Гүлзада Станалиева: Сексуалдуу көйнөк

  • 21.12.2022
  • 3785

АҢГЕМЕ

- Алоо, алоо!... – телефондун нары жагындагы аялдын демиккен үнү чыкты.

- Алоо, ооууу, угубатам. Тынччылыкпы? – деди курбусу.

- И кандайсың? Эмее… Сенин сексуалдуу көйнөгүң барбы? – деди телефондун наркы жагындагы үн. 

- Эмне-е? Кандай сексуалдуу көйнөк? – аял ордунан туруп тигинин суроосун түшүнүп-түшүнбөй сурады.

- Иии любою боло берет? Сексуалдуу көйнөк болсо болду, - деди наркы жактагы аял камырабай.

- Жок эле, - деди берки аял. - Андай көйнөк кийбей калганыма көп болбодубу. Эмнеге керек эле? – деп чайнегин алып, крандагы сууга тосту.

- Кыскараак көйнөгүң да жокпу эмне? – деди курбусу нааразы боло.

- Жок, бир эле көйнөгүм бар. Этеги узун. Жалаң шымга өтүп кеткем ыңгайына карап, - деп жооп берди берки аял муздаткычын ачып жатып. Телефонун кулагына ийни менен кыпчып алып, үстөл үстүн сүрттү.  

- Ии бир көйнөк тапсаң болмок, - деди тиги суранган үн менен.

- Деги эмнеге керек эле, айтсаң боло, - кызыга сурады берки аял муздаткычтан алып чыккандарын үстөл үстүнө коюп атып.

- Жыргал Кайратов дагеле ооруканада экен. Киши болбойт дешиптир. Барып келели дегем, - деп жооп берди курбусу. 

Жыргал Кайратов аял менен чогуу бир жерде иштечү. Ооруп калыптыр дегенден бери аял аны көрө элек. Аялдын көз алдына калың кашынын астынан адамга мээрим төгө тиктечү көздөр тартылды. Кагазды көп тиктегенден го, көздөрү ар качан чарчаңкы тартып турчу.

- Ии жаман болгон тура, - аял ууртайын деп бараткан кофесин жерге коё койду. 

- Ооба, - деди наркы аял да муңайым.

- А сексуалдуу көйнөктү эмнеге сурадың? – деди эсине келген аял кофесин ууртаганы жатып. 

- Аа. Сексуалдуу кийинип барып көңүлүн көтөрүп коёлу дегем да, - деди курбусу.

Аял ырсайып күлдү. Ашканадагы шкафтын бетиндеги күзгүдөн өзүнүн келбетин карап мойнундагы эки сызык болуп түшкөн бырышты жазылабы деп башын бийик көтөрдү эле, алкымындагы жибектей жумшак териси бүрүшүп, көзүнө ого бетер комсоо көрүндү.     

- Азыр ага тиги акын-жазуучулар барып атса керек. Дос-туугандары… Анан ойлодум, баары үңүрөйүп, «эми өлөт турбайсыңбы» деген кейип-кепчиген түр көрсөтүп жатышкандыр деп. Агайды билесиң да. Сулуу кыздарды жакшы көрчү. Жасанган аялдарды көрсө, көңүлү көтөрүлүп, комплимент жаадырып, өңү чырайына чыгып, көздөрү жайнай түшчү, - деди наркы жактагы үн демигип.

- Ооба, ошондой эле байкуш. Жашоонун сулуулугун сүйчү, - деп коштоду аял.

- Эми ойлосоң, ошондой кишиге жалаң үңүрөйгөн кишилер барганын. Өлүм алдында жаткан кишинин ансыз да үшүп турган көңүлүн сестентип. Экөөбүз ошого сексуалдуу кийинип, агайдын көңүлүн көтөрүп, көзүн кубантып келсек болот эле. Киши өлөт деген чакта деле күлүп көңүлүн жыргаткандан куру калбаш керек да. Барып коёлу ошого…

- Туура айтасың, - деди курбусунун сөзүн демин ичине катып тыңдап турган аял. - Бирок менин чын эле сексуалдуу көйнөгүм жок экен… агайдын көңүлүн көтөрө турган, - деди анан өкүнгөн үн менен.

- Жанагы айткан көйнөгүңдүн этегин кырксаң болбойбу? – деп сурады наркы аял өтүнүп. 

- Болбойт ко. Аны анда-санда куран окуткан жерлерге кийип барам да, - деп жооп узатты аял.

Эшиктеги дарбаза кылдыраганынан аял терезеге кадалды. Короодогу дарактардын арасынан күйөөсүнүн карааны көрүндү.

- Сен барып келе берчи. Мен кийинки аптада барармын. Бүгүн башка жакка бармак элек. Камданайын, - деди аял акырын актанган түр менен курбусуна.

- Мейли. – деди курбусу. – Мен бүгүн бара берейин. Эмки жума кокус өтүп кетсе, көрбөй арманда калбайын.  

Аял телефонун өчүрүп, чайнекти кайра сууга тосту. Ашканага баш баккан күйөөсү:

- Даярсыңбы? – деп аялына жанаша калып крандагы сууга колун сунду.

- Чай ичесиңби, демдейин, - деди аял чайнегин көтөргөн тейде.

- Жок. Эртерээк чыга берели. Күтүп калышты, - деди эркек.

*      *      *

Кечки саат тогуздарда телефон кайрадан шыңгырады.

- Алоо, - түштө чалган курбусунун үнү шаңдуу чыкты.

- Ии эмне болдуң? Бардыңбы ооруканага? – аял кызыга суроо узатты.

- Ищо как бардым, - деди наркы жактан шаңкылдаган үн.

- Жакшы болгон тура. Абалы кандай экен? - аялдын үнү да көтөрүңкү чыкты.

- Жатат. Алы жок. Арыктап кетиптир, - деп жооп берди курбусу.

- Байкуш ай! Жаман эле болду. Сүйлөшө алдыңбы? Эмне деди? – деп кызыкты аял.

- Сүйлөшпөгөндөчү,- деди наркы. – Жыргаттым тимеле. Баягы кыска кызгылт этегим бар эле го. Ошону ак тор кофтам менен кийип бардым, - деди тиги кыткылыктап.

- Анан? Анан эмне болду? Сүйлөдүбү? – аял чыдамы кете сурады.

- Бир кефир, бир сухар ала бардым, - деди наркы жактагы үн.

- Анан эмне деди? Сүйлөшө алдыңбы? Абалы кандай экен? – суроосун тынчсыздана кайталады аял.

- Ой жатат. Алы жок. Мени «нары кара» деди, нары карадым. «Бери кара» деди, бери карадым. «Тегеренчи» деди, тегерендим, - наркы аял шыңкылдап күлдү.

- Иии… - деди аял да күлүп. – Анан, анан эмне болду?

- «Тебя можно трижды замуж выдать» деди анан, – деп каткырды курбусу. – Байкушум алы жок да, акырын быкшып күлөт. Жакшы болду эмнеси болсо да. Көңүлүн көтөрүп келдим. 

- Жакшы кылдың да… - деди ыраазы болгон үн менен аял. – Ким ошентмек эле сенден башка. Мен баралбай калбадымбы. Эмки жума барармын.

- И барып кой. Жыргап калсын. Өтүп кетсе кыйын да… - шыпшынып койду тиги.

Курбулардын сөзү ушуну менен бүттү. Аял эртең дүкөнгө барып сексуалдуу болбосо да, өзүнө жарашыктуу көйнөк алып, ооруканага барайын деп ойлоду.

Дал ушу маалда оорукананын күңүрт палатасында жашы алтымыштан жаңы эле ашкан киши тилден калып, жаны үзүлүп баратты…

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз