Өмүкенин кеби – демократия деми – 2

  • 27.02.2023
  • 1858

Башы>>>>>

Суроо жооп…

Кыргыз жигит:

– Өмүрбек аба, эми биригебизби?

Өмүрбек Абдырахман:

– СССР баардык элди бириктирген, ал гана эмес «Совет эли» деген жаңы улутту таңуулаган. Ал кезде эч ким бийликти сындай алчу эмес, сындагандарды камап койчу. Кыргызстанда сындагандар болгон да эмес. Ошентип «бириккен» Совет элинин мамлекети өзүнөн өзү кыйрап калды. Демек, биригүү ийгиликке алып келбейт.

Өлкөдө демократиялык система жана анын стандарттары иштесе, көз караштардын жана идеялардын тынч талашы, жарышы болсо гана өнүгөт. Идеялык карама-каршылык болбогон коом чакага куюп койгон суудай, бир аз убакыттан кийин ал суу курттап бузулуп кетет…

Суроо жооп…

Kumar Kubanychbekov:

– Николай Стариковдун "Шерше ля нефть" китебиндеги айтылгандарына ой-пикириңиз кандай?

Өмүрбек Абдырахман:

– Kumar Kubanychbekov, ал китеп орустардын импердик жалган көз караштары менен жазылган. А орустарда туура көз караш жок. Мисалы, Америка согушкан өлкөлөрдүн нефтисин ээлеп алган жок. Орустар нефти менен газды Европага бербей койду эле Европа өлүп калган жок. Газ азыр Европада мурункудан да арзан жана жетиштүү…

А согушту Орусия баштады…

Суроо – жооп…

Нурбол Эрматов:

– Батыштын талкалап жок кылган өлкөлөрүнө да токтоло кетсеңиз, мындан да калысыраак болор беле деп ойлойм...

Өмүрбек Абдырахман:

– Нурбол Эрматов, өз элин эзген диктаторлордун баарын жок кылыш керек эле, орустар тоскоол кылып Башар Асадды жок кыла албай калышты.

Башар Асад атасы Хафиз Асад экөө Сирия элин 50 жылдан ашык башкарып келе жатышат. Тынч митингге чыккан элин Башар Асад мыкаачылык менен аткылады. Ошондон кийин Сирияда граждандык согуш башталды. Орустар болбогондо Сирия эли боштондукка чыкмак. Батыш Сириядагы ИГИЛ менен согушуп Башар Асадды кетире албай калды. Ошон үчүн мен да Батышты сындайм…)))) Дүйнөдөгү диктаторлор жоголгондо гана дүйнөгө тынчтык орнойт…

Суроо - жооп…

Мирлан КР:

– Эми сиздей демократ байкени жеңиш мен үчүн кыйынга турат.))) Орустар туура эмес кылды, тынч жаткан элге кол салып... аныңыз туура. Качан болсо Батышты мактап, орустарды (бийлигин) жамандап келесиз,)) адам кичине калыс болуш керек ко. Жаш курагыңыз дагы калыс болуш керек деп айтып жатпайбы – 75 жаштасыз.

Өмүрбек Абдырахман:

– Мирлан КР, кеп жашта эмес, кеп башта…))))

Батыш өлкөлөрүнүн баары өнүккөн, алардын интернетинде жана Фейсбугунда отурасың, алардын Мерседесин, БМВсын же Лексусун айдагың келет, Боинг-Айрбасы менен учасың алыс жакка барсаң, ватсабы менен бекер сүйлөшөсүң, телефонун көтөрүп жүрөсүң… Ал гана эмес Американын джынсысы менен кепкасын кийесиң... Анан эле “совок” болуп Батышты жамандайсың…))))

Мен калыс болгон үчүн баскынчы Орусияны «жамандайм». Орустар Грузияга согуш ачып 2 облусун тартып алды, Молдованын бир облусун тартып алды, Украинанын Крымын, Донбасс, Луганск облустарын тартып алды. Бир жыл мурун Путин Украинаны 3 күндө басып алам деп баскынчы аскерин киргизди. Бир жылдан бери Украинаны бомбалап жатат... Канчалаган украин элин кырды, шаарларын талкалады. Бирок украин эли жана Аскери баатырдык менен орус Аскерлерин талкалап жатат. Жакында баскынчыларды өз жеринен кууп чыгат. Аларды басып алгандан кийин бизге келмек. Канттагы базаны неге апкелди? Башты бир аз иштетсең боло…))

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз