Дайырбек Стантегин: Кудай менен жолуктум түшүмдө мен

  • 06.02.2024
  • 4541

ХАН ТУКУМ

Акылдуулар кара чачтуу, ак чачтуу,
ата тегин уламалап такташты.
Түптүү тукум, тайында жок айыбы,
түп көтөрө дуулдатып макташты.

Андан кийин ак кийизге салышты,
Алла алдында курмандыгын чалышты.
Калка болор амиринде бир туунун,
караламан хандуу болуп калышты.

Өттү кылым, өстү кыйыр хан-бийлик,
өктөм кылыч өркөн журтту алды ийрип.
Титиреди бир туу алды букара,
тирешкендин тилин кесип заң-буйрук.

Кара таман, ак сөөк болуп бөлүндү,
каш какчуга кайыш камчы өрүлдү.
Эге ишинен эмненидир күмөнсүп,
“Эй” – дегендин каны суудай төгүлдү.

“Хан” тукуму шонтип кудай болгондо,
калк дүргүдү, жетип чеги оң-солго.
Ала салып кетти бийлик мурунку,
ак сөөктөрдүн жедеп шиши толгондо.

Кайтарууга адилдикти, тең ишти,
кара чачтар, аппак чачтар келишти.
Терип-тепчип, өткөрүшүп электен,
тек тукумду кайра тактап беришти.

Кайра баштан ак кийизге салышты,
кайра баштан курмандыгын чалышты.
Эркиндиктин амиринде бир туулуу
эгемен журт бектүү болуп калышты.

Адегенде байкалбады эч кутум,
аңыз кылып жатышты эл көк кутун.
Кумай мезгил өктөмүнүн соңунан,
Кудай болуп калды кайра бек-тукум.

ИДЕОЛОГИЯ

Айсыз түндө ачып турган көзүңү,
чыркыраган чындыгыңдын көзүрү.
Майтыгынан согончогу көрүнгөн,
тартип ошол – Сталиндин өтүгү.

Аңызында муздак акыл от ою,
адилдиктин арман кербез, ботою.
Эртеңкиге бүгүнкүнүн нускасы,
эреже ошол – Шералынын чокою.

Кудай барда кул болору аныкпы?!
Кууп чыгат караңгы да жарыкты.
Абалкыдан акыйкат иш сыналган,
акыл эмес, муштум бурган тарыхты.

Бул дүйнөдө кыйкырык көп, ураа көп,
ким бар экен төрт тарабы мудаа, төп.
Чылбыр кармаар ар экинин бирөөсү,
Чыңгызхандын ордун басар чыга элек.
30. 11. 2005

ТҮШҮМДӨ

Кудай менен жолуктум түшүмдө мен:
маңдайымда олтурат чачып жылдыз.
Бир нерсени мен такыр түшүнбөгөн,
чечилишип талашып жатыптырбыз.

Анан кызык – кандайдыр туңгуюктан,
өзүм туруп өзүмдү көрөм да өзүм.
Көөдөнүмдөн чачылат ыр буюккан,
Кудай менен чогуумун деген сезим.

Жагып турган дайыма сезимге от,
нерселер көп мен такыр түшүнбөгөн.
Не сүйлөдү, өңү да эсимде жок,
Кудай менен жолуктум түшүмдө мен.
5. 08. 2004.

АЗУУ КАЙРАП

Зар-муңу миң аяттуу,
заңында дүйнөнүн шар.
Ичмегиң бир аяк суу,
аны да сиймегиң бар.

Өкүмү миң кубулган,
өмүрдө ызгаары кар.
Жемегиң сындырым нан,
аны да чычмагың бар.

Тагдырдын жаасы байлап,
таттуусун, ачуусун да.
Турамын азуу кайрап,
турмуштун азуусунда.
9. 04. 2006

ЖАШОО КУМАРЫ

Кызылдан кызыл ар ыры,
Кыз алган жарым карыды.
Шыңгырайт бирок дагы эле,
шылдырайт өмүр агымы.

Тагдырбы терең тамыры,
тай минген атым карыды.
Кыямат бирок дагы эле,
кыялдын жылтыр жарыгы.

Сары алтын мисал уюган,
салаадан түшүп куюлам.
Өмөчөк атып ансайын,
өлбөстөй болуп туюлам.

Азса да кейпим, кунарым,
ач арбарс болуп турамын.
Эңсетип турган эселеп,
эң, жашоо сенин кумарың.
10. 11. 2009.

СУЛУУ ЧЫРАЙ

Сулуу чырай шурудай, сулуу чырай,
колго жасап койгондой муну кудай.
Сулуулугу курусун, супсун сууду,
жоругуна ит ыйлап, улугудай.

Жылтырак жүз, жыбызгы, жылтырак жүз,
жыргал-бейиш өңдөнүп кулпурат бүт.
Кулпурганы курусун, кутту учурду,
беттен алган бейжайы ыркырап тик.

Жасагандай көркөмдөп чын кудай төп,
жылмакай бет, сымаптай жылмакай бет.
Жылмакайы курусун, десимди алып,
жып-жылаңач деминен жыйрылат эт.
5. 12. 2003

ОКШОЙБУ?

Ар байлыктын келип турса кезеги,
артып турат ошончолук эсеби.
Миң адамдын ырыскысын үлөштүр,
бир адамдын күндүгүнө жетеби.

Ырдап дагы, чырдап дагы сөз жойлойт,
ырыскы ошол – ченеминен көп болбойт.
Алтын сарай болсо дагы киргени,
атаң гөрү, аз көрүнөт, көз тойбойт.

Бычак өтпөйт, жоон болот жок мойну,
жок моюнга жоор ырыскы токтойбу.
Миң Керимбай чачып жатса каткырып,
бир Атантай жылмайганга окшойбу?!
3. 10. 2004

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз