Азин Несин: Үч периштенин энеси

  • 14.09.2022
  • 2055

АҢГЕМЕ

Абышка кадамын араң шилтеп баратты. Кыялында түркүн түмөн ойлор бири экинчисине алмашат. Алар мындай болчу:

“Тулку боюңдагы өз салмагыңды жеңилдетүү баарынан кыйын!” “Автоунаалар жиниккендей өтүп барат...” “Кызык: салмагың азайган сайын ары-бери жүрүш оор экен...” “Автомобилдер биринен бири байманалууу, кооз, түркүн үлгү, түмөн түс!...”

“Кызык: таразага тартса мен канча кил чыгам? Элүү килограмм! Оо, жок. Көп болсо, кырк беш!..”

Ал жөтөлдү да, анан күрсүнүп койду: “Мени мындай жашоого туш болот деп ким ойлоптур?.. Менде бир аз чака болгондо эле эки токочко жетер!... Анан бир ыстакан ысык чай келгидей...”

Автоунаалар бири менен бири куушуп өтүп жатты. Аңгыча жылтыр көгүш лимузин көрүндү. Лимузинди ай чырай, кишини эргиткен аял айдап алган. Чачтары укмуш сеңселет. Автоунаа жүрүшүн жайлатты. Карыяга руль кармаган селки бериге абай салгандай туюлду.

Жаактары ичине шимирилген арык абышка мыйыгынан жылмайды да: “Менин эми бузукулук кылбаганым эле калды окшойт.”

Көгүш жылтыр машина алды жакка өтүп токтоду. Карыя ага жанашканда аял башын машинадан чыгарды. Жок, аксакал жаңылган жок: селки чынында эле аны тиктеп турган.

Көгүлтүр лимузин алдыга өтө берип, кайра токтоду. Аял карыядан көзүн алган жок. Абышка: “Балким адашкандыр, кимдир-бирөөгө окшотуп аткандыр? Же мага боору ачыдыбы? “Мен ага жагып калган жокмунбу?” – деп көңүлсүз ойлоду.

Көгүш лимузин улам алдыга өтүп, кайра эле токтоп турду. Абышка көчөнүн сол жагына өттү. Сулуу аял машинасынын ошол жактагы айнегинен кароосун улантты. Карыя бөйрөгүн таяна калып: “А жаш кезимде сымбаттуу экенимди сөз кылышчу” –  деп компойду.

Ал көчөнүн сол жагына кайра өттү. Көгүш лимузин ага жанаша келип токтоду да, аял айнек аркылуу үн катты:

– Эшикти ач да, олтур!

Абышка эмне кыларын билбеди. Бирок селкинин күлүмсүрөгөн жүзү ага кайрат бергендиктен машинадан орун алды. Лимузин ордунан жылды. Унаа ээси үн салбады. Абышка да унчукпады. Машина чоң үйгө жетип токтоду. Кире бериште аларды кызматчы аял тосуп алды. Ал карыяга кыйгачынан таң калыштуу карады.

Алар кең бөлмөгө киришти. Аял орундукка жайгашып атып, абышкага буйрук берди:

– Чечин!

– Мырза айым, жуунуп алганга уруксат этиңиз.

– Чечин деп жатам!

Калыбы, селки ушунчалык эле чыдабай баратса, өтө ачыңкыраган өңдөнөт. Карыя үстүнөн кир, жыртык көйнөгүн сыйрыды.

– Шымыңды да чеч!

Абышкада эми күмөнсүрөө калган жок. Ал ачкалыгын жана чарчаганын унутту. Келиндин жоон сандары менен тирсийген көкүрөгү анын көз жоосун алды. “А эмнеге болбосун? – деп ойлоду карыя. – Мен – анын каалоосумун! Жүрөгүнүн буйругу менен ал мени гана тандап алды!”

“Теңирим! Мени маскара кыла көрбө!”– деген жалынуу менен ал шымын чечип, үй ээсине жакындады.

– Ички кийимиңди да чеч! – деп буйруган аял кийин коңгуроонун седебин басты. Кожейкедей эле сулуу ургаачы нөкөр кирип келди.

Карыя кооптонду. “Бул эми өтө аша чапкандык! Менин жашымда эки аялга жетишүү кыйын!”–  деп ойлоду.

Кожейке нөкөр аялга кайрылды:

– Тарбиячыга айтыңыз, балдарды бул жерге алып кирсин!

Нөкөр чыгып кетти. Абышка жылаңач турду. Үшүгөнүнөнбү же толкунданганынанбы – ал калчылдап чыкты. Ал мурда бир сулуунун, көзүн боёгон күйөөсүнөн өч алуу үчүн алдынан чыккан эркекти үйүнө чакырып алганын уккан эле. “Мени кек алуучу куралга айлантууну каалап жатат”, –  деп ойлонду абышка. Көрсөтмө курал болгонго, ал сөзсүз жарамак.

Бөлмөгө тарбиячы, нөкөр аял жана үч бала кирди. Эки кыз, бир эркек. Балдардын улуусу – он жашта, кенжеси болжол менен алтыда. Көзгө сүйкүм үч периште. 

“Тарбиячы менен нөкөр аялды го, мейли шайтан алсын! – деп ойлонду. – Бирок балдардын алдында...”

Чалдын буттары эки таяктай, колдору жиптей, мойну – самандай ичке. Анын кабыргаларын, атүгүл ыраактан эле саноого болот. Киши эмес, сыртынан сары кир тери менен оролгон арбактай туюлат...

Кожейке тарбиячыга кайрылды да:

– Айсел бүгүн тамактандыбы?

– Өтө аз жеди. Какаону ичпеди, –  деди тарбиячы.

– А Гекселчи?

– Ал тап-такыр тамак жеген жок.

– А, Алтанчы?

– Шоколаддын майда бүртүгүн гана жутту.

Сулуу кожейке балдарына бурулду да, арык, кирдеген кишиге сөөмөй нускап:

– Бул кишини көрдүңөрбү? Ал арыктап, сөөккө айланды. Эгер оокат жебесеңер, силер да дал ушундай болосуңар.

Үч периште чочулаган түрдө энесинин жоон сандарына жабышты. Келбеттүү аял кынжыйган абышкага өкүмдүү түрдө:

– Эми ылдам кийин да, тез чыгып кет!

Орусчадан оодарган Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз