Кубантай Эрназаров: Бут кийим

  • 05.01.2023
  • 2450

АҢГЕМЕ

(Хемингуэйдин эң кыска аңгемесин улай)

Интернетке жарыя жазылыптыр: «Кичинекей баланын кийилбеген жаңы бут кийими сатылат». Болгону ушул. Андан башка ныпым эчтеке жок. Жарыя этегинде үйдүн дареги, бут кийимдин баасы гана көрсөтүлүп, бут кийимдин жалгыз сүрөтү жүктөлгөн. Баасы да текейден арзан. Болгону 150 сом. Таң калыштуу.

– Кийилбеген жаңы бут кийимди эмнеге сатып жатат экен? – деди жубайы жарыяга анча түшүнө бербей. – Кызыма чак келчүдөй экен, бирок…

– Мүмкүн бирөөгө белекке алган. Бут кийим чак келбей калган чыгар же берилбей калган, – деди күйөөсү.

– Андай болсо бир жөн. Мүмкүн наристеге атайын алынып, кийин наристеси ошол куракка жетпей чарчаган бирөө болсочу?

– О, кудай, аай! Оюң эле жаман. Андай деле эмес ко дейм.

– Ким билет. Мүмкүн өлгөн наристенин бут кийими болсочу.

– Эхх, апенди катын десе… Акылың даана ордунда эмес, жаным.

– Токтой турчу, акылдуум! Бут кийимдин өзү жаңы, бирок баасы ит бекер болуп жатпайбы. Ошондон айтканым.

– Мага да ошонусу таң калыштуу. Бут кийим кытайдыкы эмес, «Ed Meier» деп жазылып турбайбы. Германияга таандык бут кийим фирмасы бул. Нурперишим кийсе, алтын кызыма куп жарашып калмак.

– Албетте. Бечара кызым күзгү суукка карабай жайкы бут кийими менен бакчага каттап тоңо турган болду.

– Ошону айтсаң, – күйөөсү шуу үшкүрдү. – Кыздарымды эчтекеден кем кылбай баксам дейм. Оюм жеткенге кол жетпейт. Кембагалчылык...

– Мүмкүн бул уурдалган бут кийим чыгар.

– Билбейм.

Бешиктеги бала чукуранып алып, кыңкыстап ыйлап кирди. Бут кийим тууралуу Марат менен келинчегинин талкуусуна ушул жерден чекит коюлду. Апасы ордунан козголуп, чырак жарыгында бешикти терметти. Ою дале таң калыштуу жарыяда. Марат да бери оодарылып жанында жаткан кызын жыттай кетти. Кызы Айпери атасына жакын, төшөктө чогуу жатат. Жатканда атасынын колун кармап жатмайын уктабайт. Анын жанында үч жашар кызы Нурпери. Кечки сегизде уктаган бойдон чай ичип жатканга да жараган жок.

Кире бериш бөлмөдө экинчиде окуган уулу Жантөрө эбак уйкуда. Быйыл жазда келинчеги төртүнчү баласын көз жарды. Жантөрө, Айпери, Нурпери, быйыл төрөлгөнү – Кантөрө. Мараттын «төрөлөрү» менен «перилери» баары уйкуда. Бөлмөдө дубалдагы сааттын чык-чык үнү, мештеги кара чайнектин чуулдап-чыйылдаганы, уйкудагы наристелердин деми угулуп, үй ичи баланын сийдиги менен богу жыттанат. Шыптан утур чыйт-чуйт этип ары-бери чуркаган чычкандын үндөрү угула калат. Түнкүсүн айыл жеринде жарык бат-баттан өчөт. Андайда чыракты күйгүзүп, мешке бир аз от калап жатышка туура келет. «Жакындап кыш келатат. Азыркы ишимден тапкан акчага биринчи кезекте көмүр алышым керек» – деп ойлоду Марат. Ойлоду да, балээде калды. Ушуну утурлап тургансып мээсинде күнү-түнү эзип жеген керектүүнүн баары долу катындай башында чыркырап жатты: кышкыга көмүр, Жантөрөгө кышкысын куртка, авто-унаасын оңдогону үчүн Анаш устага 4000 сом бересе пул, келерки жумада бөлөсү чакырган ресторандагы кыз тойго 5000 сом, бир айдан кийин болор айылдагы бир тууган жээнинин үйлөнүү тоюна эч кур дегенде 10 000 сом көтөрүп барбаса да болбойт… Акча, акча жана акча… Муну ойлогондо Мараттан уйку качты. 

Чырак жарыгында дубалдагы саатка карады. Түнкү он эки жарым. Башка ар дайым ушул убакка дейре акча кайгайы келет, анан өткөн өмүрү тартылат. Көбүнчөсү жүрөктү сыгып жиберер ойлор. Ошолорду ойлоп жатып уктап кетет. Албетте, уйкуну эртеңки жасар иши чакырат. Саарлап ишине кетет. Иш жок учурда саат ондо турат. Азыркы бут кийим тууралуу ойдон улам көзү умачтай ачылып, өтмүшү көз алдына кинодой тартылды. Ойлор жан-дүйнөсүн эзип жибергенде, адатынча дубалга чапталган жалгыз картинага карады: колуна Ыйык Китепти кармап Кудайга жалбарып турган кыз. Арткы фондо Меккенин сүрөтү. Картинага Жараткандын ысымы жазылган. Дайыма уктаар алдында картинаны тиктеп дуба кылып, өзүнө ырыскы тилейт. Бул ирет Кудайга чындап таарынды. Жүзүн картинадан буруп кетти.

Кедейлик курусун… Адам кембагалга айланганда, аны менен Кудайдын да иши болбойт. Кудай кимге мээрман? Албетте, жалаң байлар менен алдууларга гана. Кембагал менен момунду Кудай тамашага салат, Кудай да тамашаны сүйгөн Зат окшобойбу. Кембагалды Кудай да өгөйлөп турат. Байлоодо атын качаган, бизди Кудай кыйнаш үчүн жасаган, казыкта атын качаган, мени Кудай кордош үчүн эле жасаган!... Илгерки кембагал жесир келиндин кошогундай. Кедей мынтип балалуу болсо да азап, балалуу болбосо да азап. А байдыкычы? Бай балалуу болсо, дүңгүрөтүп той кылат, байгесине төө сайып улак берет. Эгер балалуу болбосочу? Анда байга дагы жыргал. Жапжаш бир-эки токол алат. Ошентип жашоонун доорун сүрөт. Байбичеси төрөбөгөн балдарды токолдору тооктой шагыратып төрөп берет… Бирөөгө сөгүнүп кейип жатты.

Ырас, Кудайга болгон сыйы жоголгон соң, жашоого, дос-тууганга болгон урматы да кумга сиңген суудай заматта тарады. Тууган-урук, дос-жардын баары бир ооздон: «Ар нерсенин өз ырыскысы бар. Баланын да өз ырыскысы бар. Төрөп койсоң, бала чоноё берет» – деп эжиреп-бежирей беришип, кем акыл келинчеги буга ишенди. Алына ченебей бешти төрөйм деп оолукту. Көп балалуу жыргап кетиптирби? Анда эркек аттуунун баары эле беш-ондон бала төрөтүп миллионер болуп кетишпейт беле.  

Күн алыс ватсаптан байланышкан Мараттын айылдагы кайненесине да келинчеги төртүнчүсүн көз жарганы табылбай калды. Мараттын түйшүк тартып арып-чарчаган көңүлсүз маанайын байкаган кайненеси: «Кой, балам. Антип санаага бата бербе. Төрт балаң бар. Уул десең, уулду берди кудайым, кыз десең, кызды берди кудайым. Бир балага жетинбеген канча…» – жүрөктү андан бетер сыгып божурап кирет. Түйшүк төө бастыга алып үстүмдөн ныгырса деле төрт балам бар деп каткырып-күлүп жүрүшүм керекпи, не?!

Ушуларды ойлоп жатып көзү илинип кетиптир. Эрте менен адаттагыдай балдардын чуру-чуусунан ойгонду. Түндөгү бут кийим тууралуу таң калыштуу жарыя канчалык шек жаратпасын, баары бир жубайлар ага бир барып көрүүнү ылайык көрүштү. Анүстүнө бүгүн ансыз деле шаарга иштери менен барышмак.

Жубайы бешиктегисин эмизгенче, үч жашар кызын жетелей келип авто-унаага олтурду. От алдырып, калдыратып айдап жөнөдү. Эски унаанын от алышы да кыйын, бензинди да көп жейт.

Эски авто-унаа шаар четиндеги катар-катар хансарай түрүндө салынган үйлөрдү аралап баратты. Кез келген жерден токтоп, кайра сапарын улайт. Акырында эки кабаттуу евростилинде салынган, короо-жайы кенен үйдүн дарбаза тушуна келип токтоду. Марат коңгуроону басты. Артына колундагы баласын эмизип келинчеги турат. Үч жашар кызы апасын этектеп алган. Марат коңгуроону дагы бир ирет басты.

– Азыр, баратам, – ичкериден аялдын үнү угулду.

Марат дарбаза жылчыгынан ичкерини шыкаалады. Гүлдүү кооз көйнөк кийип, колуна бокал кармаган тармал кара чачтуу ак жуумал аял дарбазага жакындап калыптыр. Аял дарбазаны ачты.

– Саламатсызбы?

– Саламатчылык. Келгиле.

– Биз… Неме… Биз жарыя боюнча келдик эле.

– Кандай жарыя боюнча?

– Бул жарыяны сиз бердиңиз беле? – Марат телефондон бут кийимдин сүрөтүн көрсөттү.

– Ии, ооба. Эми эстедим. Кириңиздер.

Аял жол баштап жөнөдү. Атка бергис кунан бар, кызга алмашкыс жубан бар демекчи, алдыда бараткан аялдын сулуу жамбаштары чайпалып, сынынан тайбаган. Бирок жашы канчада экенин боолгош кыйын. Небере көрүп калган жашта экенин болгону кексе жүзү айтып турат. Жаш аялдын жүзү баёо туюлду.

– Келиңиздер. Диванга отура туруңуздар, – аял кол жаңсап орун көрсөттү.

Жаш үй-бүлө топурап жумшак булгаары дивандан орун алды. Баары жым. Мараттын көзү ак жуумал аялдын жүзүнө кадалды да калды. Мунун алдында төрттү төрөгөн келинчеги кыйла эле шалпыя түшкөндөй. Бул көрүнүш кайрадан өзүнүн тартыш жашоосун эсине салды. Аял бери бурула бергенде, жүзүн шарт буруп кетти. Үч жашар кызы дале аялга кадала тиктеп турат.

– Айкөкүл! – аял үстүнкү кабатка карап кыйкырды.

– Эмне болду? – тепкичтен бойго жеткен узун чачтуу кыздын башы көрүндү.

– Баягы бут кийимди алып түшчү.

– Азыр.

Бир аздан соң колуна коробка көтөргөн кыз тепкич менен түшүп келип, колундагыны аялга сунду. Үй кызматчысы окшойт.

– Келиңиздер, – кыз диванда отургандарга баш ийкеп салам жолдоду.

– Жакшы жүрөсүзбү, чоң кыз, – Марат алик алды.

– Ыракмат, шүгүр.

Аял коробканы ачып, бут кийимди Маратка сунду:

– Мына ушул бут кийим.

Үч жашар кызы муну көрөр замат ордунан ыргып туруп, атасынын жанына жетип келди. Кудум сүрөттөгү бут кийим! Жапжаңы. Бир да кийилбеген. «Ed Meier» деген фирмалык жазуусу көзгө тим эле жарк дей түштү. Таза кайыштан тигилген.

– Кел, кызым, кийип көрөлү, – Марат бут кийимди кызынын бутуна туштады. Кызы бут кийимди кийишке шашып, кайсы бутун сунушту билбей алдастайт.

– Кана бери болчу, кызым, – аял үч жашар кызга карады. – Аай-иий! Өзү да өзү. Тим эле чак келип, атасынын ханыша кызына куп жарашып калбадыбы.

– Ооба десеңиз, – деди Марат аялдын сөзүн коштой. Ичи буга элжиреп кетти. – Кел, кызым, чечели эми. Үйгө барганда кийебиз.

Кызы кежирленип, бутка кийген олжосун бергиси жок. Тултуңдап ыйлап кирди. Баары шарактап күлүп калды.

– Бизди кечириңиз, ханыша кыз, – деди аял мээримдүү жылмайып. – Кие бериңиз. Сизден эч ким талашпайт.

Аялдын бир нерседен улам ууртундагы жылмаюусу тарай түшүп, маңдайдагы диванга олтура кетти. Анан маңдайда турган эрди-катынга карап:

– Небереме деп алганбыз. Кийилбестен калып кетти. Насип кылган эмес экен. Аларды колдон алдырып, чоң атасы экөөбүз минтип тиктешип олтуруп калдык.

Диванда олтурган аял шуу үшкүрүп, көзү жашый түшкөнсүдү. Мараттын жүрөгү болк дей түштү. Кызынын бутундагы бут кийимге, аялга алмак-салмак тиктеди. Келинчеги элейип аялга караган бойдон. Түшүнүктүү! Интернеттеги жарыя негизи окуганда эле шойкомдуу болчу. Келбей койсок деле болмок. Аттиң, иттики!

– Уулум аялы менен Германияда жашайт, – аял сөз баштады. – Жумушуна байланыштуу ошол жакта калып кетишти. Эки неберем биздин колдо эле. Уул неберем он жашта, небере кызым быйыл үчкө чыкмак. Жайында келгенде балдарын өзү менен биротоло алып кетти. Ошондон бери атасы экөөбүз өзүбүзгө келе элекпиз.

Мараттын кулагы дале чуулдап жаткан. Аялдын айтканын анча укпады. Аялга карап:

– Эмне дейсиз?

Аял сөзүн дагы кайталады.

– Аа, ошондой дебейсизби, – деди келинчеги капталдан, жанатан катый түшкөн денесине эми жан киргенсип. – Биз муну…

«Биз муну башкача ойлоптурбуз» – деп айтмачы болуп, унчукпады.

Аял андан ары сөзүн улады:

– Атасы да баласаак, мен да баласаак. Небере ширин болот тура. Колубузга урунган оючуктун баарын сатып алып келе бериптирбиз. Бул жакта биз балдарын жылаңач багып аткансып Германиядан ата-энеси күн алыс кийимдин түрүн салат. Үйүбүз баланын оюнчугу менен кийимине батпай кетти. Канча балаңыз бар? – аял Мараттын келинчегине кайрылды.

– Төртөө. Эки уул, эки кыз.

– Аай-иий! – аял толкунданып кыйкырып жиберди. – Мынча бактылуусуз! Кааласаңыз балдардын кийиминен дагы берем. Аласызбы?

– Жок, эжеке, биз мындай кылалы, – деди Марат келинчегинен озунуп. Чый-пыйы чыгып оңтойсуз абалда калды. – Бизге… Мага жакында акча тиет. Даректи билип алдык. Калганын ошондо сатып алайын.

– Жок, акчасынын кереги жок. Баарын бекер берем.

Бекер дегенди укканда Мараттын жанатан тегеренген башы андан бетер тегеренди. Башын эчтеке кирбей аялды караган бойдон. Учурдан пайдаланып аялдын дене-мүчөсүнө ичтен суктанды. Сынынан кетпеген ак жуумал сулуу жүзү, турган-турпаты маралдай тим эле. Муну небере көргөн аял деп эч ким айтпайт. Кымча бели, баскан сайын чайпалган жамбаштарын карасаң, пай-пай. Фитнеске барат окшойт.

Элейип карап калган Маратты аял башкача түшүндү, айтканыма ишенбей карап жатат деп ойлоду. Анан аларга карап:

– Жүргүлө, үстүгө чыгалы. Баарын көрсөтөм.

Тепкич менен жогору жөнөштү. Алдыда аял жол баштап, артында Марат. Эки көзү дале аялда. Бир маалда артта келаткан келинчеги эч кимге байкатпай санынан ачуу чымчып алды эле, өзүнө келе түштү.

Аял айткандай үстүңкү кабат балдардын кийими менен оюнчугуна толо. Бут коёр жер жок. Экинчи кабат үй эмей эле, өзүнчө бала бакча! Аял ушунун баарын алып кеткиле десе болобу. Мараттын даана эси ооду. Сыягы аял төрттү төрөгөн келинчеги кичүүсүн көтөрүп, үч жашар кызы этектеп эрмешип турганын көрүп жүрөгү жибип кетти окшойт. Балким, боору ачыды.

– Ушунун баарын алып кетиңиз, – аял Маратка карады.

– Ушунун баарын?!

– Албетте. Мунун баарын эми чалым экөөбүз кийип, чалым экөөбүз ойномок белек, – аял жылмайды.

Үй толо балдар кийими менен оюнчуктарды колго илинген баштык аттуунун барына салып киришти.

– Канча балам бар дедиңиз? – кийимдерди бирден иреттеп салып жатып аял Мараттын келинчегинен дагы сурады.

– Төртөө. Эки уул, эки кыз. Бешти төрөйм, буюрса.

– Аай-иий! Кудай ниетиңизди кут кылсын, – аял толкундана түштү. Дубалга карап кудайга жалынып жиберди: – О, кудай! Ушуларды көп балалуу үй-бүлөгө берсем экен деп тилечүмүн. Ниетим ишке ашты.

Марат аял караган тарапка караса, дубалга чапталган картинага көзү түштү: Колуна Ыйык Китепти кармап Кудайга жалбарып турган кыз. Арткы фондо Меккенин сүрөтү. Картинага Жараткандын ысымы жазылган.

Аялдын белегин араң дегенге таңгактап бүтүштү. Таңгактар авто-унаага батпачудай. Бери дегенде дагы эки сыйра келчүдөй жүк.

– Жүргүлө, даам татып кеткиле, – аял аларга карады.

Аял ушунча тартуу кылып жаткан соң, кой дешке болбоду. Аялды ээрчип ашканага киришти. Жаркыраган кенен ашканадагы үстөлдө дүйүм тамактын түрү. Марат ууру мышыктай тамактын ар түрүнөн акырын алып жеп жатты. Бокалга куюлган «Кола» суусундугун ичти.

– Сиз бирди төрөдүңүзбү, эже? – маек арасында келинчеги суроону кабыргасынан койду.

– Жок, – деди аял бирдемеден кемсингендей жүзүн буруп. Анан эки колун үстөлгө таяп, жер тиктеген бойдон айтты: – Бул өзүнчө оор тема. Мен бала көрбөдүм.

– Иий, эмнеге?

– Жаштык кылып окууну бүткөнчө төрөбөй турайын деп боюмдагыны алдырып салбаймынбы. Төрөбөс болуп калганымды кийин билдим. Кылбаганым, барбаганым калбады, врач менен молдо-табыптын колунан деле эчтеке келбеди. Кудайдан ырымдап кечирим тилеп кайырчылык кыл деген бакшынын сунушуна да моюн сундум, Ош тарапка барып, жыртык көйнөктү самсаалатып кийип, торбону моюнга илип кайыр сурадым. Кудайдан кетирген күнөөмө ыйлап ырайым сурадым, жалгыз бала тиледим. Сулайман тоого чыгып, эл көп жашаган чаң көчөлөрдү аралап бала үчүн тилемчилик кылдым. Мазарларга каттап, ыйлап жалбарып бала тиледим. Болбоду.     

– Германияда жашаган уулуңузчу?

– Кийин баладан үмүт үзүлгөндө, кайгы үстүнө кайгы кошулуп, кайним келиним экөө авто-унаа кырсыгынан бир учурда каза болуп калышты. Экөө тең жаш кетишти кургандар. Тарткылык бир келгенде кош-коштоп келет тура... Алардын эки жашар жалгыз уулун биз багып алдык...

Марат аялдын жүзүнө астыртан тигилди. Анын жүзүндөгү эркектин жүрөгүн козгоп жиберер өзгөчө жылмаюусу тарап, эмелеки келишимдүү сымбатынан тайып, заматта көп жылга карый түшкөнсүдү. Салабаттуу бою да эмнегедир кичирейип көрүндү. Ортодо жымжырттык.

– Кайрат кылыңыз, эже, – келинчеги бир маалда араң үн катты. Сыягы ушул сөздү айтышка зорго жарады окшойт.

– Ыракмат, – аял андан башка сөз айтпады.

Жолдо баратып Марат көп нерсеге таң калды, кайрадан буга ынанып моюн сунду, кээ бир мурунку оюнан кайтты. Биринчиден, байлар деле ыйлашат тура. Буга чейин ыйды Кудай жалаң кедей-кембагалга жараткан деп ойлор эле.

Экинчиден, байлар деле Кудайга ишенип, ага жалбарганы, аял Мараттын көзүнчө Жараткандын ысымы жазылган картинага карап жалбарып жибергенин эстеди. Көз алдына бир кезде үстүнө эски кийинип, жыртык көйнөкчөн көчөдө тилемчилик кылган, мазарда эчкирип ыйлап дуба кылып олтурган бутуна көлөч кийген жапжаш сулуу аял тартылды.

Үчүнчүдөн, байлар жеген тамакка таң калды. Аялдын ашканасында дүйүм тамактын түрүн даамдап көрүп, даамы эл жеген тамактан айырмасы жоктугун сезди. Андай тамактын көбүн Марат деле жеген. Буга чейин байдын тамагын Кудай өзгөчө жаратып, даамы элдикинен айырмаланып турат деген ишеничте эле.

Ушуларды ойлоп баратып үйгө кантип келгенин билбейт.

– Жантөрө, чыккыла балам, – үйгө карап аларды утурлап чыга келатышкан балдарына кыйкырды. – Айпери, сен да кел, кызым. Ташып жиберели.

– Ушунун баары бизгеби?

– Ананчы.

– Оо-уу, ата!

Баласы өзү менен тең килейген мамалакты кармап, ачык эшиктен авто-унаанын ичин тиктеп туруп калды. Толкундандыбы же таң калдыбы, айтор, авто-унаанын эшигин башы менен тарс сүздү.

Үйгө ташынып жатышканда, босого тушта күнөстөп турган сары тоок утур канатын жая жүнүн үрпөйтүп, кибиреген сапсары жөжөлөрүн алдына үйрүп алардан коруп жатты. Сентябрды ортолотуп жумуртка басып, октябрдын башы тогуз жөжө чыгарган. Марттын этеги он алты жөжө чыгарган. Бул экинчи жолу басып чыгарышы.

«Он алтыны, кийин тогузду басып чыгарган ушул тоокчо мээм жокпу» – деп ойлоду аны көргөн Марат: «Жем сатып келип, жөжөлөр жегенге эжигей жасап коюшум керек экен. Күз ортолоп калды. Кышка дейре батыраак торолуп кетишсин».

Муну ойлогондо жүрөгү жибип, ууртунан жылмайды. Бөлмө ичи алып келингендерге толо түштү. Дагы эки ирет авто-унаага жүктөп келерлик тартуулар күтүп жатат. Ушуларды ойлоп, көзү дубалга чапталган картинага кадалганда, жылмаюусу эмнегедир бир нерсеге өкүнгөндөй дароо таркап кетти. Колуна Ыйык Китепти кармап Кудайга жалбарып турган кыз. Арткы фондо Меккенин сүрөтү. Картинага Жараткандын ысымы жазылган. Дайыма уктаар алдында картинаны тиктеп дуба кылып өзүнө ырыскы тилейт. Бул ирет Кудайды батынып тиктегенден чындап уялды. Жүзүн картинадан жалт буруп кетти. Түндө Кудайды ашатып сөккөн.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз