Кундуз Мурат кызы: Мечиттеги коңгуроо

  • 10.01.2023
  • 2004

АҢГЕМЕ

I

– Саат канчада учмай болдуң?

– Түнкү саат үч жыйырмада.

– Анда аэропортко бир саатта жетип барабыз. Саат экиде сени үйүңдөн алып кетем, камсанаа болбо… Эрте барып уктай бер.

– Эми сенин сөзгө бекем экениңе ишенем да, досум. Өзүң да эрте барып укта.

– Ошентсе да будильникке белгилеп коёюнчу убакытты. Та-ак… ошондо 1:45 дейинчи.

– Макул анда. Сага бөркүмдөй ишенем, саат экиде үйдүн алдынан күтөм.

– Сүйлөштүк!

II

1:45 будильник чырылдады. Эген ордунан былк этпеди. Түшүндө ал мечитте жүрсө да, негедир чиркөөнүн коңгуроосу кагылып атыптыр. Буга ал таңгалган деле жок. Адам түш көрүп жатканда бирдеңкеге таңгалчу беле… кадыресе көрүнүштөй го баары…

Түшү улана берди, Эген намазга жыгылган сайын чиркөөнүн коңгуроосу мээсин чакса да, намазын үзбөй окумак болду. Коңгуроо үнү басылды. Намазын окуп аткан Эгендин кулагы тынчый түштү. Коңгуроо үнү кагылган жок башка.

III

Саат 2:00. Самат үйүнөн чыкты. Машине көрүнбөдү. “Келип калар” деди. 5 мүнөт өттү. Эгенге чалды, телефонду эч ким албады. Шаардын кыйма-чийме жолундагы машинелердин бири азыр эле жанына токточудай үмүтү өчпөдү. Саат жебеси 2:15 экенин көрсөткөндө гана тынчы кете баштады. “Кудай уруп, кырсыкка кабылбады бекен?”

Эген досунан санаасы тынбай, дагы чалды. Баягы эле “дук-дук-дук”! Диний такыба досу жалган сүйлөчү эмес эле го, мунусу кандай – акылы жетпеди. Такси чакырмай болуп, дагы күтө турууну чечти.

Самолёт учар убакыт 3:20 экенин ойлогондо, жүрөгү болкулдап, айласы кетти. Таксиге отурду да, зуу койду. Башка аргасы кайсы? “Деги өзү соо болсо экен. – досунун амандыгын тиледи. – Кырсыкка кабылбаса экен?!” деген санаа жеп салды заматта. Дүйнөсү тарыды.

IV

Таңга маал Саматтын телефону чырылдады.

– Э, досум, ит болдум! Кечирип кой. Уктап калыпмын да. Сен кечикпедиңби? Эмне болдуң? Учуп жеттиңби?

– Жок…

– Иий… – Эген Саматка эмне дээрин билбеди андан ары.

– Өзүң аман-соосуңбу деги?

– Соо болбогондо эмне… бирок… кашайып уктам калыпмын.

– Сени күтүп, самолётко үлгүрбөй калдым.

– Уггу-гу… – Эген уу жуткандай онтоду. – Будильникке ишенген мен да акмак!

Кантип уктап калганына; эмнеге будильниктин үнүнөн ойгонбогонуна; досунун алдында убадасын аткара албаганына чайналган Эген кокусунан түшүн эстеди. Түшүндөгү чиркөөнүн коңгуроосу бекеринен кагылбаганы – акылына эми гана жетти. Болбосо мечиттин тегерегинде эч кандай чиркөө деле жок. А түшүнө чиркөө киргенин кара.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз