Абдыкерим Муратов: Апам туулган үй

  • 31.01.2023
  • 1791

АҢГЕМЕ

Мен анда кичине элем. Кыйла эле кичине окшойм, көп нерселерди элес-элес гана билем. Биринчи жолу апам туулуп өскөн, анан атам менен кол кармашып кеткен үйгө барганым. Ага чейин деле барган болсом керек, анда эсим жок да. Барбаган болушум да мүмкүн. Анткеним атам апамы жашы жете элек кезде алып, анан жоопко тартып ийебиз дегенде чөл жакка качып кетип, кыйла кийин келишкен экен.

Иши кылып, дагы эсте калганы – апамдын туулган үйүнө эшек минип барганбыз. Апам экөөбүз. Мен учкаштым беле, же апам өңөрүп алды беле – эсимде жок, ошону билгенде жашымды боолголойт элем да...

Көп эле жүргөндөй болгонбуз – кийин билсем айылдын эле башынан бир аз ары экен. Жолдон асманга ажыдаардын куйруктарындай болуп чыгып кеткен тартайган карт өрүктөрдүн арасынан иттер арсылдап үрүп чыгып, апам ушундай болот деп атайын ала чыккан таягы менен тап берип отуруп, мен болсо коркок жаным өкүрүп ыйлап ошол жерден - Калдар абанын багынан өткөнбүз...

Дагы бир аз жүргөндөн кийин жол азмас өрлөп барып кырга чыктык. Мына, капчыгай жарып келген көк кашка суу, ошол суунун жээктериндеги дүпүйгөн бактар, өзүнчө эле бир жашыл дүйнө көрүндү.

Эшегибиз да кыдыңдай жүрүшүн арбытты эле, апам ага карабай эшектен ыргып түшүп, мени да түшүрүп экөөбүз чуркагандай, арбыштуу кадам менен тез-тез жылдык.

– Мына, мен туулган үй, мына, мен өскөн үй! – Апам дээлигип алды. Көрүнүп турган жерге учуп эле жетип баиргысы келет. Канаты гана жок да.

Таятам менен таянем үйүнөн чыгып, колдорун серелеп бизди күтүп туруптур. Айтмакчы, алардын таятам-таянем экенин кайдан билдим, бири-биринен өткөн чүкөдөй кишилер эле, таятам эшектин үстүнөн мени өзүнө кучактатып, мен анын сакалдарына итиркейим келип зорго кучактап, анан жерге шап алып койгон.

Алардын үйү дарыянын боюнда эле, Шанкол дарыясы дара менен келип, ушул жерден бир арык анын суусун бөлүп кетет, мен ал арыктын атын – Сараба-Арык экенин кийин билдим.

 

А биринчи барганда ошол Шанколдон Сараба-Арык ажырап кеткен жердеги таятамдын таш үйүнө кирдик. Таштарды тизип эле үй кылып коюптур да, үстүнө чым таштаптыр, ошол чымдагы чөптөр өсүп кетиптир, ичин болсо үбаса кылып, чекелерин шыбап салган экен, ошол күнү – биз барганда өткүн өтүп, үйдүн ар-ар жеринен жамгырлар шорголоп кирип, таенем апам экөө жердеги чадарларды тартып, саман салынган ал жерге дагараларды, илегендерди, челектерди – кыскасы, тапканын коюп, жаан басылганча кыйла отурганбыз.

Тамда такай бир чоң таш турат, ал таштын үстүнө дагы кичирээк таш коюптур, ошол эки таш тамбашка чыкчу шаты дешти.

Кыштактыктар бул жерди Тегирмен деп койчу. Шанкол дайрасына үч тегирмен салынган экен, айылдыктар буудайын, макесин тарттырганы келип турат. Айыл ушул жерден ада болуп, андан ары эки жагы тоо болуп, тоолор асман менен теңтайлаша аны тиреп бир жактарга чыгып кетет экен. Бул жакта жайлоолор бар дешет, көл бар дешет, ошолорго өткөндөр ушул таятамдын таш үйүнө бир карап, таятам болсо саламдашып коюп анан өтүп кетет. Жайлоодон келе жаткандар да таянемдин дасторконуна бир нерселерди сала кетет, мергендер шыралгадан үзбөйт.

Күн бул жерге чыгып эле батып кеткендей тез эле караңы кирди. "Жат-жат" башталды. Үлбүрөгөн жин чыракты жандырып коюшту эле, ал бирде таятамды, бирде таянемди, бирде апамды тосуп калып, алардын көлөкөсү туруп эле узарып, туруп эле кыскарып мени коркутушат.

– Уктадыңбы? – дейт таянем.

Таңдайымды шакылдатам.

– Келбе десе, болбой ээрчийсиң... – Апам күңгүрөнөт.

– Бир нерселер шуулдап, ызылдап кулагыма кирип келип атат уктатпай.

– Ал суунун шоокуму, тегирмендин доошу, сүтактын сайраганы... Мен ушуларды сагынып келбедимби? Сенин да кулагыңа сиңет, үйрөнөсүң. – Апам чекемден өптү. – Коркпо, мен жаныңдамын го...

Экөөбүз тең унчукпай калдык.

Тынчтыкты таятамдын үнү бузду:

– Жомок айтып берейинби?

Адатта мындай сөздү укканда жан-алым калбай андай кишиге жабышып калчу жаным:

– Укпайм, жомогуңду! – дейм туталанып.

*     *     *

Эртеси чочуп ойгондум. Таш тамдын жылмакай таштарынын араысында эки жылан соймоңдоп жүрөт.

– Апа-а! Апа-а! – Аябай кыйкырып ийдим. Апам да, таятам менен таянем да төшөктөрүндө жок экен. Калтырап-титиреп калдым.

– Эмне! Балам! – Апам бир убакта учуп келип мени бооруна кысты. Мен көзүмдү жуумп сүйлөй албай жаттым.

– Тынчылыкпы!? Балага эмне болду?! – Таенем менен таятам экөө бирдей сүйлөнүп кирип келди.

– Ээ, мардын тукуму дагы келген экен! – Таятам таенем менен кызына таш дубал боорунда соймоңдоп түшүп келе жаткан кара чаар жыландар жакка кол жаңсады. – Кечээги жамгырдан корголоп кирген бейм!

– Жок кылың десе болбойсуз, караңчы, баланын коркконун! – Таенем таятамды күнөөлөй карады.

– Тийбейт кишиге. Өзүбүздүн жыландар! – Таятам камырабайт. – Биз менен жүрө берет, төшөгүбүзгө кирип жатып да алат.

– Айтып койбойт белеңер, баланын жүрөгүн түшүрбөй! – Апам безеленди.

– Өткөндө тагасы чөп чаап атса, чөп кармаган колуна жыландын бир баласы кошо кирип калган экен, оруп салыптыр. Ошону атайын кылды деп атабы, же булар. – Таятам жыландарга жалооруй карады да, аларга айтты. – Балам атайылаган жок да, өч алмай жок! Бизден кетсе, кечиргиле, мар эненин тукумдары...

Таенем супарадан ун алып чыгып, уучтап жыландардын астына чачып атканда апам мени сыртка алып чыгып кетти.

*     *     *

Сыртка чыксам аш табактай Күн тоону минип, даранын ичин куйкаулап ийчүдөй ысык экен. Апам экөөбүз суу жакка бастык. Ал кочуштап суу сузду да, мага ичирди, суу аябай муздак экен, тишим какшап кетти. Бир нерселерди айтып туруп, иче албай койгон суунун калганын таенемдин арыктан суу сузуп алчу жыгач кесесине куйдуруп, башымдан тегеретип, түкүртүп туруп ары төгүп салды.

*     *     *

Апам туулган үйдүн тегерек-чети эки суунун ажырашы болуп, эки сууну бойлой чычырканактар, карагаттар адам аралагыс болуп чырмалашып өсүптүр, ит мурундар аябай бышкан экен, ал жактан бир коён чыгып, башкасын күтүп туруп калды, ошол чакта аны мен да тиктедим. Ал да тиктеди. Экөөбүз бир кыйла тиктешип турдук. Бир убак чычырканактардын түбүнөн башкасы чыкты. Аппак экен. Куду эле кыштагы аппак кардай. Кулагын делдеңдетип мурдагы коёндун жанынан келди. Анан экөө кубалашып, бизге жетип алчы дегенсип, бүлдүркөндөрдү аралай куушкан бойдон көрүнбөй калды.

Коёндор сабизди жакшы көрөт деп бир уккан окшойм, таенемдин үйүнө кеткен апамдан сурап эки сабиз алып келсем коёндор жок. Аларды кантип чакырууну билбей туруп калдым. Коёндор аралап кеткен жакта сууга өздөрүн таштап денесин агызып ийбей, самсаалап бүлдүркөндөр турат, быша электери кичине, анан агыш, анча быша элеги кызгылт, бышкандары кара, өтүшө бышкандары чымкый кара – баары эле көз күйгүзөт, апам сууга жакын барба деп урушуп койбогондо аларды ийип алып терип жебейт белем.

Сары, кызыл, кара алчалар, гиластар шагы ийилип, тизген мончоктой, аларды бул жерде жеген адам жоктой. Эки суу айрылган жерде бака теректердин шактары бири-бирине чатышып кирип кеткен, кайсыл бутак кайсыныкы экенин билбейсиң, апам урушпаганда бир шактан бир шакка секирип ойнойт элем. Терекке чыгармак турсун апам агып аткан дайраны караба, башың айланат деп кайра-кайра айта берген, укпаган кулагың ушуну уксун деп. 

Таенемдин үйүнө бирөөлөр келди. Беш-алты, ичинде менден бир аз чоң эки кыз, бир бала да жүрөт, өздөрү эле келбей, эркектери шыргый көтөрүп, кыздар челек көтөрүп алган. Апам мени да чакырды. Баарыбыз таш очокко капкара чайдөскө таенем кайнаткан чайды ичтик, анан казанга жабылган катырманы талашып жедик, көөлөнгөн талкан, чөбөгө кошуп.

– Туралы эми, ишти эрте баштайлы! – Таятам баарыбызды шаштыра жаныбызга келди. – Онобул жерге жалбыз оруп жай саздап койдум, өрүктөрдү алып келип ошого төгөбүз.

– Бир шашма кишисиз да, балдар чай ичсин эми! – Таенем бизге болушту.

– Бул – Имарбак бөлөң деп тааныштырды апам баятан бери бир тынбай сүйлөп аткан бир кодойгон баланы көрсөтүп. Ал мурдун дердеңдетип койду. – Бул болсо Гүлайым бөлөң, бул – тагаңдын кызы, аты – Чебире.

Апам башкалар менен тааныштырдыбы, жокпу, жадымда калбаптыр. Мен кийин билдим – баарыбыз таятам менен таенемдин неберелери экенибизди, ашарга келгенибизди, ушул келиште алардын өрүктөрүн күбүшүп, теришип, күнгө жайышып кетерибизди.

Тагаларым өрүктөрдүн башына чыгып шыргыйлар менен ургулайт, бадырап түшкөн сары, кызыл сары өрүктөрдү терип челектерге, илегендерге салабыз, аны чоңдор таятам көрсөткөн жалбыздар жайылган жерге алып барып төгүп келишет. Өзгөчө атам аттуу Жаркынбай деген чоң тагам шапылдап иштейт экен, Тойгон тагам мен тамак кылайын деп казандан чыкпады. Тойчу тагам менен Үрү эжем күч берди.

Акбышар өрүктөр как болбойт деп, биздин алдыбызга жегенге таштап коёт, өрүк көп болсо жегиң дале келбей калат экен. Биз өрүк терип жүрсөк улам жаныбызга жапайы коёндор келип шаштыбызды алды, кет десең дале айланып келе берет экен.

Менин уйкум келди. Апам таятамдын тонун астыма салып, жаткырды да үстүмө таенемдин жүн оромолун жаап, өрүктөрдүн арасына жаткырып койду...

*     *     *

Ошондон кийин таятам менен таенемдин таш үйүнө тез-тез барып жүрдүк. Апам экөөбүз. Кээде энем да келет, алар деле таятама тууган болушат экен. Бир жолу ошол энем сурады:

– Анаркул акам, сени урушпайбы? – Анаркул акаси менин таятам да.

– Урушпайт, – дедим.

– Таятаңдын атасы Темир акам ушунчалык ачуулуу киши эле. Бир жактан келип колун жууруй десе, абдестеде суу жок экен, аны алып туруп тээ алыс ыргытып ийиптир. Таятаңда да бар ошонусу.

Оо, кийин билдим. Таятам колхоздор жаңы түзүлгөндө биздин айылдагы Фрунзе атындагы "Съезд" колхозго раис да болгон экен. Эл бир күн болгон дешет шылдың кыла, негизи аз эле болгон экен. Орустар текшерип келе жатат десе, ишке чыкпай койгон экен коркуп, раистиктен алып кетиптир. Кийин согуш жылдарында баарын фронтко алып, таятамды албай коёт, Кызыл-Кыяга шахтада иштөөгө жиберет. Капкара болуп көмүр казып жүргөн бою бир карыш, дымагы миң карыш таятам ушундан көрө фронтко кетем, мени согушка жибергиле деп бир нече жолу аскер комиссариатына барган экен, алар «тылга да эркектер керек, «трудовой фронт» эмне, фронт эмеспи» деп ынабаптыр.

Ошол таятам анан элден обочо жерге – Тегирменге таш үй салып, коргондорун бүт таш кылып алган.

*     *     *

 

Бир жолу таятам мени ошол үйүнүн үстү жагына ээрчитип чыкты. Ал бетти элдин баары Күңгөй дешчү. Күңгөй дегенчелик эле бар. Тоо-сууну, айыл-кыштакты бүт кар басып жатканда күн кичине жылымык тартса эле ушул бетттин арасы ачыла баштайт да, ошол ачылган жерге байчечекей чыгат, чыгат да эмне кылып алат элең дегенсип, кыштын узар кездеги шамалына өзүн тосуп делбиреп тура берет. Айылдан балдары ошол байчечекейлерди түбү менен казып алып үйлөрүнө алып келип, ташкеселерге отургузуп коюшат.

Ошол Күңгөйгө чыгабыз деп таятам мени ээрчитип алды. Акрчабуу-Арык өткөн жерге чейин кыялай чыгып бардык, а Күңгөйдө таштан башка нерсе жок, таш, таш жана дагы таш, тырмактайдан үйдөйгө чейин, дагы канчасы жер алдында басылып жатат, анан ошол таштардын арасында алакандай жер болсо, ошол жерде турпак болсо байчечекейлер, майда кыбыраган гүлдөр, чиелер чыгып алат. Бир айдан кийин бул жерлердин жазы кетип, какыраган ташкана болуп калат. Ошолорду аралап бардык.

– Кичине көчүк басалы, - деди таятам чапанынын этегин жерге салып, ошого отуруп, - сен онабул сыйдам ташка отур, ысып калгандыр.

– Таята! – Мен отуруп баратып кыйкырып жибердим.

Арык боюндагы жерге кирип турган, жер бетине жалпайып бир бөлүгү чыгып турган таштан жыландарды көрдүм. Көп экен, аябай көп экен. Бири-биринин жанында соймолоңдоп, иймелеңдеп күнгө жалтырап жатышат. Бирөөлөрү таш үстүндө, бирөөлөрү үстү жакка, бирөөлөрү асты жакка соймоңдоп баратат. Көбү таштын түбүндө кыбырайт.

– Коркпо! - деди таятам. - Булар ордолуу жыландар, сен тийбесең – тийбейт. – Карачы, мардын тукумдарын! Кандай сулуу!

Мен карай албадым.

– Кара! - деди таятам. – Карай берсең көзүң үйрөнөт!

Таятам аларга жакын барды.

Акырын көзүмдүн кыры менен ал жакка карадым. Жүрүшөт. Таятамдын буттарында, белинде, жонунда жүрүшөт соймоңдоп. Таятам аларды колуна кармап, сылап-сылап кайра коё берет.

*     *     *

– Бул кимдин үйү? – дейм таятама аркы өйүздөгү бир үйдү көрсөтүп.

– Урпия бакшыныкы! Биздин коңшу. – Сыймыктана сүйлөдү таятам мени чоң адам көрүп.

Бул ысымды укканда селт дей түшмөйүм бар. Бакшыны көргөмүн, көрмөк түгүл анын шадылуу колдорунан жаагымаы жегемин.

Гуралай тайежем ооруп калды. Догдурлардан шыпаа болбоду чамасы, Дүйшө жездеме ар-ар ким бакшы алып келип көрүңүз дей беришти.

Бир күнү бакшы келди. Кадим эле айылдын катындарындай учурашып, "арбаңыздарын" айтып, түйүнчөгүн түйүп келген. Гуралай таенемди ортого отургузду да, бизди – балдарды, чоң адамдарды аны тегеректетип отургузду. Ишибиз эле, улам-улам токтотпой "Ү-үй, Алла" деп турабыз бакшыга кошулуп. Башталды. Үрпия бакшы бир нерселерди айтып, көкүрөктөрүн койгулап, жер тепкилеп, ортодогу таежемди ургулап, суу бүркүп, камчылап, өзүн унутуп, асманды бир карап, жерди бир карап, ортодогу оорулууну айланып кыйнала берди. Биз болсо «Үй, Аллалап» турабыз эсибиз чыгып. Азыр ушиунтип таежемдин жан кыйнаган оорусун алып чыгып кетсе кандай сонун деп коёбуз. Тегеректегендердин баары бакшыны карай албай ага кошулуп «үй алласын» айтып өздөрүн жоготуп койгондой. Бир убакта таежемин небересин карадым уурдана, дал ошол учурда ал да мени карап ийген экен, экөөбүз тең жылмая күлүп ийдик. Ошол кезде ортодо айланып-тегеренип аткан бакшы бир аттап бизге жетти да, катуу колдору менен менин жаагыма бир чаап өтүп, тигини бир чапты. Жылмаюу токтоду. Бакшы ишин уланта берди. Биз улам катуулап «Үй, Алла, үй» дейбиз...

Таятамдын Үрпия бакшы дегенинен ошону эстеп, денем бир жыйрыла түштү...

*     *     *

Дагы бир жолку Тегирменге барышта апамдын туулган үйүндө отурганбыз. Таятам, таенем, апам өрүктүн кактарын ылгап отурса керек эле. Мен айранга талкан көөлөп ичип аткам.

– Анаркул! Анаркул! Анаркул! – Сырттан кыйкырык угулду.

– Келди! Баланы алып кет! – Таенемдин чый-пыйы чыкты.

Апам мени жетелеп сыртка жөнөдү. Мен болсо айранымдан айрылгым келбейт. Сонун айран. Биздин үйдө дале айран бар, бирок ал уйдуку. А таенем теринин ичинен айран куюп берип жатып, «ич, балам, ич, эчкинин айраны, ичтейиңи ачат» деп жыгач кеседеги майлуу айранга төрт жыгач кашык талкан салып коёт. Ошентип эшикке чыккым келбей кесени улам карап атсам, апам кесени да алып, мени жугжуңдатып жетелеп жөнөдү. Экөөбүз булардын кызык көпүрөсүнөн өттүк. Кызык дегеним, биз тамбашка чыгабыз деп койгон шатынын эле өзү, бир гана паканалары бири-бирине жакын, биз үйдүн башына чыксак, булар шаты-көпүрөдөн суудан өтөт. Апам экөөбүз гиластардын арасына кирип кеттик, гиластар бири-бирине тийишип, бири-бирине өтүшүп жапайы болуп кеткен, улам тамырынан чыга берип өзүнчө эле токой. Ошол гиластын арасында мен айранымды ичип, апам унчукпай гилас терип отурдук.

– Эмне качып келдик? Кимден качып келдик? – Апама суроолуу тигилдим.

– Шүк отур! Үнүңдү чыгарба! Өйүздөгү жол үстүндөгү ташты көрдүңбү? Ошол ташты ушул киши жара койгон. Көзү бар. Сага көзү тийет. Атып коёт!

– Атканы эмнеси?

– Жакшы көрүп карап эле койсо – бүттү, жатып каласың?

– Ал неге жакшы көрөт?

– Жакшы көргөнүн өзү да билбей калат. Сен жакшы көрө турган баласың да! – Апам менин мурдумдан чымчып койду.

Менин көзүмө төбөмдө эле апалардын сөйкөсүндөй салаңдап турган ит мурундар көрүндү. Ушунча көп экен. Быжырайт. Ит мурундун бир шагын ийип алдым да, эзиле бышкандарын терип, алаканыма салып эки колдоп эзип, тоголоктоп алып жей баштадым. Кандай мазза!

Таенем келип тигил кошунасынын кеткенин айтканга чейин көпкө отурдук гиластарды далдоо кылып бакта жашынып, балдар менен сарайда ишпион, же бекинбечек ойноочуда рамкелердин арасына, забирдин ичине кирип кеткенибиздей.

Чыгып эле аркы өйүздөгү тоодон түшүп келе жатып токтоп калгандай коомай турган көк ташты карадым. Анан үйгө кирип таятамды жакшылып тигилдим, аны атпады бекен, ага көзү тийбеди бекен деп.

– Сизге келген кишинин көзү тийбедиби? Ал сизди атпадыбы? – дедим таятама таңыркай.

Таятам мага колтугун ачып көрсөттү:

– Мынабул табылгынын уюлу анын көзүн өткөрө койбойт. Мурда көзү катуу тийгенде булардын түйүнүн да жазып койчу, көздүн да кубаты кетет окшойт, азыр антпей калды... – Анан таятам экинчи колтугун ачты. – Бул жакта жыландын башы, бөрүнүн тырмагы бар.

– Таятаңа көз тиймек беле, - деди таенем шылдыңдай, - бою бул болсо, тамы анабул болсо, же үрүп чыгып малы, кепшеген жандыгы болбосо...

– Ой, көз деген тие берет да, аялы сулуу экен ушул кишинин деп койсо эле бүттү, тырышып жатып калам.

*     *     *

Апам туулган таятам менен таенемдин таш үйүнө барганда суунун күркүрөгүнөн коркот элем. Сел келгендей шаулдайт, майда таштарды суу агызып бараткандай боло берет. Мен ошол шоокумдарды угуп уктай албайм. Өздөрү болсо уктай берет. Апам айылдагы үйүбүздө «Тегирменди сагындым», «Шанколдун шоокумун сагындым» дей берчү. Ушунун эмнесин сагынат дейм.

Бир түнү таятам, таенем, апам жана мен деп коё берейин – төртөөбүз сүйлөшүп жатканбыз. Анан эле көзүм илинип кеткенсиди. Баятан бери таенем менен апам сөзгө тойбой сүйлөшүп аткан бир нерселерди. Бул жолу  таенемдин сөзү даана угулду:

Ушул жерден өтүшкөн экен, - деди таенем. – Кадыр түн экен. Баары уктабай жатышыптыр. Бир убакта теректердин башы ийилип жерге тийиптир, асман түнөрүп барып, аппак болуп жаркыраптыр, куштар өтүптүр топ-топ болуп, анан ылдыйдан – айыл жактан шаракташып чыгыптыр периштелер, үр кыздар, аларды Кызыр ээрчитип алыптыр, бирөөлөр кыз көчүрүп баратабы дешиптир. Карап тургандардан бирөөнө эле көрүнүптүр даанасы, анысы коркуп кетиптир, «ана өтүп баратат» дептир, «кана, кана» деп кала бериптир беркилер. Ошол топ шарактаган бойдон Шанколдун ичине кирип кетиптир.

– Башка эч кими көрбөппү? – деди апам кыйла ойлоно түшүп.

– Көрбөптүр. Баарына эле көрүнө бербейт экен алар! Таза кишиге гана көрүнөт дешет. Ошол көрүнгөндө көрүп калган адам бир нерсени кармап койсо ошол кармаганы алтынга айланып калат экен. Кармабаптыр да.

– Илгери бирөө кармаган экен, - таенемдин ары жагында жаткан таятам сөзгө аралашты. Кадыр түнү ушиунтип келаткандарды көрүп, коркуп кетип, катынынын колун кармап ийиптир. Саар туруп караса, аялдын бир колу алтынга айланыптыр. Анан көргүлүктү көрүптүр: кол же ийилбейт, же бүгүлбөйт, же аны менен бир нерсе кармай албайт, уюн да чалы саап калыптыр, зайыбы колун элге дале көрсөтө албайт, жыгылган киши болуп, таңып, мойнуна асып жүрүптүр. Оокаттан кыйналат да, бир күнү кемпир-чал ойлонуп отуруп, кеңешипн чал-кемпирдин бир бармагын эптеп сындырып, базарга алып барып сатып, бир жылга жетер оокат алыптыр. Жанагылардын өтүшүн дагы бир жыл күтүптүр. Жыл өтүп дагы бир кадыр түндө үйүнүн жанынан өтүп калыптыр куду бир жыл абалкыдай. Ошондо экөө жалынып-жалбарып алтын колду кайра мурдагыдай кылып кеткиле деп суранат. Колду кармайт, эртеси караса, кол мурдагыдай өз колу болуп калыптыр, бирок бир манжасы жок экен.

Мен ушул сөздөрдү уксам да, укпаган болуп жата бердим.

Кулагыма коркунучтуу болуп тТегирмендин күркүрөгөнү, сүтактын безеленгени, дарыянын майда таштарды тоголотуп аткан шоокуму угулуп турду...

*     *     *

Кийин колхоз айылдан алыс калган үйлөрдүн баарын кыштак ичине көчүрүп келди. Таятам менен таенемди да. Үйлөрүнүн, коргондорунун, а түгүл Күңгөйдүн таштарын там салгандар талап кетти чамасы. Ордолуу жыландардын ордосуна керосин чачып өрттөп ийишкен экен, жыландар атылып-атылып чыкты дешет...

Таятамдын көзү өтүп кетти. Ал эми мен студент кезде эки айдан ашык Сакалдынын пахтасын терип келсем, апам үйдө жок экен.  

Таенең өтүп кетип ошол жакта жүрөт апаң, кыркылыгы бүгүн чыгып атат, кудай берген жакшы киши эмес беле, чебересинин бешигин терметип отуруп эле кете бериптир, ар бирибизге ошондой өлүм берсе кана, - деди чоң энем.

2023-жыл, январь

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз