Шайыр Тойчуева: Чечип бердим көйнөктү, «залогго» таштап

  • 05.12.2022
  • 3912

*     *     *

Азуусунда чайналамбы алдуунун,
Чымын жаным чыркырайбы чеңгелде?
Же каш кайтарып, бошоп чыгып кетемби,
Жете аламбы мен ошондой деңгээлге?

Бүтөр беле каран түндөр баштагы,
Качып кетсем мен тундра тарапка?
Таап береби жан дүйнөмдүн майрамын
Өзүм сүйгөн аппак карлар ал жакта.

Чарчап бүттүм бул жашоомдон азыркы,
Азаптардын көрүнбөйт эч акыры.
Кайсы күнү таш-талканым чыгарат,
Аягы жок ойлорумдун закымы.

Тоңгон карлар таман түптө кычырайт,
Музыкадай көкүрөктү сооротуп.
Акыйкаттын байчечекей гүлдөрү
Жайнап гүлдөр, балким мага боор ооруп.

Эгер чыны гүлдөр болсо ошол гүл,
Чүмбөттөлгөн кара түндү баштагы,
Силкип таштап азап толгон жолума.
Көз көрбөгөн башка жакка кетмекмин,
Байчечекей кармап эки колума.
...01.06.

БАРБЫ?.. ЖОКПУ?..
Калп каткырык, куу сүрөөндүн шаңында,
Жер айланат карыш жылбай огунан.
Кумарга мас, көз ирмемдер, дүйнөмдү
Адаштырат жалгыз чындык жолунан.

Кимге керек баш-аягы жок суроо,
Көкүрөктү тыбырчылап тырмаган.
Капкараңгы туңгуюкта көз байлап,
Тап жылдырбай, желе өңдүү чырмаган.

Түбү өлүкпү, Шакем өзү айткандай,
Бир бүтүндүк тирүүлүкпү? Же кандай?
Барбы ошол аккан суудан куралган
Сен издеген, мен жетпеген бир КУДАЙ?

*     *     *
Тойбос карек мөлтүрөгөн жүзүңө!!!
Кимге, эмне айтаарымды билбестен,
Толкун урган кумдуу жээкте апкаарып.
Кеңирсиген кең ааламды көргөндө
Туруп калдым шал, дудукка айланып.

Чын көрдүмбү, калп көрдүмбү өзүңдү,
Ишенбестен ачып-жумуп көзүмдү.
Бут шилтенбей араң турдум калтырап,
Башкара албай алып учкан сезимди.

Эрке желге ай-жүзүңдү сылатып,
Сулуулукту сиңиргенсиң мынчалык.
Асман менен бар сырыңды айтышкан,
Оо Ысык-Көл, касиетиң канчалык!

Чарк айланып, учуп жүрдүм үстүңдө,
Балык болуп, туйлап сүздүм түбүңдө.
Ичим таарып, терс бурулдум кызганып,
Көктөгү Күн бетиңди аяр өпкөндө.

Кайтаар убак келген кезде артыма,
Кыя албадым кайра-кайра кылчайып.
Мөлт эттире көз жашымды агыздың,
Ууртуң толо мени узата жылмайып.

Сулуулукка тизе бүгүп багындым,
Кайтпай жатып толкунуңду сагындым.
Дагы жолум кайрылса деп өзүңө,
Чын дилимден тагдырыма жалындым.

Ак боз атчан Алыкулга тилектеш,
Жаралыпсың Ала-Тоого киндиктеш.
Көк асмандын кучагында келбээрсип,
Кылым жаша, кыргызыма болуп эш.
18.08.05.

РЫСПАЙГА
Кытыгылап жамгыр сымал мойнуңдан,
Өзүң үчүн ыр жаадырам зерикпей.
Элесиңди катып алып карекке,
Сүрөт тартам сымбатыңды кемитпей.

Арфа күүсүн үр кыздарга черттирип,
Жоогазынга бөлөп сенин койнуңду,
Күн желенин нурларына терметип,
Анан айтам сага деген оюмду.

Кучагыңда көпөлөктөй дилдиреп,
Сүйүү арнап, ак жүзүңдөн аймалайм.
Эр көкүрөк көөдөнүңө баш катып,
Кирпик менен турпатыңды саймалайм.

Ак булуттуу Ала-Тоонун бооруна
Мрамордон келбетиңди чегемин.
Жан адамга туйгузбастан дарегиң,
Акыр бир күн сени уурдап кетемин.
Себеби, мен жалгыз сени сүйөмүн.
P.S
Эх! Унутпадым күндөр өтсө да,
Бүркүт кабак, сүрдүү жүзүңдү.
Кантип торго түшүргөнсүң билбедим,
Асмандагы көкөлөгөнкөңүлдү!
08.09.05.

ААЛАМ – ТАМЧЫ
Тамат тамчы, толтурам деп түбү тешик челекти,
Күчүнүрөп, жан талашат, аяп койбой каректи.
Ойго келбейт, жамап коюу – көңтөрүлгөн челекти,
Бир жан барбы, токтото алчу, түшүндүрүп себепти.
Тамашалап, карап турган тагдыр өзү сенекпи?
Же чынында, ошол челек толтурулуш кажетпи?

Тамат тамчы, миң кубулуп, таппай толбос себебин.
Ойлойт окшойт: “Дүйнөгө деп тиет менин керегим”.
01.06.06.

АМАНСЫҢБЫ?!.
Селт эттим, сен го дегем,
Жалт карап үшкүрүндүм.
Аттиң ай, тиктеп турган
Чоочун карек,
Ким-бирөөгө окшоштурган.
Жашыралбай көз жашымды,
Төгүлүп, төгүлө албай,
Салбырап араң турдум.

САГЫНЫПМЫН… А СЕНЧИ?..
Өлтүрбөй бүт ааламды,
Кармап турган жан экенсиң.
Тоголок жер бетинде
Кайрадан жолугушсак.
Айтмакмын коркпой туруп,
Сен мени акын кылдың,
А балким АДАМ кылдың.

Ызага буулуп жүрөк,
Бир сени жоктоп жүрөт.
Таппасын билсе дагы,
Издеп жүдөйт, издеп түтөйт.

Бул жашоо таш боорлуктан бүткөн белем,
Үзүлбөс үмүт гана, үмүт гана калган белем?
03.07.06.

КУБАТКА
Тентип кеткен ойлорумду чакырдым,
Табак толо устуканды даярдап.
Үймөлөктөйт бир башымда канчоосу,
Санаймын деп адашамын карайлап.

А ойлорум орун бербей эч кимге,
Долулардай ажылдашат тим эле.
Баш кемирип, көкмээ кылмай болушту,
Аягыдай ойлору жок дегеле.

Төр кимдики? Ушул болду бар суроом,
Ит жыгылыш. Чачташканды көрүп ал.
Жарга сүйрөп бирин-бири канчоосу,
Өлүп жатты кыйын болсоң санап ал.

Көз ирмемге токтото албай боюмду,
Ойлорго деп табак тарткан колумду,
Кырча тиштеп, эңги-деңги куладым.
Кайда улайм эми калган жолумду?

Тайгак кечүү, тар жолдордо сыналган,
Абийирдин СОТУ барбы? Каякта?
Төр талашкан ойлорумдун баарысын
Токтотпосо өлмөй болду быякта.
...09.06

КҮЗ
Үзүлбөйм деп үмүтүмдүн кылындай,
Жалбырак да саргайыптыр чарасыз.
Албуут шамал бар бийлигин жүргүзүп,
Үзүп кетти жалбыракты жапжалгыз.

Каалгый учуп тегеренет корккондой,
Ушулбу деп көрөр күнүм кор болор.
Жардамга деп дирт-дирт этип акыркы,
Ою болду: «Шамал беле шорлотор».

Жүрөк сыздап көк асмандын ыйынан,
Шуу үшкүрүп, башын ийип тагдырга,
Дарак турат сыр билгизбей, жаз күтүп,
Айла жоктур жазмышына. Жок да арга!

Шамал ойнойт жалбыракты сапырып,
Бийлик колдо, кыларың не дегендей.
Жылаңачтап ыйын укпай дүйнөнүн,
Супсак карайт мезгил деле кереңдей.
04.10.06.

*     *     *
Балалыктын асманы.
Асман кечээ көкмөк эле,
Томуктай да булут жок.
Айтып берчү кулагыма,
Укмуш, сонун кө-ө-өп жомок.

Айдын нуру сылап беттен,
Алдейлечү жыргатып.
Күн желесин десте кылып,
Ойночумун кыйратып.

Ооналактап уктап жатсам,
Кытыгылап ойготчу.
Ийип сүтү эмчегинен,
Ууз сүтүнө тойгузчу.

Андагы Күн, Асман дагы,
Бир башкача кооз эле.
Тай-тай бассам аяр кармап,
Жөлөп турчу Жер-Эне.

*     *     *
Чыйрыккан үмүтүмдү,
Тиктесем үшүп турду.
Мээримге жылытсам деп,
Кармасам, атып турду.

Жапайы жараланган,
Жырткычтай каарын төксө,
Үйрөтөм кантип колго,
Баш жетпейт, мээм да бөксө.

Үшүгөн үмүтүмдүн
Баш паанек, турагы жок.
Жаралап жан дүйнөмдү,
Сүйлөсө тили да шок.
09.04.07.

*     *     *
Эх-х-хх, АРАК!
Сенин көзүңдү карап,
Чечип бердим көйнөктү,
«Залогго» таштап.
Азыр көйнөксүз жүрөм,
Карызда жашап.
Чыгалбайм жолго,
Уятым кыйнап.
Көйнөгүмдү жалынып,
Ала албай койдум,
Камоктон сурап.

*     *     *
Укмуштар дүйнөсүндө.
Каткырып көздү таңып,
Дүйнөнүн кулпурганы.
Таңдантат дагы канча,
Ойт берме кыялдары.

Дүйнөнүн сулууланган,
Сыйрылып кабыктары.
Сыздатат дагы канча,
Бут тушап жыкчулары.

Миң түркүн сулуу, шумдук,
Бардык түс аралашкан.
Баш катат дагы канча,
Бир-биринен айырбаштан.

Ак, сары, кызыл анан,
Бул дүйнө өзү жалган.
Көрсөтөр басчу жолду,
Жарык Нур кайда калган?
...01.07.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз