Бектурали Исамидин уулу: Бермет сөздүн азыгын пайдаландым

  • 01.03.2023
  • 1280

БАЙЫРКЫ ШААРДЫН БАЯНЫ
Мажүрүм тал көрсөткөн кылыктарын,
Магдырайсың көргөндө кызыктарын.
Билесиңби? Бакыт, кут байырлаган,
Бабалардын байыркы ыйык шаарын.

Даткаларды батырган, кылым жашап,
Доорун сүргөн карт тарых сырын катат.
Сулайман Тоо, Ак буура дайрасына
Сугун артып жылдыздар жымыңдашат.

Ыйык шаарсың ар качан эл коштогон,
Ырыскынын жакшысын тең топтогон.
Сан кылымдар уланып СЕН жашайсың,
Сени сүйгөн тек гана мен жок болом.

Бир жан жоктур Ошумду эскербеген,
Баары сүйөт, көркөмдүү кептер менен.
Бириктирген өзүнө Жибек жолун,
Бүтүн дүйнө бир көрүп кетсем деген.

ЖОЛОН уулуң ыр жазган калың дептер,
Жарпын жазган ЫРЫСПАЙ асыл кечтер.
Жанын берген КАМЧЫБЕК тынчтык үчүн,
Жол басышкан КУРМАНЖАН, АЛЫМБЕКТЕР.

ЖИГИТТИК СӨЗ
Апаат каптап, жаш агызып, от учкан,
Азаматтар душман мизин тосушкан.
Доорон сүрүп жашагандан пайда жок,
Доо кетирсек Ата Журтка кокустан.

Ар тирүүлүк кымбат, анан жан улук,
А мен арнайм, кетсин СЕНДЕН кагылып.
Аттиң дебейм, жатсам эгер жан берип,
Ата Журттун топурагын жамынып.

Кара жанды садагага чабам, чын!
Каным сиңген жерден гүлдөр жашарсын.
Ата Журттун намысына жарасам,
Акталаар дейм, ак сүтү да апамдын.

Ай жаркырап, коштоп чыгат жылдыз таң,
Азыр билем, арсыз душман жылмышкан.
Жалп өчсөм да, жарык берип кетейин,
Жаным курман, жаша Мекен – КЫРГЫЗСТАН!

АЗЫР КӨРСӨМ ЭМНЕ БОЛОТ, БИЛБЕЙМИН
(САВга арналат)
Сагынычтан жаштар агат куланып,
СЕН бар үчүн дүйнө жарык, нур алып.
Азыр келсең эмне болот билбеймин,
Адамзаттын баары турмак уялып.

Үнү боздоп, жаш наристе ыңаалап,
Үммөттөрүң үмүт таппай кыялап.
СЕНИН гана мээримиңдин урматы,
СЕН бар үчүн болбой келет кыямат.

ӨЗҮҢ биздин сүйүүбүзгө күбөсүң,
Өзгөрүлгүс ашыктыгым түнөсүн.
Саат жылып, өтсө дагы өмүрүм,
Сага деген сүйүүм кантип түгөсүн.

Азыр келсең анда сени кучактап,
Аалам турмак гүлгө оролуп бутактап.
Чырайынды карай албай биз анда,
Чыдабастан ыйлайт элек бышактап.

Мен бакытты билдим өзүң аркылуу,
Мээримиңдин урматынан таң жылуу.
Сени сүйгөн жүрөк жашайт армансыз,
СЕН жактырган жүрөк кандай бактылуу.

СҮЙӨРҮМДҮ ДАЛИЛДЕЙМ
Ортобузда бир сезим бар жакшына,
Ошондуктан ашыгамын талпына.
Аяр өскөн, гүлгө конгон аарыдай,
Акырындап келдиң бекен бактыма.

Сагынычтан ыр жазууда калемим,
Сезимиңде жашаймынбы а сенин.
Камаз айдап Ильяз болуп баратсам,
Кол булгалап  тосуп чыкчы Аселим.

Бардыгынан башкачасың татынам,
Батсаң эгер карегиме жашырам.
Жүзүңдөгү сулуулуктан күч алып,
Жүрүп кетти от албаган машинам.

Көкүрөктө күйүп турсун жалын дейм,
Тагдыр сага кошкон кезде “жаным” дейм.
Сүйөрүмдүн тазалыгын өзүңө,
“Сүйөм” деген сөздү айтпай далилдейм.

СЕНИ КӨРДҮМ АПАКЕ, БУЛ ЖАРЫКТАН
Батпай турам көп кабат мекемеге,
Бир кучагың кымбат жай, Мекен эле.
Капалансаң үйүбүз таштай катып,
Күлүп койсоң муз эрип кетер эле.

Үйлөр жылуу, от күйбөй өчсө деле,
Үнүң угуп көп гүлдөр өскөн эле.
Кышта тоңбой ысынып калчубуз да,
Катарынан бир ирет өпсөң эле.

Эч таппадым миң эстеп кынтыгыңды,
Эми айтсам өзүңө чын-чынымды.
Жакшы жолдун багытын таппайт элем,
Жебегенде шапалак, чырпыгыңды.

ТАБЫЛГЫС АДАМЫМ
Бүт баарысын кетирип айла-амалдын,
Бермет сөздүн азыгын пайдаландым.
Жакшы деген чынында СЕНДЕЙ болот,
Жакшылыктын рецебин кайдан алдың.

Айырмалап келесиң жалган-чынды,
Аруу сактап жүрсөм ээ... Жан баркыңды.
Канча жанды караткан сулуулукту
Көлдө жүргөн ак куудан алгансыңбы.

Жок, адаштым... ак кууга үлгүсүң да,
Жакындатып жүрөктүн дүрбүсүн да.
Аралашып күлгөнүң ай нуруна,
Агартууда ааламды түнкүсүн да.

Бир карашың сакайтат жараны чын,
Боз торгойдун өзүндөй таранышың.
Адамдарга жупуну бирөө болсоң,
А бирөөнүн табылгыс адамысың.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз