Белорус акыны Татьяна Цвирконун поэзия шиңгили

  • 28.11.2023
  • 3431

ТУУЛГАН ТУУРДА

Чолпон жылдыз үй чатырдын чогундай,
Чоо-жай чубап Ай булуттан кылтыят.
Буурул каштан тобурчагың төгүлдү ай,
«Буйрук» дейби бутак үнү кыркырак.

Шамал үйлөйт жаак ылдый жашымды,
Шам күйбөптүр терезеде... Күймөлөм.
Күтпөйт эч ким. Түнгө жөлөйм башымды,
Кечкен апам, көчкөн атам дүйнөдөн.

ТАҢ

Ак жылдыз төнүп туманга,
Айнекти өткүн черткилейт.
Аткан таң тоңуп тур анда,
Аян түш агып кетти бейм.

Килемге сээп күлкүнү,
Кирпикте сезим кылгырат.
Күнүлөп-нетпей түнкүнү,
Көңүлдү күүлөйт кыл кыяк...

Удулда саат унчугуп,
Уйкумдун учун узартпас.
Жүрүшүн улай Күн тууп,
Жүрөгүм бошойт тузактан.

АЛДАМЧЫ АПРЕЛЬ

Жылынмака, сени жетелеп,
Түн түшүмө кирди апрель.
Түгөнгүрүң эстен өчө элек,
Жаша элес, жаша акырет!

Келгениңе келип ынангым,
Кейпим кейбир, мастык канымда.
Чернобылда чөктүң ынагым,
Чырак сындуу сүрөт чагыңда.

Күрү-күүлүү жашыл жаз айы,
Күбөсүңбү кыйын кылмышка?
Сарсанаадан бүттүм кашайып,
Сактаймын деп бүгүн тырмышпа.

Кайта-кайта түзөп түшүмдү,
Канча жолу алдап соороттуң.
Бир кем дүйнө шарты ушулбу,
Бар бактымды бүтүн жоготтум.

Которгон Абибилла ПАЗЫЛОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз