Азамат ОМОШ: Аракечтин бир күнү

  • 30.07.2021
  • 3400

АҢГЕМЕ

Ойгонду. Жаткан керебетинин чекесине отурду да, караңгылыкты теше тиктеди. Зыңылдап ооруган башын мыкчый кармап, кечээ эмне болгонун эстегенге аракет кылды, кайра эле колун шилтеп, ордунан турду да, көзүнөн муздак суу өтүп, ашканага жөнөдү. Тим эле каны катып, оозу батташып, кечээги арак менен чылымдан чыла даамданып калыптыр.  

Караңгыда тапичкесин буту менен издеп атып, балтыры, билектери тартышканын сезди. Жүрөгү да лакылдап, тез согуп жатыптыр. Тапичкесин таппаган соң, ашканага жыңайлак эле жөнөдү. Коридордон ашкананын жарыгын жандырды да, муздак сууну шарылдатып ачып, чоргого оозун такап, атырылган суудан аптыга жутту. Ушу азыр бул кичинекей чоргонун суусу эмне болуп калыптыр, океандын суусун шимирип ичсе да каткан каны жибигидей эмес. Ашказаны муздак суудан челкейип чыкканда башын чоргодон алды да, алаканын сууга тосту.

Даарат алган адамдай билегин жогору көтөрүп, тартышып ооруган билектерине суу жүгүрттү. Анан бир кочуш сууну бетине чачты. Бетине тийген суу чачырап, ээгинен ылдый аккан тамчылар көкүрөгүнө тамчылады. Колун да, бетин да аарчыбай, муздаткычты ачты. Көздөрүн алаңдатып, арак издей баштады. Шайтан алгыр, арак турсун таш балакет жок.

Кайра ордуна жатканы жөнөдү. Бөлмөгө кирип, жарыкты жандырды. Күзгүдөн өзүн карады. Сакалы өсүп, чачтары саксаят. Көздөрү киртейип, кызарып чыгыптыр. Саатты карады. Эми араң бешпи? Тиги үйдүн жанындагы дүкөн саат сегизде ачат. Ага чейин таңдайы катып, каны коюуланып өлүп калбас бекен? Шкафты ачып, чөнтөктөрүн аңтарып кирди. 10, 5, 50 сомдук, 65 сом. А тиги дүкөндө арак 69 сом. Төрт сом табыш керек. Шымдын, куртканын чөнтөктөрүн кайра-кайра аңтарды. Шкафтын суурмаларын чукуду. Жок төрт сом.

Айылда болсо бир жөн, аке-жакелеп, өлдүм-талдым деп атып бир бөтөлкөнү "жаздыра" коймок. Бу шаар дегениң айыл эмес. Шаардагы дүкөнчү энеңин эгизи эмес. Төрт сом табыш керек. Саатты карады. 5тен 10 минута өтүптүр. Кой, дүкөн ачылгыча дагы үч саат бар. Кудайдын айтканы болор. Уктап турайын деди дагы. Кайдагы уйку. Эси-дарты төрт сомдо. Кайдан тапса болот? Эрте менен дүкөндүн алдынан бирөө-жарымдан сураса окшойт. Ооба, ошенткени оң го. Балтырлары, билектери тартыша баштады. Жүрөгү катуулап лакылдап чыкты. Анан пешенеси нымшып тердей баштады. Колу-буту, далысы терлеп чыкты.

Жуурканды үстүнө тартып, кымтыланып алды. Ушул тер менен кошо жеңилдеп калчудай сезип, көбүрөк терлешти каалады. Чыпылдап тер агып атат. "Ичпейм! - деди ичинен. Болду, оозума албайм. Арактын атасынын оозуна...!"

Арак деп жүрүп дос-жар, тууган-туушкандар менен деле жүз көрүшпөс болуп кеткидей. Бу "Бөтөлкөдө жай жаткан, ичке кирсе ырдаткан" арак өлгүрүңүн пайдасынан зыяны көптөй. Кечээ да "ичпейм" деген. Канча болду өзү? Төрт, беш... жети, жок, сегиз күн болуптур. Өзү да өчү бардай сүрүп ичиптир го. Бүгүн токтотпосо болбойт. Саатты карады. Алты. Укташ керек.

Тарамыштары тырышып, жүрөгү лакылдап чыкты. Жаткан төшөгү да терлегенден чылкылдайт. "Ичпейм. Укташым керек. Ойгонсом оорубай калар башым?" 

Оодарылды. Тизесин бүгүп, колун чатына тыгып, бүрүшүп алды.

Төрт сом... Каерден табыш керек? Таң атсынчы. Атпаганда не болду. Күндүн мурду көрүнүп калыптыр. Жок, таң ата элек али. Таң саат сегизде атат. Таң тиги бурчтагы дүкөн ачылганда атат. Ошого чейин төрт сом табыш керек. Токточу, алтымыш беш сомго арак келбесе да пиво келет да. Кайсынысы жакшы. "Охотабы" же "Балтика 9бу?" Арактан айлансын пивоң. Арак эле жакшы. Ичке киргенде эле денең жибип, тартышкан колу-бутуң жибип, мынабу лакылдап соккон жүрөк чыкылдап, кудум швейцар саатындай иштеп калат.

Саат эми жети болуптур. Эшикке чыксабы? Кимден сурайт? Тапкан күндө деле дүкөн жабык. Биртке жата турса окшойт. Жок, минтип жата берген болбойт. Ордунан туруп, суу ичмекке дагы ашканага жөнөдү. Муздак суу көздөн учат. Коюу кылып көк чай демдесе окшойт. Чыкыйы жарылчудай зыңылдайт. Мурда-кийин минтип башы ооручу эмес. Таң аткыча ичсе деле эрте менен ыргып турчу да, жумушуна жөнөчү.

Ии, баса, жумуш демекчи, качан барды эле жумушуна? Айлык алган күнү кеч чыгып, айлыкты майлашкан. Ошондон бери баралек окшойт? Токточу, кечээ... качан келди үйгө? Кантип келди экен? Саатты карады. Сегизге беш минута калыптыр. Ордунан турду да, зыңылдаган башын ургулап-ургулап алып, шашып шымын кийди. Төрт сомду каерден тапса болот? Ушу азыр төрт эле сому болгондо аалам гүлүстөн болмок.

Эшикке чыкты да, дүкөнгө жөнөдү. Жолдо шашып бараткан адамдан төрт сом сурады. Тиги укмаксан болуп өтүп кетти. Дүкөндүн алдынан дагы бирөөнө жолукту.

- Досум, баш жарылганы калды. Жардам кылчы, байкеси. Төрт эле сом жетпей жатат.

- Ме.

- Оо, рахмат досум. Эки дүйнө кем болбо. Дүйнөдө үч сооп бар экен. Жесирдин көңүлүн алмай, көр казмай анан баш жазмай. Сөзсүз кайтарам, байкеси.

Кирип арак алды. Чыкты да бөтөлкөнүн оозун ачып, бир эле көтөрмөк болду. Ооба, ушуну ичет да, анан бир тамчы оозуна албайт. Токтотпосо болбойт.

Бөтөлкөнү көтөрдү да, шыңгытып жута баштады. Же бир ачырканса эмне. Ушуну ичет да, болду кылат. А калган аракты бөтөлкөсү менен таштанды челекке ыргытат.

Батирине жөнөдү. Лифтке чыкканда жаны жай алып, башынын зыңылдаганы коё берип, нымшый түштү. Болду. Эми ичпейм деди. Колунда жарым бөтөлкө арак...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз