Бери караң: акылмандар эмне дейт?

  • 24.01.2023
  • 1637

Сиддхартха Гаутама (Будда)

Жүрөгүңдү ачуу-заардан тазала, жек көрүүнү жек көрүү менен жок кыла албайсың, бир гана жек көрүүнүн жоктугу, жек көрүүнү өлтүрөт.

♦      ♦      ♦

Ачууңду тыя албай жинденгениң – бирөөнү ысык чок менен ургандай кеп, эң ириде өз колуң күйөт.

♦      ♦      ♦

Жаштыгына сыймыктанып мас болуп, карылыгын көрө албаган алсыздар, шордуу адамдар!

♦      ♦      ♦

Бүкүрдүн белин түзөгөндөн көрө, андан бир топ оор нерсени жаса – өз далыңды түздөп басканды үйрөн.

♦      ♦      ♦

Башыңа түшкөн кыйынчылык – өзүң бир нерсеге көрсөткөн каршылыктын жыйынтыгы.

♦      ♦      ♦

Бакыт – бул айрым сырткы шарттардын ийгиликтүү дал келиши эмес. Бул жөн гана акыл-эсиңдин абалы.

♦      ♦      ♦

Бейпилдик өз ичибизде. Аны сырттан издебегиле.

♦      ♦      ♦

Бөтөн бирөөнүн мыкты сапаттарына ич күйдү болбой, ага суктан да, ал сапаттарды өзүңө алганга аракет кыл.

♦      ♦      ♦

Мыкты ден-соолугуңа кубанып, үй-бүлөңдү бактылуу кылып, башкаларга бейпилчилик тартуулайм десең, адегенде өз акылыңды башкарууну үйрөн. Эгер адам өз аң-сезимин башкара алса, ал Агаруу жолуна түшөт жана албетте, акылмандык, кең пейилдик ага өзүнөн өзү келет.

Сократ

Жакшы кеңешчи бардык байлыктан жогору турат.

♦      ♦      ♦

Ар бир адам достору аны кандай бааларын аныктап, ал бааны жогорулатканга аракет кылганы жакшы.

♦      ♦      ♦

Адамдар өздөрүндө жок ой эркиндигин, сөз эркиндигине алмашууну талап кылышат.

♦      ♦      ♦

Чыныгы акылмандык – өзүбүздүн эч нерсе билбестигибизди түшүнгөндө.

♦      ♦      ♦

Акылман адамдын пейили кенен.

♦      ♦      ♦

Ким экениң, оозуңдан сөз учканда билинет.

♦      ♦      ♦

Жаратылыштагы көп кубулуштарга адам акылы жетпейт же алардын адам жашоосуна тиешеси жок.

Платон

Турмуш трагедиясы менен комедиясында кыйынчылык менен жыргалчылык аралаш.

♦      ♦      ♦

Келесоону эки белгисинен тааныса болот: ал өзүнө керексиз сөздөрдү көп сүйлөйт, сурабасаң да өз оюн билдирет.

♦      ♦      ♦

Эң ынак мамиле, жан дүйнөсү окшош адамдардын ортосунда болот.

♦      ♦      ♦

Сүйүү – бул олуттуу психологиялык оору.

♦      ♦      ♦

Уят бул – шылдың болуудан коркуу.

Аристотель

Бакыт – топук кылган тарапта.

♦      ♦      ♦

Муштум менен коргоно албаганың уят, сөз менен коргоно албаганың андан да уят.

♦      ♦      ♦

Себеби болбосо, балээ кайдан чыгат?

♦      ♦      ♦

Кең пейилдик жөнүндө жакшы кеп айтуу кең пейил болуп калды дегендик эмес, адилет ойлорду айтса эле иш жүзүндө адилеттүү адам дешке болбойт.

♦      ♦      ♦

Мас болуу – өз эрки менен жинди болуу.

Луций Анней Сенека

Көп сызыктын ичинен кайсы сызык түз экенин билесиң дейли; а жашооңдогу түз жолуңду билбеген соң, анын кажети кайсы.

♦      ♦      ♦

Жарадар болгондон да корккон учурларыбыз арбын; чындыкка караганда ишке ашпаган кыялдарыбыздан көп жабыркайбыз.

♦      ♦      ♦

Эгер сага ишенимдүү адам болсун десең, аны дал ошондой адам катары көрөрүңдү билдирүү өтө маанилүү. Ишенбөөчүлүк көрсөтүү – сага кандайдыр бир деңгээлде аны алдоого укук берери анык.

♦      ♦      ♦

Эң кедей адам – сараң адам.

♦      ♦      ♦

Өзүңдү кармай билүү – бийликтин чокусу.

♦      ♦      ♦

Кылым жашасаң да, кылым бою окуп үйрөн.

Марк Аврелий

Бактылуу жашоо үчүн аз эле нерсе керек. Бардыгы өз көз карашыңа байланыштуу.

♦      ♦      ♦

Туура эмес нерсе жасаба. Жалган сүйлөбө.

♦      ♦      ♦

Дүйнө – бул өзгөрүү, жашоо – аны кабыл алуу.

♦      ♦      ♦

Күч менен ала албаганыңды, акылың менен жең.

♦      ♦      ♦

Адам учур чакта гана жашоого тийиш. Калганы өттү, кетти. А келечектин келер келбеси белгисиз.

Гераклит

Эгер бардык жашоо түтүнгө айланса, аны таанып-билүүнүн мүчөсү таноолор болмок.

♦      ♦      ♦

Жашоого туулуп, өлгөндөрү аз келгенсип, алар кайра дагы өлүм жаратуу үчүн аркаларына балдарын калтырат.

♦      ♦      ♦

Ар түрдүүлүктөн гармония пайда болот.

Диоген Синопский

Бир кезде мен да силердей болгом, бирок силер эч качан азыркы мендей боло албайсыңар.

♦      ♦      ♦

Таш эстеликтен кайыр сураган Диогенден сурашат:

– Ие, бул эмне кылганың?

– Сураганымды ала албай калганда капаланбоого үйрөнүү, – деген экен.

♦      ♦      ♦

Заар тилдүү адам – азуусу курч жырткычтан айырмасыз, а кошоматчы – колго үйрөтүлгөн айбанаттын эң кокунучтуусу.

♦      ♦      ♦

Мал кармагандар бир нерсени моюнга алуусу керек; мал ээсине эмес, ээси малына көбүрөк кызмат кылат.

♦      ♦      ♦

Философия – тагдырдын бардык соккуларына туруштук берүүгө даярдайт.

♦      ♦      ♦

Александр Македонский: “Сен менден эмнени каалайсың?”— десе Диоген: “Күндүн бетин тоспой, ары тур!”— деп жооп бериптир.

♦      ♦      ♦

Бул жашоодо тойдон кайткандай жүр: суусунуңду кандыр, ошол эле убакта ашыкча ичип-жебегениң туура.

♦      ♦      ♦

Сүйүү уктабаган, коркпогон жана адамдарды жылаңачтап чечиндирген үч касиетке ээ ууру – деп тартынбай айта алабыз.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз