Таалайбек Абдиев: Салижан Жигитовдун жоруктары

  • 16.09.2022
  • 3133

Бир жолу Мухиттин Гүмүштүн кабинетинде отурсак, Салижан абам келип калды. Бир аздан кийин башка түрк мугалимдер да келишти. Салижан абам аркы-беркини сүйлөп, адатынча баарыбызды күлдүрүп отурду. Бир кезде түрк мугалимдер ага проректор катары арызданып калышты: «Салижан бей, бул жердин полистери (милициялары – Т.А.) эмне деген адамдар? Жөө чыксак, өзүбүздүн документтерибизди текшерип, акча алышат. Машине менен чыксак, анын документтерин сурамыш болуп акча алышат».

Салижан абам ойлонбой туруп: «Эми ал кысталактарга Акаев 400 сом айлык берип, калганын Мухиттин бейден алып аласыңар десе, алып атышат да», - дегенде баарыбыз кыйрап күлгөнбүз.

*     *     *

Салижан абам университетте иштеп жүргөндө, жооп бералбаган бир абитуриентти эл көзүнчө минтип тилдеген экен: «Же мээң жок, же ээрчитип келген ээң жок, же жетелеп келген бээң жок, мен сени кантип өткөрөм, ыя?»

*     *     *

Азиз Салиев бир жолу: «Философия, эстетика боюнча көп эле эмгек кылдым, канча китеп жаздым, бу кыргыздар анын деле баркына жеткен жок, баркына жетмек турсун окуп да койбойт», - деп наалыса, Салижан абам: «Эми Азиз Салиевич, биз өзүбүздөн кийинкилерге кык болуп берсек болду да», - деп жубаткан экен.

*     *     *

Биздин айылдан Алимбай Абжапаров деген тележурналист бар эле. Салижан абам анын өкүл атасы экен. Ал аялы урушкан сайын эле келип, ажырашабыз дей берет. Абам болсо өкүл атасы болгон соң аркы-беркини айтып жараштырып койчу экен. Дагы бир жолу ошентип келишкенде Салижан абам тажаганынан: «Эми ажырашсаңар, ажырашып эле алгыла. Силер ажырашабыз дегенден бери биздин Акбар (Салижан абамдын жалгыз уулу) экини алып, ажырашып, эми үчүнчүсүн алып ийсемби деп турат», - дептир. «Ошентип койсом, намыстанып ажырашып кетишпедиби кудай ургандар», - деп күлдүрчү.

*     *     *

Акбар үчүнчү аялына үйлөнгөндөн кийин досу Кеңеш Жусупов уулунун үйлөнүү тоюна чакырат. Салижан абам тойго барып, досуна: «Эми Кеша, уулуң кыйын чыкса, көп келиндин колунан чай ичесиң», - десе, тиги киши чочуп кетип: «Кокуй, антпе, Саке, бир келиндин эле чайы буюрсун»,- деп ийиптир.

*     *     *

1998-жылы Лондонго эки айга окууга кетип баратам десем, Салижан абам: «Мага жолуга кет, Би-Би-Сиде иштеген кыргыз балдардын дарегин берейин, балким, кереги тийип калат»,- деп калды. Жаӊы ачылган «Манас» университети ал кезде 13-мектептин капталындагы Разак акенин бала бакчасында экен. Барсам: «Түрк ректор менен тааныша кет, балким, келгенден кийин бизде иштеп каларсыӊ», - деп калды. Биз киргенде ал киши ордунан туруп: «Келиӊиз, Салижан бей, отуруӊуз», - деди эле, абам: «Жок, Ариф бей, менин отурганым менен турганым бирдей эле, отурбай эле коёюн», - деп каткыртканы эсимде. «Бул кысталак Петербургдан жактап келди кандидаттыгын. Англисчени, орусчаны жакшы билет», - деп апендинин кызындай мактап кирди эле, Ариф бей Лондондон келгенден кийин дароо бизге келип иштеӊиз деп Юдахиндин эки томдук «Кыргызча-түркчө сөздүгүн» карматкан. Ошентип, ошол жылы күздөн баштап «Манас» университетинде иштеп калдым.

*     *     *

Биз менен чогуу иштеген Эгемберди деген мугалим бар эле. Ал мурун энциклопедияда Салижан абам менен чогуу иштеген экен. Эгемберди аке ал убакта Орузбаевадан тема алып иштеп жүргөнүн билчү экен. Кийин турмуш шартынан улам Эгемберди аке илимий иштерин токтотуп коюптур. Салижан абам жолуккан сайын: «Ой, кудай урган, баягы кандидаттык ишиңди бүтөйүн дедиңби», - деп сураганда, ал бир чети уялып, бир чети коркконунан: «Бүтөйүн деп калды, Салижан аке», - деп койчу экен. Бир жолу жолугуп калып, баягы жообун уккан соң: «Кысталак, ушу сен ишиңди ташка чексең да бүтө турган болдуң го»,- деген экен.

*     *     *

Салижан абам досу Ашым Жакыпбековду бир жолу минтип тамашалаган эле: «Ашым сыяктуу ынды каралар кыргызда болчу эмес эле деп таң калып жүрсөм, көрсө, илгери кыргыздар Кокондун ордосун кан талоон кылганда, таластык кыргыздар бир индиялык кызды Таласка алып кетишкен экен, ошол кыз ушул Ашымдын чоң энелери болот имиш».

Ал өзү капкара киши болгондуктан буга биресе карсылдап каткырганы менен, бир эсе чычалап да турду, досуна не каяша кайтаруунун оңутун издеп.

*     *     *

«Революция каармандарына» аттуу эстелик ачылган күнү Салижан абам эл көп болот ко деген ой менен барбай коёт да, кийинки күнү барат. Ал жерде абамын сөзү менен айтканда, ага окшогон кыйтырлар көп экен дейт. Баары эстеликти карап туруп калышат. Бир маалда ары жактан Насирдин Байтемиров келатат дейт. Салижан абам ага тийишип: «Наке, бу катындын эстелиги жакшы чыккан ээ?», - десе, Насирдин буйдалбай туруп: «Бул катын эмес, революция, революциянын жынысы болбойт», - деп жооп бериптир.

*     *     *

Бир жолу Салижан абам Кондучалова менен бирге президиумда отуруп калат. Бир маалда ал киши: «Э, Салижан, тиги отурган баланы тааныбайт экенмин, ал ким?» - деп Кеңеш Жусуповду көрсөтөт. Салижан абам: «Ал Кеңеш Жусупов деген жазуучу, биз аны Кеша тихий деп коёбуз», - дейт. Кондучалова аябай күлүп: «А тиги жанындагы ким?» - дейт. «Ал – Сагын Наматбаев, аны биз Сашка лысый дейбиз». «А бу сүйлөп жаткан Жолон Мамытовду эмне дейсиңер?» - «Жорка сытый дейбиз, ал эми тигил Бексултан Жакиевди болсо «Петька буйный» дейбиз», - деп отургандардын кулк-мүнөзүн бир заматта сыпаттап ийген экен күлкү аралаш.  

*     *     *

Салижан абам бир жолу «Ала-Тоо» журналынын редакциясына барып калат. Ал жерде Сулайман Маймулов деген жазуучу иштечү экен. Ал жердегилерден абам: «Бу кудай урган чычкандын баласын эмне дейт, ким билет?» - деп сурайт. Эч ким билбейт. «Эми кудай урбадыбы, баласы болгондон кийин аты да болуш керек да, туурабы? Мисалы, карышкырдын баласын бөлтүрүк дейт, түлкүнүкүн бачки дейт, аюунукун мамалак дейт, маймылдыкын Сулайман дейт», - деп элди дуу кылыптыр.

*     *     *

Абам ата-энеси жок калгандан кийин Фрунзедеги №5 мектепте окуган эле. Кийин университетке кирет. Ошол жылдары бир жакка барарда Турсун жеңеге (Ашыр Чокубаевдин апасы, ал киши ошол жылдары театрда костюмер болуп иштечү экен) келип: «Жеңе, баягыны дагы берип туруңуз, келгенде эле чечип берем», - деп Кычан Жакыповдун костюмун алып кеткенин койбоптур. Турсун жеңем абам келгенден кийин костюмду тазалап, үтүктөп, кайра театрга алып барып, илгенин койбоптур...

*     *     *

Бир жолу Турсун жеңем менен Чынар эжем университеттин жанында келатышса, Салижан абам артынан келип Чынар эжемди май куйрукка бир чабат. Турсун жеңе: «Ай, Салижан, кантесиң, карындашыңдын бойго жетип калганын билбей эле ойной бересиңби», - десе, Чынар эжем: «Мама, мейли эми, колу жеткен жери ошол болсо эмне кылсын», - деп абамды уят кылган экен.

*     *     *

Салижан абам Түгөлбай Сыдыкбеков менен келатып, тийишип калат:

- Түкө, бир кезде сиз дагы абыдан көптүңүз, ээ?

- Эмне кылып көптүм?

- Чачты далыга чейин өстүрүп жүрбөдүңүзбү?

- Эми чач деген кудай берсе өсө берет турбайбы, - дептир тиги киши Салижан абамын башын карап.

*     *     *

Бир жолу жолдон бирөө кезигип, Салижан абаман сурап калат:

- Ой, Саке, кайдан келатасыз?

- Ой, бир халтурщик акын бар эле, ошону кыргыз адабиятына экинчи келгис кылып көөмп келатам, - деп жооп бериптир.

*     *     *

«Манас» университетинде иштеген Мухиддин, Ахмед, Салижан абам болуп бир иштер менен Чымкентке баратышыптыр. Жамбылга кире бергенде милиция экологиялык талонуңар барбы деп токтотот. Талон жок экенин айтышса, жанындагы посттон 500 теңгеге сатып алгыла дейт. Мухиддин талон сатып алып келатса, простатит болуп жүргөн Салижан абам жол боюндагы бир теректин түбүнө заара ушатып атыптыр дейт. Казак милиция чочоңдоп: «Ой, аксакал, эмне кылып атасыз?» - десе: «Өй, эми экологиялык талонду албадыкпы, сие берсек болот да», - деп тигилерди күлдүргөн экен.

*     *     *

Ректор Карыбек агай бир сый тамакта: «Кыздар, төргө өткүлө», - деп аялдарды сыйлап калат. Түрк аялдар күйөөлөрүнүн жанынан кете алышпай буйдалып калышканда, Салижан абам: «Эми алтымыштан кийин биз деле кыз болуп калбадыкпы, мен өтө берейин» деп төргө өтүп кетип, элди күлдүрүптүр.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз