Бек Тамырлан: Генетикалык коркунуч

  • 28.02.2023
  • 2492

АҢГЕМЕ

1-этюд

Бала күнүбүздө “орус келатат” деп коркутар эле эне-аталарыбыз. Кимдин баласы болбосун “орус келатат” дегенди уксабы; үйдү беттеп дыргаяктап чуркашчу. Артты карабай, таманыбыз жерге тийбей тызылдап кашчубуз. “Мокочо келатат” десе анча тоготпой, эки жакты элең-элең каранып коюп, оюнубузду улай берчүбүз. Керээлдин кечке оюндан омурткабыз сынганча үйгө жолобой, өзөк карайып ачка болгондо эле шылкыйып үйгө барбасак, тах-тах атышып, жашынмак ойноп, чүкө кагышып, кой сарайды айланып жүргөнүбүз жүргөн…

Негедир “орус келатат” дегенди укканда жүрөк болк эте силкинип, артыбызды карабай үйдү карай жүгүрчүбүз. А чоң түтүн айылыбызда бир да орус үй-бүлөсү жок болгону менен, орустун атын укканда эмнеге анча үрөйүбүз үрккөнүнө акыл парасатым эми жетип отурат…

Чычкандардын тукуму белгилүү бир жыттан корко турганын илим эбак аныктаптыр. Жаңы туулган чычкандын мөндөлөйү үчүн химиялык элементтердин коркунучтуусу кайсы экени генетикалык эстутумдарында сакталуу экен. Алардын коркунучу укумдан тукумга, муундан муунга кала бериптир, кудум эле “орус келатат” дегенди укса дыргаяктап качкан бизге окшоп десең.

Өмүрүндө ацетофенондун жытын биринчи жолу сезген чычкандын мөндөлөйү деле электр тогу ургандай зиркилдесе, биз да бала күнүбүздө орустун атын уксак, ток ургандай коркуп келбедикпи...

2-этюд

Жумабай абам үйүнүн түбүндөгү отургучта эртеден-кечке радио тыңшап отурар эле. Радиого кунту байланган абам өзүнчө кобуранып калчу: “орус оюндагысын кылат”.

Тестиер кезим анда, эмнени түшүнөйүн. Атамдын оозунан да көп уктум бул кепти. “Орус оюндагысын кылат” дегенди Жумабай абам менен атамдан бөлөк эч ким айтпачудай туюлчу. Башкалар деле айтат экен антип. Бой сунган өспүрүм болуп калган кезимде бул сөздү айыл ичинен көп эле уктум.

Кулакка сиңип, элдик ылакап болуп бүткөн бул кептин мааниси оюбузга кайдан келсин анда. Буга эпилогдон жооп табарсыз, окурман.  

3-этюд

“Орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр” – эс-акыл калчап калганымда кулагым чалган бул кеп эмнеден улам айтылып калганына түшүнө бербепмин. Мектепти бүтүп, шаарга келдим. Чоң окууга өтпөй калдым. Заводдо иштедим. Жалаң орустар. Аларга ооз ачсаң эле, опузалаганга даяр. Үстөмдүгү күч. Коомдук жайларда кыргызча сүйлөгөнүңдү кулагы чалсабы, сага ушундай олурайып карайт десең. “Говори по русски!” деп тилдейт.

Ошентип кыргыздын далай мууну өз тилинде сүйлөбөй дудук болду. Ал дудуктар бүгүн да көп арабызда… 

Советтик армияда эки жылдык аскердик мөөнөтүмдү өтөп жүргөндө көп эле орус балдар менен достук мамиледе болдум. Эч биринен каскүмөн санабас достук мамиледе жүрдүк. Анан эле “орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр” деген кеп эмнеден улам айтылып калганына жаш кезде акылым жетсе буюрбасын…

Эпилог

XXI кылым орус элинин бет кабын сыйрып таштады. Чириген дарактын кабыгы кандай сыйрылса, “Русский Мир” аталган империянын бети сыйрылды. Жүзү таанылды. Орусиянын кандуу кара топурагынан кыртыш алган токойлордо чириген дарактар кабыгынан кантип ажыраса, так ошондой болду…

XX кылымдын соңунда соолуган советтер союзун XXI кылымда Кремлдин канкор төбөлдөрү кайрадан жан киргизип, кайрадан тамырын жайып, бутак-шагын өстүрмөк болгондо, тилектери таш капты. Өз эркиндигин бекемдеп, өз эгемендигин курган Украинанын эл-жерин басып алмак болгон орус фашизми дөшүдөй артка кагылды. Дөшүгө “каңк” этип тийген балканын тумшугу былчыйды.

Украин менен орус согушу болбогондо, мүмкүн кылымдан кылымга, муундан муунга орус элинин ойрондугун укум-тукумдарыбыздын зээнине жеткире алат белек, жокпу?..

Канабайрам согуш жүзүң кургур орус шовинисттеринин абийирин ачты дүйнө элине. Кремлдин тагына көтү кадалган орус төбөлдөрүнө кыңк этпей баш ийип көнгөн майда улуттар тургай, бүтүндөй орус калкы өзү кулдук мүнөздөн кутулгус кулк-мүнөз күтүп калганы белем, адилетсиз согушка каршылыгын көрсөтө албады. Ошондо гана бала күнүмдөн кулагыма күмүш сырга болуп кадалган түшүнүктөрдү талдап отуруп, уулума насаат айттым…

– Уулум, – дедим. – Кичинеңде “орус келатат” деп коркутчу белем?

– Жок, – деди.

– “Орус оюндагысын кылат” дегенди уктуң беле?

– Жок.

– “Орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр” деген кептичи?

– Ата, ушул сөздү кийин досторумдун арасынан көп угуп баштадым. Эмнеге минтип айтылып калган? 

– Эмесе угуп ал, – дедим. –  Үркөн жөнүндө билерсиң…

– Билем.

– Билсең, ашуу ашып Кытайга качкан кыргыздын артынан орус аскерлери сая кууп, миллиондогон адамды боо-боо жыгып кырган.

– Иий, мыкаачылар.

– Мыкаачылыгын дагы уга элексиң. Бозүйүн таштап кеталбай, мекенин таштап кеталбай… ишенип-ишенбей артына кылчактаган далайы бири-бирин “орус келатат” деп шаштыргандыр. Чуру-чуу, кымгуут, тополоңдо орустардын мыкаачылыгынан жүрөгү үшүгөн элибиздин оозунда ошол замандан тарта “орус келатат” деген сөз калса керек.

– Ошол сөз анан муундан мууна сиңип, орустардан корккон түшүнүк кан-жаныбызга сиңип кеткен го, ээ ата... Генетикалык коркунуч деген ошо да.

– Йе, балам. “Орус оюндагысын кылат” деген кеп деле ошол апаатты көргөн шорлогон элибиздин кан-жанына сиңип калганбы дейм. Орус оюндагысын кылганы ошо да: Николай падышанын заманындагы орус оторчулары эмнени гана көрсөтпөгөн! Жергиликтүү элдин түзөңдүү жерлерин койбой тартып алып, малын айдап кетип, мүлкүнө ээлик кылганы канча. Аргасыз элибиз Кытайга качканы ошол эмеспи. Кремлдин куралдуу аскери ач-жылаңач элди тоноп, кыз-келиндерин зордуктап, боюнда барларынын ичин жарып, мүлкүн тартып алып, көргүлүктү көрсөткөн го далай.  

– Ата, “орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр” дегенчи?

– XIX кылымда кокон хандыгы менен орустун ак падышасынын ортосунда башы каткан бабаларыбыз орустардын достугунан далай көңүлү калган окшобойбу.

– Эмне болуп?

– Мен тарыхчы эмесмин, балам… – дедим оозум бош. – Бирок тарыхчы болбосом да орус менен болгон достуктун арты эзели оңдурбай турганын ошол ата-бабаларыбыз бекер айтпаса керек деп боолгойм… Сенин сурооңо жооп табар мезгил эми келди сыягы…

Башка эмне дейт элем уулума. А сиз кандай ойдосуз, бурадар? Сизден жооп барбы?

2023-жыл.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз