Каухар Биймамат кызынын кылыч миздүү аңгемелери

  • 20.02.2023
  • 2604

АЙЫРМА: ЖАПОН & КЫРГЫЗ

Жапон айтат: «Ата-энелер эмгектенген учурда балдары жыргалчылыктан башка эч нерсе билбесе, анда неберелери кайырчы болот!»

Кыргыз айтат: «Улам-улам алдоо жолу менен бийликке барган саясатчылар жөнүндө ата-энелер балдарына айтышы керек: сөзгө турбастар ким экенин бүгүн түшүнбөсөк, неберелерибиздин тагдыры тайкы болот».

ЖООП

Психолог: Демек, көйгөйдүн баары качан башталган деп ойлойсуз?..

Кардар: – «Ооба» деп жооп бергенде!

– Качан «ооба» дегенсиз...

– Нике кыйылган түнү.

ВИЗА

Англияга жумушка чакыруу келип, бирок виза алыш үчүн алты ай убарагерчилик менен борборго каттады.

Мурдагы саясатчы түрмөдөн чыгып эле, эртеси чет өлкөгө чыгып кеткенде, ыйлап ийди.

ЫСЫРАП

Айланада баары кымбатчылык. Дасторкону жайнаган укмуш даамдуу ресторанда "Жар-жар" айтылып, фонограмма жаңырууда.

ЖАРДАМ

Биргелешкен союздук Өнүктүрүү банкы түшүмүңөрдү сатып алабыз деп, жазында дыйкандарга каржы насыяны көмөккө берди.

Бирок бышкан түшүм лабораториядан текшелилбеген деп, күзүндө чегара өтмөгүндө чирип жатты.

ТОПУРАК ЧАҢ

Топурак болуп же чаң басып калган кийим-кечеден мурдун чүйрүчү, чаңдаган жерди чаңсоргуч менен абдан тазалачу, чаңды абдан жек көрчү.

Бирок акыры чаң топуракка көмүлдү.

СЫЙМЫК

Согуш майданына көптөгөн эр азаматтар тартылды. Согуш бүткөн соң көбү ден-соолугун, кээси өмүрүн жоготту. А согуш башкарган адамдардын көгүрөгү темир-тезекке толду.

ЖӨРГӨМҮШТӨР

Биринчи жолку лекциясы юридикалык окуу жайдын студенттерине болду. Бирок алардын окуу канасында төмөнкү жазуу эсин эңгиретип, жүрөгүн жаралады. 

"Мыйзам, жөргөмүш желеси сыяктуу, кээси тутулат, кээси кутулат!"

СҮРӨТ

Ал кызыл жүздүү күнгө тотуккан бетин косметика менен болушунча агартты да, сүрөткө түштү.

Оорудан улам кубарган, өңдөн азган жүзүн косметикалап алып кызыл жүздүү көрүнүп, сүрөткө түштү.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАР

– Бул мектепте өзгөчө таланттуу балдар окуучу. Эгерде аларга кам көрбөсөк, алар коомдун өгөй балдарына айланат. Мектепти жабылат десе жүрөгүм ооруп турат...

Көркөм сүрөт өнөрү мектебинин деректири абдан кейиди.

– Эмне себептен жабылып жатат?! – деди комиссия мүчөсү болуп келгендердин бирөөсү (Кандай максатта келгенин ал өзү деле билбейт, шерик болуп эле келген).

– ЖРТнын сыноо тестинен өтпөй калды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз