Шайыр Тойчуева: Жаратканды өзүм өлтүрөм

  • 16.12.2022
  • 1437

*     *     *

Цензура!
Сен менин апамсың да,
Акын кылып мени төрөгөн.
Колу-бутум эркин койбой,
Ак бешикке сүйүп бөлөгөн.

Саамайымдан сен сыласаң,
Кергиштенип секиргем.
Сүйбөсөм да, ээмп жатып чоңойдум,
Сүт ордуна ыр акчу да желинден.

Эсиңдеби ошондогу,
Шыйрагымды чыбык менен урганың.
Жүгөрүнү аралай чаап качканымда,
Уу тырмагың күйүп, малганың.

Кишен салган эки бутума,
Мен өзүңдөн жаралгам чын, цензура.
Ким, эмне дейт жалгыз сени билбедим,
Сенсиз дүйнө бир татымы кем тура!

25.04.08.

*     *     *

Мен АЯЛМЫН!!!
Кучагыңды толтурган.
Жоктон барды жаратып,
Болбостукту болтурган.

Аруумун да, араммын,
Тозогумда өрттөгөн.
Жазмышында тагдырдын
Каалагандай өкчөгөн.

Жакынмын да, алысмын,
Карегиңди талыткан.
Ырга айлантып дүйнөңдү,
Ызалантып сагынткан.

Мен ааламмын,
Жалгыз сага арналган.
Аскадагы зенитмин,
Бир өзүңдү чакырган.

Мен жомокмун,
Наристенин тилинде.
Периштемин,
Кеменгердин дилинде.
Мен шайтанмын,
Ак жолуңдан азгырчу.
А билесиңби?
Жалгыз шайтан,
Шайтан төрөйт… ПЕРИШТЕ!!!

Мына кызык,
Ооба, ооба,
Ушул чындык,
Ушул чын.

25.11.08.

7-АПРЕЛЬ
Атылган ок жаңыларын билдиби,
Баатырларды көрүп туруп, кароолуна илдиби?
Өз төрүндө канкорлорду бийлеткен,
Оо кыргызым, каргайм эми кимиңди?

Урпактары жер алдына кирдиби,
Энелери кара кийим кийдиби?
Өз балдарын көк жал кылып өстүргөн,
Оо кыргызым, алкайм эми кимиңди?

Атакебай,
Курмандыкка чалдыңбы сен балаңды,
Энекебай,
Эркиндиктин куну сенин балаңбы?
Жарыктык ай,
Боз талаада жаңылыштан катылган,
Айтчы эми,
Ким табалат адаштырган катаңды?

22.04.10.

ЖАЗ
Жаз жыттанат мезгил бүгүн,
Өрүк да ачып гүлүн.
Топтошкон таранчылар,
Көчөнүн ачат көркүн.

Мас кылып тирүүлүктүн салтанаты,
Жаз айын сүйрөй келген.
Жер боорун тээп чыгыптыр,
Каакымдар жол жээгинен.

Жол улап өйдө-төмөн,
Келгин куш канат керген.
Бутактар термелишет,
Шамалга бир үлп эткен.

Укканга бүчүр ырдайт,
Кабыктын тигишинен,
Шартылдап өзүн сөгүп.
СУЛУУЛУК зениттеги,
Көз алдымда жатты чөгүп,
… жатат чөгүп.
29.03.07.

*     *     *

Асман-жердин ортосунда,
Соолуп жатты бир өмүр.
Уятынан күйүп өзөк,
Сыздап турду бүт көңүл.
Асман чалкыйт угуп ыйды,
Кулап түшкөн жери жок,
Ага эмне баары бир.
Жер кайдыгер көрүп баарын,
Күн табына көшүлүп,
Ага деле баары бир.
Уятынан өлүп дене,
Козголгондон жалтанат.
Бар болгону
Чымын жаны чыр-чыр этет,
Жалгыздыктын
Жалгыз калган айлында.
Алдаганды алданганды билбес жүрөк,
Жектейт турмуш жыргалын.
Аңкоо тиктейт жансыз карек,
Адам-айбан кылганын.
СЫНДЫ ТАГДЫР!!!
Сынат дагы канчага!
Куу турмуштун ызасына,
Кордугуна не чара!
Талкаланган жомок дүйнө,
Балалыгын жоктотот.
Энесинин тирүүлүктө
Бул жалганда бардыгы,
Ошол гана, ошол гана,
Дүйнө селин токтотот.
20.06.07.

*     *     *

Так секирип
Бычак мизинде,
Жолумду улайм.
Бурганактап көз ачырбай,
Турса дагы капкара түн.
Түндү жиреп,
Түтөсөм да, адашсам да,
Жетим улактай.
Баары бир,
Барам ЖАРЫККА!!!

Булак жетет баягы,
Өзү аттанган,
Деңизине, максатына.
Бир жалганга
Орун бербей жүрөгүмдөн.
Табам жолду,
Сага барчу.
Сени таппай,
Өтпөйм өмүрдөн.

13.01.08.

АЛЫКУЛГА
Мунарыкка батып турган көчөлөрдө,
Же жарыкты көрбөй өтөр сезимдерде.
ЖОЛУКТУКПУ?!.
Ишенгем. Кайра туруп ишенбегем,
Өзүңө тирүү бойдон кездешээрге.

Өлдү дешкен,
Тарыхтын барагында.
Кана өлүгү?
А өзүм карап туруп,
Өзүмө ишендимби?

25.03.08.

*     *     *

Жек көрүнгөн сүйүүм менен жаралап,
Жалгыз сени жок дүйнөгө айлантам.
Жок кылам да ошол боштукту,
Бир өзүңдөн кайра толтурам.

Көк теңирден алган белегим,
Ыр бакчасын сен үчүн деп өстүрөм.
Жалгыз ырды түбөлүккө калтырып,
Жаратканды өзүм өлтүрөм.

Тагдырымдын таш боор колуна,
Карматкамын өзүңдү,
Өзгөртөм деп сени башкага.
Күлүп туруп, өрттөп ааламды,
Анан гана
Жеткиремин өчпөс бир ырга.
11.05.10.


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз