Азамат Омош: Небереме жер көрсөтүп

  • 22.10.2022
  • 2143

Мен уулумдун уулун өңөрүп,
Ат бастырып чыктым боз кырга.
— Уулум, мына жаткан көгөрүп,
Тегиз талаа, тиги кең жылга,
Маңдайдагы жайык тектирлер,
Бир кездери мен кой жайган жер.
Тээ төмөндө жаткан буудайзар,
Биздики эле... Азыр кытайлар
ал жерлерди мекен кылышты,
Карыз элек... Ээлеп тынышты.

Тээ тиги жак Аксы, Чаткал жер,
Бардыгына тегиз жаккан жер.
Жылдан жылга жүрүп кыскарып,
Бүгүн минтип куту качкан жер.
Араван деп койчу бул түздү,
Мурда жерлер эле бул биздин.
Өзбек азыр өзүнө кошкон жер,
Айландырып коргон тоскон жер.
Көз жеткен жер эле Лейлегим,
Азыр аны тажик ээледи...

Жылдыз терчү элем бул көлдөн,
Отун алып келчүм бул төрдөн.
Азыр жомок андагы жашоо,
Жерлер башка анда биз көргөн.
Бир кездеги кенен жайыт жок,
Көзөмөлдөп дайым тос малды.
Шүгүр дейли, бирок, кулунум,
Бизге Бишкек менен Ош калды.
...карыш жерди келсе сактагың,
Шайлоолордо добуш сатпагын!..
27.01.2020.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз