Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин: Таажывирус ташпиши

  • 13.04.2020
  • 4800

1.
Таажывирус! Каптап сен каяктандыр...
таппай арга – бүт-бардык тарап калбыр...
Аңгек жасап мезгилди бойлото сен,
адамдарды чыгарбай камап салдың!

Ээн, бош – мечит, театр, вокзал, мектеп,
эшсиз, доошсуз, ооматсыз жашап эптеп...
Бир-биринен адамдар окчун туруп,
бири-бирин былчыйта жатат тепсеп...

Таажывирус! Далайдын сырын ачтың,
тамтырагын чыгардың тыңыраактын.
Кымындан да кичине болуп туруп,
Кытайды илип бутуңа – тыпыраттың...

Сандар – деңиз... жээгинен арбын ашып,
шаңдууларды барасың шалдыратып.
Азыр мына асылып сөөмөйүңдө
Америка тур көзүн жалдыратып...

Италия чачты акча... күрөп жолго...
ичтен сыздайм: жок, мындай күрөз болбо –
музей, чиркөө, театр кезектери
түгөл оошуп келгендей гробдорго...

Таажывирус! Адал да, арам башка –
таанытуучу күчсүңбү атаандашка?
Бети жоктук иштерди жасадың деп
беткап салдың кийгизип адамзатка!

Адамзаттан бурдуңбу – бараар жолун?
Адамзаттан бурдуңбу – табаар жообун?
Сен койо тур, мен берем саламды деп –
сенейте чаап таштадың адам колун.

Алысташты өз ара удаа мына,
жакындашты а бирок Кудайына!
Тургун ары, мына мен кучактайм деп –
куурал салдың пенденин кучагына.

2.
Кымбат журтка сыртта да – бир экенбиз!
Кыргызым деп сыздасак – пир экенбиз!
Уялганда Кыргызстан – эки эринден
учун сыртка чыгарган тили экенбиз...

Кыргызстан деп утур тыбырчылап,
кысылганда ансайын дилим – чырак.
Тартып жаткан азабы – алыстан да
так көрүнөт тырмактын кири сымак.

Таажывирус! Ак чачам бакшы сымал:
Тарт! Өлкөмдөн кайтканың жакшы чыгаар?
Колун элдин жууп жатам бата менен
кол жууп калбас үчүн бүт бактысынан!

Бел кыламын демин мен, эш кыламын,
беш көзүм бар жана да беш кулагым.
Өлжүрөгөн бирөөсү чүчкүрсө да
өлкөм жакты караба деп турамын!

Таажывирус! Таңым бар тизмегиңе,
тап жообун де, изде де,  издегиле –
канча завод, ишкана токтогондо
кайрымдуулук заводу иштеди не...

Беттен кабын дарыгер алса экен дейм,
пешенеси таң болуп жанса экен дейм!
Куйругу иттин шайдоот-шат булгаланса –
кубанычы кыргызга барса экен дейм!

Таажывирус! Каптап сен каяктандыр...
таппай арга – бүт-бардык тарап калбыр...
Аңгек жасап мезгилди бойлото сен,
адамдарды чыгарбай камап салдың...

Асман-айды кезчү эле ойдолоп бир!
Адам мындай болору ойдо жоктур –
бир кемеге жер жүзү шыкалгансып
бир алкынды-самынга корголоп тур...

Бир кемеге жер жүзү шыкалгансып
кир самынга адамзат корголоп тур...
12-апрель. Анкара шаары

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз