Константин Паустовский: Виктор Гюго

АҢГЕМЕ

Бир убактарда сүргүндө жүргөндө жашап жүргөн Ламанштагы Жерсей аралында Виктор Гюгого эстелик тургузулган.

Ал океандын жээгиндеги бийик жардын кырында турат. Эстеликтин турган негизи жерден жыйырма же отуз сантиметрдей көтөрүлүп, өтө эле жапыз орнотулуп, тегерегин чөп басып калгандыктан Гюго жерде тургансып көрүнөт.

Эстеликте Гюгонун шамалга каршы баратканы чагылдырылган. Ал алдыга карай жүткүнүп, үстүндөгү плащынын этек-жеңи шамалга далбактайт. Бир колу менен башындагы калпагын төбөсүнөн бекем басып алган. Ал океандан соккон бороон менен кармашып жаткандай.

Эстелик адамдын таманы аз тийген ээн талаада, «Деңиз эмгекчилеринин” матросу Жиллиат өлгөн аска көрүнөр жерде орнотулган.

Айланада, көз жеткен жерге чейин тынч ала албай буркан-шаркан түшкөн океан жатат, бийик толкундар аска бетине чабылып, жээктеги сууда өскөн балырлуу чөптү бир көтөрүп, бир түшүрүп чайпалтып барып, күрүлдөткөн боюнча суу алдындагы үңкүрлөргө кирип кетет.

Туман басканда алыстагы маяктарда сиренанын күңгүрөнгөн үн угулат. А түнкүсүн маяктын оттору океандын бетинде жаткандай сезилет. Анын улам жок болуп сууга чумкуп кеткенин көрөсүң. Жерсей аралынын жээктерине маяк отторунун бетин тосуп, кандай зор толкундар келип жатканын ушул белгиден эле түшүнсө болот.

Ар бир жылда Гюгонун өлгөн күнүндө эстеликке омеля гүлүнөн бир нече тал коюшат. Ал гүлдү коюу үчүн аралдагы эң сулуу кызды тандап алышат.

Омелянын бир аз сүйрү, оливка түстүү калың жалбырактары болот. Омеля жергиликтүү элдин ишениминде тирүүлөргө бакыт, өлгөндөргө өчпөгөн акыл-эс алып келет.

Ишенимдер аткарылбай койбойт. Гюгонун тынч албаган арбагы бүткүл Францияны аралап жүрөт.

Бул бир жерге токтой албаган, буркан-шаркан түшүп жалындап күйүп турган адам эле. Ал көргөнүн да, укканын да көбүртүп-жабыртып жазчу. Ал  дүйнөнү ошондой көрчү. Анын жашоого болгон көз карашы ошондой эле. Жашоо  түркүн түстүү, кубаныч менен кападан, күлкү менен ыйдан, бирде чөккөн бирде көкөлөп көтөрүлгөн күчтүү сезимдерден турат эмеспи.

Ал жалаң үйлөмө аспаптардан: кубанычтуу үн созгон жез найлардан, даңгырама литаврлардан, чучуккка жеткен муңдуу үндүү флейталардан, сай сөөгүңдү сыздаткан үн чыгарган жыгач чоорлордон турган сөз оркестиринин улуу дирижёру эле. Анын музыкалуу дүйнөсү ушундай эле.

Анын китептеринин музыкасы, океан толкундары сыяктуу эле зор кубатка ээ. Анын кубатынан жер силкилдөөчү. Адамдардын алсыз жүрөктөрү титирей турган. Бирок ал аёону билчү эмес. Бүткүл адамзатка өзүнүн жаманчылыкка элдешкиси келбеген ачуулу мүнөзүн, жакшы нерсеге маңдайы жарылган сүйүнүчүн жашыра албаган кыялкечтигин жугузууга дилгир эле.

Ал эркиндиктин рыцары гана эмес эле. Ал анын жарчысы, кабарчысы жана керней-сурнайчысы болчу. Ал бүткүл дүйнөнөдөгү тоом жолдордун чак ортосунда туруп алып: “Атуулдар, колуңарга курал алгыла!” – деп кыйкырган адам сыяктуу эле.

Ал көнүмүш болуп калган тажатма кылымга жолунан чыккандын баарын талкалаган күчтүү шамал сыяктуу, нөшөрлөгөн жамгырды ээрчитип, жалбырактарды, гүлдөрдүн желекчелерин, мылтыктын дарысынын түтүнүн жана калпагыңды жула качкан куюн сыяктуу жөөлөп кирди.

Бул шамал Романтика аталчу.

Ал Европанын тымып турган абасын желдетип, аны баш бербеген кыял менен толтурду.

Мен бул кайталангыс жазуучуну бала кезимден эле, анын «Куулгандарын» беш жолу катары менен окугандан баштап ага суктанып, таазим кылып келем. Романды окуп бүтөр замат кайра башынан окуп кирчүмүн.

Париждин картасын таап алып, романдын окуялары болгон жерлерди издеп тапчуумун. Өзүмдү ошол окуялардын катышуучуларындай сезип, Жан Валжанды, Козеттаны жана Гаврошту чын дилимден өзүмдүн балачактагы досторум деп эсептечүмүн.

Ошол кезден бери Париж Виктор Гюгонун романдарынын каармандарынын гана ата мекени болбостон, меники да болуп калган. Жыл өткөн сайын бул сезим тереңдеп барат.

Виктор Гюгонун Парижине Бальзак, Мопассан, Дюма, Флобер, Эмил Золя, Жюль Валлес, Анатоль Франс, Роллан Додэ, Вийон, Рембо, Мериме, Стендалдын жана Барбюсс менен Беранженин Парижи кошулду.

Мен Париж жөнүндө жазылган ырларды бир дептерге көчүрүп алып сактап жүрчүмүн. Тилекке каршы, ал дептерим жоголуп кетти, бирок көп ырлардын айрым саптары эсимде. Ар түрдүү – көркөм жана жөнөкөй саптар.

Люксембургда Фонтан жанында,
Көркөмдүү бактын ичинде,
Аралай басып жүргөндө
Мюржедеги Мимидей,
Жалбырактуу дарактын
Көлөкөсүнө киргенде.
Кылымдар бою сыйынган,
Жомоктой шаарды көргөндө,
Жан дүйнөң жыргап жай алат,
Ыракат ушул билгенге...

Гюго көпчүлүгүбүздүн Парижге болгон алгачкы сүйүүбүздү ойготту, биз ал үчүн ага ыраазыбыз. Айрыкча, бул улуу шаарды көрүү бактысына туш келбегендер.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз