиялык цифрага бир киши такаат бере алабы?

– Жок, – деп жооп берет Миронов.

– Эмесе, мындай, - дейт Сталин, - Камактагы Каменев болобу же башкасы болобу, андай зор басымга такаат берип жатат деп экинчи айтпай жүрүңүз...

1936-жылы 25-сентябрда Сочиден Москвага Саясий бюронун атына телеграмма келет: "Ички иштер комиссарлыгына жол. Ежовду дайындоо керек. Ягода троцкисттик-зиновьевдик уюмдун бетин ачууда жогорку деңгээде тура алган жок. ОГПУ бул иште 4 жыл артта калган. Ал тууралуу партиялык кызматкерлер, областтык НКВД өкүлдөрү билдирип жатышат" деген телеграммага эки киши: Сталин, Жданов кол койгон.

Сочиден урулган чагылган-телеграмма адамзаттын тарыхында эң кандуу 1937–38-жылдардын трагедиясына сигнал болгон. Баарынан да "жогорку деңгээлде" дегени таң калтырат. Жогорку деңгээл төгүлгөн кандын деңгээли менен өлчөнгөн. 1929–33-жана 1934–36-жылдардагы аккан кан жогорку деңгээлге жетпей калган имиш. Сталинге керектүү деңгээлди канкор үчилик: Ягода, Ежов, Берия камсыз кылган.

1937–38-жылдардагы кан жазалоонун дагы бир шериктеши – А.А.Жданов. Ал Сталин каалаган жогорку деңгээлге жеткен. Башкырстан облкомунун биринчи катчысы Я.В.Быкин болуп жаткан законсуз иштерди көрүп, Уфага айдалган ленинграддык "эл душмандарга" жумшак мамиле кылганы үчүн айыпталып, Сталинге минтип жазган:

"Сизден бир эле нерсе сурайм. Бизге мыкты чекист жөнөтүңүз. Бардык ишти адилет карап, талдап чыксын".

Уфага формачан дөлөңгүттөр менен келген Жданов тосо чыккан Быкинди жекире карап келекелеген: "Мына, мен келдим. Мыкты чекист боло алам го дейм". Шашылыш өткөрүлгөн партиянын Башкыр обкомунун пленумунда Жданов биринчи катчы Быкинди, экинчи катчы Исанчуринди дароо кызматтан алат. Ошол замат Быкинди пленумдан айдап жөнөшөт. Кетип баратып ал: "Мен акмын, эч айыптуу эмесмин" деп кыйкырууга үлгүрөт. Ошол түнү Быкин да, Исанчурин да, Быкиндин кош бойлуу аялы да атылат. Жданов пленумдун катышуучуларына зекип сүйлөйт: "Моралдык салмак жеңилдеди. Устун таарылды, дубал өзү кулайт".

Алиги "жогорку деңгээл" дегендей эле ждановдук "моралдык салмак" да төгүлгөн кандын салмагын туюндурат. Ал кетер менен массалык кыргын башталат. Уфанын түрмөлөрүнө батпагандыктан, "Эл душмандарын" көрүстөндөргө, көчөлөрдөгү аңдарга, шаар сыртындагы карьерлерге сураксыз ата башташат. Уфадан соң Жданов Казанда, Оренбургда болуп, ошондой пленумдарды өткөрүп, көп адамдарды камакка алдырып, аттырып жиберген.

С.М.Киров жаздым болгондон кийин анын ордуна отурган А.А.Жданов атайын тапшырма менен кара тизме түздүрүп, ага өзү кол коюп, он миңдеген ленинграддык коммунисттерди, айыпсыз адамдарды түрмөлөргө, лагерлерге, сүргүндөргө кыйноолорго, өлүмгө айдатып турган. Сүйлөгөн сөздөрүндө "турмуштан ажырагандар" деп жазуучуларга, сүрөтчүлөргө, философторго, музыканттарга кара тамга баскан. Ленинград блокадасында Ждановдун кылмыштары жөнүндө далай чындыктар аныкталды. 1946-жылы бүткүл адабият тарыхынын бетине көө жапкан Ждановдун "Ленинград" жана "Звезда" журналдары жөнүндөгү доклады Ахматова менен Зощенконун тамырына балта чапты. Азыр Жданов, Каганович, Ворошилов, Молотов, Калинининдин аттарына коюлган шаарлар мурдагы аттары боюнча аталып, тигилердин ысымдары айылдардан, райондордон алынып салынды. Бардык жерден жергиликтүү калк башка кылмышкерлердин да аттарын өзгөртүштү.

Сталиндик кандуу бийлик жана буйрукчул төрөпейил аппарат коомдук-саясий күчтөрдүн тең салмагынан тышкары иерархиялык баскычта өнүккөн. Ал баскыч өзү иргеген өзгөчө топтон турган.Ошол топ бүткүл өлкөнү жеке бийлөөгө Сталиндин колуна эки тизгин, бир чылбырды карматкан. "Артыкчылык" жумурткасынан чегилген сталиндик идея – "бөтөнчө бөлүнгөн" бир өлкөнү калган дүйнөдөн ажыратып, советтик адамдарды өз казанына өзүн кайнаткан, өз канына өзүн жуурган. Башка өлкөлөр анын идеяларын көчүрүп тууроого, көз каранды болуп, анын үстөмдүгүнө башбалдак урууга мажбурланган. Жан-жөөкөрлөрү эки тизгин бир чылбырды Сталиндин колуна карматарын карматып, бирок анын сыйыртмагы жакындарынын мойнуна түшкөндө бармагын тиштеп, ичтеринен сызган.

Кылдан кыйкым тапкан өкүмдар шектенгендердин өзү атылышын же камалышын атайын уюштурган. Кагановичтин агасы атылып, иниси өзүн аткан. Шверниктин жалгыз кызынын күйөөсү Стах Ганецкий атылган. Сталиндин аялы Надежда Аллилуева өзүн-өзү өлтүргөн. Анын сиңдисинин күйөөсү да атылган. Серго Орджоникидзе өзүн өзү аткан (өлтүргөн деген да кабар бар), Молотовдун жооптуу кызматындагы аял камакка алынган. Калининдин революционер аялы Екатерина Ивановна сүргүнгө айдалып, көп жылдар ГУЛАГдын санчасында кир жуугуч болгон. Ал абышкасы катуу ооруп жатканда 1945-жылдын акырында гана сүргүндөн бошотулуп, 1946-жылы Калининдин казасына катышкан. Ворошиловдун кайнатасы менен кайненеси камакка алынган. Аялы Екатерина Давыдовна кандайдыр себептер менен камалбай калат. Мындай тизмени узата берсе бир далай.

Сталинге кулдук ургандар керт башынын аман калышы жана мансап кызыкчылыгы үчүн бардыгына барган. Булар аялдарынан, балдарынан, жакындарынан ажырап, эмнеге ушунчалык кошомат кылганына акыл жетпейт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз