Абибилла Пазылов: Атамдын китеби

  • 06.08.2020
  • 3687

(ПЬЕСА-АҢГЕМЕ)

Жолон Мамытовдун 80 жылдыгына карата

Катышуучулар:

Жолон –акын.

МЕҢДИКЕ: –акындын жубайы.

Бала –акындын тестиер уулу.

Жигит –акындын уулу.

Ыраман –акындын калемдеши.

Апыш –жазмакер эркек.

Бапыш –жазмакер аял.

Бейтааныш кыз.

Таякчан студент.

Андан сырткары кийин мугалимдик кесипти аркалаган бир ууч студент катышат.   Театралдык беткапчан адамдардын, ошондой эле табыт көтөргөн жаназачылардын тобун да берегилер аткарат.

Окуялар жыйырманчы кылымдын 70-80-жылдарында Ош жана Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарларында өтөт. Эпилогдогу көрүнүштөр эсе үстүбүздөгү мезгилге таандык.

Биринчи бөлүм

Биринчи көрүнүш

(Түн. Жолон чыкылдатып машинка басып, ара-тородо чылым тутантып, анан алаканын чекесине коё коюп, ойлонот. Саамдан соң баштаган ишине кайрадан киришет. Төркү бөлмөдөн жалаң кийимчен бала чыгат.)

ЖОЛОН: (маңдайында суроолуу кадалган баланы байкап, башын көтөрөт.)  Уулум, чочуп ойгондуңбу?  

БАЛА: Жок, ата, коркуп атам.

ЖОЛОН: Апаң, бир туугандарың уйкуда, а мен минтип  ойгоо отурсам делеби?

БАЛА: (тыным.)  Ата, акыры баарыбыз өлөбүз, ээ? Сиз да, апам да...

ЖОЛОН: (ордунан ыкчам туруп, баланы көкүлүнөн сылайт) Сага өлүмдү эстөөгө али эрте, садагаң.

БАЛА: Төшөкө кулаарым менен Төлөйкөндө өлүп калган болом. Сөөгүмдү арабага жүктөп, адырдагы мүрзөгө алып жөнөшөт. Айыл этегиндеги  катар теректерге көз кырымды салып кете берем, кете берем, ата. Эми кара топурака көмүлөм, өйүздөгү мектепке эч качан каттабайм, Ак-Буурага таптакыр чөмүлбөйм деп ойлогондо көкүрөгүм туз куйгандай  ачышат.

ЖОЛОН: (четтеп.) Эх, Жараткан Эгем, бешиктен бели ката элек наристеге  неге мынчалык олчойгон санаа таңууладың?!

БАЛА:  Ата, өлбөстүктүн дарысы табылабы?

ЖОЛОН: Табылбай эле, бар. (Баланы колтуктап.) Илгеркилер  мүрөктүн суусун ичишкен. Миңжашар деген ат дагы жайдак жерде жаралбаса керек. Узак жашаш үчүн жомокторду тынбай оку?

БАЛА: Окуп эле атам.

ЖОЛОН:  Бөлөк арга жок, кубатым. (жайдарыланып.) Сабактарың кандай? Ааламда эмне кеп?

БАЛА: Классыбызга жаңы кыз кошулду. Ата-энеси тоодон көчүп түшүптүр.

ЖОЛОН: Ий-е де.

БАЛА: Ата, ошол кызды сүйүп жүрөм.

ЖОЛОН:  Баракелде! Бирок, андан кайдагы өлүмдөн коркуп,  тымызын кайгыга малынганыңды жашыр?

БАЛА: (мурчуюп.) Муну сиз гана билесиз.

ЖОЛОН:  Сыр бөлүшкөнүңө ыракмат, уулум. Баса, жанагы кызга ашыктыгыңды айттыңбы?

БАЛА: Айттым.

ЖОЛОН: Кантип?

БАЛА: Чоң жол дептерге ырларыңызды көчүрүп жазып ийдим.

ЖОЛОН: Мына, сага! Плагиат –адабият уурусу үйүмдө экен го?! Мейли. Атаңдын  пайдасы тийдиби?

БАЛА: Өгүнү астын тороп, катымдын жообун сурасам, кызарып кетти.

ЖОЛОН: Ыйлап ийбедиби, иши кылып. (сырдуу жымыят.) Бар, керебетиңе? Эртең классташтарыңа кезигесиң. Теңтуштарыңдын арасында тыкан, тың атанып, ар убактан бир убак ушар кайна, ындыныңды өчүрбө.

БАЛА: Сөзсүз ошентем. Түн жарымынан ооду, сиз да эс алыңыз?

ЖОЛОН:: Түн бакырдыкы. Эргүүнү колдогон периштелердин асмандан жерди карай ылдыйлаган учуру. Акын үчүн ар бир түн –Кадыр түн. Түшүндүңбү? (Бала  башын ийкеп,   бурулат.) Токточу, айланайын? Аңгемебиз чала тамамдады шекилдүү. Жашоо, турмуш тууралуу  дагы далай-далай баарлашарбыз. Ушу тапта убактым зык, тартыш. (БАЛА: башын экинчи жолу ийкейт.) Жакшы түш көрүп жат?!

БАЛА: (кетип баратып.) Жакшы түш көрүп жатыңыз, ата?! (Жолон чылым түтөткүчө отургучка коомай конуп, колжазмасын оңдой баштайт. Машинканын арибин олуп-чолуп терет. Арада кирпиги жумулуп, үргүлөйт. Тамекинин  чогу барактарга жабышат. Ал жыландай ийрелеңдеген жалынды шаша-буша чапкылайт. Сахна күүгүм тартат.)

Экинчи көрүнүш

(Таң. Жолон отурган ордунда чечинбей уктаган бөлмөгө МЕҢДИКЕ: кирет. )

МЕҢДИКЕ:  Тү-ү, чыгарма жазганыңдан чылым түтөткөнүң  ашыптыр-ов?! Тур, Жолон жүзүңдү чайка?

ЖОЛОН: (ыкшоо козголуп, тышка жөнөйт.): Меңдике...

МЕҢДИКЕ: (чачылган айрындыларды жыйнагыча сүйлөнүп.) Меңдике-е?! Балдарды мектепке даярдап, азандан опур-топурбуз. Ошону такыр туйбадың?! Коңуругуң коңшу-колоңду жыйрылтты. (терезени ачат. Сырттагы радиодон Рыспай Абдыкадыровдун аткаруусундагы “Издейм сенинин” акыркы кайрыктары жаңырат. Бирпас кулак түрүп, терезени жабат.) Рыспай экөөңөр күн алыс ушинтип кимдир-бирөөнү издейсиңер. А издегениңер узартып уул, кызартып кыз төрөп, бешенеңердебиз.

ЖОЛОН: (сүлгү менен сүртүнүп, кайра кирет.) Меңдике, алтүндө араң чүргөгөн ырларымды капылет өртөп алдым. Ушуреки оозума от жаккан өнөкөттү таштайынчы?!

МЕҢДИКЕ: Таштабайсың. Маяковский да сигара чеккен.

ЖОЛОН:  Маяковский. Төрт тарабым, астым-үстүм, ичим-тышым Маяковский. Маяк... И-и, айтса, “ Тирүүлүктүн бир чегинде кезем да, тууган элге карызымды сезем да, ойгоном да түн жарымда, азанда, бар күчүмдү чыгарамын казалга”. (сүйүнүп.) Сары кагаз күйүптүр, некин, саптарым эсимде сакталыптыр.

МЕҢДИКЕ: Кимге арналган саптар? Маяковскийгеби?

ЖОЛОН: Пушкинге. Меңдике жөнү жок тырчый бербечи?

МЕҢДИКЕ:  Эмнеге жөнү жок, ыя? (халатынын чөнтөгүнөн гезит сууруп, Жолонго сунат.) Сени сакалдуу-көкүлдүү сынчылар сындай баштады.

ЖОЛОН: (гезитке  үңүлүп.) “Татаал ойлоп, не бир татаал жашаган, менин доорум – сезгич, сергек  жаш адам”. Мунун эмнеси катаа? Карасаң, (баракты сөөмөйү менен саят.) “Кыскартышат редакторлор биздин жазган ырларды, ательеге үч сом берип, кыскарткандай жаңы шым”.  Жашырганда эмне,  басманын, журналдын ар бир редактору өз алдынча билерман. Тигилердин калеми калем эмес эле, жуушаң кайчы. Каалашыбызча кыркабыз деп кыйынсышат, кайбарлар.

МЕҢДИКЕ:  Ысмайылдар, Осмонжандар армиясы туурасындагы пикириңе каяша төмөнүрөөктө.

ЖОЛОН: (гезитти мыкчып.) Буюрбасын, алардын ысымдарын шылдыңдоо үчүн эмес, тек метафора катары керектегемин.

МЕҢДИКЕ: Жолон, Жолон, дале Адабият институтунун, Москванын, Маяковскийдин таасириндесиң. “Отту сүйөм” жыйнагың окурман журтка өзгөчө жакканы туңгуч мөөрөйүң.

ЖОЛОН: Элге жаккан нерсе, качан мыкчыгер, куу чирендерге жагат?

МЕҢДИКЕ: Даңка жараша жүк, Жолон. Этият –шарт.

ЖОЛОН: Меңдике, кам санаба, (ыр окугандай колун серпип.) жаңылыкты король, шахтар   ачпастан, ачат аны жерге жакын жүргөндөр. Тарыхты сен, мен, биз сындуулар жасайбыз, куда кааласа.

МЕҢДИКЕ: Балким, орошон талантыңа Ош калаасы тардык кылар. Фрунзенин редакцияларынан жумуш караштыралыбы?

ЖОЛОН:: Ошту чанганыбыз –кесирлик. Шолохов деле ата конушунда өмүр өтөп, шедевр романдарды жаратууда.

МЕҢДИКЕ::  Бирок, ушундай-ушундайда кыйналасың да, тирүү жан. Оюң он талаага тарамдайт. Билбейм, Жолон, сен кандайсың, мени коколой  бир кооптонуу сезими бура бастырбай, этегиме эрмешет, жакама жармашат. Камыктырат. (так секирип.) Ай, эскара, оттогу суу?! Кел, памил чай ичели?

ЖОЛОН:: Ур-а, нанушта! Меңдике, нануштаны чечмелечи?

МЕҢДИКЕ:: Эртең мененки тамак.

ЖОЛОН:: Жо-ок. Эки сөздөн куралат: нан, кадимки нан,  ушта –карма, “ууру келсе уштайбыз” деп ырдалат “Бекбекейде”. “Ууру келсе кармайбыз” дегени да.

МЕҢДИКЕ:: Калжыңыңды жыйыштыр? Боёкчу боёкчу десе, атасынын сакалын кошо боёойт имиш. Бас, ысык токочту сааркы каймакка малып жейбиз. Жарайбы?

ЖОЛОН:: (жоокердей какайып.) Жарайт, жолдош Мамазаирова –формасы улуттук, мазмуну социалисттик адабиятыбыздын эртеңки үмүтү!  (сүлгү менен Меңдикенин белинен тартып.) Нануштага дейре кыргыз гезиттерин караба!

МЕҢДИКЕ:: Чайнек кайнап, ашып-ташып шарактабадыбы, кашайып?!

ЖОЛОН:: Кайнамактан какшып калсын!

МЕҢДИКЕ: (жумшарып.) Ай, белим... Жинди... (тарткылаша тамашалашып кетишет. Сахна күүгүмдөйт.)

Үчүнчү көрүнүш

(Пединституттун аудиториясы. Бейтааныш кыз, Таякчан студент жана башка студенттер акын менен жолугушууга даярданышууда.)

БЕЙТААНЫШ КЫЗ:  Иш-чарага чейин, кана, дагы бир мертебе кайталайлы. Сөздөн жаңылмай, иреттен жыдымайды  токтоткула? (Таякчан студентке.) Сен эмнеле жеп коюучудай качасың, бери тур? Мурдуңду “шуу” тартып, тежемел торпоктой бышылдаганыңды укпайын?! (баарына.) Соңку төрттүктүн башында “Окуу жайга өткөнүмдү Ош айтып” дегенибизде Сулайман Тоого тегиз кайрылып, куплет аяктагыча бир нече кадам таштоону унутпагылачы, секеттерим? (оң билекти бийик сермеп.) Тизилдиңерби?  Музыка! (түздөнүп.) Жолон Мамытов. Аталышы жок ыр. Аткаруучулар: Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнүн студенттер тобу!

ТАЯКЧАН СТУДЕНТ:

Көңүл бийлеп, тиктей калсам өзүңдү,
Көрдүм андан көзүң  толо өзүмдү,
Сен кайтаарда булак суусун чакалап,
Мен алдыңдан торой чыкчу кезимди.

Желпилдеген жоолугуңду бир байлам,
Кыз кезиңди кызыл-тазыл кир жайган.
Мышыгыңды терезеңден кетпеген,
Апакеңди ак чач болуп улгайган.

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: (күтүүсүз обонго салып жиберет. Курсташтары аң-таң бакыраят.)

Көрдүм таргыл көмүш уйду сүзөнөк,
Бөбөктөрдү бут тушоосун үзө элек.
Намаз окуп отурушкан чалдарды,
Кыбыланы тиктеп алып тизелеп.

Талааларды бүт кызгалдак сепкендей,
Аскаларды буура жаңы чөккөндөй.
Адырларды мисирейген боз, такыр
Ошол жылы абам кийген чепкендей.

БИРИНЧИ СТУДЕНТ? (топтон суурулуп.)

Көрдүм түздө биз окуган жапыс там,
Меши күйбөй көздөрүбүз ачышкан.
Илбирс сымал жылкычынын балдары
Азоолорду үйрөтүшүп машыккан.

ЭКИНЧИ СТУДЕНТ: (топтон суурулуп.)

Көрдүм шамал түндүктөрдү жулганын,
Карышкырлар ээнбаштык кылганын.
Илмийген Ай он беш күнгө толгондо,
Толмоч тартып түнү бою турганын.

ҮЧҮНЧҮ СТУДЕНТ: (топтон суурулуп.)

Көрдүм койду эрте жазда жайылган,
Ат чабылып айылдарга айылдан.
Бул ааламдан өттү дешип Сталин,
Боз үйлөргө кара туулар сайылган. (Бардыгы  Сулайман Тоо тарапты беттеп, чогуу окуйт.)

Окуу жайга өткөнүмдү Ош айтып,
Сен ошондо убаданды бош айтып,
Сүт ташыган машиненин үстүндө,
Кеткен элем жаштыгыма кош айтып.

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Залга ыраазычылык. (кол кармашкан студенттер жапырт ийилип, таазим этишет.)

ЖОЛОН: (сырттан алакан чаап кирет.): Бали, уландар, бали, бийкечтер!

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Жолон агай?!

ЖОЛОН: Каалганы аттоодон тартынып, тышынан тыңдадым.

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Сиз менен жолугууга камылгабыз.

ЖОЛОН: Чакырганыңарга ыракмат! Арийне, эки чакыруу бир мөөнөткө тушташып, силерден кечирим суроого шаштым. Обкомдон азыркы адабият боюнча чукул жыйналыш уюштурулат, катышууга милдеттүүсүң деп капыс кабарлашты. Фрунзеден жоон топ идеологдор учуп келиптир.

ТАЯКЧАН СТУДЕНТ: Ка-ап, деканатты зорго макулдаттык элек, агай. Жыйнагыңызды (коюн чөнтөгүнөн китеп сууруйт.) жаттап бүтө жаздадык.

ЖОЛОН: (Таякчан студенттен китепти алып, ары-бери экчеп.): О-уу, мунуңардын мукабасына сабиз туурагансыңарбы? Тешилиптир, жешилиптир, жыртылыптыр, тытылыптыр...

ТАЯКЧАН СТУДЕНТ:  Жалгыз  китептин ушунчабызга түткөнүнө шүгүр дебейсизби?

ЖОЛОН: Шүгүр дейин. Жалгыз китеп! Жалгыз...Бул “кембагалды” мага тапшыргыла? Ордуна ар бириңе жаңы жыйнагымдан бирден нуска тартуулайын. Кол тамгам менен.  

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Агай, ушердекилер бирибиз калбай ыр жазабыз. Позия боюнча узатар соболдорубуз толтура.

ЖОЛОН:  Көчө таптабай, уйкаштык издегениңер ийгидир, бир эсептен.

ТАЯКЧАН СТУДЕНТ: Тырмак алды чыгармаларыбыздан жарыялоого көмөктөшүңүз, агай?

ЖОЛОН: (күлүп.) Тырмак алды чыгармаларыңарданбы?.. Агалык масилетим –жарыялоого ашыкпагыла? Студенттин убактысы жетиштүү. Классиктерди казгыла? Китеп артынан китеп чубурткандардын баары эле акын дейсиңерби? Токсон тогуз бүтүн ондон тогуз пайызы көркөм чыгармачылыкты оңой оокат санагандар. Ыйык өнөрдү уялбай-нетпей эрмектегендер. Адабияттагы мансапкорлор. Мына, силер болочок мугалимдерсиңер. Биринчи баскычка, албетте, сүйгөн кесибиңерди коёсуңар. Муза дүйнөсүнө анда-санда сүңгүшүңөр ыктымал. Деди-дебе, поэзия-кызганчаак жанр. Өзүнө такай көңүл бурууну талап кылат.

ТАЯКЧАН ЖИГИТ: Сиз мурдакы мал доктур эмкисин радиожурналистсиз. Радиожурналист менен акындыктын айрымасы көк менен жердей да?

ЖОЛОН: Акындык кесипке жатпайт, акындык –тагдыр. Мага, маселен,  “акынмын” деп төш кагууга жарабайт.

ТАЯКЧАН ЖИГИТ: Демек, бизден акын чыгышы арсар тура (асасын шилтеп, ары карайт.)

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: (талашка кыпчылып.) Жаш калемдер үчүн ийрим уюштуруңузчу, агай?! Акыл-насаатыңызды жуктуруңуз, менчик мектебиңизди түзүңүз?

ЖОЛОН: Кыйратып бирдеме жазбагандар “мектеп” түзүү менен алек. Тимелеби, тирүүлөй классик!

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Агай, шекериңиз оозуңузда, поэзия канчалык кызганчаак? Кызганчаак аялдан да кызганчаакпы?

ЖОЛОН: (өнтөлөп.) Олуттуу байкоону оюнга бурбачы, чоң кыз?! Поэзияда ар ким өз арбайын өзү согот. Буерде туугандын да, достун да, устаттын да көмөгү өтпөйт. Устатыңар –түбөлүктүү эстетикалык үлгүлөр, үлкөн даанышмандар.  Алыкул,  Маяковский,  Байрон, Данте...  Дагы, дагы далайлар. Чамдагыла?! (китепти бооруна басып.) Белегиңер буюрсун! Создуктурбай, эртең радиокомитетке чабарман чаптыргыла?  Көрүшкөнчө! (сыртка жөнөйт.)

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Кошуңуз! (студенттерге.) Акын болуш азап дебедим беле, акөрөкчө чер жаза бийлейли? (өзүнчө.) Поэзия кызганчаак эле эмес, таарынчаак да жанр кейиптенет. Музыка! (студенттер жетимишинчи жылдардагы кайсы бир белгилүү ыргактын коштоосунда бийлешет. Сахна аста-аста караңгылайт.)

Төртүнчү көрүнүш

(Бош сахнага бала чуркап келет.)

БАЛА: Ата!.. Апа!.. Апа дейм! (ары-бери энтеңдеп.) Ата, апа, кайдасыңар? (айланкөчөк атып.) Эге-гей, үн каткыла, уулуңарды тыңшагыла!? (ың-жыңсыз тынчтык. баланын көзү алаят.) Ата? Апа?..

МЕҢДИКЕ: (чабадан көтөрүп кирет.) Апей, мынча кеч тарадың сабактан? Бол тез, Фрунзеге учабыз.

БАЛА: Апа, атам үйдө эмеспи?

МЕҢДИКЕ: Атаң аэропортто, кечки рейске белет алып. Тынчылыкпы деги?

БАЛА: (башын кашып.) Бирдеме.

МЕҢДИКЕ: Бирөө бирдеме дедиби?

БАЛА: Деди.

МЕҢДИКЕ: Ким?

БАЛА: Табыңызчы?

МЕҢДИКЕ: Класс жетекчи эжейиңби?

БАЛА: Жок.

МЕҢДИКЕ: Деректир агайыңбы?

БАЛА: Жок.

МЕҢДИКЕ: Лөлүгө бал ачтырдыңбы?

БАЛА: Жок.

МЕҢДИКЕ: Төрт көчөдөгү навайчы арзан баа аскиясын жобурадыбы?

БАЛА: Алыстабаңызчы? Навайчы, базарчы деп.

МЕҢДИКЕ: Алыстабаса, айтпайсыңбы маалкатпай?

БАЛА: (ыргылжың.) Атам экөөбүз бир кызга кат жаздык элек.

МЕҢДИКЕ: Эмне дейт, чунак?!

БАЛА: Жок, өзүм эле жазгам, атамдын ырларынан аралаштырып.

МЕҢДИКЕ: Жараган экенсиңер, окшошкон ойроттор.

БАЛА: Ошол каттын жообун бир ай күттүм, алты ай күттүм, бир жыл күттүм. Бирок, ал унчукпады. Өзгөлөргө жаркылдап, мага суз. Күйүктүрдү.

МЕҢДИКЕ: Анан?

БАЛА: Бүгүн апа, урушпайсызбы,.. бүгүн, жуп Кызыл бурчта, СССРдин туусунун түбүндө    шынарлап, саймалуу бетаачы сунду. Мына! (жүзаачыны желбиретип жүгүрөт.)

МЕҢДИКЕ: Абдан сонун! Жүрү, мунуңду атаңа самолёттон сүйүнчүлөйсүң.

БАЛА: (тык токтоп.) Мен Фрунзеге барбайм.

МЕҢДИКЕ: Эмнеге барбайсың? Борбордон иштейбиз. Силер  сапаттуу билим аласыңар?

БАЛА: Классташ кызчы?

МЕҢДИКЕ: Кыз качпайт. Мектепти аяктап, Фрунзеге, университетке тапшырат. Ошондо кезигесиңер.

БАЛА: Кошо ала кетсек болбойбу?

МЕҢДИКЕ: Бирөөнүн чырактай медеринби? Кой, балам, бабырабай жөнөйлү? Атаң зарыкпасын.

БАЛА: (кыйыктанып.)  Барбайм дедимби, барбайм. Авамдардыкында жашайм.

МЕҢДИКЕ:  Кантет? Кийимдериңди, китеп баштыгыңды көтөр? (бала сахнаны айланып качат. Меңдике чабаданды сүйрөп, кууйт. Өпкө кага.) Атаңа даттанып элеби, таманыңдан кайыш тилдирем, байкуш... Сага ата-эне, бир туугандардан кылайган бир кыз кымбатпы? Эмитен бөлөк бүлөө тандаганын, жарыбагырдын?!

БАЛА: Атам деле чоң энем менен эмес, сиз менен жашап атпайбы?

МЕҢДИКЕ: Тилиңди тарт, тыкылдабай! И-и, бетимдин беш териси...

БАЛА: Баары бир барбайм, Фрунзеңерге. Үч балаңар азбы?

МЕҢДИКЕ: Төртөөң тең барасың! Эч кимиңди мында бөлүп калтырбайм, уктуңбу?! (Эне-БАЛА: сыртка куушуп кетет, кайра куушуп кирет. Кайта киргенде бала бая колунан жылбышкан жүзаачыны эңе безет. Тапыр-тупур зорго басылат. Сахна караңгылап, тээ асмандап сызган учактын доошу ачык эшитилет.)

Экинчи бөлүм

Биринчи көрүнүш

(Жыйналыштагы танаписте театралдык беткапчан Апыш менен Бапыш залдан Жолонду ээрчий чыгат.)

АПЫШ: (Жолондун чегүүгө белендеген папиросун  ныгыра тебелеп.) Таланттуу акыныбыз кылым толо жашашын тилейбиз.

БАПЫШ: (кыркыраган үн менен.) Жаша, Жолон:!

АПЫШ: Халтуранын сөөгүн көзөп, чучугун чактың, Жоке. Биз да көптүн арасында, көчтүн карасында кызуу алакан чаап, “Браво!” деп алкадык.

БАПЫШ: Баса, халтурасыз адабият кайда? Нукура адабият менен жазмакерлик коңуз менен анын дыңылдагындай бирге жашайт.

АПЫШ: Кой аксагы менен миң. Жазмакерлерди жыйындагы бир баяндама аркылуу четке сүрө албастырбыз.

ЖОЛОН: Бай болгурлар, мөлтүлдөтпөгүлөчү? Силерге жанагы сөзүм жактыбы же жакпадыбы?

БАПЫШ: (тил учунан.) Жакты, жакты...

АПЫШ: Фрунзеге отурукташып, кинодо эмгектенгени кыйла өстүң, Жоке. Баякыда тытылганча окулган бир китебиңди көрсөтпөдүң белең. Аның Оштогу окуя. Караманча унут? Албан-албан ийгиликтер алдыда. Сыйлыктар, наамдар, ордендер...

БАПЫШ: Кадырман калемдештериңди ж.быларга же и тогдалыларга шилеп, шилекей аябай, кез-кез атай жүрсөң, ботом? Өзүм аялдар сатирасынын  жарык жылдызымын. Күзгүгө каранган сайын ушунчалык таланттуу жаралганыма  кубанам, кумарланам дейсиң?! Ал эми Апыштын жыйнактарынын саны кырктан ашып, элүүнү таталады.   Таянган тообуз бийик, жайытыбыз кенен.

ЖОЛОН: Апыш, Бапыш, алфавиттин алгачкы эки арибиндей кошоктошкон замандаштар, ири алды, эмне үчүн маска  кийгениңерди баян эткилечи?

АПЫШ: Сага да берелиби? Кышында сууктан, жайында ысыктан калкалайт. Өз кишилерге акысыз таратабыз.

ЖОЛОН: Ыракмат, жөн эле койгула?

БАПЫШ: Биздин тайпага  кошулсаң, ташың өргө кулайт. Кулча иште, ханча жаша.

АПЫШ: Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин, Жоке?!

ЖОЛОН: Силердин бөтөнчө тайпаңар барбы?

БАПЫШ: Бар эмей? Адабиятты тайпа, топсуз жасоого мүмкүн эмес. Санаалаштар биргели, бири бирибизди колдойлу, мактайлы, жактайлы?

АПЫШ: Сен келсең, тайпабыздын кадыр-баркы жогорулайт, тегеректеги тайпаларга салыштырмалуу абырою ашат.

ЖОЛОН: Адабиятты  ашар жолу менен эмес, жеке эмгек,  изденүү аркылуу жаратабыз дегендерди кантебиз?

АПЫШ: Ага каршылык нөл. Үйүңдө, үстөлүңдө чалкалап, чарчап-чаалыкканча изден! Бирак, коомдук турмушта окшош позиция карманабыз. Таш ыргыткандарга таш, аш ыргыткандарга аш ыргытабыз дегендей...

ЖОЛОН: Жүргүлө, жыйындын экинчи бөлүгүндө ыр окуйм. (аржактан көпчүлүктүн кол чабуусу угулат.)

БАПЫШ: Кайсы ырыңды окуйсуң?

ЖОЛОН: Жаңы ыр. Алыкул жөнүндө.

БАПЫШ: Анда, алгач бизге тааныштыр?

АПЫШ: Эң мыкты акын –өлгөн акын эмеспи, ЖОЛОН:. Алыкулдан өзгөнү  киши санында санабай калдыңар.

БАПЫШ:  (койколоктоп, оштонот.) Жок, Апыш, антпе?!  Алыкул –тун махабатым. Тирүү болсо айыкпас дартына карабай тиет элем. Сүйсөң, классикти тандап сүй?!

ЖОЛОН:  Бапыш, Апыш, барайын... (Апыш, Бапыш оюн-чынга аралаш, кулач жайып, Жолондун жолун торойт.) Кудай урбадыбы, даарыбагылачы? (Апыш, Бапыш Жолонду тегеректей текиреңдеп, “мына минтип, мына минтип” деп ырдап, бийлешет. Кабагы карыш түйүлгөн Жолон алдыгы экөөнү тушкелди жыкжыйта түртүп, кетүүгө аргасыз болот. Ичкериден кол чабуулар күчөйт. Ыр окуган Жолондун  үнү угулат: Алыкул менин эле курагымда, Жан кыйып Фрунзедей турагында, Калыптыр сан миң адам көңүлүндө, Ак пейил окурмандын кулагында... Апыш менен Бапыш эриксиз элейип, жактырбагандай мурдун чүйрүйт.)

Экинчи көрүнүш

(Жарык сахна күүгүм түшкөндөй караңгылайт. Апыш менен Бапыштын айланасына шам кармаган беткапчан аял-эркек чогулат.)

АПЫШ: (олуттуу.) Жолдош түнкү рецензенттер! Кезектеги жыйыныбызды ачык деп жарыялайм. Күн тартибиндеги маалыматты Бапыш берет.

БАПЫШ: (ашкере көтөрүңкү кыраатта.) Жолдош түнкү рацензенттер! Демейдеги кыраакылыгыбыз саат санап мокоп барат. Ээнооз “чымындуулар” Ленин, партия, коммунизм туурасындагы херстоматиялык туундуларыбыздын көркөмдүк деңгээли төмөн деп ызылдашууда. Ошол эле учурда  кыргызга тийешелүү  улуттук баалуулуктарды булутка  жеткире көкөлөткөн ой-пикирлер жамгырдан кийинки козу карындай жамырады. Кай бир кейбирлер Сагымбайдын “Манасын” басып чыгаруунун зарылчылыгын кайталап,  келжирешсе, айрым шүмшүктөр “заманисттердин” реакциячыл чыгармачылыгын актоону астыртан тилеп, тап душмандардын зыяндуу таламын талашышат. Андайлар менен ачык күрөшпөсөк, шорубуздун шорподой катмагы бышык. (шам кармаган беткапчан аламан “Ачык күрөшөбүз!” деген ураан таштайт. Бапыш каргылданып, эмшеңдейт.) Жаным курман, санаалаштар! (Аламан “Аттарын ата?” деп чуулдайт. Бапыш көзүнүн жашын көйнөгүнүн этеги менен сүртүп, мукактанат.) Атасам... Атасам элеби... И-и, күндүзгү поэзия майрамында Жолон Мамытов ыр окуп, залды толкутту. Анын ар бир сабынан адеттегидей эле пессимизмдин жыты урат. Лирикалык каармандын көөдөнү муң-зарга жыкжыйма, санаачыл...

АПЫШ: (Бапышты колтуктан таяп.) Айтмакчы, жолдош түнкү рецензенттер, Жолон калайыкты жыргализмге  шыктандырган, социалисттик Родинабызды сүйүүгө чакырган аксакал-көксакалдарыбызды курулай шаңдануучуларга кошот. Адабияттагы коллективизмди колдобойт.

БАПЫШ: (кумсарып.) Жолонго комсомол сыйлыгын ыйгартпайбыз, жолдош түнкү рецензенттер. Жолон бизге жолдош эмес, биз Жолонго жолдош эмеспиз. Эмне ал сүттөн ак, суудан тазабы? Кемчилигин, катаасын ийне-жибине дейре  чукуйбуз, жогор жакка “тоголок кат” жолдойбуз. (Беткапчандар кол кармашып, ары-бер айланып жүгүрүшөт: мына минтип, мына минтип...)

АПЫШ: Жолдош түнкү рецензенттер, Бапыштын сунушун колго салам. “Макул” дегендер шамыңарды өчүргүлө? (Баары шамдарын өчүрөт. Сахна түтүн жыттанып, күүгүмдөйт. Андан-мындан какап-чакаган, кыркырып жөтөлгөн үндөр тарайт.)

Үчүнчү көрүнүш

(Жолон кабинетте телефон менен сүйлөшүп турат.)

ЖОЛОН: (ачуулуу.) Кайсы деңгээлде ушинтип чечилди. Түшүндүм –чоңдор. Сен эмессиң. Басмада кара пешкасың, билем. Кимиси? Чалам. Тек койбойм, текшертем... (телефондун түтүкчөсүн “тарс” дедирте таштап, тегерчегин кайра-кайра бурап, убара чегет. Сырттан Ыраман кирет.)

ЫРАМАН: Салам, Жолон!

ЖОЛОН: (телефонун токтото калып.) Ыраман! Алеким! Ырас келбедиңби? Ырларыңды гезиттин келерки санына даярдап жатам. “Кыргызстан маданиятындагы” бөлүм башчылык кызматымды  ырымдап, учкул поэзиядан баштайын дедим... Карга бок чокубай “басмачылар” маанайымды бузду. Дапдаяр жыйнагымды темпландан чийип, белгисиз мөөнөткө артка сүрүшүптүр. Жылан чакпай, жылкы теппей...

ЫРАМАН: Жоке, достум, менин акыбалым андан да жаман.

ЖОЛОН: Өнөкөт ооруң кармадыбы?

ЫРАМАН: Туулбай туна чөксөмчү!?

ЖОЛОН: Антпечи, Ыраман?

ЫРАМАН: Чабалактап таң атырдым. Кечээ машинкага үч нуска бастырып, тыкыр редакциялап, үч бапкеге бапестеп байлаган  колжазмамды Ала-Арча суусуна ыргытып жиберишти.

ЖОЛОН: Азилиңби-чыныңбы?!

ЫРАМАН: Гүлбак өйдө кудуңдап, териме батпай келатсам Апыш, Бапыш теке маңдай кезигип, портфелиң  кампаят, ичинде эмне дейт? Алабарман жаным басмага тапшырууга белен болочок китебимди жая салбаймынбы. Тигилер жууйлу, майлайлыга өтүштү. Акидей асылышты.

ЖОЛОН: (чыдамсызданып.) Анан?

ЫРАМАН: Анан такси жалдап, калаа четине сыздык. Бапыш менен Апыштын тааныштары күрпүлдөгөн  дарыянын  жээгинде  күүлдөп отурушуптур. Кучак жая  тосушту, ыстаканга арактан мелт-калт толтурушту. Элүүнчү  ашууну ашканым менен байма-бай куттукташты. Бапкелериме сонуркап,  бири бирине узатып, Куран  китептей бешенесине тийгизип, тооп кылышты, Жолон. Ошондой азан-казанда  бир аз магдырай түшкөн экем, көзүмдү ачсам үч бапке тең агымдын шарында өрдөктөй өйдө-ылдый калкып,  зуулап баратыптыр. Ой-байга карабай –секирдим. Бирок, кагаздарымды бурдоого буямам жетпеди. Буттарым ташка тийип тилинди, кийимдерим дал-далынан айрылды.

ЖОЛОН: Ка-ап, карачы, кара мүртөз арамдарды?!

ЫРАМАН: (зээни кейип.) Жолон, бапкеме жай саратандын ыпысык демин, кыш чилденин кырчылдаган аязын, апасынан бөлөк жан өбө элек бийкечтин кылгырган жылмаюусун, баатырдын айбатын, карыянын кайратын  катты элем. Аны  менен кошо поэзияга төгүлгөн ышкым, көөдөнүмдөгү ишенимим жоголду. Эс-мас эргүүлөрүм, бейкүнөө жылдарым! Тойдум,  эми бир сап да ыр чийбейм!

ЖОЛОН: Анда Апыш-Бапыштардын күнү туубайбы. Генийдин алтын тагы ортозар жамакчыларга бошобойбу.

ЫРАМАН: (көзүнүн жашын көрсөтпөй сүртүп.) И-и, айтса, сен акча сатып аласыңбы?

ЖОЛОН: Түшүнсөм буюрбасын. Акча сатылбайт, акча менен ардеме сатып алат.

ЫРАМАН: Жок, акча сатам. (чөнтөгүн чукулап.) Мисалы, беш сомдукту үч сомго. Мейли, сага бир сомго сатам. Ыраман адабияттагы миллионер,  Ыраман поэзиянын Рокфеллери! (оң-солго жорголоп, көкүрөгүн чабат.)

ЖОЛОН: Ыраман?

ЫРАМАН: Почтадан редакцияңарга жеткиче соодамды кызыттым. Он сомду беш сомго, беш сомду үч сомго  талап атышат.

ЖОЛОН: Ыраке, аяшка буйдалбай жөнө? Четтен итабар калем акы келет дегендей элең.

ЫРАМАН: Аяшың курусун, баш жаздырбай куубадыбы. Бир сомго беш сом аласыңбы-жокпу?

ЖОЛОН: Беш сомуңду он сомго алам.

ЫРАМАН: Абдан сараң сыяктанасың. Акын имиш...

ЖОЛОН: Өзүңдүкү туурабы?

ЫРАМАН: Аракетим –акчанын кадырын түшүрүү. Акындарды пулдан эркин коомдо жашоого үндөө. Эртели-кеч ырга сокур тыйын калем акы төлөнбөгөн мезгилге тушугабыз.

ЖОЛОН: Ошентсек эле халтуранын тукуму куруйбу?

ЫРАМАН: Кур дегенде саны кемийт.

ЖОЛОН: Күмөнүм бар. Анткени поэзияны акча үчүн эле эмес, атак-данк үчүн да жазышат эмеспи. Андай заманда жалаң акчалуулар ыр сонунан ыр токуп, жалтырак томдордун авторлоруна айланышы толук мүмкүн.

ЫРАМАН: Аларың миллиондорду канчалык чачпасын, баары бир акын атыкпайт. Келе, ыр сатпай, акча сатабыз. (беш сомдукту булгалап, кыйкырып жөнөйт.) Бир сомго беш сом сатам, ким алат? Бир сомго беш сом...

ЖОЛОН:  Ыраман!..Кайран гана, калемдеш!  (Чыкыйын мыкчып, үн-сөзсүз селейет. Телефон шыңгырап өчөт. Теңселип үстөлгө чукулдайт да, үйүнүн номурун терет.) Алло, Меңдике, эт асчы? Табым айнып, муунум калчылдайт... Эчтеме сураба? Кепти барганда  улантабыз. (сахна күүгүм тартат.)

Төртүнчү көрүнүш

(Жазуучулар уюмунун төрагасынын орунбасарынын кабинети. Жолон иш кагаздарына көз жүгүртүү менен алек. Тыштан беткапчан Апыш кирип, сөз баштоодон тартынып, күймөлөт.)

АПЫШ: Жоке... Жолон Мамытович...

ЖОЛОН: (кылчайып.) Апыш?

АПЫШ: Жолон Мамытович, айып этпеңиз?

ЖОЛОН: Сен мени качантан бери “сиз” деп калгансың? Алдагы маскаңды чеч?

АПЫШ: (беткабын кош колдоп жаап, кетенчиктеп.) Жок... Жогуңуз... Басмага жыйнак тапшырайын десем,  сиздерден сунуштама сурайт экен. Кеңешели?

ЖОЛОН: (ордунан обдулуп.) Жүзүңдү көрмөйүнчө кеңешпейм. Ак ниет акын-жазуучулардын үстүнөн улам-улам “тоголок кат” уюштура берип, бийлик менен жамаат арасын буздуңар. Алфавиттин экинчи ариби кана? Силердин жалаакор арызыңарды териштирүүдөн чарчадык. Уурдаганың Ырамандын саптары, анан кызарбай-нетпей Жазуучулар уюмунан сунуштама сурайсың.

АПЫШ: (кызаңдап, беткабын сыйрып.) Сурасам сурайм да. Китептеримдин жалпы жыйымы сеникинен үч-төрт эсе ашат. Апышты  учу-кыйырсыз Советтер Союзунда эле эмес, ыраак-ыраактагы Кубада деле окушат.

ЖОЛОН: Кайда окушат? Гаванада, өзүм күбөмүн, Айтматовду окушат, билишет, сүйүшөт, а Апышты...

АПЫШ: Баягы жылы “Эркиндик аралы” деген ырым орусчага которулуп, “Латын Америка” журналына басылган. “Латын Американын”, жолдош Жолон, Кубадагы окурмандары куруптурбу?

ЖОЛОН: Ак чөп башта. Эң бир зор калк аралык адабий окуяны байкабаптырбыз, балекеттики?!

АПЫШ: Гаванага сапар сага эмес, мага буюрса жарашмак. Кытайга жетип, Жусуп Мамайга жолуктуң, Индостанга учуп, Раджив Гандиге кезиктиң. Редакциядан жазуучулардын ордосуна секирдиң. Деги колдоочуң ким?

ЖОЛОН: Колдоочумбу? Колдоочум –ишенимим. “Ишенем сенин жолуң алысына, Ата-Журт, алаканда сакталасың, апасы түнү бою «Манас» угуп, БАЛА:сы соруп уктайт ак мамасын”.  Ооба, байке-таяке, ашына-кошуна, ак үй, көк үй, ак көйнөк, көк көйнөк эмес. Экөөбүздүн айрымабыз ушунда.

АПЫШ: Тигини-тигини, капырай?! Ашкере таскактасаң, Ырамандын думана кейпин кийип,  аңтаңдаарсың.
ЖОЛОН: Айбан!

АПЫШ: Айтмакчы, Бапыштын кимге тийгенин укутуң белең? Жазуучулар уюмун түздөн-түз көзөмөлдөгөн ишмер. Ташың талкан, талааң майкан.

ЖОЛОН: Чык, эшике!

АПЫШ: Чыгам, чыкмак турсун, экинчи басып келбейм маңдайыңа. (беткабын кийгиче.) Терме тезек, келме кезек, баатыр. (Кетип, кайрадан тызылдап кирет.)

ЖОЛОН: Каалганы сыртынан жап! (Апыш ыңгыранып, зорго кетет. Саамдан соң Бейтааныш кыз кирет. ЖОЛОН: отуруп-отурбай бакырат.) Чык дейм, эшике!

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: (коомайланып.) Агай...

ЖОЛОН: (кайрылып.) А-а, кечиргиле? Силерди бирөө менен чаташтырып...

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Агай, мен Оштон...

ЖОЛОН: Өңүңөр жылуу.

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Пединститутта, радиодо учрашканбыз. Ар бирибизге  бирден китеп белектегенсиз.

ЖОЛОН: О-о, андан бери эчен суу акты.

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Тилчи мугалимдердин республикалык жыйынына катыштык (сумкесинен барак сууруйт.) Ыр апкелгем. (Жолон баракты алып, окумакчы болот.) Кийин таанышыңыз, агай. Сизге багышталган шиңгилдерим.

ЖОЛОН:  (үстөлдөгү китепти ачып.) Анда агайыңардын шиңгилдеринен тыңдагыла.

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Мага арнаган ырыңызбы?

ЖОЛОН:  (шашып.) Чүрөктөй сулуу кызга али күнчө ыр арнабаган менде көз жок. (Бейтааныш кыз күтүүсүз  эчкирет.) Чүрөктөй сулуу кыз, тынчылыкпы?

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: (бышактап.) Агай, буга чейин мени бир да эркек сулуу деген эмес.

ЖОЛОН: Айттым го, текши сокурбуз. Эмесем, (комдонуп.) поэзияны кастарлаган жамы окурмандарга арнаймын, анын ичинде, тушумдагы Чүрөктөй сулуу кызга арнаймын.

Биз акынбыз.
Ойдогуну арийне
Түз айтабыз жымсалдабай, кууланбай.
Бизге андыктан
күтүү кыйын мамиле
доско достой, а тууганга туугандай.

Эл уйкуда жаткан кезде түш көрүп,
биз дүйнөнүн сарсанаасын желкеге
артып алып, тердеп-тепчип күчтөнүп
бой урабыз ой чендебес нерсеге.

“Акын клкы эмне келсе оюна
шилтей берет” деп калышат.
Ал туура.
Ал тийиштүү тиги менен мобуга
жана буга,
тынбай жазган халтура!

Тетигиге тийиши бар анан да
жазуучунун ичиндеги жанбакты.
Жаратканы топон менен саман да
Өз төрүндөй ээлеп алган Парнасты!

Чындык сөздүн жок аларга жүйөөсү,
сындаганга кек сакташып, өпкөлөп:
“Кайдан чыккан машаяк деп бул өзү!?”
эртең сени миң электен өткөрөт.

Биз, акындар суктанабыз,
арылдап
көктү тепчип лайнер зуулап баратса,
Биздин саптар жүрөктөрдө жалындап
ээ болсо деп лайнер сымал канатка!

Суктанабыз балбылдаган чыракка
эскен желге, сылап өткөн саамайды.
Биздин саптар канат сермеп ыраакка
Тирүүлүктүн бир ишине жарайбы?

 БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Ой, агай!

ЖОЛОН: (эмиле окуган китебине автограф чийет.) Мынакей, сага эстелик. Кыйла мурда жарык көргөн, бирок, мукабасына силерчилеп сабиз туурай элекмин, өң-алети кунунда.

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: (сумкесине кол салгыча.) Көрүндүгүн аз дебеңиз...

ЖОЛОН: Жупуну белек, а белек үчүн көрүндүк албайт.

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Ырымдоо –салт да.

ЖОЛОН: Ырымдадым деп эсептегиле?  

БЕЙТААНЫШ КЫЗ:  Айтса, кечки поюзга белетим чөнтөгүмдө. Кара-Сууга чейин. Андан ары такси, автобус кыйма-чийме. Кайыр, агай!

ЖОЛОН: Кайыр-кош! Кандай эле Кара-Сууда, сурагандар менен тааныгандарга дубай-салам дегиле?

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Сиз үй-бүлөөңүзгө, дос-жарларыңызга дубай-салам деңиз?

ЖОЛОН: (бурулуп бараткан Бейтааныш кызга.) Бир мүнөт? Жумуш күнү деле түгөндү түрдөнөт. Силерди темир жол бекетине узатпасам уяттыр. Бульварда жандап бассам, “Жолондун Чүрөктөй сулуу карындашы бар тура” деп жолоочулар суктанышсын! Ичи күйсө эмне кылсын?..

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: ... туз жаласын!?

ЖОЛОН: Туптуура! (Бейтааныш кыздын сумкесин сылык-сыпа алып, чогуу кетишет. Сахна күүгүм тартат.)

Бешинчи көрүнүш

(Жолон менен Меңдике Фрунзенин ооруканаларынын биринин бөлмөсүндө. Жолон сыркоолор жамынган халатчан.)

МЕҢДИКЕ: Жолон, аз эле убакыт ичинде азып кеттиң.

ЖОЛОН: (ойлуу.) “Азып” көп маанилүү сөз, ээ? Аздың –арыктадың. Арийне, азган жөнеле арыктаган эмес, кыйналып, кынжылып арыктаган, шапайган кезең. Азган-тозгон. Андайы да колдонулат. Өгүнү бир жаш калемдин топтомунан “ үргүлжү айтып бере албадым оюмду” деген сапты белгиледим. “Үргүлжү айтып бере албаганы”   чыпчыргасын коротпой, немесин калтырбай баяндай албаганы.

МЕҢДИКЕ: Кыргызда сөздүн кору, кудайга шүгүр. Кеп талантта.

ЖОЛОН: Меңдике, Ошто, студенттер алмак-салмак пайдаланган “Отту сүйөм” китептердин арасында жүрөбү?

МЕҢДИКЕ: Таң.

ЖОЛОН: Жоготпогула? Сейрек нуска. Ар кандай акын  он чакты басма табак мурас калтырат окшобойбу, урпактарга. Жыйнасаң, бир жыйнак. Ошого бүт өмүрдү саясың.

МЕҢДИКЕ: Жыйынтык чыгарууга үлгүрөсүң, Жолон.

ЖОЛОН: Меңдике, колжазмаңдагы аңгемелериң агымдагы прозанын ортон манжадай дөөлөттөрүнөн. Тартынбай “Ала-Тоого” бастыр? (кыңылдап ырдайт.) ... Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды, жер чийген чачтарыңа байладың да...

МЕҢДИКЕ: Москвада дарыгерлер тажрыйбалуу.

ЖОЛОН: Убара тартпайбызбы?

МЕҢДИКЕ: Эмненин убарасы. Эки иштен бир иш, Арбатты аралайбыз, музейлерди кыдырабыз, Адабият институңа башбагабыз.

ЖОЛОН: Маяковскийдин бейитине куран окуйбуз.

МЕҢДИКЕ: Христиандарга куран түшпөйт.

ЖОЛОН: Түшөт. Алар деле Жараткандан пендеси да?!

МЕҢДИКЕ: (“тез жардамдын” үнүнө кулак төшөй.) Мейлиң.

ЖОЛОН:   Кызыл кан дагы агарат экен, тооба?!

МЕҢДИКЕ: Жаман жорук баштабачы, Жолон? Ыйлап ийем.

ЖОЛОН: Меңдике, ыйлаба? Бу дүйнөгө беш күндүк мейманбыз.

МЕҢДИКЕ: Ушинтип карайлайт белек, катыгүн, мүчөл жылыңда? Кырк сегиздин кырында... Мара улагадан төргө өткөндөй батпы, ыя? Эмне жарытылуу жакшылыкка арзыдың, кургурум?!

ЖОЛОН:  Антпе, кайра кайрылып жолугушчу күндөр бар. (Жолон менен Меңдике биринин ийинине бири колун арта салып, адеп күчөп ызылдаган “тез жардамдын” добушун утурлай арыштайт. Бош сахнада мечиттин имамы созгон Курандын кайгылуу саптары жаңырат: Аузу Биллахи Мина-Шайтани Раджим, Бисмиллаахи Рахмани Рахим... Сахнанын тууралай кесип, табыт көтөргөн кишилер өтөт. Жаназачылардын алдыңкы сабында Ыраман, Жигит барат, арткы катардан театралдык беткапчан Апыш байкалат. Куран уланат. Сахна караңгылайт.)

ЭПИЛОГ

Биринчи көрүнүш

(Ош. Жигит өйдөлүшкө  жайылуу көөнө китептерди жыйноого урунган  Бейтааныш кызды астыртан карап, астейдил аялдайт.)

ЖИГИТ: Арыбаңыз, эже!

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Арыба, кардар!

ЖИГИТ: Тээтиги китепти канчага сатасыз?

БЕЙТААНЫШ КЫЗ:  Ортодогубу? Ал сатылбайт.

ЖИГИТ: Сатылбаса, неге турат?

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Тумар китебим. Кырсык, мээнеттен арачалайт.

ЖИГИТ: Эмнеси тумар, китептей эле китеп го?

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Кайып акындын автографы менен (китепти барактап.) Миң тогуз жүз жетимиш эченчи жыл?   Жолон Мамытов.  Оногу “Ош” радиосунун кеңсесинде  кол койдургам. Тарыхый нарк. Сандыгымда  Жолон агайдын дагы башка  таберик жыйнактары сары майдай сакталуу.  

ЖИГИТ: Эже, сиз атамды билчү белеңиз?

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Кайсыл атаңды?

ЖИГИТ: Жолон Мамытовду дейм.

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: (Жигиттин жүзүнө ыкластуу багып.) И-и, токто, тай, сен агайдын уулусуңбу? Ырас, уккам. Үч уул, бир кыздуу деп. Кел, өөп коёюн? (чекесинен сүйөт.) Билбей анан. Чыгаан инсанды ким билбейт. Студент курагымда эки-үч курдай учкай асиреттешкем, кийинчерээк Фрунзеде көздөшкөм.

ЖИГИТ: Жаш чакта ыр жазгансызбы?

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Азыр да жазам, тай. Бирок, тийип-качып. Арбыбады.  Көр тирилик. Пенсия өлчөлүү, совет доорундагы эски китептерди сатам.

ЖИГИТ: Интернеттин заманында китеп өтөбү?

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Интернеттен окудум дегендердин окуганы күмөн. Маселен, “Манасты” интернеттен окуганыңча карегиң талып, карачыгың соолубайбы? А интернет тартылбаган кокту-колоттогулар кантишет?  Иликтир өчсөчү?  А китепти атаң элестүү сүрөттөгөндөй, жылдыз курттун жарыгына салып деле окуйсуң.

ЖИГИТ: Тексти кагазга көчүрүп, окусачы?

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Кагаздын шору. Ксерокс, боёк, акча түтөбү? Жалаң чыгым.

ЖИГИТ: Сиз интернетке каршысызбы, эже?

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Интернетке каршы эмесмин, интернетти кудайга теңегендерге каршымын. Өмүр бою жаш муундарды, карачечкей балдарымды адабиятты туу тутууга   үндөдүм. Күйөөм мындан улам (тамагын чертет.) жарыкчылык менен эртерээк коштошподубу.  

ЖИГИТ: Атаң өлсө да, атаңды көргөн өлбөсүн дейт. Сизге кабылганыма сүйүндүм, эже. Атамдын китебин аздектегениңизге ыраазымын.

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Атаң жигиттин гүлү эле, тай. Кыз кезимде кошулган жарым ушу ЖОЛОН: агайдай  курч, өткүр, чынчыл болсо деп эңсечүүмүн. Алоолоп күйгөн күндөй, алоолоп жашады. Чамамда, чагымчылар, бир аял, бир эркек айрыкча асылып, өмүрүн кыскартышты. Асыресе, өзү жыйырма биринчинин акындары менен сулууларына алдын ала кайрылбады беле? Жыйырма тогуздагы бакубат азаматтын  келерки жүз жылдыктан кандайча күдөр үзгөнүнүн сыры табышмак?  Көзү ачыктыкпы?  Ана, табакташ, насиптеш теңтуштары сексендин сересин беймарал багынтышты.

ЖИГИТ: Атам түшүмө байма-бай кирет. Ал-жай сурашып, акыл кошот. Далымдан таптаган алаканынын табын күнү бүгүнкүдөй туям (каңырыгы түтөйт.)  

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Перзентисиң да.  Эжең купуя куран багыштайт. Эми түшүңө кирип калса, тай, Түштүктө  сизди тааныган бир зайып бар турбайбы деп, агайга менден жалындуу салам айт? ( шаңкылдап күлөт.)  Тамаша. Ошко танапташ айыл силердин Төлөйкөн, биздин кыштак деле чукул, бирок, башка тарапта, Өзбекстанга чектеш. Эртең саарлап учура, айран апкелем. Нак айран. Жутсаң жумуруңа шыпаа. Китепке караганда, айранга кардар алда канча арбын, тай.  

ЖИГИТ: Мыйзамченемдүүлүк.

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Айтмакчы, курсташтарыбыз карыганда  интернеттен бирин бири таап, жакын ортодо биерден жолугууну болжодук.    Бүгүн кайра өзүм сүйгөн Оштомун, Тегеректеп курчап алып досторум... Маркум курсташыбыздын эки сабы.  И-и, өлүү-тирүүбүздү такташтык. Ошондо Жолон Мамытовдун уулуна айран сундум деп ооз көптүргөнүмө жакшы... Апей, басайын, бабырабай.

ЖИГИТ: Кошуңуз, эже?

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Коштошпойм, тай. Күтөм. (ала баштыгын көтөрүп кетет.)

ЖИГИТ: Зоордо нак айран таткан кандай мазе?! (ээриндерин кымтылап, тамшанат. Бейтааныш кыз узаган жакты жалт-жалт тиктеп, карама-каршы багытка кетет. Сахна күүгүмдөйт.)

Экинчи көрүнүш

(Сулайман-Тоонун түбүндөгү майданча. Таякчан жигит асасына өбөктөп, мелтирейт. Сырттан Бейтааныш кыз кирет.)

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: (Таякчан жигиттин кош көзүн эки шапалагы менен тозот.) Күзгүбү? Таракпы? (Таякчан жигит башын чайкайт.) Анда атымды ата?

ТАЯКЧАН ЖИГИТ: Радха.

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Ким?

ТАЯКЧАН ЖИГИТ: Зита же Гита.

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Өлүп кеткир!

ТАЯКЧАН ЖИГИТ: Мерлин Монро.

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: Чокуң! Акылынан айныган го? (Таякчан жигитти “тарс” айлантып, жер тепкилеп.) Көңүл бийлеп, тиктей калсам өзүңдү, көрдүм андан көзүң толо өзүмдү... Эстедиңби, куниктен куник курбака?

ТАЯКЧАН ЖИГИТ: (манжаларын арбалаңдатып, Бейтааныш кыздын бетин сылагылайт.) Курсташ, азизмин. Кулагым да катуу...

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: (аяп, бирок, азилге чаргытып.) Эскерткем. Сулуулардын тузу жеңил, убалы оор. Жаныңды сабап, жалбара берип, Барпы чоң атаңды тартыптырсың, өлүп кеткир. (аңгыча “курсташтар!” деп ураалаган аял-эркектер берки  экөөнү сыга кучактап, абалкыдай, акындын чыгармасын көркөм окугандагыдай  сапка тизилишет да, айтылуу ырдын акыркы куплетин бирге жарыялашат: Окуу жайга өттүң кел деп Ош айтып, Сен ошондо убадаңды бош айтып, Сүт ташыган машиненин үстүндө, Кеткен элем жаштыгыма кош айтып. Бардыгы биринчи сүйлөмдөн  соң Сулайман-Тоого кайрылып,  кадам шилтегенде Таякчан жигит теңирден тескери бурулат. Бейтааныш кыз аны илгиртпей билектен тартып, катарга кошот.)

БЕЙТААНЫШ КЫЗ: (топтон алга чыгып.) Жолон Мамытов... (жетимишинчи жылдардагы кайсы бир белгилүү музыкалык ыргактар чертилип, бий башталат. Сахна акырындап жабылат.)

АЯГЫ

март, 2020-жыл.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз