Махабат Саидрахманова: Шайыр мүнөз кайырчы

  • 01.01.2023
  • 2187

АҢГЕМЕ

Жада калса көчөдөгү кофе саткычтардан баштап бардык ишмерлердин "сезону" ачылат. Бул деле өз арабасын өзү тарткан "ишкер". Башка ишкерлердей эле бул да сүйүнүп, бир башкача толкундануу менен кабыл алды ушул жылдын Жаңы Жылдык "сезонун". "Иштеп алайын" деди. Бирок аны Аянтка жолотпой, кызыл шапкечендер кууп чыгышты. Самтыраган кейпиң менен аянттын көркүн бузасың дешти.

*      *     *

Айтса-айтпаса төгүнбү деп жер кепесине барып, болгон тасмиясын чогултуп, эпчилдик менен кийимин бүтөдү. Колунан көөрү төгүлбөсө да эптүү эле. Кантип болсо да аянттан орун алыш керек... "Ачык сезонду" куру кетирбей иштеш керек... Ошентип бар тапканы менен үстү-башын бүтөп алып аянтка кайра барды. Эл шаңдуу! Маанайы ачык адамдар кантип эле мындан беш-он сомун аямак эле! Аяшпайт! Бул деле эл катары майрамдын шаңын сезгиси келет!

*      *     *

Аны экинчи жолу да кууп чыгышты аянттан. "Бул жерге кайыр сурап турууга болбойт! Бул жерде эл майрамдайт!" деп кесе айтып, үстүндө түзүк кийими барына карап да коюшпай кубалап чыгышты. Кайырчы аялдын ызасы кайнады. Ызасы кайнап, тамагы буулуп, ыйлап жиберди. Кантип эле ушундай майрамдуу, шаңдуу жайга кире албай! Кантип эле башка "ишкерлердей" өз ишин жасай албайт? Кантип эле жалпы элге келген майрам – Жаңы жылды бул тосо албай калат?!

*      *     *

Оюна бир нерсе келди. Тез-тез басып "үйүнө" барып, баягыда таштандыдан таап алган "артист көйнөктү" сууруп чыкты. Жупжука болчу. Жука экенине карабай калың кийиминин сыртынан кийди да, өжөрлөнө басып кайра аянтка барды. Жалпы сайрандоочулар үчүн коюлган музыка бар эмеспи... Дал ошол музыканын үнүнө туштап орун тапты да, бийлеп кирди! Минтпесе кызыл шапкечендер дагы кууп чыгышмак муну. Үлбүрөгөн көйнөгүн каалгытып, музыка тандабай эле бийлеп атты. Бирок бир чатак жери – мунун кайырчы экенин эч ким элес албады бул жолу. Аны жөн гана аянттагы Аязкыз, Аязата, Мамалак, Коён, ар кандай мультфильмдин каармандарынын бири катары кабыл алышып, эч ким ага беш-он сом таштабай койду. Ошентсе да тынбай бийледи, көңүлү чөгүп баштаганына карабай, үңүрөйүп бийлеп атты. Бул жыргап аткансып ары-бери өткөндөр муну менен сүрөткө түшүп коюшат... Берген беш сому жок же! Ошентип бийлеп аткан. Бир кезде маңдайында он эки, он үч чамасындагы бир өспүрүм бала пайда болду. Бала муну көпкө карап турду тамаша кылып. Себеби, кайырчыны таанычу, мектептен келатып көп көргөн бу аялдын суранып турганын. Ошол аял эми кооз кийинип алып бийлеп турат!

"Веселая попрошайка! Прикольно!" – сары бала көздөрүн жүлжүйтүп күлүп жиберди. Кайырчы бийлеп атып көңүл бөлдү балага. Сапсары! Күлсө көзү көрүнбөй калат экен. Аялды карап алып чын дилинен жыргап күлүп турат. Аял баланын кейпине күлкүсү келди. Бийлеп атып баланын жүлжүйгөн көздөрүн тиктеп күлүп ийди. Экөө бирин-бири карап алып аябай күлүштү. Бири-биринин кейпине күлүштү! "Ушунча да сапсары, жүлжүк бала болобу? Бирок сүйкүмдүү экен!"

*      *     *

"Она попрошайничать весело!" – бала кайырчынын али эч нерсе салына элек коробкасына чөнтөгүнөн бир сом таап чыгып салып койду. Ошондон соң гана адамдар береги "бийчинин" жөн бийчи эмес, шайыр-кайырчы экенин баамдап, коробкасына акча таштай башташты. Аялдын маанайы көтөрүлүп, чындап бийлегиси келди! Аянттагы бардык жасалга, керек болсо музыка да жалгыз өзүнүн урматы үчүн коюлгандай сезди!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз