Константин Паустовский: Ги Де Мопассан

АҢГЕМЕ

“Ал бизден бүт жашоосун жашырып өттү”.
Ренардын Мопассан жөнүндө айтканы.

Мопассандын Ривьерде «Сүйүктүү досум» деген яхтасы бар эле. Ушул яхтада ал эң ачуу жана эң мыкты “Суу үстүндө” чыгармасын жараткан.

«Сүйүктүү досумда» эки матрос кызмат өтөчү. Улуусунун аты Бернар болчу.

Матростор «кожоюнунун» акыркы убактарда бир башкача абалда жүргөнүн, ал жан дүйнөсүн түйшөлткөн түпсүз санаалардан гана эмес, жанын жеген адам чыдагыс баш оорудан эле жинди болуп кетиши мүмкүн экенин көрүп, билип-турушса да, аны Моппасанга билгизбей байкамаксан болуп зымпыйып жүрүшчү.

Мопассан өлгөндө гана матростор Париж гезиттеринин бирине кыска, чоркок тил менен жазылган, адамдын кайгы-муңуна ширелген катты жиберишти. Балким, эл ичинде жүргөн Мопассан жөнүндөгү жалган пикирге дал келбеген чындыкты, кожоюнунун намыскөй жана абийирдүү жүрөгү барын ушул жөнөкөй эки адамдан башкалары билишпесе керек.

Мопассандын жаркын элесин жүрөктөрүндө сактап калыш үчүн алар эмне кылуулары керек эле? Болгону анын сүйүктүү яхтасы чоочун, кайдыгер бирөөлөрдүн колуна түшүп калбастын аргасын болгон күч менен аракет жасай алышмак.

Матростор болушунча аракет кылышты. Көпкө чейин яхтаны сатышкан жок. Алар кедей адамдар эле, – бул аларга кандай оор болгонун бир гана кудай билет.

Алар Мопассандын досторуна, Франциянын жазуучуларына кайрылышты, бирок бардык аракеттери курулай убара болду. Яхта бай жана бекерчи граф Бартелеминин менчигине өттү.

Бернар өлүм алдында жатканда жанындагыларга мындай деди: “Менимче, мен жаман матрос болгон жокмун”.

Татыктуу жашоо өткөзгөнүн мындан өткөн жөнөкөй сөз менен баалоо мүмкүн эмес. Тилекке каршы, бир аз адам гана өз өмүрү жөнүндө ушинтип айта алат.

Бул сөздөр – матростун оозу менен айтылган Мопассандын бизге калтырган осуяты болчу.

Ал таң каларлыктай жазуучулук кыска жолду басып өттү. “Мен адабиятка метеор сыяктуу кирдим, – дечү ал, – андан чагылганга окшоп чыгам”.

Адамдагы балиттиктин аёсуз айыптоочусу, жашоону «жазуучулар кызматта турган дарылоочу жай” деп атаган аны анатом. Өмүрүнүн акырында аруулукка, махабаттын азабы менен кубанычын даңазалоого умтулган.

Мээсин кандайдыр бир уу оюп жеп аткандай сезген өмүрүнүн акыркы сааттарында да ал өзүнүн шашкалактап жашаган тажатма жашоосунун көпчүлүк учурларында боорукердигин көрсөтпөй, таш боордук кылганын катуу өкүнүү менен ойлоду.

Ал каякты көздөй жол баштады? Адамдарды каякка ээрчитти? Аларга эмне убада кылды? Ал өзүнүн калак шилтеп көнгөн кайыкчынын жана жазуучунун булчуңдуу, күчтүү колдору менен бирөөлөргө жардам кыла алдыбы?

Ал мындай кылбаганын жакшы түшүнчү жана анын жазгандарына боорукердикти аралаштырса, адамдардын эсинде жакшылыктын генийи катары калары бышык эле.

Ал энеси бакпай көчөгө таштап кеткен баладай кабагын карыш салып корунуп, назиктикке умтулду. Ал махабаттын жыргалы эле эмес, кууралы да бар экенине, сүйүү деген ичиңе батпай; койнуңдан кончуңа төгүлгөн кубаныч жана ал бул дүйнөнүн канаттуу поэзиясы экенине ишенди. Бирок аттиң-ай, кеч болуп калган эле, анын үлүшүнө эми өз абийиринин кыйноосу менен өкүнүчү гана калган.

Ал туш келди чачылып, шылдыңга калган бактысы үчүн өзүн жемелеп, капа болду. Ал орус сүрөтчүсү, жаш кыз Башкирцеваны эстеди. Ал кыз аны сүйүп калган эле. Ал анын сүйүүсүнө шылдың аралашкан, бир аз экиленген каты менен жооп берген. Анын менменсинген көйрөңдүгү, эркектик намысы канагат алган эле. Ага андан башка эч нерсенин кереги жок болчу.

Бирок Башкирцева не болуп калыптыр! Ал Париждин фабрикаларынын биринде иштеген жаш айымга кылган мамилесине андан да катуу өкүнчү. Бул кызматчы айым жөнүндөгү окуяны Поль Бурже жазып чыккан. Мопассандын ачууланганын айтпа. Бул салон психологуна жеке адамдын трагедиясына кийлигишүүгө ким укук бериптир? Албетте, бул жерде Мопассан өзү күнөөлүү. Бирок мээңди кат-кат туз басып, күч-кубатың калбай калса, не жардам бере аласың да, не айла кыла аласың! Ал кээде мээсине ийнедей сайылган майда кристалдардын чыртылдаган үндөрүн уккандай болчу.

Кызматкер айым! Дили таза, ишенчээк, татынакай кыз! Ал анын аңгемелерин окуп таасирленип жүрүп, өмүрүндө Мопассанды бир көргөндө эле өзүнүн жалжылдаган тунук көздөрүндөй таза, жүрөгүнүн толтосунан чыккан тунук сезими менен ага ашык болуп калды.

Байкуш кыз ай! Ал Мопассандын алигиче үйлөнө электигин, бойдок экенин билген соң, бүт өмүрүн ага арнап, камкордук кылып, анын досуна, аялына, жана кыл дегенин кыңк этпей аткарган күңү менен кызматчысына айлансам деген албуут, жалындуу сезим жаралып, ал ага каршылык кылууга чамасы жетпей калган.

Ал жакырчылыкта жашачу, кийерге тыңгылыктуу кийими да жок эле. Ал Мопассанга барыш үчүн өзүнүн келишимдүү денесине жарашкан татынакай көйнөк тигип алмакчы болуп, жыл бою жебей-ичпей ар бир тыйынын үнөмдөп жүрдү.

Акыры, көйнөк да тигилип бүттү. Ал таң атпай Парижди туман сыяктуу чулгап алган уйку алигиче тарай электе, жаңы чыгып келаткан күн булуттардын арасынан алсыз нурун чача баштаганда ойгонду. Бульварлардагы липа дарактарынын бутактарында учуп-конуп сайраган чымчыктардын үндөрү ушул гана саатта угулуп турчу.

Ал муздак суу менен чайканды да, үлбүрөгөн жука байпагын, жеңил, жалтылдаган туфлисин, үлпүлдөгөн, жыпар жыты аңкыган кымбат баалуу көйнөгүн кийди. Күзгүгө барып, ал жактан карап турган өзү экенине ишенбеди. Ал жактан толкунданган жүзүндө кубанычтын учкундары чачыраган, кымча белдүү, сүйүүгө толгон көздөрү моймолжуган, назик кызыл эриндүү айым карап турган эле. Ал ушул калыбында Мопассанга барып сүйүүсүн билдирмек.

Мопассан шаар четиндеги дачада жашачу. Ал дарбазадагы коңгуроону басты. Эшикти Мопассандын дайыма оюн-зоок үстүндө жүргөндү жакшы көргөн, жеңил ойлуу, катынпоз досторунун бири ачты. Ал кызга мыйыгынан күлүп, аны көздөрү менен чечиндире карады да, Мопассандын үйдө жок экенин, ал ойношу менен бир нече күнгө Этретке кеткенин айтты.

Ал кыйкырып жиберди да, шарт бурулуп, колуна чыпчыйта кийген ит терисинен тигилген мээлейи менен темир тосмонун кырын кармап артын көздөй жөнөдү.

Мопассандын жолдошу анын артынан барып, эл ташыган жеңил арабага олтургузуп, Парижке жеткизди. Ал токтобой ыйлап, байланышсыз сөздөрүндө өч алуу жөнүндө бир нерселерди кобуранып жатты, ошол түнү тагдырына таарынып да Мопасанга эрегишип, анын катынпоз досу менен түнөп калды.

Жыл айланбай ал да Париждеги жогорку даражадагы адамдар менен мамилелеш, эң белгилүү аягы суюк жаш аялга айланды. Досунан ал жөнүндө укканда аны үйүнөн кубалап чыккан жок, жаакка чаппады, дуэлге да чакырган жок, жөн гана жылмайып койду: ал ага жөн гана кызык окуядай сезилди. Ооба, бул жаман аңгеменин сюжети эле.

Атаганат, ошол жыпарын чачкан жаз сыяктуу кулпурган сулуу кыз, анын дарбазасына келип, жүрөгүн алаканына салып ага арнап сунган учурду кайра артка кайрып алар күн болсо кана!

Жада калса ал анын ысымын да билчү эмес, ошондуктан ага өзү ойлоп тапкан эң назик аттарды ыйгара берчү болгон.

Аны ойлогон сайын, жүрөгү сыздачу. Бир кездеги кол жеткис улуу Мопассан ал кыздын аягына жыгылып, таманынан өөп, кечирим суроого даяр эле. Бирок эми эч нерсе жардам кыла албайт. Болгону бул окуя Бурже үчүн дагы бир адамдын түшүнүксүз сырдуу сезимдери жөнүндө кызыктуу анекдот жазганга себеп болду.

Түшүнүксүзбү? Жок, ага эми бардыгы түшүнүктүү! Бул баталуу сезимдер! Алар биздин бири кем дүйнөбүздөгү ыйыктын ыйыктары! Эх, чиркин, эгерде мээсин оюп жеп аткан туз болбогондо, болгон таланты менен чеберчилигин жумшап ушуларды жазмак. Толтура ууч кылып түкүрүп жатканына карабастан, ал аны жеп бараткан. Ачуу, толтура чоң ууч менен.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Комментарий калтырыңыз