Дайырбек Стантегин: Мен сага барган элем, жаз көтөрүп

КЫЗДАР

Кыздар сулуу жакшына,
Кыйгач өтөм аптыга.
Даңазалап ырдаган
Ыраазымын бактыма.

Ыйлап турган кезимде,
Кытыгысы чымчыган.
От бүркүшөт сезимге,
Ой, ой жашык курч улан.

Кыздар назик үлбүрөп,
Коюуланып көздөрү.
Эриндери дилдиреп,
Ээритишет сөздөрү.

Жаз айында, кулпурган
Жашыл көйнөк кийишет.
Чартылдаса нур сынган
Чагылганды сүйүшөт.

Күз айында түрлөнгөн
Кызыл көйнөк кийишет.
Махабаттын түн берген
Ак мөндүрүн сүйүшөт.

Кыздар сулуу жакшына,
Кыйгач өтөм аптыга.
Даңазалап ырдаган,
Ыраазымын бактыма.

АКЫН КЫЗ

Ырыңды айтсам, көздөрүң,
Көздөрүмө төгүлөт.
Көздөрүңө жалынсам,
Ырың сүйкүм көрүнөт.

Илебиң ай, акын кыз,
Иреңиң ай, акын кыз.
Күлгөнүң ай, акын кыз,
Күндүү өңүң ай, акын кыз!

Ыйманымдай түйдүм да,
Ыраңыңдан күйдүм да.
Ыраңыңдай ышкылуу
Ырларыңды сүйдүм да.

Сезимиңдей дүрт эткен,
Секет болсом кимге не?
Сүйүндүңө кетейин,
Сүйлөп койчу бирдеме.

Саамайыңдан үлп эткен,
Секет болсом кимге не?
Күйүндүңө кетейин,
Күлүп койчу, тим деле.

Жамалыңа күйсөмбү,
Жакшы ырыңды ким сүйөт?
Жакшы ырыңды сүйсөмбү,
Жамалыңа ким күйөт?

Ырыңды өпсөм, эриниң,
Эриниңди өпсөмбү?
Эриниңден ырларың
Эринди болуп кетсемби?

Ырыңды өпсөм, карегиң,
Карегиңе чөксөмбү?
Карегиңден ырларың,
Каралдыңа кетсемби?

Карегиңе, карегим,
Калемиңе, калемим.
Кагылайын акын кыз,
Капкагын аччы, балээнин!

АЙНУРА

Жыйырма кыздын ичинен
Жылдыз учуп жүзүнөн,
Жылмайганың өзгөчө
Бүткөн жүрөк күүсүнөн!

Саптарыма кайрыма,
Садагасы Айнура.
Ышкы-отумду өчүрүп,
Ырысымдан айрыба!

Кырк бир кыздан бөлүнүп,
Кыска чачың төгүлүп.
Кокуй – наалат болом бейм,
Кош кабыргам сөгүлүп.

Дил-отума кайрыма,
Дилбарыңдан Айнура.
Жүлүнүмдү тикендеп,
Жүрөгүмдөн айрыба!

Айтып жаздым күйгөндөн,
Антип жаздым сүйгөндөн.
Ашыгылык кантейин,
Аталардан үйрөнгөм!

Бурулуштан кайрыма,
Буттарыңдан Айнура.
Башым менен өзүмдү ал,
Бакытымдан айрыба!

АЙЖАМАЛ

О, Айжамал, Айжамал!
Өзүңө тең кайда бар?
Кербезимди жүз кайрып,
Кетип турат айла-амал.

Анткен сайын антесиң,
Ай, Айжамал кантесиң?
Мага үйрөтүп жатасың,
Махабаттын “Алиппесин”.

Билем, билем көп нерсе,
Бийигине жеткенче.
Сүйүү деген бир сөздү
Кошуп окуп кеткенче.

Ал ансайын асманда –
Айланасың дастанга.
Жараймынбы деги айтчы,
“А”, “Б”ларды жазганга?

О, Айжамал, Айжамал!
Авазыңдан айланам.
Коюң болдум бир паана,
Койчум сенсиң айдаган!

ДҮРҮЯ

Сатуучу кыз Дүрүя,
Сан ооруга мумия.
Түгөнбөгөн ырымсың,
Түнөгүмсүң миң уя.

Бир оттук таш үчүн мен
Күндө келем түшүнсөң.
Жарыктыкта арзычу
Жалгыз жапаа кишим сен.

Буйткалуу жер дүкөнүң,
Бугумду артып түтөдүм.
Бурулуштан жарк этип,
Чыгаар жолуң күтөмүн.

Күтсөм, чыктың күндө сен,
Гүлдүү көгүш күрмөчөн.
Талып калам кантейин,
Таанышуу ыгын билбесем.

Анткен сайын кумарым
Артып, сүйүп турамын.
Миң кубулам мен гана,
Бир өзгөрбөйт ыраңың.

Эх, Дүрүя сары кыз,
Эт-жүрөккө дары кыз.
Калбыр болуп баратам,
Калар бекен жаныбыз!

*     *     *

Агып жаткан дайраны
Бөгөп, буруп кайра аны.
Нукка салсам, шимирип
Канды тектир кайрагы.

Жабалактап чөп чыкты,
Жашыл ыраң көк чыкты.
Адам өкүм бийлигин
Айкын, ачык сездик бу.

Башкарууга антип, же
Баш ийбесе тартипке.
Садагасы сүйүүмдү
Сактайм кантип архивге?

*     *     *

Мен сага барган элем, жаз көтөрүп,
Сен мени тосуп алдың ала күздөй.
Сен мени тосуп алдың каш көтөрүп,
Мен сага барган элем арак ичпей!

Шыңкылдап күлүп турсаң, шаңгырадым,
Жаркылдап күлүп турсам, басылдың тып.
Сезимдер шуудуратып жалбырагын
Сезимдер ыйлап турду чачын жулуп!

Карегим жан соогалайт, ишенбедиң,
Кайтарып айдап турдуң жээлигүүмдү.
Чытырап үзүлөөрдө кишендериң,
Мен дагы өппөй койдум эриниңден!

Мен сага барган элем таң алдында,
Сен мени тосуп алдың кечтей тоңуп.
Дарбыздай данегимди жараарымда,
Мөлтүрөп уюй түштүң жездей болуп!

*     *     *

Ысымыңды жаздым аппак кагазга,
Ысыгыңды салдым мукам авазга.
Жек көрөмүн сага акаарат айтканды,
Жеке туруп түшөм коркпой талашка.

Мейли кайда, качан, кантип жүрбөйүн,
Мээрден бүткөн тунук затсың дүрдөйүм.
Отуз жолу кайрып ырдайм жаңыртып,
Опоосу жок, тозокко баш кирмейин.

Жаз келгенде, жазды көрөм көзүңдөн,
Жай келгенде, жайды көрөм өзүңдөн.
Ак эдилсиң күздө ачылып кучагы,
А кышында, кыш сөөлөтү сезилген.

Эрдиң, көзүң элжиретет куйкалап,
Эркин сөзүң ээликтирет, буй салат.
Көргөн сайын талып турам нес жандай,
Көркөм боюң миң кубулуп, суйсалат.

О, үр кызы, о, ак көрпө жайылым,
Ооздон түшпөс обозгерим, дайыным.
Арзуум сага миллиард болсо бүтпөгөн,
Аны сага жүз эселеп тайыдым!

*     *     *

О, бул бакыт! Сатып алгыс парага!
“Сүйөм!” дедиң, сүзүп көзүң садага!
Кайгып кеттим, кара жаным күйүгүп,
Кабылгандай миллион сом жалаага.

Же жаштыгың, же жалының билбеймин,
Жээлигем да бирок ичтен кирдеймин.
Сен тунуксуң асылзаада пакизат,
“Салыштырып а өзүмдү ким?” деймин.

Жок садагаң, алчы кайра сөзүңдү,
Жоодуратып, сүзүлтпөчү көзүңдү.
Ыраазымын, тагдырыма миң алкыш,
Ыраа көрбөй турам сага өзүмдү.

А мүмкүн сен колго келген бактыңды
Айныгысыз аныгынан таптыңбы?
Аргам кетти, эрте же кеч жаралбай,
Айтчы деги, кылам кантип аксымдык?

Андай болсо, бир тобокел тагдырга,
Артыбызда калсын узун санжырга.
Жумдум көздү. Эң алгачтан баштайлы,
Бир жолуктум, эми эч кимге алдырба.

Сүйгүн сүйсөң, Оттеллону сүйгөндөй,
Актык үчүн аппак туруп күйгөндөй.
Мен да сүйөм, керек болсо жан берип,
Керек болсо, өлтүргөндөн ийменбей!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз