Өскөнбай Бердибаев: Пазилет

  • 14.12.2022
  • 1806

Панардай жарык көрүнгөн,
Памирдин жылга төрүнөн.
Чырактай жанып көрүнгөн,
Жеримдин жылга төрүнөн.

Кайберен сындуу Пазилет,
Маңдайы жарык сезилген.
Ак аркар сындуу Пазилет,
Ажары сындуу сезилген.

Ак-Байтал ашуу чокусу,
Ак карлуу мөңгү топусу.
Памирден чыккан Пазилет,
Пакиза аруу тоо кызы.

Кызыл-Арт ашуу чокусу,
Кыраңда мөңгү топусу.
Кыргыздан чыккан Пазилет,
Кырк өрүм чачтуу тоо кызы.

Ай жашынган тектирден,
Аркарлар оттоп көп жүргөн.
Күн жашынган тектирден,
Кулжалар оттоп көп жүргөн.

Жайкалган жашыл жаз илеп,
Жамалы сулуу Пазилет.
Көрктөнгөн кооз жаз илеп,
Көйкөлгөн сулуу Пазилет.

Ыраң-Көлүм көк кашка,
Ыраңы көркөм көп башка.
Кара-Көлүм көк кашка,
Карааның көрктүү көп башка.

Суу-Башы, Көөнө-Коргондон
Суктанат сизди көргөндөр.
Токтомуш, Көөнө-Коргондон,
Тамшанат сизди көргөндөр.

Көпүрө-Башы, Ак-Балык,
Көргөндөр жүрөт суктанып.
Баш-Күмбөз, Аличор, Ак-Балык,
Баргандар тиктейт суктанып.

Кайберен сындуу таскагы,
Пакиза селки басканы.
Кийиктей көркөм таскагы,
Ийиктей жеңил басканы.

Көөдөй түндө панарсыз,
Көз кандырып жанарсыз.
Көпчүлүк болсо Айдын-Көл,
Сиз ошол көлдө аралсыз.

Жел айдаган бурганак,
Желпинген чөптөр ыргалат.
Сары-Колдон чыккан Пазилет,
Санжыра болуп ырдалат.
Мургаптык сулуу Пазилет,
Муңканган обон ыр канат.

Миң жылдар жашап ыр калат.
Булуң-Көлдүн жайыгы,
Бурулуп өтөт кайыгы.
Сары-Колдон чыккан Пазилет,
Сыныңдын жоктур айыбы.
Жашыл-Көлдүн жайыгы,
Жай алып сүзөт кайыгы.
Жеримде сулуу Пазилет,
Ырымдын жоктур айыбы.

Ак-Суу, Шаймак, Тузакчы,
Айланып тиктейм узакты.
Пазилет сулуу жашаган
Памирим көркөм узакпы?

Сарездин көлү көк-тунук,
Сарсанаа болом көп туруп.
Жаныңдан кеттим айланып,
Жамалың көрбөйм көп жүрүп.

Жашоого жүрсөк жан үрөп,
Жашартып бизди жаңы илеп.
Жакшы ырлар болсун жаңылык,
Жарыгы жанган Пазилет.

Шаймактын салкын шамалы,
Сезимден айдайт санааны.
Сары-Колдун жер-суу көлдөрү,
Суйкайган жандын жамалы.

Пейилдер болсун жаз илеп,
Памирлик сулуу Пазилет.
Сезимдер болсун жаз илеп,
Сары-Колдук сулуу Пазилет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз