Александр Куприн: Кереметтүү дарыгер

  • 07.10.2022
  • 1689

АҢГЕМЕ

Кийинки аңгемем жөн эле ойдон чыгаруу эмес. Мен баяндагандын баары чындыгында болжол менен отуз жыл мурун Киевде болгон жана азыркыга чейин ыйык, майда-чүйдөсүнөн бери сөз болор үй-бүлөнүн жомогунда сакталып калат. Мен бул жүрөктү элжиреткен окуядагы айрым адамдардын аттарын жөн гана өзгөртүп, оозеки аңгемени жазуу жүзүнө айланттым.

— Гриша, Гриша дейм! Карасаң торопой го... Күлүп... Ооба. А оозундагысы!.. Карасаң, карасаң... оозунда чөп, чынында эле чөп!.. Таң калыштуу нерсе!

Гастрономиялык дүкөндүн абдан чоң, туюк айнектен жасалган терезесинин алдында турган эки балакай бири-бирин капталдап чыканактары менен түрткүлөп, токтобостон каткыра башташты, бирок ырайымсыз ызгаар сууктан аргасыздан бийлеген сыяктуу буттарын тыбыратып жатышты. Алардын акылы менен карынынын бирдей тынчын алган бул сонун көргөзмөнүн алдында алар беш мүнөттөн ашык турушту. Бул жерде илинип турган лампалардын жарыгынан үйүлгөн кызыл алмалар менен апельсиндер көп болуп көрүнүп жатты; оролгон кагаздарда мандариндер назик жылтырап, пирамидалардай түрдө турду; тамактарда желмогуздай болуп оозун ачып, көздөрүн чакчайтып, килейген ышталган жана маринаддалган балыктар керилип жатты; ылдый жакта, гирляндалар менен оролгон колбасалар, кесилген ширелүү сан эттин калың катмарлуу кызгылт салосы көздү кычыштырып турду... Туздалган, бышырылган жана ышталган жеңил тамактар салынган көп сандаган банкалар жана кутучалар бул көрүнүштү аягына чыгарды, аларды карап, эки балакай тең бир аз болсо да он эки градустук суукту жана апасы тапшырган маанилүү, күтүүсүз жана өкүнүчтүү аяктаган тапшырманы унутуп коюшту.

Укмуштуудай сонун көрүнүштү карап турганда улуу бала биринчи болуп бери жылды. Ал инисинин жеңинен тартып, каардуу айтты:

— Жүр, Володя, жүр... Бул жерде эч нерсе жок...

Ал ошол эле убакта оор үшкүрдү (алардын улуусу болгону он жашта, экөө тең эртеден бери кур шилекей жуткандан башка эч нерсе жеше элек) жана гастрономиялык көргөзмөгө суктанган, сугалак көз караш менен карашып, балакайлар шашкан бойдон көчөгө чуркап кетишти. Алар кээде кайсы бир үйдүн бууланган терезесинен балатыларды көрүп жатышты, алар алыстан ачык, жылтыраган чоң талы сыяктуу көрүнүп турду, кээде шаңдуу польканын дабыштарын угуп жатышты... Бирок алар бир нече секундага токтоп, айнекке жабышып карасакпы деген өзүлөрүнүн азгырган ойлорун эрдик менен кубалап жатышты.

Балдар келатканда көчөлөрдө адамдар азайып, караңгы болуп бараты. Укмуштай дүкөндөр, жаркыраган балатылар, өзүлөрүнүн көк жана кызыл торчолорунда зыпылдаган таскактуу аттар, чананын таманынын чыйылдашы, көпчүлүктүн майрамдык көңүлдөрү, чакырыктардын жана сүйлөшүүлөрдүн шаңдуу дабыштары, аяздан беттери кызарган, күлүп, кооз кийинген айымдар — бардыгы артта калды. Ээн жерлер, кыйшык, тар көчөлөр, караңгы, жарыгы жок жерлер кошулуп жатты... Алар акырында чоң эскилиги жеткен үйгө жетип келишти; анын ылдый жагындагы жертөлө — таштан, ал эми өйдө жагы жыгачтан жасалган. Бардык жашоочулар үчүн кадимки жугунду төгүүчү чуңкур болуп кызмат кылган тар, муз тоңгон жана кир короодон өтүшүп, алар ылдый жертөлөгө түшүштү, караңгыда жалпы далистен басып келишип, сыйпалап өз эшиктерин издеп таап, ачышты.

Мерцаловдор бир жылдан ашык ушул жер астында жашап жатышат. Эки балакай ыш баскан, нымдуулуктан ыйлаган дубалдарга жана бөлмөдө тартылган жипте кургап жаткан суу жыртылган кийимдерге, шумдуктуудай керосин жытына, баланын кир ич кийимдерине жана келемиштерге — жакырчылыктын чыныгы жытына көнүп калышкан. Бирок бүгүн көчөдөн көрүп келген көп нерселерден кийин, бүт жерде сезилип жаткан майрамдык шаттыктын соңунан, алардын кичинекей бала жүрөктөрү ачуу, баланыкындай эмес кайгыруудан кысылды. Бурчта, чоң салынган, кир төшөктө жети жаштагы кыз жаткан; анын бети күйүп, дем алышы кыска жана кыйын болуп, жалтырап чоң ачылган көздөрү максатсыз тигилип карап жатты. Төшөктүн жанындагы, шыпка илинген бешикте эмчектеги бала бырышып, кажынып жана чакап, кыйкырып жатты. Бою узун, арыкчырай келген, жүдөгөн, чарчаңкы тарткан, кайгыдан муңайган аял ооруп жаткан кыздын жанында тизелеп турду, анын жаздыгын түздөп жатып, ошол эле учурда термелип жаткан илме бешикти чыканагы менен түрткөндү да унуткан жок. Жертөлөгө балдар киргенде, алардын артынан жулунуп аяздын муздак абасы да кирди, аял тынчсызданган жүзүн артына бурду.

— Эмне болду? — деп ал кесе-кесе жана шашыла сурады.

Балдар үн катышкан жок. Гриша гана эски кебез халаттан жасалган пальтосунун жеңи менен шурулдап мурдун сүрдү.

— Катты жеткирдиңерби?.. Гриша, мен сенден сурап жатам, сен катты бердиңби?

— Бердим, — сууктан кирилдеп калган үнү менен Гриша жооп берди.

— Анан? Ага эмне деп айттың?

— Сиз үйрөткөндөй эле баарын айттым. Мына, силердин мурунку башкаруучуңар Мерцаловдун каты дедим. Ал болсо бизди урушту: “Бул жерден жоголгула... Иттин гана балдары...” деди

— Ээ, ким экен ал? Силер менен ким сүйлөштү?.. Гриша, түшүнүктүү айтчы!

— Швейцар сүйлөштү... Ким болмок эле дагы? Мен ага: “Ага, катты алыңызчы, жеткирип бериңиз, мен болсо ылдый жакта жоопту күтүп турам” - дедим. Ал болсо: “Эмне эле, ал чөнтөгүңө сал... Кожоюндун силердин катыңарды окугандай убактысы жок...” – деди.

— А, сенчи?

— Мен болсо баарын сиз үйрөткөндөй айттым: “Жегенге эч нерсе жок... Апам ооруп жатат... Өлгөнү жатат...” Мындай дедим: “Атам жумуш тапса эле, силерге ыраазычылыгын билдирет, Савелий Петрович, кудай үчүн, ыраазычылыгын билдирет”. Ал эми ошол убакта коңгуроо шыңгырап калды, кечке шыңгырады, ал болсо, бизге: “Бул жерден жоголгула! Бул жерде жытыңар да болбосун!..” – деди. Ал болсо Володяны желкеден ары уруп да жиберди.

— Мени желкеге, — деп Володя, байкесинин айткандарын көңүл коюп кайталап, желкесин тырмады.

Улуу баласы капыстан эле халатынын терең чөнтөгүн бушайман болуп, каза баштады. Акырында, бырышкан конвертти алып чыгып, аны стол үстүнө коюп, мындай деди:

— Мына, кат...

Андан ары энеси эч нерсе сураган жок. Тумчуктурган, көк жыттанган бөлмөдө узак убакыт бою наристенин токтолбогон кыйкырыгы жана Машутканын көбүрөк онтоого окшошкон кыска, бат-бат дем алышы угулуп турду. Бир кезде эне артка бурулуп, мындай деди:

— Тигил жакта түшкү тамактан калган борщ бар... Жеп аласыңарбы? Бирок муздак — жылытканга эч нерсе жок...

Ошол убакта далистен кимдир-бирөөнүн ишенимсиз кадамы жана караңгыда эшикти издеген колдорунун шуудурашы угулду. Энеси менен эки бала — үчөө тең шыкалуу күтүүдөн кубарып да кетишип, ошол тарапка бурулушту.

Мерцалов кирди. Ал жайкы пальто, жайкы кийиз баш кийим кийип алган жана бутунда көлөчү жок экен. Анын колдору сууктан шишип, көгөрүп кеткен, көздөрү салаңдап, жаагы тиштин бүлөөсүнүн тегерегине жабышып, даана эле өлгөн кишидей болуп калыптыр. Ал келинчегине бир да сөз айткан жок, келинчеги да ага бир да суроо берген жок. Алар бири-бирин кайгырган көздөрүнөн эле окуп, түшүнүп коюшту.

Бул өтө коркунучтуу жаман жылы Мерцаловго жана анын үй-бүлөсүнө  кырсык биринин артынан бири айоосуз келди. Биринчи өзү келте оорусунун бир түрү менен ооруп калды, аны дарылоого алардын үнөмдөлгөн жарытпаган акчасынын баары кетти. Андан соң ал айыккандан кийин, айына жыйырма беш рубль алган үйдүн башкаруучусу болгон жумуш ордун башка бирөө ээлеп алганын билди.... Капыстан табыла турган жумуш үчүн, кат жазышуулар үчүн, болбогон орун үчүн аргасы түгөнгөн, калчылдаган жулунуулар, буюмдарды күрөөгө коюу жана алып, кайрадан күрөөгө коюу, ар кайсы чарбалык чүпүрөк-сапырыкты сатуу башталган. Андан кийин балдар да ооруп башташты. Үч ай мурун бир кызы чарчап, эми дагы бир кызы дене табы көтөрүлүп, эс-учун жоготкон абалда жатат. Елизавета Ивановнага бир эле убакта оорулуу кызын карап, кичинекейин эмизип дагы, шаардын экинчи тарабына кир жууш үчүн бир үйгө барганга туура келчү.

Бир күн бою адам чыдагыс күчтөр менен кайдан болсо да Машутканын дарысына бир нече тыйын табуу менен алек болду. Ушул максат менен Мерцалов жалынып, бардык жерден кемсинип жарым шаарды кыдырып чыкты; Елизавета Ивановна өз кожоюнуна барды, балдары мурун Мерцалов үйүн башкарып иштеген кожоюнга кат менен жөнөтүлгөн... Бирок баары сүйлөшүп алышканбы, же майрамдык машакатпы, же акчалары жок чыгаар... Же башка, мисалы, мурунку башчынын швейцары, жөндөн-жөн эле тилемчилерди  тепкичтен кубалап жатты.

Он мүнөттөй эч ким эч нерсе деп сүйлөгөн жок. Бир маалда Мерцалов келгенден бери отурган сандыктан тез тура калып, чечкиндүү кыймылы менен  тамтыгы чыккан шляпасын чекесине ылдый түшүрдү.

— Сен каякка? — деп Елизавета Ивановна тынчсызданып сурады.

Мерцалов, каалганын кармагычын кармап, кайрылып карап.

— Отуруу менен эч нерсеге жардам бере албайсың да, — деп кырылдап жооп берди. — Дагы барайын... Жок дегенде кайыр сурап көрөйүн.

Ал көчөгө чыгып, максатсыз алдыга кадам таштады. Ал эч нерсе издеген жок, эч нерседен үмүт кылбады. Ал көчөдөн кетип баратып акча көп салынган капчыкты таап алууну же күтүүсүздөн тааныбаган алыскы аталаш байкеси мурас калтырып калышын кыялданган, жакырчылыктын жан кашайткан убактысынан эчак эле өткөн. Эми ал курсактары ачка үй-бүлөсүнүн кыйналганын көрбөш үчүн эч нерсени карабай, каякка болсун качууну каалады.

Кайыр сурайынбы? Ал бүгүн буга эки жолу аракет кылып көрдү. Бирок биринчи жолу енот тон кийген кандайдыр бир мырза иштеш керек, кайыр сурабай деп акыл үйрөттү, ал эми экинчи ирет — аны полицияга карматабыз деп урушушту.

Мерцалов шаардын чок ортосуна, калың коомдук бакчанын тосмосунун жанына келип калганын өзү да байкабады. Ал өйдөлөп баскандыктан энтигип, чарчап калганын сезди. Көнүмүш адатынча ал эшик тарапка бурулуп, узун, кар басып калган аллеядан өтүп, бакчанын ылдыйкы отургучуна түштү.

Бул жер тынч жана шаңдуу болчу. Ак кийимдерине оронгон бактар кыймылсыз абалда үргүлөп жатышты. Кээде үстүңкү бутактан бир аз кар ылдый түшүп, башка бутакка илинип, шыртылдаганы угулуп турду. Бакчаны курчаган укмуштуудай жымжырттык жана мемиреген тынчтык, бир маалда Мерцаловдун жанчылган жан дүйнөсүндөгү ушундай эле тынчтыкты, жымжырттыкты каалаган сезимин ойготту.

“Жатып туруп, баарын унутуп салсаң ээ, — деп ойлонду ал, — аялымды, курсактары ачка балдарымды, ооруп жаткан Машутканы унутуп койсом”. Мерцалов бешмантысынын ичине колун салганда, куур болуп жүргөн аябай эле калың жип колуна тийди. Өзүн өзү өлтүрүү жөнүндө ой анын башына туруп алды. Бирок ал бул ойдон чочулаган да жок, белгисиз нерсеге бир дагы жолу кың деген жок.

“Жай өлгөндөн көрө, ушундай кыска жол тандап алганым жакшыбы?” Ал бул жаман оюн ишке ашыруу үчүн турайын дегенде, ушул убакытта аллеянын аяк жагында кадамдардын дабышы аяздуу абада даана угулуп жатты. Мерцалов бул тарапка ачуулануу менен карады. Кимдир-бирөө аллеяда келатты. Алгач сигаранын бир кызарып күйүп, бир өчүп жаткан оту көрүндү. Андан кийин Мерцалов орто бойлуу, жылуу баш кийим, аң терилүү пальто жана бийик көлөчтөрдү кийген абышканы бир аз көрө алды. Отургучка туштап келип, чоочун адам капыстан Мерцалов тарапка кайрылып, акырын баш кийимин кармап, мындай деди:

— Отурганга уруксат бересизби?

Мерцалов чоочун кишиден атайын эле дароо бурулуп, отургучтун жээгине жылып алды. Экөө тең унчукпай отурушканына беш мүнөт өттү, андан кийин чоочун киши сигаретин чегип жатты жана (Мерцалов муну сезип турду) капталынан коңшусуна байкоо жүргүздү.

— Кандай жакшы кеч, — деп бир маалда чоочун киши сүйлөдү. — Суук... тынч. Кандай гана сонун — орустун кышы!

Анын үнү назик, жагымдуу, карыган кишиники болчу. Мерцалов унчуккан жок, кайрылган да жок.

— Ал эми мен тааныштарымдын балдарына белек сатып алдым, — бейтаныш киши сөзүн улантып жатты (анын колунда бир нече оромдор бар болчу). — Жолдон чыдабай кеттим, бакчадан өтүш үчүн айланып бастым: бул жер сонун да.

Мерцалов таптакыр жоош жана уялчаак киши болгон, бирок бейтааныш адамдын акыркы сөзүнөн кийин капыстан аны аябай ачуулануу ээлеп алды. Ал абышка тарапка тез бурулуп, колдорун ыксыз шилтеп жана терең үшкүрүп, кыйкырып жиберди:

— Белектер!.. Белектер!.. Тааныштардын балдарына белектер!.. А мен... а менин, боорукер таксыр, азыркы убакта менин балдарым ачкачылыктан өлөйүн деп жатышат... Белектер!.. Келинчегимдин болсо сүтү чыкпай калды, эмчектеги балам болсо бир күндөн бери эч нерсе жей элек... Белектер!..

Мерцалов бул тартипсиз, ачууланган кыйкырыктардан кийин абышка туруп кетип калат деп ойлогон, бирок ал жаңылышыптыр. Абышка ага акылдуу, оор басырыктуу, капталдары агарган жүзүн жакын кылып,  жайдары, бирок өкүмдүү үнү менен мындай деди:

— Коё туруңуз... капаланбаңыз! Мага баарын толугу менен жана мүмкүн болушунча кыска айтып бериңиз. Балким, экөөбүз чогу бир нерсе ойлоп табаарбыз.

Бейтааныш адамдын өзгөчөлөнүп турган жүзүндө тынчтык жана ишеним арттырган нерсе турду, Мерцалов жашырбастан, бирок толкунданып, шашып, өз окуясын айтып берди. Ал өз ооруусу, жумуш ордун жоготуп алгандыгы, баласынын өлгөндүгү жөнүндө, бардык кырсыктар тууралуу, азыркы күнгө чейин эмне болгондугу жөнүндө айтып берди. Чоочун адам анын сөзүн бөлбөстөн угуп турду, бул кичинекей, кыжыры кайнаган жан дүйнөгө тереңдеп киргиси келип, анын көзүнө уламдан-улам кунт коюп, үңүлө карады. Бир убакта ал тез жана жаштардыкындай кыймылы менен өз ордунан туруп, Мерцаловду колдон алды. Мерцалов да аргасыздан турду.

— Жүрүңүз! — деди чоочун киши, Мерцаловду колунан жетелеп. — Жүрүңүз тезирээк!.. Сиздин бактыңыз бар экен, дарыгерге жолугуп калдыңыз. Албетте, мен эч нерсеге сөз бере албайм, бирок... жүрүңүз!

Он мүнөт өткөндөн кийин Мерцалов менен дарыгер жертөлөгө кирип барышты. Елизавета Ивановна ооруган кызы менен кошо төшөктө жаткан, бети менен кирдеген, майланышып калган жаздыкка кирип алган. Балдар болсо ошол эле орундарында отурган боюнча борщту чоң-чоң ууртап ичип жатышкан. Атасы көпкө жок болгондуктан жана апасы кыймылсыз жаткандыктан алар коркуп, жаштарын кир колдору менен сүртүп, ыш баскан чоюн идишке жаштарын төгүшүп, аябай ыйлашкан. Дарыгер бөлмөгө кирип, өзүнөн пальтону чечти, модасы бүтүп калган, аябай көпкө кийилген сюртукчан калып, Елизавета Ивановнанын жанына келди. Ал жакындаса да, айым башын көтөргөн жок.

— Алтыным, болду, болду, — деп дарыгер аялдын башын сылап, жумшак сүйлөдү. — Туруңуз! Мага оорулууну көрсөтүңүз.

Дарыгердин жакынкы арада бакчадан чыккандай эле жумшак жана ишенимдүү үнү, Елизавета Ивановнаны төшөктөн тез тура калып, айткандарынын баарын унчукпастан аткарууга түрткү кылды. Кереметтүү дарыгер кошуналарына жумшаган Гришка эки мүнөттөн кийин мешке отунду салып жатты, Володя болсо күчүнүн баардыгынча самоорду үйлөп, Елизавета Ивановна ысытуучу компресс менен Машутканы ороп жатты... Бир аздан кийин Мерцалов келди. Дарыгер берген үч рублга, ал чай, кант, булочка сатып келүүгө жана жакынкы трактирден ысык тамак алып келүүгө жетишти. Дарыгер столдо отуруп, жазма китепчесинен айрып алган кагазга бир нерсе жазып жатты. Ал бул ишин аяктагандан кийин, ылдый жагына кол койгондун ордуна кандайдыр бир башкача илгич жасап, жазылгандарды чайдын идиши менен жаап койду да, мындай деди:

— Мына, ушул кагаз менен дарыканага барасыз... эки сааттан кийин бир чай кашык бересиз. Бул кичинекейди какыртып, түкүртөт... Ысытуучу компрессти уланта бергиле... Ошондо кызыңар бир аз да болсо жакшы болуп калат, бирок баары бир Афросимов деген дарыгерди чакыргыла. Ал ишин жакшы билген дарыгер жана жакшы адам. Мен ага азыр деле кабар берип коём. Ошол, урматтууларым жакшы калгыла! Келе жаткан жаңы жыл бул жылга караганда силерге ырайым кылсын, эң негизгиси — эч качан чөкпөңүздөр.

Дарыгер Мерцаловдун жана Елизавета Ивановнанын колдорун кысып, таң калып, оозун ачып отурган Володянын беттерин кармалап өтүп, галошко бутун салды да, пальтосун кийди. Мерцалов дарыгер далиске чыгып кеткенден кийин гана эсине келип, артынан чуркап чыкты.

Караңгыда эч нерсе көрүнбөгөндүктөн, Мерцалов болжолдуу кыйкырды:

— Дарыгер! Дарыгер, токтоңуз!.. Атыңызды айтып коюңузчу! Менин балдарым сиз үчүн сыйынып коюшсун!

Ал көрүнбөгөн дарыгерди кармаш үчүн колдорун абага булгалап жатты. Бирок бул убакта далистин экинчи жагынан жай баракат абышканын үнү чыкты:

— Э! Кайдагыны айтпачы!.. Андан көрө, үйүңүзгө тез барыңыз!

Ал үйүнө келгенде, аны күтүлбөгөн белек күтүп турган: чайдын идишинин астында кереметтүү дарыгердин рецепти менен бирге бир нече ири  кредиттик билеттер жаткан...

Ошол эле күндүн кечинде Мерцалов күтүүсүздөн жакшылык кылган адамдын фамилиясын да билди. Дары-дармек салгычта илинип  турган дарылардын жазуусу менен кошо таптак болуп, колу менен жазылган жазуу турган: “Профессор Пироговдун рецепти боюнча”.

Мен бул аңгемени Мерцалов Григорий Емельяновичтин — жанагы Гришканын өз оозунан көп жолу уккам, ал мен сүрөттөгөн борщу калбай калган, ыш баскан чоюн идишке жаштарын төккөн бала. Эми ал банктардын биринде аябай чоң, жооптуу орунду ээлейт, ал чындыктын жана жакырчылыкка боорукердик кылуунун үлгүсү. Ал ар дайым кереметтүү дарыгер жөнүндө айтып берген сайын үнүн калтырак баскандай кыргылданып, көзү жашылданып кетет:

— Ошондон бери жакшылыктын периштеси биздин үй-бүлөгө келди. Баары өзгөрдү. Январь айынын башында атам ишке орношту, апам болсо бутуна турду, мени иним экөөбүздү бекер гимназияга киргизише алышты. Бул ыйык адам сыйкырдык кылды. Ал эми биз ошондон бери кереметтүү дарыгерибизди сөөгүн алып кетип баратканда гана көрдүк. Аны дагы эмес, анткени анын тирүү кезиндеги улуулук, кубаттуулук жана ыйык касиети кайткыс болуп өчүп калган адамды көрдүк.

Которгон Гүлнара УСУПБАЕВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз