Шайыр Тойчуева: Өз дүйнөмдө өзүм батпай

  • 12.01.2023
  • 1393

*     *     *

Көнүп бүткөн жалгыздыктын
Чечип көйнөгүн.
Шайтан менен дос болгону,
Барбайлыбы үйүнө.

Бийик туруп пенделиктен,
Салааланып миңге бөлүнгөн.
Бар жалгандын
Койбойлубу алын сурап.

Агымы күч мезгил шары,
Сүрү менен токтотсо.
Биз баарыбыз биргелешип
Курабыз деп өзүбүздүн уяны.
Айтпайлыбы дал өзүнө,
Сүйүндүргөн кабарды.

Ушул сунуш менен келдим,
Кут даарыган айлыңа.
Жакса сунуш кылчактабай,
Бурбайлыбы жүзүбүздү,
Бизге тааныш шамалга.
31.07.10.

КӨЛ
Толкуйт келбети.
Көзгө тааныш,
Чоочун дагы кемеси.
Жер талаштан түтүн каптаган,
Ош тагдыры
Калтыратып денесин.
Байкалаарлык өзгөрүптүр көл дагы.

Бул жолугуу,
Кездешүүлөр оор беле?

Аймалап өөп, эркелете чымчылап,
Толкундарга шамал шыбырайт:
“Сенсация!
Көл үстүндө жылаңайлак чуркаган
Секелек кыз,
(Ак аралап чачтарын),
Көрдүңөрбү, карыптыр.
18.08.10.

*     *     *

Ташыркаткан тагдыр күткөн,
Татаал сапарда.
Көз жашына сугарып,
Тилек тилеп агарткан
Тарых издерин,
Шамал чачты сапырып.

Араң зорго боюн түзөгөм,
Көз алдымда
Чириндиге айланып,
Бала болуп көз жаралбай,
Өлдү ишеним.
Үзүп таштап үмүттү.

Бет алдымда турду үн-сөзсүз,
Мени күткөн
Өзүм билген туңгуюк.
Келди сурангым:
“Дечи бирдеме”.
Суранбадым.
Айтмак эмес
Ансыз деле эч нерсе.
Акыркысы ушул беле,
А балким калды бир нерсе?

ЖОК
Чоочунмун,
Чоочундардын ичинде.
Баары болгон,
Болгон баары бир кезде.
Эми кайдан?..

Талкаланам, талкалабайм,
Ант ушул.
Өтөр, кетер,
Мүнөттөрүм кайрымсыз.
Жүрө берер мени коштоп
Баягы эле мемуарлар,
Жагымдуу да, жагымсыз.
05.10.10.

*     *     *

Колдо телефон.
Кетти коңгуроо.
Номер терилген.
Тааныш үн
Айтты үшкүрүп:
“Коёруңду билгем чекитти!”

Өз дүйнөмдө өзүм батпай,
Садага чаап жалган турмушту,
Горизонтко бет алдым,
Ачамын деп жаңы өмүрдү.

Орус кышы.
Кырч-курч этип таман алдымда.
Өткөн түндү, келер күндү,
Бүгүнкүнү
Күлүмсүрөп кулпулады,
Өкүнүчтүн сандыгына.

Жалгыз сени, сени гана
Таппай түтөйм, издеп жүдөйм.
Өзүң үчүн
Жалгыз өзүм,
ИЗ түшүрөм жер жүзүнө!
Башкасынын баары жалган.
19.02.11.

*     *     *

Жер ээн калып, доңуз чыгып дөбөгө,
Акынмын деп сийип алып чыңырат.
Бар жалгандын сыйрып маскасын,
Оолуктурбай, бир доңузду ким тыят?!.

Адаштымбы түшүп капканга,
Сүйүндүмбү бир маңкуртту тапканга?
ЭР чыгабы ошол жалгандын
Каткырыгын жыга чапканга?

Көрбөгөндүн көргөнү курусун деп,
Көсөмдүн жалган беле, айткан сөзү?
Өзүнүн өз акынын тааныбаган,
Кыргыздын сокур беле эки көзү?
21.03.11.

*     *     *

Турмуш өзү
Чапса тумшукка,
Түшүнбөскө айла жок.
А болбосо
Том-том китеп,
Окугандан пайда жок.

24.03.11.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз