Имадеддин Насими Кожогелди Култегиндин котормосунда

(15-кылым)

*     *     *

Жүрөгүңдүн сөзүн угаар жөлөк болсо – шактайсың,
Жүрөр сени ичине алып – жүрөктөрдү таппайсың.

Сулуулар көп койкоңдогон – эл да, сен да мактайсың,
Жүрөгүңө төп келерин жер-жүзүнөн таппайсың.

Мусулмансып жүргөндөр көп – кайрым берип, ачпай сыр,
Бөлө жарып элди-журтту – мусулмандык таппайсың.

Сеңирдей бир селде оронгон молдолор көп – жактайсың,
Алардан сен допуга чак башты, балким, таппайсың.

Шылуундар көп, шумпайлар көп – жашыра албас мактанчын,
Жыйналышкан топ ичинен чымчым чынчыл таппайсың.

Элдин-журттун ниет-пейли бузулду деп какшайсың,
Эмдеп-домдоор ооруну ошо –  шыпагерин таппайсың.

Абай салсак – айылдыгың, шаардыгың да ачтайсың,
Каалоо, көңүл чоң болбосо – чымчым нерсе таппайсың.

Алдамайга, бурдамайга ар кимиңер маштайсың,
Антип жүрсөң – билимди сен андан бетер таппайсың.

*     *     *

Өрттөдү мени сагыныч оту!
Өзгөчө дары – багынып тосуу…

Байлансам дагы кирпикке барып,
Байкабайт, көрбөйт биртике калып…

Жаркыган сүрөт… бүт жагын өлчөп…
Жараткан, мага дидарын көрсөт.

Наркескен-көзү жарадар кылып,
Кансырап турам санаалар жыйып.

Карегин көрүп – дарегин билдим,
Дарегин өбүп – калемим чийдим.

Насими сүйүү курманы болоор –
Нарк менен санат кумганы толоор.

*     *     *

Олоң чачың жайылса – олдо-о ошонун жыпары!
Оболотуп көңүлдү – оорум алыс узады!

Илебиңдин кызылы – Бадахшандын берметтей!
Кызгалдактын ак тамыр – тишиң болуп бербеспи-эй!

Чачың эмес, мен өзүм чырмалыпмын чачыңа,
Кашың турат кайыктай, кетким келбейт качып-аа!

Жаркырайсың – көрсөтүп көлөкөдөй башканы,
Жамалыңда жайнайт гүл жашыл-кызыл, ак, сары.

Наркың нардай болсо да, кени сенде кылыктын,
Назиктигиң башкача, назың менен жылыткын!

Чартактады райхандай сага деген саптарым,
Ага Куран аятын – асман добуш баптадың.

Эси кетип Насими сени гана даңктады,
Элге айтканы элжиреп – Жаратканга айтканы.

*     *     *

Эмне айтсаң дагы – сөзүңө көнөм,
Эгер өл десең – муңканбай өлөм.

Султандан дагы сестенбейм эч бир,
Сумсайып койбойм – бычактап кессин.

Казынын өкүм – сыйыртса терим,
Каткырып турам – оорубайт деним.

Сен үчүн бүткөм акыйкат болуп –
Сезимим, демек, жаркытат толук.

Алсам мен шише ийдишим чагып –
Ар жактан турат асыл нур жанып.

Бармагын кессең – казылар качаар,
Баарына чыдап ашыктар жашаар!

Сүйүүдө жоктур коркокко орун,
Сүрдү акын анда жорткондой доорун!

Канкорлор карайт Насими жакты,
Канына забын болору такпы?

*     *     *

Мага сыят эки дүйнө, мен дүйнөгө сыйбаймын,
Мени кыят эки дүйнө, мен бирөөн да кыйбаймын.

Жер менен көк катылып тур жүрөгүмө, көзүмө,
Мен сыйбаймын канчалардын добушуна, сөзүнө.

Жаратканым жаратканда белги койгон кылдай бир,
Жараткандын жадагалса белгисине сыйбаймын.

Акыйкатты кармай албай – алыстады жакшы акыл,
Мен сыйбаймын күмөн менен божомолго таптакыр.

Карап көрчү,  сүрөттө ким – тааныгын да, тааныба,
Мен сыйбаймын денеме бул, денем тургай жаныма.

Байлыктардын баарын жыйнап, колум салсам кенге да,
Мен сыйбаймын деңизиңе, аны апчыган жерге да.

Жомоктордон айлансам да жоругу көп адамга,
Мен сыйбаймын жүзүмдү ачкан жүрүшкө да, кадамга.

Нечендеген доорлор менмин, заман менмин азгырма,
Мен сыйбаймын мерестенген жазмышка да, тагдырга.

Бүтүн – менмин, жарты – менмин, бөлчөк – менмин, калдык – мен,
Сыйдырам деп, сыйдыра албай, сынып турат бардык жер.

Турмушка мен туна чөккөм, тургам өйдө, жайылгам,
Мен сыйбаймын оозго дагы дарбазадай жабылган.

Алоолордон – эргүү, эрдик, эркиндикти байкайым,
Мен сыйбаймын жалын-отко алоологон ансайын.

Ай, Күн мисал жаркыраган – жакшы сүрөт, ырдаймын,
Анткен менен ашып-ташып рух дүйнөгө сыйбаймын.

Жаш болуп да, токтолуп да, кары болсом бачым-аа,
Мен сыйбаймын кут сыңары Кудай берген жашыма.

Мен Насими – Xашим, Xүсейн, Курайыштай пир жанмын,
Мен залкармын, мен улуумун, улуулукка сыйбаймын!

*     *     *

Жалгыз сен – менин ыйманым, пирим,
Жалгыз сен – менин жыйганым кийин.

Бейиште дагы чырагым – сенсиң,
Ридуан деген булагым – сенсиң.

Өзүң деп гана – өзөгүм жаңы,
Өчөмүн дагы, өсөмүн дагы!

Балкытып турган миң гүлүм – өзүң!
Бакчамда сайраар булбулум – өзүң!

Ыйыктын ыйык Кураным сындуум!
Ыр сунуп турган убагым сындуум!

Жаным да, деним, тийилүү күнсүң!
Жаркыган менин тирүүлүгүмсүң!

Насими толо бул бакыт менен –
Махабат толгон убакыт белең?!

*     *     *

Мүлтүлдөктөр ынтылышат бүт нерсени жойлоого,
Кызыкдар-ай – кыялдарды чачтай өрүп ойноого.

Суук көзүнөн сактанамын – бирге күлүп-жанбаймын,
Уктап жумук жатса дагы – маңдайына барбаймын...

Тебелеп да кетет алар кундуз кара чачыңды,
тек, жай жүргөн канчалардын турмушуна асылды.

Чүмбөтүңдү ыргыт сулуу, жүзүңдү ачкын көөнү ток,
Көрсүн эл-журт Жараткандын усталыгын өөнү жок!

Мааниси ылдый түшсүн азыр мал-мүлкүнүн көптөрдүн,
Мааниси ылдый түшсүн тойдун, сарай, шапар – көпкөндүн!

Жетемин деп – толот, жайнайт сени менен ай бирге,
Жетемин деп кашыңа анан – кичирейет кай бирде.

Насиминин асирети – ошол көз да, ошол чач,
Керек десе кебелбестен баталгага тосоор баш.

*     *     *

Алыстыгың боорду тилет – наалыбайм,
Акыйкаттык барда касты тааныбайм.
Келчи бачым, кел мага.

Асем – дүйнө! Башкы асемдик мен үчүн –
Экөөбүздү бөлгөн муздар эрисин.
Келчи бачым, кел мага.

Ар ирмемде жолугууга чамындым,
Чамасындай баргым келди чайыңдын.
Келчи бачым, кел мага.

Так жаныңа карта мисал илинем,
Тагдыр бизди айырган соң – ийилем.
Келчи бачым, кел мага.

Чын ашыктын жүзү менде – гүлзардай!
Гүлсүз бакча – күнү бүткөн муң-зардай.
Келчи бачым, кел мага.

Арманы ашкан Насимиден билчи аны,
Асман, мухит – азыр жазаар бир сабы!
Келчи бачым, кел мага.

*     *     *

Ашыктардын пири жана кыбыласы – мен азыр!
Асмандагы Байтүл Магмур дегенге өзүм тең азыр!

Каштарыңды канат кылып асман тепчий бийиктейм,           
Кандай кооздук! Ал кооздуктан чар тарабың иликтейм.

Чачың – түнбү, жүзүң – айбы, Паашасыңбы Сүйүүдө?
Дарысы – эрдиң, сакайт мени, барам азыр үйүңө.

Кайсыл жакты карасам да – турасың сен каршымда,
Жараткандын сөзү – менмин, жалын сөздө жаркылда!

Ай-ааламды сактап турган акыйкатты карманып,
Алгамын бүт Алла-Таала кудуретин байланып!

Андыктан мен – Жараткандын казына ачаар килити,
Ай-ааламга мен аркылуу Күндүн дагы тийиши!

Мен Насими, ачык эле айтып салдым жайымы,
Бакытымдан баш адашып – сүйүнтсөм деп баарыңы.

*     *     *

Жалбырактай кагелес – жакшынакай жүзүң бар,
Эстейм тегиз кайыңды – боюң нооча үчүнбү ал.

Жашыл талдай жайкалып бураласың күндө сен!
Кармап алып колума – кызгалдактай үйлөсөм.

Жаркыраса жан курман – жамалыңдын нурлары,
Жардамдашып дайым маа – кубат берип турганы!

Бийиктиктен атылган шаркыратма – чачтарың,
Билем жыпар жыттарын ойлорума чачканын!

Өзүң менен бир болуу – арылгандай күнөөдөн,
Өмөчөктөп ошону тилегеним-тилеген.

Аңкып турган жытыңдын палбандыгын карасаң,
Магдырап да, маарып да – даарып-нетип баратам.

Жашаймын жан дүйнөмдө жаратылган көркүң өөп,
Жанчып дагы келүүдө мөлтүр жүзүң, мөлтүрөк.

Мен Насими, сулуума муң айтам да, ыр айтам,
Мейли, мейли, кайталап, бир сөзүмдү миң айтам.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз