Архив: «Маш ботой» заманы бүтүп, «Көкөй кести» заманы келди

  • 15.09.2022
  • 2290

Өткөн жумада Абдувахаб Мониев чалыптыр. Кыргыздын биринчи генералы, Чыгыш Түркстан деген өлкө түзөбүз деп, анын Аскер министри катары кызмат аткарууга киришип жатып, белгисиз жагдайда учак кырсыгына кабылып каза тапкан атактуу Исакбек Монунун урпагы. Мыкты журналист, мыкты жигит. Тоого кеткенмин, Чөгөмдөмүн дейт. Интернет да жок аскалар ичиндемин, топоздор оттоп жүрөт дейт. Менде болсо ал уюштуруп даярдаган бир материал бар экен. Аны сиздер да окуп коюңуздар.

Кылым тогошуп жаткан жылдарда Мелис Эшимканов жетекчилик кылган «Асаба» газетасынын редакциясы жазуучу Мурза Гапаров менен тыгыз байланышта иштешип, анын макалаларын, ырларын, маектерин басып турган. Мына ошол кезде редакцияда «Түз байланыш» деген ыкма уюштурулган, б.а., редакцияга чакырылган конокко окурмандар телефон аркылуу суроо берип, ошол суроолоруна жооп алчу.

Мына ошондой түз байланыштын бир жолку мейманы М.Гапаров болгон.

Асатилла Бурханов (Ош шаары) : - Ассалому алейкум Мурзаке!

- Алейкума ассалом!

- Мен сиздин чыгармаларыңызды өзгөчө кастарлап окуган, талантыңызды жогору баалаган окурмандарыңыздын катарына кирем. Сиздин жеке турмушуңуз жөнүндө билгим келет. Деги азыр кантип жашап жатасыз, Мурзаке?

- Кудайга шүгүр, эл катары. А, эл болсо кыйналып жашап атат, ыйлап-сыктап. Турмуштун түрү өзгөрдү, үка. Анын акварель боёгу менен тартылган мурдагы айдың ажары азыр пастель менен тартылгансып, бозоруп, өңү өчүп калды. Ушундай кунарсыз турмушту күн сайын карай берсең, көңүлүң чөгүп, муң баса берет экен. Ошондуктан мен аны карабас үчүн, аны көрбөс үчүн өзүмдүн кыялыма качамын. Кыялымда өзүм эңсеген кооз турмушту куруп алып, анын ичинде жашап, анан ошол турмушту жазып отурам. Повестке, пьесага айлантып...

Абдыкерим Муратов (Бишкек шаары): - Мурза аке түштүктү сагындыңызбы?

- Сагындым үка.

- Мен жакында түштүктү кыдырып келдим.

- Сен менин ичимди күйгүздүң.

- Ноокатта болдум...

- Демек, гүлдөгөн бадамдарды көрүпсүң, гүлдөгөн өрүк-шаптоолуларды көрүпсүң. Алар мени эстеринен чыгарып да койсо керек. Эки жаздан бери бара элекмин...

- Баткенде болдум...

- Демек, Сок дарыясын бойлогон экенсиз. Жакында Соктун жээктеринде жапайы розалар-гүлсоогандар гүлдөшөт...

- А мен сиз жазган Айгүл тоого чыктым, айгүл гүлүн жыттадым.

- Токтот, үка! Жетишет, болбосо экөөбүз уруша кетебиз (Ортодо күлкү).

- Болуптур койдум, Мурзаке. Анда башка суроо: «Разияны эскерүү» деген пьесаңыз бар эмес беле? Ошол пьесанын жазылыш тарыхы кандай?

- «Разияны эскерүү же өзүбүздү өзүбүз ойнойбуз» деп аталат анын толук аты. Жетимиш жетинчи жылы жазсам керек эле. Анда мен Ош кыргыз драма театрында иштечүмүн. Ошол жылы биздин театрда бир кайгылуу окуя өттү. Бир актриса кызыбыз капилеттен каза болду. Анын өлүмүнө өз театрыбыздын деректири жана анын досу күнөлүү деген каңшаар тарады шаарга. Мен мунун чынын азыркыга чейин анык билбейм. Билгим да келбейт. Бирок ошол кезде бул окуя мага катуу таасир кылган. Чыгармачылык фантазиямды жалындаткан. Көп өтпөй, артисттердин турмушуна арналган жанагы пьесаны жаздым. Анан аны театрдын башкы режиссеру Искендер Рыскулов койгонго киришти. Ал жөнүндө эшикке кулактандыруу да илип таштадык. Бирок... пьеса спектаклге айланбай калды. Ош обкомунун жана Кыргызстан КП БКнын идеология бөлүмдөрүнүн жетекчилери бизге көздөрүн алайтып, колдорун кезеп коюшту.

Зарлык Ажиев (Бишкек): - Мурза аба, кайсы чыгармаңызды өз чыгармачылыгыңыздагы туу чоку катары эсептейсиз?

- Мен чыгармачылыктын туу чокусуна чыга элекмин али. Чыга албай армандамын. Бирок сурооңду түшүндүм. Өз чыгармаларымын ичинен «Күнөстүү арал» повестим, ошол эле повесть боюнча жазылган пьесам жана «Туздуу чөл» аттуу трагикомедиям өзүмө көбүрөөк жагат.

- Мен ошол «Туздуу чөлүңүз» боюнча коюлган спектаклди көргөм. Анда кандайдыр бир табышмактуулук, өзүнчө бир психологиялык чырмалыштар бар. Ошол пьесаңыз эмнеден улам жазылган эле?

- Түштөн улам. Бир жолу мен жаман түш көрдүм. Түшүмдө адам өлтүрүптүрмүн. Анан ал адамдын өлүгүн бир бейтааныш бактын ичине сүйрөп барып, гөр казып көмүп салам. Анан өзүм арып-чарчаган денемди бакка жөлөп отуруп калган болом. Ошо кезде катуу жаан жаап кирет. Ал жаан көз алдымда гөрдүн топурагын жешилтип, көмгөн адамым ачылып калат. Бул менин айыбымдын ачылганы эле. Мен өзүмдүн күнөөмдү толук мойнума алып, кылган кылмышым үчүн каңырыгым түтөйт. А ойгонуп кеткенден кийин дароо жеңилдеп, ушунчалык сүйүнгөн элем. Мына ушу коркунучтуу түш «Туздуу чөлдүн» башкы лейтмотиви болгон.

- Театрларда спектаклдер коюлбай, коюлса да эл барбай калды. Ушундан улам, адабиятта драматургия жанры өлдү деген ой бар?

- Туура. Драматургиянын тагдыры татаал азыр. Драматург драмасын жазып алып, аны кайда алып барарын билбей арсар. Мурдагы маданият министрлиги жоюлган, анын репертуардык коллегиясы жок. А алардын милдети жүктөлгөн илим-билим жана маданият министрлиги деген жерге барсаң, пьеса деген эмне экенин жакшы түшүнүшпөйт. Түшүнсө да драматург менен келишим түзүшпөйт: мамбюджеттен ага акча каралбайт имиш. Анда автор өзүнүн трагедиясын көтөрүп алып театрга барат. А театр ага калем акы бермек тургай, «трагедияң коюлсун десең, спонсор таап кел» деп айтат. Анын айтканы да туура: анткени акчасы жок. Өкмөт бөлгөн спектаклге эмес, артисттердин айлыгына араң-араң жетет. А артисттердин айлыгы болсо, айта көрбөңүз! Республиканын эл артистимин дегендер үч жүз элүү сом алышат. Деги эле, жалгыз драматургия жанры эмес, жалпы кыргыз искусствосунун көз жашы көлдөп турган заман азыр.

Болотбек Бөкөлөев (Бишкек): - Азыркы жаштар поэзиясы жөнүндө оюңузду уккубуз келет?

- Кыйын суроо бердиңиз, Боке. Себеби, акыркы учурда жаштардын поэзиясы эмес, карттардын поэзиясын да окубай калдым. Анткени, басылбай атпайбы алардын жазгандары! Мурдагыдай ыр, поэма баскан гезит-журналдар жок. Китеп чыгарар басмалар өздөрү басылып, тумчугуп жатат. А окубагандан кийин ким кандай акын, ким кандай жазуучу экенин айтуу кыйын да...

Эркин Кожогелди (Чоң Алай району): - Биз бүтүн кыргыз совет жазуучуларынын чыгармаларын окуп чоңойдук. Анан эс тартып, аркы-теркини териштиргенге өсүп жеткен кезде эле карасак, сиз, Кенеш Жусупов сыяктуу бирин-экин жазуучу эсте калбаса, мурда окугандарыбыздан кымындай таасир калбаптыр. Ушундан улам биз кыргыздын жазуучуларын мамлекет зордоп эле жазуучу кылып, идеология жарчысына айлантканбы деген ой келет?

- Ырас, СССРдин заманында «андай чертпей мындай черт» деген идеология болгон. Ага көпчүлүк «чертмекчилер» өз кызыкчылыгы үчүн, албетте, унчукпай баш ийип, ошол идеологиянын каалаганындай чертип беришкен. Бирок көпчүлүктүн арасында сыртынан «Маш ботойду» черткен болуп, а ичинен сыздап, өзүнүн муңдуу кайрыктарын кайрып келгендер бар болчу. Мына эми, «Маш ботойдун» заманы бүтүп, «Көкөй кестинин» заманы келген кез. Шондуктан азыр «Маш ботойчулар» пенсияга чыгып, «көкөй кестичилер» өздөрүнүн ички кайрыктарын кайрып отурушат. А алардын муңдуу күүсүн уккандар аз. Кечирип коёрсуз, Эркин иним татаал суроңузга татаал жооп бердим.

- Чыңгыз Айтматовду жазуучу катары кандай карайсыз? Анын чыгармаларына жеке бааңыз?

- Айтматов жөнүндө айтыш кыйын. Твардовский жазгандай: «Тут не прибавишь, и не убавишь». Чыңгыз Айтматов деген советтик адабияттын, соцреализмдин тирүү классиги: Социалисттик Эмгектин Баатыры. А окуучу катары: ал менин жазуучум эмес. «Мен Прощай, Гүлсарыга» караганда «Прощай, оружиени» окуганды жакшы көрөм.

Алмаз Жолдошев (Ноокат): - Сиз «Заман Кыргызстан» гезитинде башкы редактор болуп иштеп жүрдүңүз эле. Анда эмнеге кетип калдыңыз?

- Карыдым, арыдым. Анан пенсияга чыктым. Ошол.

Максат Шадиев (Ноокат): - Сизди кичи мекениңиз Ноокатта жогору баалашат. Баарыбыз сиздин чыгармаларыңызды баса калып окуп келатабыз. Мурдагы жылы бекен «Кыргыз туусу» гезитине «Экөө ээн бакта» деп аталган аңгемеңиз чыккан эле. Ушул сыяктуу акыркы кездери жазган чыармаларыңыздын тагдыры бизди кызыктырат. Алар жакын арада китеп болуп чыгабы?

- Чыгат. «Кыргызстан» басма үйүнөн. «Экөө ээн бакта» деген ат менен.

Миргүл Боронбаева (Бишкек): - Мен өзүм базарда иштесем да адабиятка аябай кызыгам. Бирдемелерди чиймелеген да болуп жүрөм. Сиз менен байланышып кеп-кеңеш алсак болобу?

- Болот. Мени менен «Асаба» аркылуу байланышыңыз.

Муктар Курбанов (Араван району): - Сиз мурда киносценарист катары да белгилүү болчусуз. Союз маалында кино тартылса, өкмөт анын авторлоруна өтө эле көп акча төлөшчү дешет. Эгер жашырбасаңыз, «Көчө» көркөм фильминин сценарийин жазгандыгыңыз үчүн канча калем акы алгансыз?

- Жашырбайм. Санап туруңуз. «Көчө» фильми 1972-жылы тартылган. Фильмдин сценарийи республикалык конкурста үчүнчү сыйлыкка ээ болгон. (А биринчи, экинчи сыйлык эч кимге ыйгарылган эмес. Сыйлык 750 рубль болуучу. Бир деңиз. Кийин сценарийди «Кыргыз-фильм» студиясы 6000 (алты миң) рублга сатып алган. Эки деңиз. Үчүнчүсү тиражга төлөнүүчү гонорар. Фильм бүткөндөн кийин, тираждалып, анан бүткүл союздук экранга таркатылчу. Эгер тиражы 100%ке көбөйтүлсө, автор киностудиядан алган акчасын дагы жүз процентке көбөйтүп алат. «Көчө» фильмин 200% тираж менен чыгарышыптыр: бул деген 12 миң руль болот. Албетте, налог-палогу кармалып отуруп, тогуз миң колума тийген. А ал кезде тогуз миңге эки жаңы «Москвич» келчү. А мен болсо бул акчага Ноокаттагы Нойгут айылына кирпич менен беш бөлмөлүү үй салдым. Калганын жаштыкка, мастыкка арнадым...

- Азыркы кыргыз киносунун акыбалы кандай? Деги эле кыргыз киносунун эртеңки тагдыры эмне болот деген ойдосуз?

- Кыргыз киносунун акыбалы жаман. Советтик кино советтик акчага тартылчу. Советтик акча келбей калгандан кийин, советтик кыргыз киносу да кошо өлдү. А советтик эмес кыргыз киносуна кыргыз өкмөтү акча бөлбөйт. Кудайга шүгүр, жанагы атагы ааламга чыгып аткан Актан Абдыкалыков менен Темир Бирназаров өз кинолорун чет элдиктердин акчасына тартып, дүйнө жүзүнө Кыргызстанда кино искусство деген бар экенин даңазалап, кыргыз элине атак-даңк алып келип жатышат. Аларга алкыш айтабыз, албетте. Алардын ысымы менен Кыргыз киносунун жаңы толкуну «новая волнасы» башталып кетсе ажеп эмес.

Төлөгөн Сулайманов (Бишкек): - Акыркы кездери адабий процесс токтоду. Кыргыз адабияты сөздүн чын маанисинде эле «өлдү» деп атышат. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз? Эгер кыргыз адабияты кайра тирилер болсо, ал кайсы өңүттө өнүгүшү мүмкүн?

- Албетте, адабий процесстин агымы соолуп бараткандай көрүнөт. Бирок адабиятыбыз өлгөн жок. Ал өлүшү мүмкүн эмес. Мына бул кыйын кезеңде жазуучулар дагы эл менен кошо кыйналып, очокторунда оту өчүп, күл астында басылып турат. Кудай буюрса, турмушубуз аста-секиндеп барып акыры оңолот. Ошондо элге келген жаз жазуучуларга да кошо келет. Анан алардын чыгармачылык коломтосу кайрадан жалынга айланат. Жаш, билимдүү, таланттуу жазуучулар келет адабиятыбызга. Жаңы толкун келет. Бул толкундагы жазуучулардын көңүлдөрү куунак, аң-сезими эркин болуп, эч кандай идеологияны, эч кандай цензураны билбеген, эмнени жазам десе, кантип жазам десе өздөрү билип, чыгармачылык фантазияларынын төрт тарабы кыбыла болот. Алар кыргыз адабиятын жаңы деңгээлге көтөрүп, жалпы дүйнөлүк адабиятка барып кошула турган профессионалдуу адабиятты жаратышат. Мен буга ишенем.

Бейше Асылбеков (Жети-Өгүз району): - Сыйлыктан баш тарткан адам дүйнөдө аз эмеспи. Орус жазуучусу Солженицындин президент Ельциндин сыйлыгынан баш тарканын кандай түшүнсө болот?

- Мен аны жазуучунун Ельциндин жүргүзгөн саясатына нааразылыгын билдирген «жести» деп ойлоймун. Анын үстүнө Нобель сыйлыгынын лауреаты үчүн бул оңой эле иш да. Өз учурунда Нобелден баш тарткан Пастернакты эстебейсизби? Мына ошону эрдик, айкөлдүк десе болот. Хотя его вынудили...

Камбар Дооронов (Бишкек): - Мурзаке, алгачкы «Кызыл беде» аттуу повестиңизден баштап эле сиз кыргыз адабиятындагы романтикалык багыттын баштоочусу болдуңуз эле? Сиздин ошо чыгармаларыңызды ийине жеткире изилдеген адабиятчылар болдубу?

- Жок. Чала-була чарпып өткөн сындарды айтпаганда.

- «Нойгуттун кызын издеп...» деген Баткендин Зардалы өрөөнү жөнүндө романтикалык чыгармаңыз бар эмеспи. Аердеги акыркы окуялар сиздин андагы романтикаңызды талкалап салган жокпу?

- Албетте, баскынчылар адебей эле Зардалини басышты. Зардали тоо арасындагы кичинекей өрөөн. Ал жерде 16-кылымда Кытайдан ооп келген кыргыз-нойгутттун тукумдары жашашат. Өрүкзарлуу кооз жер. Жумуртка салсаң бышырчу ысык суулары агат. Мен өзүм нойгут болом. Демек, Зардали менин ата-бабаларымдын өрөөнү, ата-журтум. Шондуктан да ал каракчылардын колунда калганда жүрөгүм канаган. Алыста туруп азыр да анын тагдырына кабатыр болуп отурам. Ал эми менин чыгармачылык кыялым, фантазиям болсо али өчкөн жок. Ошол Зардалини «Көпөлөк өрөөн» деп атап, жаңы повесть жазып атам. Повесть 16-кылымда Кытайдан ашып келип, Зардалини өздөштүргөн, аны күнөстүү аралга, көпөлөк өрөөнгө айланткан нойгут жигит жөнүндө. Жигитин аты Сакы. Өзү жоокер болгон. «Зардали», «зардал» деген сөз «Манаста» да бар. Жол башчы дегенди түшүндүрөт.

Эркалы Өскөналы уулу (Жумгал району): - Мырза аба, «Кыштакча» деген повестиңизде мергенчилик кылып, теке атканыңызды жазгансыз. Ошол текеден чын эле уялган белеңиз?

- Чын эле уялганмын. Куду Сурэчкинин абышкасы Алабашты аткылап аткансып, өзүмдү пас сезип кеткенмин.

Муктар Курбанов (Араван району): - Мурза аба, жаңылбасам, мындан 9 жыл илгери мындай бир кызык ой: Сикибу, Сей-Сенагон, Ясунари Кавабата сындуу чыгыштын классикалык поэзиясынын өкүлдөрүн, а кыргыздардан манасчылар Сагымбай менен Саякбайды гана дарс окууга чакырып, идиректүү балдар үчүн өзүнчө бир адабий коллеж ачсам деген оюм бар деп чыктыңыз эле. Ал айтканыңыз тек гана кыял беле же?

- Кыял экени чын. Бирок ал кыялымды азыр аста секин ишке ашырып атам. Бул үчүн атайлап бир жертөлө-подвал сатып алганмын. Подвалым ремонттолуп атат. Кудай кааласа, жакында жазуучулукка ынтызар жаш прозаик, драматург, киносценаристтерди тандап, өз өнөрканама чакырам. Өнөрканама тамашалап ат коюп алганмын. Аты «Караван сарай...»

Акназар Шарипов (Алай району): - Мурза аба, тагдыр тамашасы менен сиз азыр Кыргызстандын президентти болуп калдыңыз дейли. Анда эмне кылат элеңиз?

- Тамаша сурооңо-тамаша жооп... Сексен сегизинчи жылы мен «Туздуу чөл» деген пьеса жазганмын. Пьесанын каарманы бир белгисиз республиканын Президенти. Ал кезде прездент деген түшүнүк кыргыздардын түшүнө кире элек болчу. А менин Президентим болсо буга чейин өз республикасын жыйырма беш жыл бою башкарып келген. Бул чейрек кылым ичинде, өзүнүн айтымында ал: өз өлкөсүнүн сууларын тескери агызган, чөлүн – көлгө, көлүн – чөлгө айланткан; ар бир айылга оорукана, төрөткана, наристекана, жетимкана, дебил бала жана башка балээканаларды ачат; өлкөдө темирдей тартип болсун деп, кадам сайын түрмө салып, жиндикана куруп, жалапкана кармайт; бийликтин ар бир креслосун сатат... Акырында өзү акылынан айнып, аргасыздан кансарайдагы бактысын таштап, бирок, тактысын, азыркыча айтканда, креслосун артына байлап алып, дартына даба издеп кумдуу чөлгө жөнөп кетет... Эгер мен президент болуп калсам, адегенде ошол Президентим үчүн элден кечирим сурайт элем. Андан кийин ал президенттен калган кансарайды жалпы элге приватташтырып берип, өзүм болсо андагы бактымды таштап, тактымды таштап, кайрадан машинкамдын маңдайына отуруп калат элем. Отуруп, кыялымда болсо да бир жолу Республиканын Президенти болгонум жөнүндө жаңы пьеса жазат болчумун...

Азамат Эркинов (Бишкек шаары): - Азыркы жаштардын ичинен сизге кеңеш сурап кайрылгандар барбы? Мен да аңгеме-саңгеме жазып жүрчү элем. Сизге барсам карап бере аласызбы?

- Жардам сураган жаштар көп. Жакында мен алардын баарынын башын бириктирейин деген үмүтүм бар. Бул үчүн, жана да айтып кеттим, атайлап «Караван сарай» аталган өнөркана ачып атам. Ошол жерге сен да кел. Менин дарегимди «Асаба» аркылуу сураштыр.

Алия Бекбосунова (Талас шаары): - Мурза аба, азыр сиз кандай чыгармаларды жазып жатасыз? Же такыр эле жазбай койдуңузбу?

- Кантип жазбай коеюн, кокуй?! Эшиктеги турмушту көрбөй турасыңбы? Ошол турмуштан качыш үчүн да жазышым керек. Мен өзүмдүн кумдан тургузган сепилимде жашагым келет, кыялымдын кыялдарында кыялап жүрүп өлгүм келет... Акыркы жылдары мен көбүнчө театр үчүн жазып атам. Бирок пьесаларымды көрүүчүлөр көргөнү менен (а азыр театрга деле эл барбай калбадыбы) окуучулар окуша элек. Булардан тышкары, ушул учурда дагы жаңы пьеса, повесть, аңгемелерди жазып атам...

Алтынбек Жапаров (Бишкек шаары): - Чынгыз Айтматовдун саясатка аралашкан акыркы иш-аракеттерине кандай карайсыз?

-Айтматов саясатка азыр эле эмес, оо алыстан бери эле аралашып келатат. А кишинин өмүрүнүн көп ай-күндөрү ар кандай съезд, пленум, конгресстердин президиумдарында талыкшып отуруп, трибуналарда чечен сүйлөп өттү окшойт. Эми калган өмүрү да ошентип өтөт го деп ойлойм...

Чынара Азимова (Бишкек шаары): - Жубайыңыз, кызыңыз – үчөөңүздөр биргелешип жазган пьесаны гезиттен окуган элек. Ошол үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

- Кызым Айкыз, аялым Галия үчөөбүз шериктеш болуп, сиз окуган «Караван сарай» аттуу пьесаны жазганбыз. Ал пьесабызды быйыл «Тунгуч» театры койгону турат. Мүмкүн кээ бир окуучу-көрүүчүлөр менин аялым менен кызымдын чыгармачыл кишилер экендигинен шек санашар, мага кошулуп пьеса, киносценарий жазышкандарына ишенбеси мүмкүн. Жок, андай эмес. Мисалы: «Караван сарайдын» жазылышына кызым Айкыз себепкер болгон. Пьеса немец классиги Вильгелм Гауфтун «Муздак жүрөк» жомогунун нугунда жазылган. А жомокту болсо бизге кызыбыз сунуш кылган: ушул боюнча биргелешип пьеса жазалычы деп. Мындан тышкары кызыбыз ыр, жомок жазат. Бир ыры кыргыз, орус, англис тилдеринде жарык көргөн «Манас» балдардын көзү менен» деген китепке кирген. Быйыл болсо чакан повесть бүтүрүп, анысы өзү окуган мектептин журналына басылды. Айкыз азыр он төрт жашта. А аялым жөнүндө айтсам, мындай: Галия мага күйөөгө чыкпастан мурда эле аңгеме жазып, аңгемелери орусча гезит-журнал, альманахтарга басылып келген. Балдар киносу үчүн жазылган сценарийи республикалык конкурста үчүнчү орунга ээ болгон. Экөөбүз биригип бир нече пьесаларды жаздык. Алардын айрымдары: «Киотого кеткен жол», «Аялдардын деңизи», «Бар үмүтүм сенде, София Булан», «Өлгүм келет, спонсор керек», «Мээримдүү Мери» аттуулар ар кайсы театрларга коюлду. Галия – чуваш кызы, өзүбүздүн Токмокто туулуп өскөн. Филолог, мугалим. Жакында кырк жашка чыгат. Эл көзүнчө мени сиз деп сыйлайт, өзүбүзчө «сенсиреп» сүйлөшөбүз.

Бакай Сасыкулов (Бишкек): - Азыр акын-жазуучумун дегендин баары эле Акүйдү мактоого өттү. Сиз эмне үн катпайсыз?

- Акүй мактоого арзыбайт. Анын үстүнө мен арзымат эмесмин. Арзыматчылыкты сындап келатам.

Азиз Сейитбеков (Тажикстан, Мургап району): - Мурза, ассаломалейкум.

- Алейкумассалам.

- Тааныдыңбы мени?

- Жок...

- Анда өзүңдүн «Кыштакчанды» элестет, андагы өзүң мугалим болуп иштеген мектепти, ошо мектептин жаш завучун эсте.

- Азиз! О, каяктан дос?!

- Сенин Бишкегиңден. Биерде кызым иштейт, уулум окуйт. Булардан тышкары Чүйдө үч жүз түтүн мургаптыктар жашайт. Ошолорду көргөнү келгем.

- Мына эмесе. А мени кайдан таап жүрөсүң?

- «Асабанын» жарыясын окудум.

- Ырахмат, достум. Кандай анан, менин кыштакчамдын эли эсенби?

- Кудайга шүгүр ыйлап-сыктап жашап атышат.

- А «Кыштакчанын» атактуу мергени, Чыныбай абам аманбы?

- Өткөн кышта өтүп кетти ал киши.

- О-о, бакжайган Бакайым... жаныңыз жанатта болсун ылайым... Жок, дос, ушуну менен суроо-жоопту токтотолу. Калган сөздү үйдө сүйлөшүлү. Маңдай-тескей отуруп алып, экөөбүздүн Памирибизди эскерели.

«Түз байланышты» уюштураган Абдувахаб Мониев

(«Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» деген Абдыкерим Муратов түзгөн китептен)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз