Жусуп Абдырахманов: Билбей туруп башкарганың – маскарачылык

1990-жылы болуш керек, “Ала-Тоо” журналына Жусуп Абдырахмановдун “Күндөлүгү”, анан Үркүн тууралуу илимий негиздеги эмгеги менен Кыргыз АССРин союздук республикага айлантуу сунушун коюп, Сталинге жазган каттары жарыяланган.

Ушулар мага – ал кездеги мектеп окуучусуна кандайдыр катуу таасир эткен го, 91-жылы кыргыздын бул азамат уулу жөнүндө тиги окугандарымдын негизинде тор дептердин он барагын толтуруп макала чүргөгөн болуп, а башына “Ж.Абдырахмановдун туулган туулган күнүнүн 90 жылдыгына карата” деп бадырайта жазып алып, облустук гезит редакциясынын босогосун аттадым.

Мени кабыл алган гезит кызматкери макаламды колуна алып ала электе эле жөнүн сурады. “Башында жазылып турбайбы, Жусуп Абдырахманов тууралуу да” дедим эч нерседен камаарабай. “Абдырахманов дегениң ким болуп иштеген неме өзү?” Пиримдей көрүп турган журналист агайым менин оозумду ушинтип ачырды. Акыры “бу киши деген...” деп куп эле мактап-жактап чебелектегеним да анын эч кандай кызыгуусун ойгото алган жок. “Үкам, муну не кыласың? Айылыңарда, районуңарда белгилүү адамдар – эмгектин алдыңкылары, баатырлары бар да, туурабы? Андан көрө ошолор жөнүндө жазып кел” деп кеңешин айтып, макаламы окубай туруп колума тапшырды.

Эми андан бери бир топ болбодубу. Бу мезгил аралыгында тарыхый-генеологиялык тамырыбызга кыйла тереңден үңүлүп, тарыхыбыздын актай барактарын толтурууда, унут калган тарыхый адамдарга татыктуу баасын ыйгарууда түзүк эле иштерди жасагандай болдук. Ал гана эмес, ар уруудан “баатыр”, “олуяларды”, ар айылдан “чыгаан ишмерди” таап чыктык. Башкадан калышсак да, аларга арнап топурата той-маараке өткөрүп, көчө-көйгө жамырата атын коюу жагынан эч бир элге мөрөй алдырбасак керек. Эми буларга эч кандай ич тардыгыбыз деле жок. Болгону, өткөн урпактардын ченебей “сөөгүн агарткан” бу жагдайда чачылган калкты жыйнап бир түндүктүн алдына бириктирип, таламанга түшкөн жерди тактап, бир бүтүндүккө келтирип, бүгүн эгемен аталган Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөөнүн башында турган І920-30-жылдардагы элибиздин алдыңкы катардагы коомдук-мамлекеттик ишмерлеринин ичинен дагы өзгөчө айырмаланып көрүнгөн Ж.Абдырахмановдун көз жаздымда калганы гана өкүндүрөт.

Бу ишмердин ысмы узун докладдардан эле “душман көзүнө” учурап калбаса, ал жөнүндө мамлекеттик деңгээлде ныпым сөз жок. Бир кездеги гезит кызматкерине окшоп, “Абдырахманов ким өзү?” дечүлөр дале четтен чыгат.

Сыягы, бечара Абдырахмановдун артында элге окшоп маараке өткөрүп, эстелигин тургузуп, атын чыгарганга алы жетер жан күйөр урук-тууган жок окшобойбу. Анан да Кыргыз мамлекетине “автор” болгон “кылымдын ишмерин” арабыздан эле таап чыккан айрымдардын акыркы убактагы аракеттерине карап, аргасыздан кыргыз тарыхынан кокустан эле дагы бир “кыйындын” чыга калышы кай бирөөлөргө анча жага бербейби дегендей ойго да жетеленесиң.

Убагында кыргыз эли үчүн нар көтөргүс эмгек өтөгөн Ж.Абдырахманов сындуу инсанды али да жалпы улуттук таанымга жеткире албаганыбыз улутубуздун  тарых ташын калыс таразалап, тарыхый адамдарга туура баа берүүдө ырааттуу бир улуттук аң-сезимдин деңгээлине көтөрүлө элек дагы бир өксүк жагын айгинелейт.

1927-жылы 26 жаш курагында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин төрагасынын кызматына келген, 1937-жылы 36 жаш курагында “эл душманы” атыгып, репрессияга тушуккан Ж.Абдырахмановдун өмүрү жана ишмердиги боюнча материалдар бир топ эле арбын. Мында анын 32-жылы ЭКС төрагасы болуп турганда Москванын катуу буйругуна карабай, мамлекетке дан планын тапшыруудан баш тартып, Кыргызстандын элин ачарчылык алааматынан сактап калган бир эрдигин белгилей кетсек эле жетиштүү болор.

Анын бул эрдиги акыры кызматынан кетишине себеп болгон. Ж.Абдырахмановдун учурундагы коомдук-саясий ишмердигине баштан-аяк абай салып чыгып, эч тайсалдабай эле аны кыргыз элинин акыркы жүз жылдык тарыхындагы өзгөчө уникалдуу феномен деп айтууга болот. Ой өрүшү, билими, жалпы эле интеллектуалдык дарамети жагынан орустун ошо кездеги алдыңкы ишмерлеринин катарында туруп, ошол учурда эле Компартиянын саясатына сын көз менен кароого жетишкен бул инсан – жаңы эле сабатсыздыгын жоюуга киришкен көчмөн кыргыздын генефондунун зор мүмкүнчүлүгүнөн кабар берген тирүү далил. Анткен менен да тунук акыл, айкөл адамгерчилик сапатына жана жогорку билимине бийик патриоттук жигери менен толуп-ташкан ички энергиясы шайма-шай келген, төгөрөгү төп андай лидерди кыргыз эли азырынча жарата элек.

Чынында Ж.Абдырахманов атайылап жасап-түзөп мактоого, ашыра көкөлөтүп даңазалоого деле муктаж эмес. Биздин көнчүлүк “жасалма” баатырлардан бир өзгөчөлүгү – ал өз эстелигин өзүнүн ички муктаждыгынан улам гана 1928-32-жылдары жазган “Күндөлүгү” менен урагыс кылып тургузуп кетиптир.

Ж.Абдырахмановдун адамдык да, жетекчилик да жүзү ошол өз “Күндөлүгүнөн” аябай таасын чагылат. Дегеле бул “Күндөлүктү” жалгыз бир саясий ишмердин баштан кечиргени, ой-толгоолору гана эмес, карама-каршылыктарга жык толгон ошол катаал мезгилдин жандуу сүрөтүн көз алдыга тартып, терең талдоого алып, бүтүндөй бир доор жөнүндө жазылган үлкөн бир саясий эмгек катары караса да болот. Мынакей, андан бир бүркүм үзүндүлөр:

26.09.28-ж.

... Менин мекендештерим үчүн Кыргызстан сүйүүнү, кам көрүүнү талап кылган, ал үчүн иштөө керек болгон мамлекет эмес, тек гана жеке жыргалчылыктын базасын түзүүгө ылайыкталган объект. Элимдин бактысыздыгы мына ушунда...

13.09.28-ж.

..."Абийирдүү чиновник” - кошоматчылар болгон кадрлар өсүп жатат. Партия менен революция ушундан утушка жетишеби? Күмөндүү...

26.09.28-ж.

... Отставка жөнүндөгү ой барган сайын мээмди чагууда. Билбей туруп башкарганың – маскарачылык.

13.09.28-ж. Жалал-Абад

... Биз жер-жерлерде элди унчукпай моюн сунуп берүү духунда тарбиялап жатабызбы деп корком...

13.01.31-ж. Ош.

Жалал-Абад базарына кокусунан барып, бир катар чайканаларда болдум. Базарда да, чайканада да сүйлөшүп жатышкандардын эч кимиси алардын сөзүн угуу үчүн менин атайын жүргөнүмдү билишкен жок. Кызыл аскер шлеми менен кыска тон эң сонун маскировка болду. Өзүмдү жергиликтүү тилди билбеген калмак кызыл аскер деп тааныштырып, атайылап орусча гана сүйлөп жаттым. Эгер алар жанындагы ЭКС төрагасы экенин билишкенде, анчалык ачылып сүйлөшмөк эмес.

15.01.31-ж. Ташкент

...Биз өзүбүздүн эркиндигибизге күрөш аркылуу жеттик. Кызык, тең укуктуу деп эсептелген элдер менен бирдей абалга жетүү үчүн дагы да күрөшүү керек окшойт. Тең укуктуулардын арасында дагы теңдикке ээ болуу үчүн азыркы социализм мезгили дагы күрөштү талап кылып жатат. Эмне кылабыз, күрөшөбүз да.

*     *     *

Окшоштук окурманга да байкалгандыр. Көсөм ишмер “Күндөлүгүндө” өз мезгили жөнүндө ой калчап, жогорудагы саптар мындан 70 жыл мурдагы таптакыр бөлөк тарыхый кырдаалда жазылып отурганына карабай, негедир ал кыйшык күзгү сыңары кыргыз коомунун азыркы турпатын чагылтып тургансыйт. Дал эле өзү - бүгүнкү акыбал, бүгүнкү проблема. Жалгыз айырмасы – азыр бизде бийлик мунарасынын төбөсүндө туруп Абдырахмановчулап өз ишине сын көз менен карап, өзүнө өзү отчёт берип, өлкө тагдыры үчүн чындап күйгүлтүккө түшкөн караан гана, көрүнбөйт...

Абдувахаб МОНИЕВ
(“Асаба”, 3-декабрь, 1999-жыл)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз