ХХIV кылымдан бери күн кечирип, өмүр сүрүп келаткан Кыргыз эли үч түшүнүктү мыйзам тутуп, сактап келишкен.
- Кан кечирбейт.
- Арбак тирүү.
- Кишинин башы атталбайт.
Ушул мыйзамды аткарган кыргыз КИШИ болуп эсептелген, калгандары ошол кыргыздын окуу-куралдары.
Адам баласы өмүр жолунда оңдосо болчу катаны кетирет же оңдосо болбой турган катаны. Кыргыз канды кечирбейт, ал эми калган катаны оңдосо же оңдотсо болот.
Мамлекет – адам баласынын коопсуз, эркин, баш көтөрүп жашоосу үчүн атайын уюштурулат.
Мамлекет – криминалдык структурадан эмес, мамлекеттик структурадан турушу шарт.
ЭЛ ҮЧҮН
Бир киши – авторитаризм.
Эки киши келишсе – тоталитаризм, келишпесе – тирешүү.
Үч киши – мамлекет.
Төрт киши – башаламандык.
Учурда эл менен мамлекет ортосунда ишенбөөчүлүк, ажырым бар. Ушул бойдон жүрүп олтурса, эли жок МАМЛЕКЕТ өлүмгө учурайт, мамлекети жок эл – башсыз калат. Эки тарап тең орду толгус оор жоготууга учурайт.
К.Жусубалиевдин айткандарын жазып алган шакирти Шайыр ТОЙЧУЕВА