Бир жолу колдон чыккан эркиндик биротоло жок болот

  • 25.10.2020
  • 6622

"Адамдан бардыгын тартып алса да анын жападан жалгыз карманар баалуулугу – бул өз эркиндиги. Аны кандай шартта болбосун адам бечара тырбалаңдап коргоодон башка аргасы да, жолу да калбайт.”  – Виктор Франкл австриялык психиатр, психолог, невропатолог.

“Шыгыбыз менен аракетибиздин ортосунда мөөнөт бар. Ошол мөөнөт бүткөнчө ишти кантип жөндөй алабыз? Эркиндигибиз ошондон көзкаранды.” – Виктор Франкл.

"Акча бакыттын кепилдиги дей албайм, бирок ал материалдык эркиндигиңе кепил." – Роман Аркадьевич Абрамович, миллиардер, ишкер.

"Эркиндик үчүн күрөштү, биринчи кезекте коом таламын талашкан жеке адамдын бийликке каршы күрөшү деп түшүнөм." – Николай Александрович Бердяев, орус философу.

"Эркиндик үчүн мамлекеттен баш тартууда биз колубузга салынган кишенден башка эч нерсе деле жоготпойбуз." — Карл Маркс, немис философу, социолог, экономист.

“Ажал келсе келсин, бирок ал тирилип келбесин”.  Карл Маркс.

"Чындык, эркиндик, адамгерчилик – бул жашоону сүйүш керек болгон бирден-бир асылдык." – Вольтер, француз философу, агартуу.

"Эң жогорку баалуулук – эркиндик. Ушуну билип ал. Эркиндикти бизге сүйүү гана ыроолойт. Агер ыроолой албаса, анда ал сүйүү деле эмес." – Раджниш Ошо, индиялык даанышман, мистикалык окуулардын негиздөөчүсү.

“Көпчүлүк жалгыз-жарымдарды жактырбайт; бири-бирин туураган жалган мүнөздүүлөрдү урматтайт. Өз укугу, өз эркиндигин коргош үчүн анын кесепетине карабай жандалбастаган бөтөнчө адамдарды караламан калың массаң жек көрөт.” – Раджниш Ошо.

"Эркиндик үчүн өз өмүрүн тобокелге салууга кайраты жетпеген адам гана кул болууга татыктуу." – Георг Гегель, немис философу.

"Коомдо сизге баары ыңгайлуу болгону – демек, эркиндикке жеткениңиз." – Роберт Фрост, америкалык акын.

"Жарыкты, эркиндикти изде, тапкан соң турмуш сазына белчесинен батырып салба." – Винсент Ван Гог, голландиялык сүрөтчү.

“Франция кармаштан жеңилди, бирок согуштан эмес! Эч нерсе жоготподук, анткени бул – дүйнөлүк согуш. Франция өзүнүн улуулугун да, эркиндигин да кайтарып алган күн келет… Андыктан бүткүл француз элине кайрылам: үмүт-тилек, курмандык үчүн баарыңар кол куушуруп отурбастан, менин тегерегимде бириккиле!" – Шарль де Голль, Франция генералы, мамлекеттик ишмер 1890–1970.

“Мүмкүн болгон жерде жакшылык кылгыла, эркиндикти баарынан жогору сүйгүлө. Кайда болбосун, атүгүл тирандын алдында да акыйкат тарабында болгула." – Людвиг ван Бетховен, немис композитору.

“Заманга шайкеш таксырлар абийир эркиндигинин көсөмү болууга тийиш.”

—  Зафар Мирзо, индиялык ишкер.

"Тайраңдап жүргөндү акмактар гана эркин деп ойлойт." – Публий Корнелий Тацит, байыркы Рим тарыхчысы.

"Эркиндикке ээ болбой туруп өзүңдү эркин сезүүдөн өткөн кулчулук жок. " – Иоганн Вольфганг Гёте, немис акыны

"Тең теңи менен экенин күрөш менен ким далилдей алса, эркиндикке ошол гана жетет.” – Шарль Бодлер, француз акыны.

“Сүйөсүңбү, эркиндик бер. Артынан көзөмөлдөп, башкалардан оолактатып, кызганып, каалаганын кылдырбай, кылган-эткенинен кынтык издегениң – сүйүү эмес. Сүйүүнүн колу-жолу буулбайт". – Рената Литвинова, режиссёр, сценарист, актриса.

“Адамдардын билимсиздигинен улам коомдогу социалдык жагдай начарлап, өнүгүү шарты кыйындайт. Мунун өзү коомду оңой-олтоң башкаргысы келгендерге ыңгайлуу. Ошон үчүн көпчүлүк адам көгөндөлгөн мал сымал баарына көнө берип, тоталитаризмдин пайдасы үчүн ойлоп табылган «эркиндиктен качуу» жолун тандайт. Ошону менен өздөрүнүн тагдырын, социалдык ордун, жашоосун, мүмкүнчүлүгүн башкалардын колуна өткөрүп беришет,” — Алексей Христинин (Disclaimer).

"Бир жолу колдон чыккан эркиндик биротоло жок болот". – Жон Квинси Адамс, АКШнын 6-президенти.

Кыргызчалаган О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз