АҢГЕМЕ
Англисчеден оодарган Эрмек Шоруков
Шаардын картасын кылдаттык менен карап чыксам дагы, Гү до'Зей көчөсүн кайра таба алган жокмун. Булар азыркы карталар эмес, аталышы байма-бай өзгөрүп турат. Тескерисинче, ал жердин бардык эски уңкур-чуңкурун тереңдеп казып, мен билген көчөгө окшошуп кеткен аймакты, ар бир булуң-бурчту көз жаздымда калтырбадым. Университетте метафизика факультетинин мендей студентинин бакыр жашоосунун акыркы айларында Эрик Занндын музыкасын угуп жүрүп, кандай аракет кылганы менен керектүү үйдү, көчөнү, ал турсун ошол жерди таба албаганын моюнга алууга аргасызмын.
Минтип эс тутумум бузулганына таң калбайм деле, Гү до'Зей көчөсүндөгү үйүмдө болгон даргөйүмө дарт жабышты, ошондо тапкан бир ууч тааныштарым эгерим эсимде жок. Бирок бул жерди эстей албай жатканым мага кызык гана болбостон, чындап көңүлүмдү зилдетти, анткени ал жер университеттен жөө басканда жарым сааттык жолдо жайгашып, бир келген кишинин эсинен чыкпагыдай өнтөлөр өзгөчөлүктөрү бар эле. Ал көчөнү көргөн-билген адамды жолуктурган жокмун.
Бул көчө кара таштан салынган зор көпүрө аркылуу кара дарыяны кесип өтөт, бойлото салынган терезелери күңүрт тарткан кирпич кампалар жепирейет. Жанындагы ишканалардын түтүнү күндү түбөлүккө жаап салгансып, дайра бою ымырт тартат. Дарыядан урган мурда-кийин мурун искебеген каңырсык жыт бир күнү ал үйдү табууга жардам берери ажеп эмес, көрөрүм менен тааныйм. Көпүрөдөн ары чети тосмолонуп, таман таш төшөлгөн кууш көчөлөр тарамдалат, бир аз айдөштөнүп барып, Гү до'Зей көчөсүнө жеткенде дароо тик өйдө тартып кетет.
Мен Гү до'Зей көчөсүндөй мынчалык тар, тик көчөнү көрбөптүрмүн. Көчө деп айтууга ооз барбайт, жар тим эле, кандай унаа болбосун кире албайт, жалгыз аяк жолдун айрым жерлеринде тепкичтер салынып, чырмоок баскан бийик дубалга барып такалат. Көчөнүн жалгыз аяк жолу бир кылка эмес, бирде таш плиталарга алмашылса, кээде таман таш уланып кетет, ортосунда жалаң кат топурак төшөлгөн жерлеринде сары сойгок чөп-чар жер талашат. Чатырлары көккө умсунган, оголе эски үйлөр артка, алдыга, капталга алда немедей кыйшаят. Ыйбаалуу келиндердей болуп бири бирине жүгүнгөн бир даары үйлөр ылдыйга тийчү жарыкты жаап калган. Үйлөрдүн ортосун бириктирген бир нече кууш көпүрөлөр кездешет.
Мага өзгөчө таасир калтырган ошол көчөнүн тургундары болду. Адегенде алардын түнттүгү, күпүр сөздөн алыстыгы бул таасирге дүрмөт бергендей болгон, бирок кийинчерээк элдин көкшүндүгү себеп деген ойго келдим. Кантип ушул көчөгө байыр алуу үчүн келип калганымды билбейм, бир билгеним – көчүп келгенимде өзүм өзүмдө эмес болчумун. Акчанын азарын тартып, алда курдай баш паанек алмаштырууга аргасыз болуп жүрүп, акыры Гү до'Зей көчөсүндөгү Бландот шалдын тиги оолжуган үйүнө келдим. Бул үй көчөнүн башынан санаганда үчүнчү, баарынан эң бийиги болучу.
Менин бөлмөм бешинчи кабатта, бул жерде киши байырлаганы ушул гана, калганы дээрлик бош. Көчүп келген түнү учтуланган мансардадан чыккан кызыктай музыканы уктум да, эртеси Бландот карыядан бул тууралуу сурадым. Андан виолада[1] ойногон бул кары немис атын Эрик Занн деп кол койгон кызыктай дудук киши экенин билдим. Кечкисин арзан театр оркестринде иштээрин, үйүнө келгенден кийин түндөсү ойногонду жакшы көргөндүктөн, чатырдагы бул бийик, обочо бөлмөнү атайын тандап алганын, үйдүн көчөнү караган жалгыз терезеси ушул экенин, андан бүткөн дубалдын ары жагынан эңкейиш көрүнүш көрүнөрүн сөзүнө кыстарып койду.
Ошондон тартып Занндын музыкасын дээрлик түн сайын укчу болдум, мени уктатпаса да, анын сырдуулугуна арбалганым арбалган. Искусство өнөрү тууралуу түшүнүгүм аз болгонуна карабастан, анын жаратмаларынын бири дагы мен мурда уга жүргөн музыкага эч кандай тиешеси жок экенине ынандым, Эрик Занндын өзүн өнөрү өзөктүү музыка генийи деген тыянак чыгардым. Мен анын музыкасын канчалык көп уксам, ал ошончо жолу мени өзүнүн сыйкыр таасирине чулгап, анын кереметинин алдында бүтүндөй эс-дүйнөм менен калкып калчу болдум. Бир жума өткөн соң абышка менен таанышууга бел байладым.
Бир күнү кечинде анын жумуштан келе жатканын утурлап тосуп чыктым. Аны менен жакындан таанышкым келгенин, ачыгын айтсам анын музыкалык аспапта ойногонун көргүм келгенин кыйыттым. Жапалдаш бойлуу, бүкүрөйгөн, эски кийимчен, көгүш көздүү, гротеск иреңденген, бырыш жүздүү, таздана баштаган каркыны мокок киши адепки сөздөрүмө ачуулангандай, бир эсе корккондой көрүндү. Менин ачык достук мамилем акыры көкүрөгүндөгү музду эритти шекилдүү. Караңгы, баскан сайын кычырап, майышкан, майрыйган тепкичтери бар кууш коридор менен өзүнүн аркасынан ээрчип чыгууга ишарат кылды. Анын бөлмөсү – көчөнүн аягындагы бийик дубалдын үстүнөн салаңдаган төбөсү тик чатырлуу кош бөлмөнүн батыш жагындагысы. Бөлмө бир топ кенен. Эмеректердин, киши-каранын жоктугу бөлмөнү андан бетер чоңурак көрсөтөт. Бул жерде эмерек аттуудан – кууш темир керебет, кир кол жуугуч, тыпырайган үстөл, чоң китеп койгуч, темир музыка текчеси, үч эски отургуч гана бар. Нота түшүрүлгөн барактар полдо башаламан чачылып жатат. Дубалдары жылаңач бойдон, сыйкы, шыбак көргөн эмес, ал эми чаң желенин көптүгү бул жерге эл жашагандай эмес, ээн калгандай түр берет. Кыязы, Эрик Занндын турак жайды ыңгайлуу, жайлуу күтүү боюнча көз карашы элдики менен төп келбейт окшойт.
Дудук карыя мени отур деп ишарат кылып, эшикти жаап, чоң жыгач илгичин илип, өзү ала келген шамдан тышкары дагы бир шам күйгүздү. Анан күбө жеген кутусунан виоласын алып чыгып, ыңгайсыз отургучтардын бирине көчүк басты. Ал музыка текчесине кол узаткан жок, эч кандай тандоону сунуш кылбастан, эс тутуму менен ойноп жатты. Буга чейин мен түк укпаган, өнө боюнан өрөпкүп чыккан обондору менен бир сааттан ашык сыйкырлады. Музыка дүйнөсү менен иши жок адамга анын табиятын так сүрөттөп берүү мүмкүн эмес. Ал обондорду өзүнө арбап балким көөлгүткөн пассаж[2] менен кайталанган фуга[3] десе болот. Бирок ушул ирмемдерде, мен кайсы учурда болбосун өз бөлмөмдө экенимде уга жүргөн кызык ноталардын бири да жок эле.
Ал сыйкырдуу ноталар эсимде жакшы сакталып калыптыр, кээде коошпосо да ичимден кыңылдап коём. Музыкант аспабын коёру менен, баягы чыгармалардан ойноону өтүндүм. Оозумдан ушул сөз чыгар замат карыянын бырыштуу жүзү бир аз мурда музыка ойноп жаткандагы чарчаңкы кебетесинен ажырап, алгач жолуккандагы ачуу аралаш корккону кайра пайда болду. Үй ээсин ынандырууга ыктап, ал тургай түндө уккан обондордун бир курдайын кыңылдап берип, кызыктай маанайын көтөрүшкө далалат кылдым. Бул аракетим бир аз ирмемге созулду, дудук музыкант үнүмдөн тааныш обонду угар замат жүзү капысынан өзгөрүп, одоно туураганымды токтотуу үчүн каржайган узун, муздак оң колун сунду. Муну менен ал өзүнүн эксцентриктигин[4] дагы бир жолу шардана кылды. Жалгыз парда тосулган терезеге бир нерсе кирип келе тургансып кооптонуп көз таштады, мындай жосуну ыксыз болучу, анткени абышканын бөлмөсү бардык коңшу чатырлардан алда канча бийик, анын үстүнө консьерж[5] айткандай тик көчөнү караган бул терезеден, дубалдын ары жагынан түнкү шаарды караса болот.
Карыянын көз карашы Бландоттун сөздөрүн эске салды, ал түгүл дөбөнүн ары жагындагы ажайып көрүнүшкө – ай жарыгына чагылган үй чатырларына, шаардын жылтылдаган жарыктарына көз чаптыргым келди, дегеним – бул көчөнүн тургундарынан бир гана тиги үч бүктөлгөн музыкантка гана көрүнчү. Мен терезени көздөй барып, көзгө комсоо парданы ачайын десем, мурункудан да катуу корккон дудук музыкант кайра жаныма келди да, эшикти көздөй ээк шилтеп, мени кош колдоп албууттана сүйрөп чыгарууга аракет кылды. Үй ээсинин мындай күтүүсүз жоругу мени катуу таарынтты, колумду коё берүүнү талап кылып, баары бир бул жерден дароо кетем дедим. Колун бошотту, ачуу аралаш таарыныч кебетемди көргөндө жаалы басаңдай түшкөнсүдү окшойт. Ал бошой түшкөн колун кайра кысты, болгону бул жолу мени жылуу маанайда отургучка отургузду, андан соң ой баскан, көңүлү пас маанайы менен үстүндөгү кагаздары башаламан чачылып жаткан үстөлүнүн жанына барып, мээнеткеч чет элдик колу менен французча бир нерсе жазууга киришти.
Колума карматкан катта орой мамилесине бардаш кылып, кечирим сураган мазмун камтылыптыр. Занн карылыктагы куу баштыгын, музыкага, дагы башкага байланыштуу алда немеден корко берерин, коёнчук оорусунан жапа чегерин жазган экен. Музыкасын укканым ага жагыптыр, эксцентриктигине көңүл бурбай, келип турсам, көөнү жай алчудай. Бирок ал чоочун кишинин көзүнчө өзүнүн сыйкыр музыкасын ойногондон жаа бою качат, башкадан да уккусу келбейт, бөлмөсүндөгү буюмдарга бирөө-жарым тийгенин жек көрөт. Өз бөлмөмдө анын ойногонун уга турганымды коридордон сүйлөшкөнгө чейин билбептир, эгер Бландотко айтып, түндөсү аспабынын үнү жетпеген астыңкы кабатка көчүп кетсе, менин буга кандай карай турганымды сураптыр. Ижара акысындагы айырманы өзү төлөөгө даяр экендигин жазыптыр.
Иттин шыйрагындай болгон кол жазмасын шыкаалап окуп жатып, курган абышкага андан беш бетер ыкласым артты. Ал да мен сыяктуу эле жан оорунун курмандыгы болгон экен, метафизикага болгон ышкым мени көп жагынан сабырдуу, боорукер болууга үйрөттү. Кулак-мурун кескендей жымжырттыкта, күтүлбөгөн жерден терезе жактан акырын чыккан дабыш угулду – кыязы, түнкү шамалда терезенин капкагы кычырады окшойт, мен да эмнегедир Эрик Заннчасынан эрксизден калтырап кеттим. Анын кол жазмасын окуп бүткөн соң, экөөбүз достордой кол алыша коштоштук.
Эртеси күнү Бландот үчүнчү кабаттагы улгайган сүткордун батирлери менен кадыр-барктуу эмерек устанын бөлмөсүнүн ортосундагы кымбатыраак бөлмөсүн мага берди. Төртүнчү кабатта жан киши жок болчу.
Занндын мага болгон ынтызарлыгы мени бешинчи кабаттан ылдыйга көчүүгө шыкактап ийчүдөй күчтүү эмес экендигине көп өтпөй көзүм жетти. Ал мени чакырган жок, бир ирет өзүм барсам, эмнегедир ыңгайсызданып, көңүл кош ойногону көрүнүп турду. Ага түнкүсүн гана жолугууга мүмкүн болчу – күндүз уктап, эч кимди киргизчү эмес. Чатырдагы бөлмөдөн чыккан сыйкырдуу музыка мени кызыктырып арбаган менен, Заннга болгон ыкласым адепкидей болбой калды. Ошол терезеден дубалдын үстүнөн карап, эңкейиштен көрүнбөгөн ылдыйдагы үйлөрдүн жалтыраган чатырларын, чиркөө мунараларын көрөм деген каалоо көкүрөгүмө батпайт. Бир ирет күндүз Занн театрда жүргөндө, чатырдагы бөлмөсүнө барсам, эшиги кулпулануу экен.
Иришип жатып ийгиликке жеткеним – дудук абышканын түндөсү ойногонун тымызын уга бердим. Адегенде мурунку бешинчи кабатыма бутумдун учу менен чыгып барып, ал жерден кайратымды бир жыйнап, кычыраган тепкичтер менен чатырдагы үйгө көтөрүлчүмүн. Кууш залда ачкычтын тешиги атайын тыгын менен бүтөлгөн жабык эшиктин алдында, кандайдыр бир түшүнүксүз кереметке күбө болуп, белгисиз, бир эсе купуя коркунучка толгон үндөрдү көп уктум. Анын үстүнө бул үндөр жагымсыз же андан да коркунучтуу деп айтууга болбойт – жок, алар жер шарында кездешпеген толкундарды элестетип, айрым учурда бир гана музыкант ойной албаган чыныгы симфониялык үндөй сезилди мага. Албетте, Эрик Занн жапайы күчтүн генийи экенинде талаш жок. Улам жумалар өткөн сайын анын музыкасы ооздукталмак түгүл, оргуштап, өзү болсо көз көрүнөө бетинин чүкөсү чыгып, ичим тап болуп кетти. Ал мени каалаган убакта киргизбей, тепкичте жолуккан сайын менден каччу болду.
Анан бир күнү кечинде адатымча эшигинин алдында туруп, виоланын башаламан чаңырган үнүн эшиттим – кыямат кайымдын өзү, мазмундан алыс, катуу корккондо же кыйноо учурунда дудуктан гана чыга турган мыңгыраган үндөрдү угуп, коркунучтуу түш же чындап болуп жаткандыгын айырмалай албай башым маң. Эшикти кайра-кайра каксам да, жооп болгон жок. Ошондон соң курган музыканттын отургучка өбөктөй, жерден туруп жаткан алсыз шыбыртын укканга чейин караңгы коридордо үшүп-коркуп калтырап, күтүп турдум. Ал капысынан кармаган талмасынан жаңы эле өзүнө келди деген ойдо такылдата бердим, угуп калабы деген үмүттө атымды да айта бердим. Занндын терезени көздөй баратып сүрдүккөнүн, алдастап жатып пардасын терезенин капкагы менен кошо жаап, кайра эшикке жүткүнгөнүн, мени киргизгенге шашпастан ыргылжың боло эшикти ачканын уктум. Бул жолкусун менин келгениме жүзү тамылжый түштү, энесинин этегин кармаган баладай пальтомду этектеп алды.
Бүткөн бою аянычтуу калтыраган абышка мени колуман тартып отургучка отургузуп, өзү жаныма көчүк басты, аяк жагында виоласы менен кылдуу таякчасы жатат. Ал бир азга кыймылсыз олтурду, таң калыштуу түрдө башын ийкегилейт, ошол эле учурда бир нерсени кунт коюп, берилип угуп жатканы көрүнүп турат. Акыры бир нерсеге ыраазы болду окшойт, тынчыгансыды, үстөл чекесиндеги отургучка барып, кыскача бир чиймелеп, мага сунду да, кайра үстөлгө келип, шыпылдатып жаза баштады. Чиймеленген катта менден кечирим сураптыр, менин кызыкчылыгым үчүн немис тилинде жазылып жаткан кийинки катты бүткүчө аярлай турушумду өтүнгөн экен, анда ушуга чейин аны кыйнаган бардык ажайып кереметтерди, кыйноолорду айтып берет. Күтүп турдум, дудуктун калеми кайкып сызып учат.
Бир саат өттүбү, жокпу, билбейм, кары музыканттын күйүп-жанып жазылган баракчалары үйүлө баштаганда Занндын капыстан катуу селт эткенин байкадым. Аңгыча ал парда тартылган терезени тиктеп, ошол эле учурда өнө бою калтырап турганын көрдүм. Ошол ирмемде кандайдыр бир үндү кулагым чалгандай болду, чынында анчалык корко турган үн эмес болучу, тескерисинче, коңшу үйлөрдүн биринде музыкант ойногон же такыр көрө албай жүргөн бийик дубалдын ары жагында тээ түпкүрдөн чыккан музыка нотасы. Бул үн Занндын өзүнө чындап эле үрөй учурарлык таасир этип, калеми колунан тайып кетти. Дароо тура калды да, виоласын колуна алып, терезенин ары жагындагы түн караңгысын жарчудай жапайы үндөрдү чыгара баштады. Кире албай эшигинин алдында тыңшагандан башка, мындайды өмүрүмдө уккан эмесмин.
Ошол коркунучтуу түндөгү Эрик Занндын ойногонун сүрөттөп берүү мүмкүн эмес. Башымдан өткөн окуялардын бири дагы мынчалык эсимди чыгарган эмес. Анын үстүнө бул жолу музыканттын жүзүн даана көрдүм, катуу корккондуктун изи турат. Ал бир нерсени айткысы, мага белгисиз, бирок өзүнө коркунучтуу бир нерсени өзүнөн оолактаткысы, кубалагысы келип жатты. Көп өтпөй анын оюну ойго келбес күү-шаага келип, бирде делөөрүгөн мүнөзгө ээ боло генийлик касиеттери ойгонуп жатты, мен көргөн мындай касиетке эгедер жападан жалгыз адам бар болсо – ал ушул карыя. Дароо билдим – бул театрларда коюла жүргөн жапайы венгр бийи болучу, Занн башка композитордун чыгармасын мен уккандан алгач ирет ойноп жатат деп ичимден ой жоруп койдум.
Тизгин тарттырбаган виоланын чаңырган үнү уламдан-улам бийик, ачуу чыгат. Музыкантты кара тер басты, маймылдай ийрелеңдеп, парда тартылган терезени улам карап коёт. Анын өзүнө батпаган жаратмасында булут, түтүн, чагылгандын түпсүз ириминде бүк түшө айланып бийлеп жаткан сатирлер[6] менен вакханкалардын[7] булаңгыр караандары көзүмө элестейт. Бир убакта зыңылдаган таптак үндү уккандай болдум, виолодан эмес – бул бир салмактуу, мыскылдуу тээ алыскы батыш тараптан чыккан касакана үн болучу.
Ушул маалда улуган түнкү шамалда терезенин капкагы тарсылдай баштады – табият оолукма музыкага ушунтип жооп бергиси келгендей. Занндын ач айкырык салган виоласы өзүнөн үн чыгарат деген ой келбептир. Капкак андан бетер катуу калдырттап, бир кезде ачылып кетип, терезени ургулап кирди. Ошондо тынымсыз соккудан айнек чачырап сынып, аркыраган ызгаар шамал шамдардын жалынын бир жапырып өтүп, Занн жан кыйнаган купуя сырын ачмакчы болгон үстөл үстүндөгү барактарды учуруп буй кылды. Заннды карасам, көз карашы аң-сезимден таза эле ажырап калган экен. Көгүш көздөрү шишип чыгыптыр, айнектей тунарып көрбөй калган, ал эми шаулдаган музыка бир дагы кыл калем сыпаттай алгыс сокур, куру кайталанма, таанылгыс оргияга айланды.
Капыстан мурдагыдан да катуу соккон шамал кол жазманы терезени көздөй алып жөнөдү. Барактардын аркасынан тап койдум, бирок алар сынган терезеден учуп кетип, түнгө сиңип жок болду. Ошондо ошол терезеден – дубалдын ары жагындагы эңкейиштен шаар көрүнүп турган Гү до'Зей көчөсүндөгү жалгыз терезеден сыртты көргүм келгени эсиме түштү. Көзгө сайса көрүнгүс ныл караңгы болсо дагы, шаардын жарыктары дайыма күйүп турат, мен аларды шамал аралаш жаанда да көрөм деп күткөм.
Шамдар үлпүлдөп, ээ-жаа бербеген виола түнкү шамалга кошул-ташыл улуп жатканда, ошол эң бийик терезеден карасам, ылдыйдагы созулган шаар түгүл, көчөлөрдөгү жымыңдаган жарыктарды көрө алганым жок, болгону бүдөмүк кыймыл, музыка гана бийлеген көөдөй караңгылык менен чексиз аалам созулат, жердеги жашоомдун бири дагы жок. Ошол жерде үрөйүм учкан тейде карап турганымда, кайра соккон тилазар шамал эки шамды тең жалпыйтты, ал эми мен туташ караңгылыкка чулганып калдым, алдымда чексиз башаламандык, кыямат кайым жанданып жаткандай, артымдан виоланын азгырык үнүн эшитем.
Эрксизден артка кетенчиктедим, жарыкты кайра күйгүзө албай, бирде үстөлгө урунуп, отургучка чалынып кетип атып, акыры караңгылык музыканын азыткы үндөрүнө тогошкон жерине жеттим. Кандай күчкө бет кебейин, жок дегенде өзүмдү, Эрик Заннды сактап калууга аракет кылам. Бир кезде жумшак, ичиркенткен нерсе тийгенсиди, кыйкырып жибердим, бирок кыйкырыгымды ошол тозоку виоланын үнү басып кетти. Көөдөй караңгынын ичинен мүрүмө тийген кылдуу таякчанын учу чыгып турганын көрүп, музыкантка жакын турганымды билдим. Сыйпалаган бойдон алдыга жыла бердим, отургучтун жөлөнгүчүнө колум тийди, карыяны эсине келтирейин деген ойдо ийнинен силкилдеттим.
Ал жооп берген жок, ал эми эргиген виола тынымсыз ойной берди. Шылкылдап ийкегилеген башын токтотмокчу болуп, колумду алып барып, түнкү албарстылардан качышыбыз керек деп кулак түбүнө кыйкырдым. Бирок ал да жооп бербей, жаалданган музыка да басылбады, чатырдагы түнкү бурганак бийге түшүп жаткандай жойлоп жүрдү. Колум карыянын кулагына тиер менен денем эрксизден дүр эте түштү, кыймылсыз денеси таштай муздак, дем алганы билинбейт, айнектей көздөрү боштукту тиктейт. Кандайдыр бир керемет менен эшиктин чоң жыгач бекитмесин табар менен чукул четке тарттым да, көөдөй караңгыдагы айнек көздүү немеден, ан сайын жаагын жанган өксүгүр виоланын өкүрүгүнөн качыш үчүн башым оогон жакка атырылдым.
Караңгы үйдүн чексиз тепкичтеринен секирип чыгып, үйлөрү кыйшайган, байыркы тик көчөлөрдө аңыртка чаап бараттым, каңырсык жыттуу жээктеги таман таш көчөдө такамды тыкылдаткан бойдон, улам сүрдүгүп, энтиккенимден дем жетпей, таш көпүрөдөн өтүп, алда канча кеңири, жарык, мага тааныш көчөлөрдү, гүлбактарды көздөй башмалдек аттым. Мунун бардыгы көңүлүмдө калган коркунучтуу таасирлер. Анда үлп эткен жел жок, толгон ай төбөдө, шаардын жарыктары жымыңдап турганы эсимде.
Канчалык кылдаттык менен издеп, иликтегениме карабастан, Гү до'Зей көчөсүн таба алган жокмун. Дегинкиси көчөнү таба албаганыма же Эрик Занндын музыкасынын маанисин ачып берчү кол жазмалардын караңгы туңгуюкка жоголгонуна таптакыр өкүнбөйм.
2023-жылдын 4-февралы
[1] Виола – XV кылымда пайда болгон тикесинен бойлото кармалып ойнолгон кылдуу тартма музыкалык аспап. XVIII кылымдын биринчи жарымына чейин өз маанисин, музыкадагы ордун жоготкон эмес.
[2] Пассаж – аткарууга кыйын виртуоздуу музыкага мүнөздүү болгон ылдам аткарылуучу добуш катарларынын ирет белгиси.
[3] Фуга – бир эле теманы түрдүү үн менен ырааттуу түрдө кайталоого негизделген музыкалык чыгарма.
[4] Эксцентрик – психологияда стандарттан тышкары жүрүм-туруму менен айырмаланган адам.
[5] Консьерж – милдетине үйдүн жашоочуларына бардык ыңгайлуу шарт түзүү кирген кызматкер.
[6] Сатир – грек мифологиясында вино, оюн-күлкү кудайынын бузуку жолдошу, ал эчки түрүндө сүрөттөлөт.
[7] Вакханкалар – грек мифологиясында Дионистин жандоочу кыздары.