Өмүкенин кеби – демократия деми – 1

  • 22.02.2023
  • 2047

Белгилүү демократ, коомдук ишмер, саясатчы Өмүрбек Абдырахман өзүнүн Фейсбук баракчасында саясый агартуу ишин дамамат улап келет. Мындан арыга биз анын түрдүү түшүнүктөгү жарандардын суроолоруна кыска, нуска, ташка тамга баскандай ар багыттагы жоопторун “РухЭш” окурмандарына жарыялап турууну эп көрдүк...  

Суроо-Жооп…

Гулам Тешебаев:

– Өмүрбек Абдырахман, Америка эмне үчүн Японянын эки шаарына бомба таштаган (ядерный).

Өмүрбек Абдырахман:

– Гулам Тешебаев, Япония Гитлер менен биригип дүйнөнү бөлүп алышмак болгон. Япония түштүк Азиядагы, Океаниядагы көп мамлекеттерди согуш менен басып алган: Кытайдын түндүк-чыгышын, Кореяны, Филиппинди, Малайзияны, Сингапурду, Индонезияны, Таиланды, Гонконгду… жана башка майда өлкөлөрдү. Бул өлкөлөрдүн көпчүлүк  эркектерин кырып салган. Кыз-келиндерин атайы лагерь куруп өз аскерлерине салып беришкен. Япондор кылган жырткычтыкты Гитлердин аскери да кылган эмес.

Ошол мамлекеттерди япондук баскынчылардан ким бошотту? Америка бошотту. Американын да миңдеген аскер кемелери бул согушта жок болду. Бирок япон согуш жетечилери капитуляциядан баш тартышты. «Акыркы японго чейин согушабыз» дешти. Ошондо Америка 2 атом бомбасын таштады. Эмне үчүн Япондордун борбор шаары Токиого таштаган эмес? Хиросима жана Нагасаки деген четтеги шаарларына таштаган? Хиросима япондордун негизги согуштук техника, курал-жарак чыгарган шаары болгон, а Нагасаки япондордун негизги аскер порту болгон. Атом бомба ташталгандан кийин гана япон генералдары багынып беришкен. Америкалыктар Япония үчүн тынчтык жана демократиялык Конституцияны жазып берип, Япониянын өнүгүүсүнө жардам берген. Азыр Япония эң өнүккөн демократиялык мамлекет, Американын эң жакын досу...

Суроо-Жооп…

Дами Дамич:

– Ушул эки эл (немистер, япондор) улуттук өзгөчөлүгү бар дүйнө жүзүндөгү башка элдерден негедир. Таза, тартиптүү, акылдуу улут. Арасынан жамандары бийликке келип калып, элин азапка салган экен да. А орус эмне шалтай-балтай сасык, жалкоо калк…

Өмүрбек Абдырахман:

– Дами Дамич, кеп улутта эмес, кеп системада… Немисттер менен япондор 70-80% Гитлер менен япон милитаристтеринин баскынчылык согушун колдоп турушкан, азыркы орустардай болуп… Качан гана алардын армиясын Америка менен Англия талкалап, демократиялык жолго салгандан кийин гана япондор менен немисттер оңолгон…

А Корея экиге бөлүнүп калган. Кореянын Түндүк тарабын орустар бошотуп, диктатордук социализм системасын орноткон, а түштүк тарабын Америка бошотуп, демократиялык система орноткон. Азыр Түндүк Корея орустардын жардамы менен куралданып, дүйнөнү коркутуп жатат, а эли ачка олтурат.

А Түштүк Корея дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирди. Тырнактай Түштүк Кореянын экономикасы килейген Россиянын экономикасы менен барабар. Өнүккүң келсе система танда, кайсынысын тандасаң ошондой жашайсың…

Суроо-Жооп…

Uluk Salman:

– Өмүрбек Абдырахман, мен дагы бийлик түп тамыры менен алмашпаса, оңолбойт деп ойлойм…

Өмүрбек Абдырахман:

– Uluk Salman, бийлик алмаша бергенинен мамлекет өзгөрбөйт. Бизде бийлик «түп тамыры» менен 3 жолу алмашты, бирок өзгөрүү жок. Авторитардык система жок болуп, демократиялык стандарттагы система келгенде гана мамлекет өзгөрүп, өнүгө баштайт…

Суроо-Жооп…

Медербек Саидов:

– Өмүрбек байке, биз кыргызча Реформа жасообуз керек экен. Грузиянын тажрыйбасын көрүү үчүн 100 жолу барып деле ишке ашырганыбыз жок.

Балким биздин менталитет башкачараак кабыл алаар Реформа дегенди… (17.02.2022)

Өмүрбек Абдырахман:

– Медербек, кеп менталитетте эмес, кеп системада. Эки Кореяны кара, алардын менталитети бирдей. Бири ачка отурат, а бири демократиялык система куруп өнүгүп кетти. Тырнактай, табихый байлыгы жок Түштүк Кореянын экономикасы килейген, нефти менен газга жана башка байлыктары толтура, элинин саны 3 эсе көп Россия менен барабар.

Бул мисал жакпаса немистердин 2 мамлекетин салыштыр, ФРГ менен ГДРди. Бул 2 мамлекет 45 жыл эки башка системада өнүккөн. ГДР бул аралыкта ФРГдан 30 жыл артта калган. ФРГда Мерседес, БМВ, Ауди, Фольксваген деген машинелерди чыгарса, ГДРда Трабант деген Запорожесттен да начар машина чыгарышкан. 1990-жылы ГДР өлүп калды.

Кыргыздарга демократиялык система эмне экенин түшүндүрө албай жжүрүп бул дүйнөдөн өтүп кетет окшойм.

Канча аракет кылсам да үйрөнөйүн деген аракетиңер жок…))))

Суроо-Жооп…

Өмүрбек Жолдошбаев:

– Өмүке, либеральный экономика деген эмне?

Өмүрбек Абдырахман:

Либералдык экономика:

- менчиктин кол тийбестиги;

- бизнес ачууга тоскоолдуктун жоктугу. (Америкада үйүңдө отуруп интернет аркалуу фирма ачасың);

- мамлекетте коррупциянын жоктугу. (Коррупция бар жерде өлкө өнүкпөйт);

- мамлекетте бюрократиянын жоктугу. (Бюрократия экономиканын тормозу жана коррупциянын ата-энеси...)

- бизнес жана инвесторлор үчүн эң мыкты шарттын түзүлүшү;

- жөнөкөй, түшүнүктүү жана оор эмес салыктар;

Дүйнөдөгү либералдуу экономика түзө алган мамлекеттер – Батыштын демократиялык мамлекеттери жана Сингапур, Эмираттар, Түштүк Корея, Грузия, Кытай…

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз