Дайырбек Стантегин: Бай сүйлөсө калат неге жарашып

  • 20.10.2022
  • 1756

Алмашкан сезим
Ырына да, чырына да кесирлүү,
Ышкым жанып, ичек-боорум эзилчү.
Бирок ошол Есенин да, Пушкин да
Өтө узак жашагандай сезилчү.

Алтымышка чыгып калдым өрүүлөп,
Азыр сезим башкачараак көбүрөт:
Эсил кайран Гёте, Толстой, Саади чал
Эрте кетип калышкандай көрүнөт.

Куурчак уул
Жаралбадым, жаратчулар жаратты.
Кошо берип "куйрук менен канатты".
Ошон үчүн аңырайып караймын,
Түндүк, Түштүк, Батыш, Чыгыш тарапты.

Баары жаңы, баары кызык, көрбөгөм.
Балкыйм, калкыйм башкача бир дем менен.
Жасап жатып, жакпай калып ыргыткан,
Жараткандын куурчак уулу өңдөнөм.

Эсим чыгат
Өмүр жашты өлчөп-бутап ченебей,
Өктөөсү жок, кырсык болбой кенедей,
Эгер адам өлбөс болуп калганда,
Эсим чыгат эмне болмок элек, эй!

Кыр менен ой
Чыркырасам экендигин ким наадан,
Чындыгына ишенбеди бир да адам.
Эртесинде шүгүр дедим ичимден
Эптеп-септеп жеткениме кырга аман.  

Эси дартым көктө – Күндө, Айда эле,
Айткан атам: "Ал жагыңдан пайда не!?"
Томолонуп, жумаланып баратып,
"Топ" деп ойго түшүп калдым кайра эле.

Көр дүйнө
Ооз күйүп калбагандай от дегенден,
Асмандан түшпөйт дүйнө жок дегенден.
Опаасыз жапаа болуп жүргөнчөктү,
Ок жеген артыгыраак бок жегенден.

Аз дүйнө көп дүйнөнү топтоп берген,
Азгыны бозгун болуп жоктон өлгөн.
Чуу куйрук туу куйрукка жем болгончо,
Бок жеген артыгыраак ок жегенден.

Арман күч буруш кане дурусуна,
Ким каниет кылган экен ырысына?..
Көр дүйнө көктө мелжийт тунуп, тунуп,
Көз жетпейт бир учунан бир учуна.

Жалган экен
Эки жерде экини төрт деп анык,
Эски, жаңы чындыкты көктөп алып:
Жетип барсам, жүзүң кур, жалган экен,
Төрт – төрт эмес, беш болуп калган экен!

Бейкапар дүйнө
Эңсегеним демге күйүп жандыбы,
Жетпегеним желге айланып калдыбы?
Түкшүмөлдүү түйүн экен чечилбес,
Түшүнөм деп жүргөнүмдүн бардыгы!

Акыйкаттын акыйкатка зардыгы,
Аалам жердин Аалам жерге тардыгы...
Билик экен чырак майы түгөнгөн,
Билемин деп жүргөнүмдүн бардыгы.

Ээлеп алып ар ким дар-дүң коктуну,
Эге талып, пенде жагып оттуу улуу.
Эсил дүйнө жашап жатат бейгапар,
Эч билинбей Сократтын жоктугу.

Жыртак сөз
Шекшинебиз турса деле баары ачык,
Ар чындыктан сар чындыкты талашып.
Кедей айткан келжиреген жыртык сөз,
Бай сүйлөсө калат неге жарашып?!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз