Шайыр Тойчуева: Көчө маек

  • 24.10.2022
  • 3302

1.

–  Көргөнсүңбү?

–  Жок. Бирок бу сөз жалган болсо, кечээги шайлоодон кийин айлыбыздын «тоок ууруларын» ит аткансып неге атты? Жеткен бийиктигин тойлогондогусубу?

–  Ал аткан жок, милиция атты.

–  Билем, милицияга ок-дары, курал-жаракты ким берерин.

Унчукпады. Ушул сөзүм менен бу кыргыз өз бүтүмүн чыгарганын түшүндүм.

2.

–  Бизди го… о Алмаз акем башкарып атат, а Алмаз акемди ким башкарат?

–  Вова.

–  Анычы?

–  Батукаевге «төшөнчү» болуп төшөлүп жаткан Рамзан.

–  Кудай сакта-а, жетекчилерден «бак-таалайлуу» экенбиз да анда.

3.

–  Акеңдин сотуна барып атасыңбы?

–  Барып атам.

–  Не кылып атат?

–  Не кылмак эле, олтурат.

–  Ал жактарда кандай жаңылык?

–  Чакырткан Алмазы келбей койду. Эми алдыдагы шайлоосун аман-эсен өткөрүп алса экен деп кыжаалат акем. Ошо.

4.

–  Ал киши – менин атам. Экөөбүз жөн гана сүйлөшөбүз, саясат жөнүндө сүйлөшпөйбүз.

–  Бу саясатка деле тиешелүү сөз эмес. Кишинин сенин атаңа айттырткан жөнөкөй, аманат сөзү.

–  Өзү келип айта бербейби?

–  Анда эле мен ишсиз калбаймынбы?

5.

–  Кечээ жаңылыктардан көрсөтүштү, Оштун көпүрөсү бүтүптүр.

–  Ии-ий, Алмаз акеси, Мелис үкөсүнүн кайтып келишине “падарке” камдап коюптур да.

–  Ошентиптир.

Унчукпай угуп олтурган мага карап:

– Ошко барганыңда биз үчүн да көпүрөдөн өтүп кой, Мелис келгенде мактанабыз.

Макул боло баш ийкедим.

6.

–  Эстакадалык көпүрөлүү болот элем деп шаардын тамтыгы калбаптыр.

–  Көпүрөлүү болуп калсаңар, бу күндөр билинбей калат да.

–  Аныңыз ырас. Болбоду дегенде шаарыбыздын инфраструктурасы жаңыртылат. Айтсаңыз, бул көпүрөнү неге эстакадалык деп атышат?

–  Көпүрөңөрдүн фамилиясы ошондой.

Жөн сүйлөгүсү келбеген кыргыздан кайра сурагым келбеди.

7.

–  Мына, мен үстүндө сүрөткө түштүм. Ал кезде байрактары бар эле, азыр алып коюшту.

 –  Мелисти Ошко батырбай, кууп чыккан көпүрөсү ушулбу?

–  Образ. Тантыгандан башка колуңуздан не келет?

Суроого суроо менен жооп узатты.

8.

–  Муну деле бышырыш керек эле да.

–  Ооба. Көргөнү жакшы болду. Сотуна бардыңбы?

–  Бардым. Олтурат, тордун ичинде, эч кимисине баш бербей. Айтсаңыз, эми бу кишини не кылышат?

–  Өзү жазып алган Конституциясы куткарып кетет.

–  Ошондо кааладык-каалабадык, мезгил кайрадан ушул кишинин пайдасына иштедиби?

–  Ошентти.

9.

–  Макул, камагысы келиптир. Элементардык нерсе, Маевскийдин паспортуна кирди-чыкты штамп басып коюшпайбы?

–  Мен да ошону ойлодум. Колунда ошончо ресурс турса, даярданбайбы биринчи же жеткен «акылы» ошолбу?

10.

–  Эл кайдыгер деп бизди күнөөлөшөт эл башчылар, а кайдыгерликке түрткөн ким, ошону билишпейт.

–  Эл кайдыгер эмес, сырттан байкоо салып турат.

11.

–  Абамдын жиндилери, абамдын сөзү чын экенин далилдеп беришти.

–  Абаң не деди эле?

–  Буларым туура сүйлөп, теңирден тескери иштеп коё беришет. Карап тур деген.

–  Чын айтыптыр.

12.

–  Азыркы депутаттарың значок тагынган “манекендер”. Аларга убара болбо.

–  Баш ооруткан эч ким жок. Болгону могу «кыйын», бир тууганы арам акчаларды адалдатпайм деп жүрүп, бир өмүр ден-соолугунан ажыраганын түшүнбөйбү?

–  Жеке сенден балерина чыкпагандай, сен айткан «кыйындан» саясатчы чыкпайт.

–  Чын. Чымчык сойсо деле касапчысы эле сойсун.

13.

–  Эй, бул дагы оюнун баштады. Тартипке келтирем деди беле, биринчи тартипке келтирип алсын да.

–  Ошо, мен деле түшүнбөй калдым. Жакшысы шайлабай коюңуз.

–  Жада калса мен шайлоосуна барбайм, билгенин кыла беришсин.

–  Бул сволочтун бир эле плюсу бар. Колу канга тийбеген.

–  Бу кишиң аферист, сен ушуга ишенип олтурасыңбы?

–  Кердегей эсине келтирет буларды. Ошону менен оюну бүтөт.

14.

–  Тезирээк эле шайлоосу бүтсө экен. Тажатып деле бүтүштү.

–  Карап турсаң булардын жашоосу деле кызык. Арагына суу кошуп, виносуна чай кошуп, калпты чынга койгулаштырып, окшоштуруп, тиричилик кылышат.

–  Не болушар экен деп бала-чаканы эле ойлойсуң, болбосо...

Өлкөбүздө 15-октябрда болчу президенттик шайлоого мен протест жарыялайм. Себеби, өлкө жетекчиси болууну самаган, коюлган мыйзамдуу талаптарга жооп берер бардык жарандарга, талапкер катары эл сынынан өтүү мүмкүнчүлүгүн, учурдагы өлкө жетекчилиги камсыздай алган жок. Алдыдагы президенттик шайлоо ачык айкын өтөрү күмөн.

Өлкө жетекчилигине талапкер катары бүт өмүрүн кыргыз саясатына арнаган, өлкөбүздүн ири саясий ишмери Ө.Текебаевдин оюндан четтетилиши, мамлекеттик бийлик менен карапайым калк ортосундагы жараканы тереңдетет. Ансыз да ишенимден кетип бүткөн бийликке нааразычылык күчөшү мүмкүн. Жакшысы, өлкө коомчулугу Кердегейде Элдик Курултай уюштуруп, кайрадан шайлоо өткөрбөсө, А.Бекназаров айткандай, өлкө кооптуу абалда.

Кайрадан Революциялык кырдаал түзүлдү. Кырдаалдан кан төгүүсүз өтүү үчүн журт башында А.Бекназаров, Р.Отунбаева туруп, абалды көзөмөлдөшү шарт. Учурдагы өлкө бийлигине башкасын билбейм, мен ишенбейм. Парламенттик шайлоодон кийинки “кылмышка шектүү” жарандардын ит аткандай атылышы, Дача Судагы кандуу окуя, өлкө жетекчилигине биротоло чекит койдурган.

Бул менин жеке пикирим.

28.09.17.

(Уландысы бар)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз