Эркиндик – бул аң-сезимдүү зарылдык

  • 20.10.2023
  • 9700

“Мурутчан эшек (Ленин – котормочу) силердин чоң атаңарды буйрук менен мууздоого жөнөтүп жатканда, океандын ары жагындагы мамлекеттер силердин чоң атаңар жек көрүп үйрөнгөн өздөрүнүн империясын курушкан. Жашоодо дайыма ушу: ким тың жашап, тың тирилигин кылса, ошону жек көрүшөт. Чоң энелерибиз бөлкө нан, колбаса үчүн кесерип кезекке туруп, а пионерлердин мээсине коммунизмдин былжыраган осуяттарын жаттатып, Ленинди атабыз деп үйрөтүп жаткан кезде эле АКШда бүт дүйнөнү башкарган азыркы экономикалык системаны куруп коюшкан. Азыр эми күнүбүз долларга түшкөн кез, долларсыз эч ким эмеспиз.” – Алексей Шевцов, украиналык блогер.

“Бизде, Россияда эки мерте эркиндик деп катуу алдашты. Биринчисинде: дыйкандардын эркиндиги жерсиз калуу менен аяктаса, экинчисинде: жумушчулардын эркиндиги билимсиздик менен аяктады.” – Михаил Михайлович Пришвин, орус совет жазуучусу.

“Менин көзкарашымда, Орусия Европа мамлекети. Маданият, дүйнө таанымы жагынан мен аны дайыма ушундай деп эсептеп келгемин. Бирок Орусияда конституциялык демократиянын, саясый укуктардын жана жарандык эркиндиктердин баалуулугу жок. Арийне, тарыхына үңүлсөк, Столыпин, Ленин, Сталиндин тушунда да Орусия Европага караганда чыгыштагы зулумдук бийликке көбүрөк окшошуп келген. Ушул убакка чейин эле Орусиянын саясый системасында плюрализм принциби жок, мамлекеттин кызыкчылыгы жеке адамдын кызыкчылыгынан жогору турат.” — Збигнев Казимер Бжезинский, америкалык саясат таануучу, социолог жана мамлекеттик ишмер.

“Эркиндикти, чындыкты сүйбөгөн адам зор күчкө ээ болушу мүмкүн, бирок эч качан улуу инсан боло албайт." – Вольтер, француз философу, акын, прозаик.

“Эркиндик – жөндөн-жөн келген тартуу эмес, көөдөндөн чыгаргыс асылдык." – Вольтер.

“Адам – өз дараметин текке кетирген, үңүрөйгөн жандык. Мен эл толгон автобуска түшкөндө адамдарга үңүлөм да, түңүлөм. Себеби, баары туура эместигин сезем. Алар Кудайдын жоктугунан же эс-акыл калчагандан үңүрөйбөсө керек. Аларга бир нерсе жетишпей тургансыйт… Адам аткырың эркиндикке ээ болуш үчүн жаалы кайнаган жаратман болууга тийиш." – Чарльз Буковски, америкалык жазуучу.

“Башка өлкөлөр менин өлкөмдөн бирдеңке үйрөнсүн үчүн өз өлкөмдүн эркиндикке жеткенин каалайм.” – Махатма Ганди, Улуу Британиядан Индиянын көзкарандысыз кыймылын жетектеген лидер.

“Менимче, адамдар эркиндиктин ордуна коопсуздукту издегенден башталган баары. Кеп эмнеде? Кеп, көпчүлүгү коопсуздук менен эркиндикти бир эле нерсе деп ойлойт. Эч андай эмес. Чын-чынында коопсуздук менен эркиндиктин кайнаса каны кошулбайт.” – Роберт Кийосаки, америкалык ишкер, инвестор.

“Сүйүү колу-бутка чынжыр кадабай, эркиндикке жеткирген сапатка ээ болуш керек. Сүйүү адамга канат берип, мүмкүн болушунча бийикте көкөлөп учууга көмөктөшөт." – Раджниш Ошо, Индиянын диний лидери, мистикалык окуулардын негиздөөчүсү.

"Эгер эркиндик кайсы бир мааниге ээ болсо, демек, башкалар уккусу келбеген чындыкты айтуу" – Жорж Оруэлл, англис жазуучусу, публицист.

"Европалык саясатчы тиранга айланса, өз эркиндигине өз колу менен балта чабат”. – Жорж Оруэлл.

"Чындыкты оозанууга ким жөндөмдүү болсо, алардын тилин көп учурда акмактар тишке каттырат." – Марк Орион.

"Муштум кесеген эркиндигиң башка бирөөнүн тумшугуна кадалган соң бүтөт." – Иммануил Кант, немис философу.

"Америка – улуу өлкө. Кемчиликтери толтура, көптөгөн социалдык теңсиздиктери бар, трагедиясы да бар: ынды каралар маселеси мындан элүү, атүгүл жүз жыл мурун деле чечилбеди, бирок ошого карабай улуу өлкө, мүмкүнчүлүктөрүңдү толук ишке ашыруунун өлкөсү, ээн-эркиндиктин өлкөсү! – Голда Меир, Израилдин мамлекеттик ишмери.

"Эркиндик бөлүнгүс: аны бүкүлү жок кылмайын, жиликтеп өлтүрө албайсың..." – Михаил Бакунин, орус ойчулу, революционер, анархист.

“Социализмсиз эркиндик — бул мансапкорлук, адилетсиздик, а эркиндиксиз социализм — кулчулук.” – Михаил Бакунин.

"Мамлекетте эркиндик бар дегендин өзү – карандай калп". – Михаил Бакунин.

"Эркиндик – бул артыкчылык эмес, биринчи кезекте милдет." – Альбер Камю, француз жазуучусу.

“Чексиз эркиндиктин терс жагы – өзүн-өзү өлтүрүү. А оң жагын тапкан адам – бактылуу”. — Альбер Камю.

“Эркин адам түрмөдө да эркин, кул мүнөздөр эркиндикте да кул бойдон өтөт”. – Николай Левашов, орус жазуучусу, публицист.

"Эркиндик – бул аң-сезимдүү зарылдык" – Бенедикт Спиноза, голландиялык философ.

"Тынчтык үчүн эркиндикти курмандыкка чалган адам экөөнө тең татыксыз." – Бенджамин Франклин, америкалык саясатчы, дипломат.

“Инсандык касиет эркиндик менен байланыштуу. Эркиндик болбосо, инсандык сапат калыптанбайт. Инсан болуп калыптануу үчүн сырткы эмес, ички эркиндикке жетүү кажет. Зарылчылык же мажбурлоодо жашаган пенде инсан боло албайт.” — Николай Александрович Бердяев, орус философу.

"Эркиндиги болсо, жайнаган китептер, гүлдөр, ай-күндүн алдында ким гана бактылуу эмес?" – Оскар Уайльд, ирландиялык акын, драматург, жазуучу.

«Саясатчыларга бийлик, а мага эркиндик керек." – Виктор Пинчук, украиналык ишкер.

“Тилектештер, эркиндик күрөш аркылуу келет. Бул үчүн бизге күч, биримдик, курал керек." – Георгий Гапон, саясатчы.

"Эркиндик деле ачарчылыкта көздөн учкан азыктай; адамдарга аны өтө кылдат бөлүштүрбөсө, карды ачкандардын өзөгүнө түшүп кетет.” – Лех Валенса, поляк саясатчысы.

“Эркиндик үчүн баарына барууга даяр экениңди душманыңа да туюнткандай бол. Ошондо гана эркиндик ээси сенсиң." – Малкольм Икс, америкалык укук коргоочу.

"Өмүр бою түрмөдө отургандан көрө, эркиндик үчүн күрөшүп өлгөнүң артык." – Боб Марли, ямайкалык музыкант, вокалист.

"Адамдар ар түрдүү рухий кулчулуктан кутулууда күрөш жолу менен гана өз тагдырларын аныктайт." – Зафар Мирзо, Индия жана КМШ өлкөлөрүндө иш жүргүзгөн бизнесмен.

“Өлүм жөнүндө ой толгоо, демек, эркиндикти унутпаганың. Өлүмдү унутпаган адам, эзели кул болбойт. Өлүмгө даяр болгонуң, бирөөлөрдүн үстөмдүгүнө баш ийбөөгө үйрөтөт. Өмүрдөн ажыроо анчалык деле чоң кайгы эместигин түшүнгөн адамга бул жашоодо эч бир коркунуч жок.” – Мишель де Монтень, француз жазуучусу, философ.

Кыргызчалаган О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз