Шабдан Сулайманов: Мамама

  • 07.01.2023
  • 2950

Чоң ата баккан балдар,
Чоң эне баккан балдар,
Чогулуп бир түшө албай,
Чоң турмуш кемесине.
Чоочуркап өз атасы энесинен.
Жүздөрү үйрүлбөгөн,
Жүрөгү ийрилбеген,
Силерди көрүп турам мен өзүмөн.

Чоң ата коюнунда,
Чоң эне моюнунда,
Мага окшоп өскөн жандар,
Мамалап, же болбосо жеңекелеп.
Энесин, өз энесинин эмчек берген,
Эркелей албайт экен "энекелеп".

Көпчүлүк! Көпчүлүк эй!
Көшөрүп дилин бербей,
Көңүлү бала кезден тилингендей,
Темирдей катып турган,
Телинбей качып турган,
Көк бетти көрдүң экен кимиң мендей?

Элүүгө чыксам дагы,
Эзилип отурамын,
"Энеке" деген сөзгө тилим келбей...
Кантейин айталбадым...
Кадырлап сыйласам да,
Канчалык өзүмдү-өзүм кыйнасам да...
Мезгилдер өтсө деле,
Мээримин өз энекем төксө деле,
Мээнетиң алайын деп өпсө деле,
Көңүлүм эмнегедир туруп алат,
Көзү өткөн чоң энемди көксөп эле...

Өзгөчөм, мамам менин,
Өзүңдү келбейт такыр жаман дегим...
Тоң моюн балаңды сен,
Тогуз ай тоголонуп,
Тогуз саат толгоо тартып тапкан элең...
Дегеле кол көтөрүп чаппады элең,
Дегеле оройлонуп какпады элең,
А бирок "апа" деген ыйык сөздү,
А дүйнө апкетиптир менчик кылып,
Асырап баккан энем...

Сиз мени түшүнүңүз!
Ушундай толук бышпай,
Ушундай тоңуп муздай,
Ушундай начар чыкты түшүмүңүз.
Көңүлүң оорутпагын,
Көзүңө жаш албагын.
Сиңишип кетпесем да камыр-жумур,
Силердин үй-бүлөдө катардамын.
А бирок "ата, апа" деп тилим чыккан,
Ал сөздү биринчи уккан,
Арбагын ата-энемдин сата албадым.

ДОС БОРООН
Чакыргансып турасың нени бороон,
Чак өмүрдүн ансыз да теңи бороон.
Сөөктөн өтүп кеткенде ачуу тилиң,
Сөгүп ийдим кечирчи сени бороон.

Тез-тез эле өзгөртүп ырайыңды.
Тентектигиң ашынып кудай ургур.
Билегиңди түрүнүп качан болсо,
Бир жиндиси сен болдуң бул айылдын.

Боз-Айгырдын тескейин тарап келип,
Боройлотуп борошо, кар апкелип.
Ачууланып атыңды чапкылайсың,
Алда кимдер койгонсуп арак берип.

Күнбү, түнбү күкүктөп тынчыбайсың,
Күңгүрөнүп үн салган ырчыдайсың.
Кыз-уулумду эрмектеп, тышка чыкса,
Кызарганча мурдунан чымчылайсың.

Жазбы, кышпы жаңшанып эшикте сен,
Жалгызсырайм үнүңдү эшитпесем.
Жаман көрөм кай бирде чын дилимден,
Жакынымдай кай бирде сезип кетем.

Кантсе дагы сен мени сырдаш кылып,
Кан досумдай шык берип ыр жаздырып.
Жашыктыгым курчутуп демиң менен,
Жашаганды үйрөттүң, сынбас кылып.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз