Бектурали Исамидин уулу: Жетим торпок

  • 18.02.2023
  • 1311

АҢГЕМЕ

Бүгүн Сарала жетим калды.

– Жок, сен жаман ойлобо, мен кичинекей торпогумду айтам, анын аты ушундай, туулганда сары болгон үчүн ушинтип атап койгонмун. Жаныбарлардын турмушунда да кызыктар көп экен. Сараланын энеси катуу жааган нөшөрдөн улам зоодон учуп кетти, бирок ал ушуну көрмөк, бул өзүнүн кылмышына жооп болду.

Эмнени эле айтып жатасың дебей аягына чейин мени ук, анан билесиң!

Эки уйубуз бар. Сараланын энеси чоң, жанындагы шериги бир аз кичине, бирок жоош, анан калса сүттү жакшы берет. Бооз маалга жетти, бүгүн-эртең жаңы торпок берет деп күтүп жатканбыз, бирок аныбыз ишке ашпады, буга Сараланын энеси күнөөлүү, анткени ал байлоодо турган бооз уйду өлөрчө сүзүптүр. Айла канча, жетилип калган торпогуна зыян келди, жансыз абалда туулду. Бечара энеси жаман болду, мал дегениң менен бала үчүн баары күйөт экен да.

Мүйүзүң сынгыр! Байлоодо турган болсо, канча жылдан бери бир сарайда жашаса, тоютту тең бөлүп жесе, кычыраган кышты, жайлоологон жайды, күркүрөгөн күздү, желинин сүткө толтурган жазды бирге тоссо, жанындагы жан курбусу болсо, анын үстүнө торпок күтүп жаткан бооз маалында турса, аны неге сүзөт деп менин да боорум ачыды, аруу кездеги балалыгым бул окуяны терс кабылдады. Сараланын энеси да бооз, бооз болуу, торпогунан ажыроо кыйын экенин биле туруп ушуну жасады акмак! Бир канча күндөн кийин Сарала туулду, сүйүнгөнүмдү айпа.

Сүйүнчүлөп жөнөдүм. Кошуналарга, таятама, чоң энеме, көчөдө жүргөн адамдарга мактанып бардым.

– Эмнеге бардың?

– Эй, сен кызык экенсиң! Мен сага жанатан бери эмнени айттым!? Уйубуз торпоктуу болду, эми айран, каймак, сүт ичебиз, анын атын Сарала койдум, – деп сүйүнчүлөдүм.

Андагы элдин пейли азыркыдай эмес экен, баланын көңүлүн оорутпоо керектигин билишиптир, мен аларга ыраазымын. Өздөрүнүн уйу туугандай кубанышып, оозуңа май, сүттүү болсун дешип, колума тапкандарын карматып узатышты. Кийин жакшы болду, жакындарга, коңшу-колоңго биз да уйдун сүтүнөн, каймагынан бердик.

Калганын да айтып берейин, а сен тынч отуруп ук!

Музоосунан айрылган уйубуз өзүнө келди. Сарайда эми жакшылык жылоолоп турганда дагы бир окуя болду. Катуу жаанда калган Сараланын энеси зоодон учуп кетти. Айла канча, алып келип мууздадык. Эми музоосу жетим калды. Ага боорум ачыды, мунусунда ыйладым. Сараланын үнү башкача муңдуу чыгат, уккан сайын жүрөгүң элжирейт.

Күндөр өттү, сарайда эки бирдей жандык турат, бирок бири музоосунан, бири энесинен айрылган, экөөсү тең муңдуу. Эмне кылуу керектигин билдик, биздин чечимге эки жандык тең макул болду.

Ооба, дал ошондой, сиз ойлогондой ишти жасадык.

Музоосунан айрылган уй Сараланы эмизди. Башында кичине карабай, аны жактырбай, сүтүн ыраа көрбөдү, бирок азыр ушул нерсенин керек экенин түшүндү, акырындап аны өз торпогундай көрүп, бирге жатып, сүтүн ийип, тең байланып, ушул акылды тапкан, экөөсүн бирдей баккан ээсинен ыраазы болду, анан калса Сараланын сүзөөнөк энесин да кечирди, ошон үчүн баласын асыроого ынанды. Биз да кубандык, эми биздин торпок жетим эмес, анын энеси бар, боорукер энеси бар. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз