Каухар Биймамат кызынын кыска көйнөк аңгемелери – 4

  • 08.02.2023
  • 2179

Х ХИТ

Алар өздөрүн бактылуу көрсөтүп, хит болуу үчүн дайым сонун видеолорду тартышты, керемет стористтерди коюшту. Алардын жаңжалдашып жаткан видеосу кокустан интернетке тарады да, ох-оо... хит болуп кетти.

Андан соң баары эле урушкан видеолорду тартып башташты.

ЧЕГАРА

Акыркы үлгүдөгү аскердик курал-жарактар, техникалар көрсөтүлдү. Парад өтүп жатат. А чегарада беш окту санаган кайраттуу жоокер тиштенип турат. 

ӨЖӨР ТАРЫХ

Атам заманда кыргыны катуу чабыш болот. Кол башчы өлөт. Жалгыз калган аскери кол башчынын сөөгүнө эч бир душманды жолотпой коргойт.

Азыркы замандачы? Эл башчылар тактан кетсе, ийиндеш жүргөндөрдүн эч бири жакшы сөз таппай, жамандашат.

КЫРУУ, ЖОЮУ, ЖОК КЫЛУУ

Аркар, кулжа, илбирс – дегеле жоголуп бараткан, азыркы жаш муундар көрбөгөн жаныбарлардын сүрөттөрү аңчылык үчүн курал-жарак саткан дүкөн сырттында илинип турат.

ҮКҮ ДОПУ

Айылга шайлоого үгүттөгөн артисттер концерт коюп келди. Алардын үйүнө конок келгендиктен, тестиер кыз үкү допусу жок калды.

ТООЛУК ЖИГИТ

Токою бүтпөгөн Сибирь жергесинде таң атырышты жигиттер.

– Тумчугуп атам! – деди бирөөсү.

– Тынччылыкпы? – дешти башкалары.

– Мен тоолорго абдан көнүп алыпмын! Тоо көрбөсөм думуга берем!..

МИГРАЦИЯ

Күркүрөгөн күз. Жылуу жакка учкан канаттууларды карап, “булар кайтып келет жазда, буюрса... – деди көңүлдүү. – Аа менин билимдүү, илимдүү тааныштарымчы?!”

Ал чет өлкөгө жумуш издеп кеткен тааныштарын эстеп, "келишер бекен?!" – деди капалуу ой басып... 

ЭЭРЧИМЕ

Шаарга барып орночок алып, өңү-башы сулууча келген досун көрүп, шаарга баргысы келди жана барды. Эмнелерди гана кылбады, биртоп жылдан кийин балдары чоңоюп, үйлүү болду. А айылда калган досу мал карап жүрүп эле акыркы моделде машине, шаардан үй алганын укканда, адашканын сезди.

БИЗНЕС

“Быйыл да тоок бизнесим болбойт окшойт” – алдында куурулган жумуртканы жеп отуруп ойлонду.

КЕСИРЛИК

“Элүү миңге сатып алган кутуга кеткен акчанын жарымына эле ден-соолугумду чыңдап, дарылансам болмок да” – кызы көтөрүп келген aPhoneдун акыркы үлгүсүн көргөндө гана ойлонду.

КУРМАНДЫК

“Мен чет өлкөгө окууга өтүп, аялдардын ден-соолугуна пайдалуу медициналык билимге ээ болом!” – деди кыз дымактуу оюнда. Бирок жыл айланбай ала качып кетишти аны.

Бир топ жылдан кийин медициналык кароого муктаж болду өзү.

КИМИСИ?

Ата менен апа балдарын жандарына коюп алышып:

– Уулум, кимди жакшы көрөсүң? – деди апасы.

– Сизди! – деди уулу.

– Эмнеге? – деди атасы.

– Мен жакшы көргөн адамга турмушка чыкканы үчүн! – деди уулу.

– Кызым, кимди жакшы көрөсүң? – деди атасы.

– Сизди! – деди кызы.

– Эмнеге? – деди апасы.

– Мени жакшы көргөн адамга үйлөнгөнү үчүн.

ЫНСАП

Айтылуу Алайку жолунда машине бузулуп, жолдо калышты. Бактыга жараша – айыл арасы. Тилекке каршы – саат түнкү 2:00. Шопур айылда тааныш шопурга:

– Жүргүнчүлөрдү жеткирип коюңуз, мен машинеде калайын, – деп жалбарды.

Тигиниси тамекисин буркуратта үйлөп, степ машинесине жөлөнө:

– Ар бирине 3000! – деди.

Жүргүнчүлөрдүн жүздөрү бозорду. Алар 700 сом жол кире беришкен. Кыйладан кийин жарыгын жаркыратып УАЗ келди.

Жүргүнчүлөрдөн бир тыйын албады. Бузулган машинени сүйрөп, айылга жеткирди. Ар бирин үйүнө түшүрүп, андан ары чегара менен чектеш айылына кетти.

КАЙРЫМДУУ ДИЗАЙНЕР

– Элла! Дайыма сасытып, кийбеген кийимдерин берген seconhandден кийим ала бересиң! Же кийбейсиң! – деди курбусу, жыты көөндү айныткан, дүкөндөгү курбусуна жини келип.

– Булардын дизайнын, моделин гана алам... – деди дизайнер, колунда кийимдин тигиштерин карап жатып.  

ЖУМУРТКА

– Э курбум, эч өзгөрбөпсүң го? – Таң калды курбусу.

– Кантип эле, – токтоо жооп берди бул курбусу.

– Баягы эле он жыл мурдагыдай.

– Келбетимби же мүнөзүмбү? – Баятан бери таң калып жаткан курбусуна токтоо жооп берди.

– Келбетиң! – деди таң калганы.

– Аа... анда он жыл мурда чийки жумуртканы көрсөң керек, азыр бышкан жумуртканы көрүп турасың, – деди тамашалуу.

ТУРМУШ ЖОЛУ

$-автобустун каттамында жазылып турат: Төрөт үйү, Балдар бакчасы, Мектеп, Университет, Оорукана, Бейит.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз