Махабат Алымбекова: Ошол күн…

  • 10.11.2020
  • 5266

АҢГЕМЕ

Жайдары, жакшынакай эле аял.  Өңдүү, түстүү, жадагалса чачын да кестирбей, келиштире өрүп туруп аркага таштап койчу.  Жолдуу да эле.  Айтымында, ар бир ишин, сөзүн, баскан кадамын ийгилик коштогону-коштогон.   Баштаган ишин майын чыгара бүтүрөт!  Кандай адам болбосун, мейли улуу даражалуубу, катардагы бирөөбү, карыбы, жашпы – айырмасы жок, ошолордун баарынын бул аял менен мамилеси мыкты. 

Деги эле эч ким мунун өтүнүчүнөн же сунушунан баш тартып көргөн эмес!  Андай болушу мүмкүн да эмес ко... Капыстан кимдир-бирөө менен талашып-тартышып, урушуп калар болсо, анда эле тиги, наркы бечаранын шору шорподой кайнаган дөдөй кейпине түшөрү турулуу иш... Анткени бул аял билимдүү жана акылдуу, бул аял маңдайындагы каршылашына керектүү сөздү дал керектүү жеринде мыктап гана баса айтканда, тиги шордуунун оозуна сөз кирбей эле, өзүнүн дөдөй экендигине чындап ынанып, нымтырап бирдемелерди сүйлөмүш болуп, аягында жеңилгенин моюнуна алат... Айтор бардык тарабы төп келишкен, өзгөчө билимдүү, колунан келбеген нерсеси жок, анан калса сулуу аял!  

... Мына ушундайча тааныйт эне өз кызын, анткени; көзү менен көрүп, кулагы менен угуп турганы дал ушундай.  Кызынын кейип-кепчип ыйлактаганын көрө элек.  Көп болду, кудайга шүгүр... Эне өзү жашы жетимиштен ашып калса да баскан-турганы тың, барга-жокко байымдуу.  Эртеден-кечке чейин кыбырап жаны тынбайт, иш арасында кудайга жалынууну да унутпайт, канча жолу эсине түшсө ошончо жолу кудайдан береги кызынын бактысын тиленип-суранат.  Арасында, кызын минтип арасат жолго таштап койгон күйөө баласын да жекирип, күбүрөнүп каргап-шилеп алат... Күнүмдүк тирилигиндеги бар аракети ушул кызы үчүн эле эненин.  Таң азандан туруп суу жылытып, аны кол жуугучка куюп белендеп, чай кайнатып, дасторкон жайып коюп кызын ойготот, "кызматынан кечикпесин, ишине жылуу жумшак барып келсин, кызынын иши өтө маанилүү"

Адаттагыдай эне-кыз чай ичишет анан.  Кызы азыркы ишиндеги жетишип аткан ийгиликтери, күткөн кадыр-баркы,  каршылаш адамдары, өзүнүн утуштары тууралуу берилип, таттуу сүйлөп берет энеге.  Сүйлөп атканда кызы тынымсыз күлө берет, кээ бир кемпай кесиптештеринин жоруктарын сөз арасына кошуп... Эне байкуш кызынын ушул турушуна чындап ыраазы.  Чыны менен эле мыкты аял, мыкты болбосо жүрмөк да сүйрөлүп! А бул жасаган ишинин майын чыгарат!  Чыйрак... Мына ушундай аялынын баркына жетпеген күйөө бала адам деле эмес ошо... Адам эмес үчүн ушундай ургаачынын кадырына жетпей капкайдагы бир эки балалуу келинге үйлөнүп ала койду да... Жарыбагыр эк!   

Керээли кечке кызынын кызын багып, бар тапканын ушу наристенин оозуна кармап, айланып-кагылат.  Колунан келишинче абышкасынын көзүнөн далдаа кармайт.  Куураган чал!  Кызын, ага кошуп жээн небересин да жерип, түс үйрүп эле туруп алды, ыгы келген жерден эле каарынып, кагынып өтөт, ал эмне... кыялын ким билсин...  

*     *     *

Эри адаттагыдан да токтоо эле ошол күнү.  Үй-бүлөдө чоң жаңжал чыгып, аягында сөз жүйөсүнөн улам жеңилүү ызасын тарткан күйөөсү дайыма ушинтип түнт болуп калчу унчукпай.   

 - Фрунзеде иштерим бар, машине бош кетет, туугандарыңа учураша кел чогуу барып... баланы чоң үйгө апамдарга бир-эки күнгө таштай туралы?   

 - Мм... мейли, - деген аял ошондо күдүктөнүп, бирок бул ирет сөз ырбаткысы келбей тынчыраак барып келүүнү ойлоп, чогуу жолго чыгып кетишкен.

Фрунзеден түз эле улуу агасынын үйүнө кайрылышты, бир күн мейман болушкан соң эри өз иштери менен шаарга чыгып кеткен. Кеткени да курусун... Аны эки күнү күтүшпөдүбү акыйып, качан келет дешип.  Эки күндөн соң эри эмей эле, тээ Түптөн бери энеси келбедиби Фрунзедеги агасынын үйүнө... Өөх... андан аркысын эстеш аялга ушунчалык оор!

... Эсине бир келгенде агасынын ачуусуна ууга бакырып, тилдеп атканын көрдү.   

 - Эр табылбай калгансып, кой десе болбой кеткениң ушул беле!?  Ошондо эле билгем!  Ушуну көрмөксүң мээси жок!  О, мээси жок!  Айткам мен сага!

Кайра бүк түшкөн…

Эсине дагы бир келсе, энеси эбак көз жашы кургап, шыпшынып отурган кези экен.   

 - Кетели…- деди. - Өлбөгүдөй билимиң бар, алты саның аман соо, кудайдын буюрганы тургандыр…

- Мен үйүмө кетем, апа.   

 - Кайсы үйүңө барасың!?   - деп аркы агасы ызырынды, - Үйүм деп... эми ушунча апкелип таштап кетип аткан неменин артынан барсаң, сенде ар деле калбаптыр!  Анча болду, баарыбызды эле тепселет эми ошонуңа...  

... Ошентип өлбөгөн эле төрт шыйрагы калып, энесин ээрчип жолго чыкты. Жолду ката энесинен укту көп нерсени, күйөөсү муну шаарга калтырып коюп түз эле Түптөгү кайын журтуна кеткен экен.   

 - Таң атпай келди, - деди энеси.  - Жаңы эле мешке от тамызайын деп аткам, анан эле дарбазанын сыртынан дүр этип машине токтогону угулду.  Жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей эле жүгүрүп барып дарбазаны ачтым, ачсам күйөөң турат.   

- Кана Элмира?  - дедим чочуп.   

  - Шаарда, - деди басмырт гана. - Үйгө кирдик, чай коёюн десем ичпейм деди.  Атаңды ойготоюн десем да болбоду, сизге эле айтам деп... Айтымында экөөңөрдүн турмушуңар болбой калган имиш эбактан эле? !   

- Мен ага эмне жамандык кылыпмын, апа? !  Бала төрөп берген жазыгымбы? Үйдү-үйдөй, ишти-иштей кармаган жазыгымбы!?  

Энесинин алдына башын жөлөй эчкирип алды кыз.   

 - Кай бирин айтайын, балам, укмуштай ажаан имишсиң айтымында, долу дейт, боюңда бар экениңе карабай там башына чыгып алып боюңду таштап өлөм деп коркутупсуң... Аман-соосунда өз колуңарга тапшырайын деп апкелдим дейт.  Жада калса кайын журтунун көзүнчө башына оромол салынбайт дейт.

Ушунун баарын мурда эринен угуп жүрсө да, бул ирет энесинин оозунан укканына ичи тызылдап, көкүрөгү ачышты. Күйөөсүнүн айтканы деле чын болчу.  Дал ушундай эле булардын турмушу.  Эч кимиси эч кимисине муюп, сөзгө келе алышчу эмес чыр-чатак чыкканда. Ызы-чуулуу, тирешкен, эрегишкен! Аял, күйөөсүнүн "караңгыраак" экенине чындап кейип, ошону түшүндүргүсү келчү.  Бул түштүктүн түпкүрүндө жашаган бечара аялдардан өзүнүн алда канча артыгыраак, тээ борбордун өзүнөн келген билимдүү, азыркы коом жөнүндөгү түшүнүгү жетик аялзаты экенин баса белгилеп, эч качан сүйрөлгөн узун көйнөк менен оромолду өзүнө жуутпаган. Келишпестик күчөгөндөн күчөгөн... А кийинчерээк булардын жашоосуна билинбей башка бир аял аралашканын уга баштаган.   

*     *     *

Кечирээк ишинен келип, адатынча чоң үйдүн эшигине жетип, бут кийимин чечерде көзүнө аялдын бийик такалуу туфлиси уруна түштү, кымбат баалуу, жакшынакай туфли босогодон ары ичкериде бурчтан орун алып тыкыйып турат.  Шашып коридорго көз жүгүртүп алды, эми байкады үй ичин атырдын жеңил, жагымдуу жыты каптап турган экен. Андан ары карай кирип барганда көргөнү болсо, өзү күндө ишке кетерде каранып, чачын тарап кетчү чоң күзгүнүн алдындагы ирээттүү тизилген бет май, упа, ооз боёгуч сыяктанган майда-бараттар... Үй ичи да башкача ирээттеле түшкөнсүп көрүндү аялга.  Үйдүн кичүү келининин буюмдары экенин таанып, ичтен тынып алды, сыягы азыр аркы аш үйдө жүрсө керек казан-аяк кармап.  Атасына кудай берип салгандыр, адатынча жетине албай бар дүйнөсүн төгүп айланып-кагылып аткандыр…

Кантсе да адаттан тыш жайдаңдап, аш үйгө башпакты.  Баары ошондой экен, иниси келиптир көпкө чейин бул жакта болушат экен.   

 Келини келгенден бери үйдөгү кызы ого бетер жайдары тартып кеткенин байкап, эне өзүнчө сүйүнүп коёт, жакшы болду, балким аз да болсо бири бирине эрмек болушар... Келин го жаш дечи, бирок ошентсе да ургаачы эмеспи экөө тең, сырдаш, эрмек болуп, кызына оңдой берди болду го.

... Билгенге аялдар дүйнөсү миң чырмалышкан карама-каршылыктуу, өзүнчө катаал дүйнө. Дал ушундай сезет аял. Карысыңбы, жашсыңбы - баарыбир аял деген атың бар, демек каала-каалаба аялдар дүйнөсүндөсүң.  Аялга тиешелүү сүйүнүч, сезимталдык, таарыныч же жек көрүү, акылгөйлүк менен айлакердик жашооңду коштоп алат…

Береги жаш келин, бир сырдуу, сыпаа анан бой каранган неме экен.  Сезимтал көздөрү сергек баамдап, абай тиктесе да ичи-койнуңду аңтара тиктегенсийт капырай... Жөн эле баскан-турганы, чыны-чайнекти бапестей кармаганы, жада калса мизилдете үй жыйнаганы да ашыкча болуп баратат аялга күндөн-күнгө.  Келиндердин баары эле тынбай кыймылдай берет дечи иш кылып, бирок бул келиндин ар бир жасаган иши аялга кеп-сөз сүйлөп тургандай... Аялдын бул үйдө убактылуу конок экенин, ушул турган турушунда бактысыз экенин, кайсы бир нерселерди туура эмес кылгандыгын айтып, билгизип каңкуулап тургансыйт. А ичинен эмне ойлоп жүргөнүн ким билсин... Ичимтап неме. Балким ичимтап болбой сырдаш деле болмоктур аял менен, бирок ага да бая күнкү бир окуя себепчи болду окшойт…

Ошол күнү үй бүлө чай үстүндө отурушкан.  Көбүнчө кыздын сөзүн тыңдашат мындайда. Өзү да бир сонун кеп курат, чын, кемпир менен келин экөө муюп эле уга бергилери келишет.  Ананчы!  Жалаң гана жеңиш менен бүткөн кызуу, талаш окуялар, адамдардын күлкүлүү кеп-сөздөрү, өзү, өзүнүн ийгиликтери тууралуу уккулуктуу баян курган адамды ким болбосун уккусу келет да.  Келгенине жыл айлана элек мобу жаш келин, далай жашоону жашап койгон кемпир, экөө тең кызыгып угушат!  Кээде кубаттап баш ийкешет, аял күлгөндө кошо күлүшөт... Эне көңүлү чалкып, эбедейи эзилип кетип тээ жүрөк түпкүрүндөгү изги тилегин балп эттире сүйлөдү ушунда;

 - Эми, кудайдын сага да бак айткысы бардыр, балам... Көздүү мончок жерде калбайт, эрге тийип алып эл катары бактылуу болуп кетсең, менин да санаам ордуна келет эле.   

 Баятан бери сөзү да, күлкүсү да тыйылбай отурган кыз ушу саам энесин өтө бир кыжаалат көз караш менен тиктеди.  Бир топко мелтейип барып анан чыдабай чарт жарылды.   

- Сүйлөйт десе эле сүйлөй бересиңби, апа!? Же эмне, менин бактымды эрге байлап коюптурбу!? Апа?.. - Анан өзүнөн өзү эле туталанып, жөн жай отурган келинге заарын чача сүйлөдү: - -А сен кайын энеңдин сөзүнө маани бербей эле кой!  Адам карыганда ушинтип алжып калат...

 - Капырай…- эне кызын тиктеп алып өзүнчө эле жалтайлай түшкөн ошондо.  Келин болсо эмелеки жамалы жайнаган бактылуу аялдын көзүнөн бир заматта үрөй учурган заарды көрүп, зырп эте чочуп, заматта бейтаанышка айлана түшкөн бул аялдан оюн да, боюн да алакачып, зымырайып калган.   

*     *     *

Түн.  Кайрадан айныксыз тагдыры менен бетме-бет келди.  Башкалар түгүл, жада калса өзүнөн-өзү танып, билмексен болгон ачуу өтмүшү менен бет келишти.  Кашайгырдыкы... Баарын кылган апасы!  Кенедей келиндин көзүнчө балп этет тим эле... Ушуга чейинки сүйлөгөн сөздөрү да, күлгөн күлкүлөрү да шамалга учкансып сапырылып, өзүнөн өзү мыжылып жатты.  Анан адатынча "шашпаа-аа-а..." деди шуу үшкүрүнүп… "Шашпааа-аа, сен али өкүнөсүң! Сен далай өкүнөсүң…Мен сага далилдейм али…"

Түнкүсүн түпкүчтөй түйүлүп жатып алып өзүнчө кекенет, ызырынат, күбүрөнөт аял өзү да байкабай. Кайсы күндүн кайсы саатынан баштап муну мындай чыңалган сезим бийлеп алганын өзү деле эстебейт. Бирок жашоосундагы көргөн-баккан ою эле ушул. "Ошол күн да келет, ошол күнү сен чындап өкүнөсүң! Менсиз бактысыз экениңди билесиң ошол күнү…. келее-ет ошол күн…" Ошентип алып, аялдык кыялы алда кайда чабыттап кетет. Ошондо өзү элестеткен "ошол күнгө" барып калат…

Ошол күнү тээ түштүктүн түпкүрүндөгү күйөөсү келмек аялды издеп ошондон ушуга... Учурунда муну чанып кеткен эри келмек! Сылыксынган, сымбаттуусунган, билимдүүсүнгөн неме ал дагы... Мейли. Келсин! Аялдын ишиндеги ийгиликтерин, кадыр-баркын көрмөк!  Мурдагыдан да ажары ачылып, бактылуу жашап жүргөнүн көрмөк!  Айтор кынтык тапмак эмес! Анан, дал ушундай төгөрөгү төп келишкен аялды колдон чыгарып ийгенине өкүнмөк!  Өкүнүп кечирим сурамак! Чын дилинен өзүн өзү жектеп кечирим сурамак.  Ушундай асылзааданы баалай албаган өзүнө чындап кейип, ичинен түтөмөк!  Соңунда... кечирим сурап, ортодогу балдарын бетине кармап, элдешүүнү суранмак! Сөзсүз ошентет... анын кийинки алган аялынын ушунчалык бир мажирөө, жүдөө экенин тааныштарынан укканы бар. Угат дайым эле санаалаш аялдардан, тез-тез телефондон кабарлашып турат! Уулу менен да кабарлашат…

А бул?... Кечире алат беле?! Жок. Кечире алмак эмес! Ошончолук жүзү каралыкка барган немени кантип кечирмек... Деги эле ошондой адамды кечирүүгө мүмкүнбү? Кандай гана күнгө калтырып     коюп басып кетти кезинде... Болгону өкүндүрөт! Бул айдан ачык. Анын өкүнгөнүн, муңайганын көрүп көксөөсү бир сууйт ошондо.  Ошол күнү!   

 ... Мына ушул көксөөгө биротоло жетеленип алган аял бардык жашоосун өзү ошол күйөөсүн эч качан кечирбей койчу күнгө арнап жашап жүргөн.   

*     *     *

Түш ооп калган кез эле.  Үйдө болуп көрбөгөндөй чоң чуу башталды капыстан. Оңбогон гана күйөө! Келатыптыр! Анын бул жакка келатканын алды менен аялдын өзү укту. Биринчи укканда бул күтүүсүз кабарга, жок, күтүүсүз дегенге кантип болсун, жылдар бою күтпөдү беле, бирок дал ушул сааттар үчүн күтүүсүз болгон кабарга аял эсин жоготуп коё жаздады... Оюна оңчулуктуу эч нерсе келбей шашып калды, куураган бала (уулу) кечээ эле айтып койбойт беле! Азыр гана чалбадыбы, “апа бир-эки саатта кирип барышат экен, силер жакка жетип калышыптыр, кечээ эле кеткен”, - деп!  Аял же сүйүнгөнү же күйүнгөнү белгисиз бир алып учкан сезимге өзүн алдырып ийип, ачуусу чындап келбесе деле, кыйкырыш сөзсүз зарылдан бетер, сөзсүз албууттаныш керектен бешпетер короо-жайды башына кийе бакыра берди долуланып…

 - Акмак! Уятсыз! Бети жок... ойлоп келатат да мени кечирет деп... Шашпасын! Келсин ушул жерге так гана алдыма! Мен ага көрсөтөм кечиримди! Уят деген жок экен го! Бети жок үчүн келатат да ушунча жылдан соң!

Кызына кошул-ташыл кемпир деле каргап жүрөт жан алы калбай...   

Аял үйгө атып кирип, кайсактап, колуна тийген кийим-кеченин баарын чачты, анан издеп атып тээ сандык түбүнөн жапжаңы болгон үйгө кийүүгө куп жарашыктуу көйнөгүн таап чыкты.  Өтө аз кийилип, канча мезгилдерден бери дал ушундай күн үчүн катылып жаткан көйнөгү эле. Чачын адаттан тыш жылма тарап, суналта өрүп салды. Өзү ажарлуу неме, маңдайы ачыла, жакшынакай болуп чыга келди... А эшикте кайрадан чуу башталды. Эми абышканы кудай урду башкасы бүтүп…

 - Атып салам! - деп бакырды ал күйөө баласы кызына келатканын угуп. - Атып салам! Үйгө жолобосун айтып койгула! - деп кутургандай өкүрүп, максатсыз эле ары-бери жүгүрүп, колуна тийген буюм-тайымды туш келди ыргытып атты.  Атасына ушуга чейин сөзү кыска, унчуга албаган кыз негедир ушунда мурду менен бир тийди

 - Кийлигишпеңиз! Аралашпаңыз! Ишиңиз да болбосун! Уктунузбу?! - ажылдап баштап, ата менен кыздын чуусу күчөп кетти... Аягында:

 - Жарашам мен! Уктуңбу?! Жарашам!.. Кийлигишпе... - деди.

Бир саамга баары унчуга албай калышты. Негедир бири-биринен ыңгайсызданган кызык абал пайда болду да, абышка сенделе басып үйдү айланып кетти… Күйбөгөн жери күл болду. Келин учуп-күйүп үй жыйнап, дасторкон жайып, коноктор болсо кечигип атышты...  

*     *     *

Келгендер үчөө экен. Чыны менен сымбат, сыны келишкен орто жаштардагы мырзалар дасторкон үстүндө да сыпайы отурушту. Көбүнчө күйөө баланы ээрчий келген достору сүйлөп, коом, саясат, иш тууралуу. Чачы бир аз буурул тарткан, каралжын сулуу көздөрү муңайыңкы, ыйбаалуу көрүнгөн, жүзүндө бир аз элпек жылмаюусу бар күйөө бала беркилердин сөзүнө аста баш ийкемиш, угумуш болуп коюп, колундагы эс тартып калган сүйкүмдүү наристе кызын улам маңдайынан өөп, эркелетип отурду.   

Ашканада кемпир менен келин өз ара кобурашып, жолго салып берели дешип баштык белендеп атышты, сүрсүгөн эт, карынга куюлган сары май... Абышка булардын кобурун тыңшап, ичинен ашата сөгүнүп, жаалын араң басып жатты.  “Атаа, ушу кыз бала айе!  Бир аялуу нерсе экен ов аттиң...” – Ушу кыздын айынан келишкис душманын төрүнө отургузуп, алдына устукан тартып, ачуусун ичине жутуп коюп, кырча тиштелген эрини кан даамданып жатканын кара!   

 Кетер кез да келди. Экөө эле калышты, анан ортодо ойногон наристе... Аял.  Эри тарабынан айтылар сөздүн кыябын күтүп, ушу азыр кечирим сураса, буга чейинки жыйнаган ызасы менен кегин көз жашы менен кошо төгүп жиберүүгө даяр болуп, кечирип жиберүүгө даяр болуп, а түгүл эч нерсе айтпай эле күйөөсүнүн көкүрөгүнө башып жөлөп буркурап жиберүүгө даяр болуп, ошол секундду дирилдеп күттү... Убакыт жылдарга созулгансып,  өтпөй атты.  Күйөөсү маалкатып турду кечирим суроо кезин!   

... Анан айтылар кеп башталды.   

- Сага ыраазымын. Кызды жакшынакай чоңойтуп атканыңа.  Мен сенин алдыңда милдеттүүмүн... Өткөн өттү, кеткен кетти…- күйөө бир саамга ойго жетелене түшүп унчукпай дымып калды. Кечирим суроо оңой эмес деп ойлоду аял.  Ортодо канча жылдар бар канткен менен! Албетте, оңой эмес буга... Аял ушул жерден бар күчүн жыйнап, ичиндеги бороонду күч менен басып, супсак үн катты:

- Кудайга шүгүр... Кызым экөбүздү алаканга салып аспиеттеп алышты. Эч нерседен кем болгон жокпуз…

Күйөө күрсүнүп алып, үзүлгөн кебин улады.   

 - Өткөн өттү, кеткен кетти... Ал үчүн кектешпейли. Айтайын дегеним бу... Ортодо кызыбыз бар экенин эстеп эч эле көңүлүм жай албады. Бала боор эт менен тең го... Сен да эрге тийбепсиң. Эмгиче өз бактысын таап кетти бекен дедим эле.  Эми кызым экөөңдү өзүм эле карап, кам көрүп турсамбы дегем. Буюрса, эпке келишсек, сени аялым менен да тааныштырам. Ал туура түшүнөт, өзү өтө жөнөкөй аял. Шашпай таанышсаңар көрөсүң го өзүң деле, тил табышып кетерсиңер…

Ушул болуп аткан окуялардын баары, сүйлөнүп аткан сөздөр деле аялга бүдөмүк, бир түш сыяктанып өтүп атты.  Кечирим сурабай атты эри…

Кечирим сураса го... Бир төгүлүп алат эле да! Ак же көк дегенге чама-чаркы келбей мелтейип, тунжурап отурду аял.  Эри болсо мындан жооп деле күтпөдү, кызын эркелетип, колуна акча карматты да, эми тез-тез келип сейилдетип турарын, а кийин-кийин... калаага алып кетерин айтып, наристе менен убадалашып алып, өөп, коштошуп чыгып кетти.   

Тыштан машиненин дүрр этип жүрүп кеткени угулду.   

Ошол күн! Ошол дал ушул күн ушул болчу... Жашоосундагы бардык күчүн жумшаган, жашап атып жашабай, жүрөгүнө ыза менен кекти, акыр аягында гана аргасыздан мээр менен сүйүүнү толтуруп күткөн бир күнү ушинтип келди.  Жөн жай эле, жайбаракат келди да кетти.   

 Эт менен сары майга шыкалган баштык босого ченде турду, каякка коюларын билбей...  

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз